Добавить статью
5:58, 22 марта 2011 14036

Комузчу

Автор: САМСААЛЫ

Самсаалы 1963-жылы март айында комузчу Самсаалы карыя келип калды.

Эртеси портретин тарттырууга сүрөтчүСагынбек Ишеновдун мастерскоюна алып бардым.

Карыянын эски формада жасалган кууш өрүк комузу бар экен. Чертип жатты.

Азыркы жаңы комуздарды сынатып көрөйүн, – деп, комуз издеп кеттим.

Бир жазуучунун комузун алып барсам, чертип көрдүда:

– Комуз эмес экен! – деп кайра кайтарып берип, өз комузун колуна алды.

Чалагыз Иманкуловдун комузун алып келсем, Самсаалы атаны үч-төрт сүрөтчүтуш-тушунан сүрөткө түшүрүшүүдө.

Гапар Айтиев ага да тартып жаткан экен.

Күүлөр миң кубулуп жаңырууда.

– Мен да күүгө түшүнөт бекемин! – деп Гапар ага өзүнчө сүйлөй коюп, сүрөт тартышын улантууда.

Алып келген комузду кимдики экендигин айтпай, Самсаалы карыяга сундум.

Чертип көрдүда:

– Комуз деп ушуну айтат! – деди жактыргандай. – Бирок менин комузум чечен. Анткени ичи чоң комуз мурду менен сүйлөгөн адамдай, так чыкпайт.

Самсаалы карыяны студияга алып келдик.

– Бүгүн күүлөрүңүздүн баарын чертесиз! – деди үн режиссер Павлик Усенов.

– Жарайт, колго күч келе турган күүлөрдүалдына салайын, – деп күүлөрүн жаздырууга киришти.

Бул күнүэлүүгө жакын күүжаздырды. Эртеси эртең менен:

– Балам, үч күүкалган турбайбы! – деп калды.

– Кайсы күүлөр?

– «Майлыбайдын керээзи», «Самсаалынын керээзи».

– Бул күүлөр не себептен минтип аталып калган?

– өткөн заманда биздин Кочкор өрөөнүнөн Майлыбай деген комузчу чыккан.

Бир кездерде Майлыбай менен Боккөтөн комуз чертишет деп чакыртышканынан Кудайберген экөөбүз бардык.

Негедир экөөнүн тең сол колдору комузду кармаган бойдон карышып калыптыр.

– Буларды жазайын! – деп Кудайберген сабап черткенден кийин, колдору жазылды.

Боккөтөн менен Майлыбай чертишти бир топтон кийин.

– Бокем жеңди! – деп Кудайберген токтотуп койду.

Жолдо келе жатканда:

– Бир топ узаса Майлыбай баса турган көрүнөт. Ошол себептен, Боккөтөн сыпаа киши болгондуктан, шагы сынып калбасын деп токтотуп койдум, – деди Кудайберген.

Күндөрдүн биринде, Майлыбайдын оорусу катуу, силерди чакырып жатат деп, Кудайберген экөөбүзгө кабар келди. Барсак төшөктө жаткан экен.

– Силерди чакырганым менде эки арман бар. Биринчиси, артымда туяк калбады. Экинчиси, күүлөрүмдүүйрөнгөн шыктуу жаштардан болбоду, күүлөрүм өзүм менен бирге кетип бара жатат. Жок дегенде «Керээзимди» алып калсын деп силерди чакырттым, – деп эки кайта чертип берип:

– Алдыңарбы? – деди.

– Алдык! – дедик.

Жолдо келе жатканда Кудайберген Майлыбайдын бир укмуш күүсүн чала алып калгандыгын айтты. Барганда Кудайбергенден ошол күүнүчертип бериңизчи? – деп өтүндүм.

– Күүнүтолук алмайын, чертпеймин деп казам ичкем! – деп болбой койду.

Ал эми «Кудайбергендин керээзи» болсо, Кудайберген комузчу бир ооруп, өлүп калсам «Кудайбергендин керээзи» деп чертип жүргүлө деп үйрөткөн.

Бирок анда өлбөй, кайта айыгып кеткен.

Кийин Кудайберген ооруп жатат дегенинен барсам, тууганынын короосунда дубалды карап, кыңкыстап жаткан экен. үстүн жаман курмушулар менен жаап коюптур.

Зээним кейип, кайта кете бердим. Ошол түнүказа болуптур.

үчүнчүсүболсо, өзүмдүн керээзим.

Элибиздин чебер комузчуларынын бири – Самсаалы Алыке уулу. Ал Кочкор өрөөнүнүн Кызылдөбө деген жеринде 1877-жылы төрөлгөн. Ал жаш күнүндө үйрөнгөн комузчулугун улантып, барган сайын күчөтүп, күүлөрүнүн маанисин, көркөмдүгүн тереңдетип, айыл-ападагыларга эрмек болуп келген.

Комузду тогуз жашынан баштап кармайт. Эң алгач ошол аймактан чыккан Кудайберген комузчудан «Ибарат» деген күүнүүйрөнөт. Мындан соң элдик чоң күүлөрдүн көпчүлүгүн чертип калат.

Күндөрдүн биринде комузчу Кудайбергенге барса:

– Сен өзүңчө күүчыгар. Күүчыгарбасаң көзүмө көрүнбө­гүн! – дейт.

– Күүнүкантип чыгарам?

– үйүңө барып кымыз ичип, башыңа жаздык коюп жат! Жатып алып, ырдагың келсе ырга, ыйлагың келсе ыйга окшоп күүчыгат. өз оюң менен чыгаргын. Шыңгырамадан бирди, ботойдон бирди, бел күүдөн (кербезден) бирди чыгар. Ушуну черткин да, мага алып келип өткөргүн. Аны чыгарбасаң комуз үйрөнөм деп менин үйүмө экинчи келбегин, – деген сөздүайтат.

«Менин үйүмө келбегин» дегенден кийин жини келип, келбесе келбейин деп, өз ичинде таарынып кетет.

үйүнө барып кымыз ичип, жата кетет. Күүтурмак кара балакет да жок. Ушуну бекер айткан жок ко деп, шыңгыратмага толгойт. Шыңгыратмадан бурап барып, уйкаш-уйкаш кылып койсом күүболуп калбайбы – дейт, өз ичинен. Бирок «кишиникине окшобосун, бөлөк болсун» дегенин эстеп, нечен күн күндүр-түндүр убара болуп жатып, эки күүчыгарып алып, устатына барат.

– Кана чертчи!

Кудайберген кунт коюп угуп олтуруп, кубанып кетет:

– Мен айтпадым беле, комузчу болгон турбайсыңбы! Эми бир сөз бар...

– Айтыңыз?!

– Сен комузчу болдуң. Комузчу болгондо айрым комузчулардай бирөөнүмактап, бирдеме алайын деп ойлойсуңбу?

– Кишини турмуш дубана да кылат, бирөөдөн бир нерсе алайын деген оюм да жок.

– Андай болсо менчилеп черт! Комузчулардын эки түрүбар. Колун мөңкүтүп, тырактаткан комузчу эмес, аны «тыраа­кы» дейт. Комуз чертсең, күүнүн ыгына коё бер. Колуң күлүк экен, ушул жагын эсиңе албасаң болбойт. Менден үйрөндүм деп айтсаң, мен да өлдүм, сен да өлдүң!

Бул «комузчу болдуң» деген бааны уккандан кийин, үйүнө кубанычы батпай келди.

Ушундан баштап, Самсаалы көп күүлөрдүчыгарат. «Алгачкы күү», «Жердин бөлүгү», «Эки болуштун бөлүнүшү», «Карыптын арманы», «Ак көз Байсейит кызынын кошогу», «Кулпенде», «Болпукенин ботою», «Эски шыңгырама», «Кедейдин кербези», «Кусей дубананын зикири», «Букардык кул дубананын зикири» аттуу күүлөрүндө эски заманда эзилип жабыр көргөндөрдүн турмушун баяндоо менен теңсиздик заманда маңдайынан шору арылбаган карып-жардыларга боору ачыйт.

Самсаалы жаш күнүнөн жаратылышты жан-дили менен сүйүп, анын кайталангыс үндөрүн, көркөм элестерин, тунук сезимдерин өз күүлөрүнө киргизген. «Булбул», «Беш таңшык» деген күүлөрүн атасак буга жетиштүүболот.

Самсаалы өз айылында көп жылдар бою карылыгы жетип, пенсияга чыкканга чейин, белсенип чабан болуп иштеди.

өзүкөп жылдар бою чабан болуп иштегендиктен, анын койчулардын темасына көп кайрылгандыгын көрөбүз. «Койчунун кошогу», «Карт чабандын керээзи» ж.б. күүлөрүпоэтикалык чеберчилиги, бөтөнчө уккулуулугу менен айырмаланат. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жалгыз уулу Токтосадык фашисттик баскынчылар менен болгон кан күйгөн казатта баатырларча курман болгон. Залкар күүлөрүнүн бири – «Кейиштүүкербез» деген чыгармасы ушул уулуна арналып чыгарылган.

Совет элдери баскынчыларды талкалап, жеңишке жетишкенде эл менен бирге толкунданган карыя «Жеңиш» деген шыңгырамасын элге тартуулайт.

Согуштан кийинки жылдары элибиздин жыргал турмушун көрсөткөн «Карылардын кербези», «Бейпил күндүн сайран күү», «Балалык», «Эрмек күү», «Жаңы шыңгырама», «Карылык», «Арген күү», «Самсаалынын керээзи», «Пионер кыздын күүсү», «Келиндердин кербезин» жаратат.

Самсаалы Алике уулу элдик бай музыкалык мурастарды сактап келген чоң комузчу. «Кой бөлөр», «Коңур каз», «Карөзгөй», «Карагул ботом», «Сен дүйнө» сыяктуу элдик, Майлыбай менен Кудайбергендин күүлөрүнөн, өзүчыгаргандары болуп карыя комузчудан республикалык радиобуздун фондусуна алтымышка жакын күүжазылып алынган.

Ал эми ар бир күүнүн өзүнчө кызыктуу тарыхы бар. Ушу жерден биз бирин-экин күүлөрдүн сюжеттерине токтоло кетмекчибиз. Айрым күүлөр бир болгону менен, сюжет жагынан бири-биринен кескин түрдө айырмаланышат. Мисалга, «Карагул ботом» деген күүнүалып көрөлүк. Комузчулардын көпчүлүгүэлик тонун жамынган, башкача айтканда, элик деп жаңылыш өз баласын атып алган «Карагул ботомду» чертишет. Ал эми бул Самсаалы атанын «Карагулу» баатыр Карагул тууралуу айтылат.

Байыркы заманда балдары токтобогондон кийин, эне-атасы Карагулду бөлөккө кошсок аман калар бекен деп, таятасына багып ал деп берет. Таятасынын үмөтай, Чомотай деген уулдары болот. Карагул бойго жеткенде, таякелеринен ашкан эр болуп кетет. Күндөрдүн биринде, үчөө кийик уулап, тоого чыгышат. Алар ууда жүргөндө жоо келип, атасынын жылкысын тийип кетет.

Уудан келишсе, айылдын үстүндөгүжылкы жок.

– Силер караан болот десе, мына эми ыңырчакка минип калдым. Мени кантип багасыңар? – деп атасы балдарына карап капа болот.

– Каякты көздөй кетти? – деп сурашты уулдары туш-туштан.

үчөө аттанып алып, бөлөк жер менен айланып отуруп, жоонун алдынан чыгып, из чалып, коктунун ичине кирип, жашынып жатышат. Чомотай караса, жылкыны айдап келе жаткан алтымыш, жетимиштей адам экен.

– Тургула, жылкы келатат!

– Канча киши экен?

– Он чакты эле киши экен! – дейт Чомотай беркилер коркуп жүрбөсүн деп ойлоп. Анан үмөтай чыгып караса алтымыш, жетимиштей киши.

– Канча киши экен, – деп калды Карагул.

– Он чакты эле экен... – дейт үмөтай да.

– Мен өзүм карайынчы! – деп Карагул дөңгө чыгат.

Экөө тең жашырыптыр деп ойлоп:

– Экөөңөрдүн көзүңөр жаңылыптыр. Беш эле киши турбайбы, – дейт тамашалап.

үч баатыр жоону туш-тушунан качырып кирип тымтыракайын чыгарып, өлгөнүн көмүп, тирүүсүн атына таңып алып, жетимиш атты жылкыга кошуп айдап, кайтып келишет. үйүнө үчөө жакын келишсе абышка өксөп, энеси кошок кошуп жатат дейт.

Чоң тору минген Чомотай, ботом...

үйрөтмө ат минген үмөтай, ботом...

Канаттуу ат минген Карагул, ботом.

Кара бир чубар бээден,

Казатка минэр ат туубас,

Картайганда энекең,

Карагул сендей уул туубас.

Тору бир чубар бээден,

Тойго бир минер ат туубас...

Эңкейген байкуш энекең,

Эми бир сендей уул туубас...

Мына бул күүдөн бул айтылган окуя толугу менен көз алдыга тартылат.

Ошондой эле «Коңур каз» деген күүдө учуп бараткан каздын үнүнүн учкандагы поэтикалык сулуулугу сүрөттөлөт.

Карыя комузчу уулу манасчылар Тыныбек менен Дыйканбайдын «Семетейди» кандайча обон менен айткан обондорун комузга күүкылып чертип алган. Булар обонду кайталоо менен чектелип калбаган, кайрыктары көп, кадимки эле бүткөн өз алдынча чыгармалар.

Карыя комузчу бир боор орус элинин элдик күүлөрүн кыргыз комузунда өтө чебер аткарчу. Самсаалыннн аткаруусунда орустун композитору Глинканын «Камаринскаясы» жазылып алынган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×