Добавить статью
7:04, 22 марта 2011 29458

Манасчы

Автор: УРКАШ

Уркаш Манасчы Уркаш Мамбеталиев менен Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында окуп жүргөн кезинен бери таанышмын.

Уркаш адамга жаман айтпаган, кең пейил жигит. Дайыма кабагым-кашым дебей, саламын жазбай, сылык учурашып, жаркылдап жүргөнүн көрөсүң. Уркаштан «Манасты» көп уктум.

Илгери муундагы жомокчуларга, «Манас» айткандарга караганда Уркаштын дастанында кыйла айырма бар. Жаңы салыштырууга бай, сезимге тиер ойго канык саптар арбын кездешет. Анын «Каныкейдин Тайторуну чабышынан» эле кыскача мисал келтирейин.

Оозуна жакут жалаткан,

Манастан калган чоң дүрбү

Сууруп алып койнунан,

Кармай калып мойнунан

Оң көзгө дүрбүсалды эле,

Оён энең Каныкей,

Оолжуп карап калды эле.

Асман каптап созулган

Чаң көрүндүкөзүнө.

Атасынын Ак тулпар

Ал көрүндүкөзүнө.

Дирилдеген шамалга

Жал көрүндүкөзүнө.

Теке Жоомарт тел күрөң

Темир жүктөп тоо ашса,

Тердебеген кер күрөң

Текерлөөшө жүгүрүп,

Кызып калган чагы экен.

Элик шыйрак, шам кулак

Кара кашка аргымак

үчтүн соңу ал экен.

Атасынын төрт тулпар

Закымдап чуркап алыптыр

Калган аттын баарысы

Күнчүлүк артта калыптыр.

Көзүн ирмеп алды эле

Жаны чыгып чыркырап

Эжекең жана дүрбүсалды эле.

Тозоң толуп калыңдайт

Топураган сан күлүк

Торусу көзгө чалынбайт.

Көзүнүн жашы он талаа,

Көөдөнгө сыйбай көп санаа

Жаны чыгып турду эле,

Жана дүрбүсунду эле.

Оргуган деңиз боюнда

Койгулап бала теминип,

үч жүз аттын артында

Бүлбүлдөп жону көрүнүп

Тоодой болгон Тайтору

Көрүнө албай келатат.

Топтон озуп алдыга

Бөлүнө албай келатат.

Чоочун айың кеп угуп,

Чоо-жайын толук эми угуп.

Каралуу энең Каныкей

Кара башын эр кылып,

Ат чаап жүрөт деп угуп.

Арамдыгын башынан

Ашырат деген эмне деп,

Атакем Манас экенин

Жашырат деген эмне деп.

Тизгинимди колума

Бербейт деген эмне деп,

Сүрөөчүжок немедей

Бир кайрылып өзүмө

Келбейт деген эмне деп.

Кең дүйнөмдүтар кылып,

Кетер жолум шар кылып,

Кылчайбай кылыч чабабы

Коондой ичим жарабы.

Ай-талаада даңкайып.

Көмүлбөй сөөгүм калабы.

Алмадай болгон эки эмчек

Булактай ийип акпайбы.

Аркага бүткөн олоң чач

Аны да кыйып таштайбы.

Шакылыктап сагызган

Кашка тишке конобу.

Бурулуп бүткөн булчуң эт

Бөрүнүн жеми болобу.

Кара этим токсон бөлүнүп,

Кажырдын жеми болобу.

Канымды карга чокуйбу,

Куркулдап конуп үстүмө

Бузгун куран окуйбу,

Төлгөгө чапкан Тайторум

Таалайым кесер кокуйбу.

Ай караңгы болгондо

Түн ушундай белем деп.

Артта калса Тайторум

Күн ушундай белем деп.

Жана байкап көрөм деп

Кумгана деген кыйын уу

Куржундан алып белендеп,

Таруудайын талкалап,

Насвайдай тартып алууга

Аркасын карай чалкалап.

Агарып өңүсуюлуп

Айнектей көздөн аккан жаш

Акборчуктун жалынан

Шорголоп төмөн куюлуп,

Жараланып жүрөгү

Канап турган жеринде,

Жаадай болуп Акборчук

Жарап турган жеринде,

Жана имерип дүрбүнү

Карап турган жеринде.

Имерилип куюндап

Итторпунун белинде,

Ай жаныбар Тайтору

Узайын деп калыптыр...

– 1934-жылы Түп районуна караштуу Талдысуу кыштагында төрөлгөм, – деп баштады Уркаш өз өмүр баянын. – Атам Мамбетаалы согушка чейин МТСта ат багар эле. үч бир тууган элек. Улуусу мен, ортончусу кыз – Жаний, кичүүсү– Мурат. 1941-жылы атам согушка кетти. Ала-шалбырт кез эле. Араба менен узатып жатышты. Атам жетелеп келе жатып:

– Уркаш, мени сагынбай жүр, балам, – деген гана сөзүэсимде. Элестөөмө караганда шыңга тарткан, мүчөсүкелишимдүү, кызыл жүздүү, чыйратылган кара муруттуу, элдин айтуусуна караганда куудул, шайыр киши экен. 1943-жылы согушта каза болду.

Ошол кездерде жаратылыш бөтөнчө кызыктыруучу. Кардыжарык деген калың токойдо кыргоол, коёндор көп. Түнкүсүн мал кайтарып, талаада жүргөндө мелмилдеп аккан Түптүн суусун, жылдыздуу түнкүасман ээликтирип, ырдагым келүүчү. Төрт-бешинчи класстан баштап, ыр жаза баштадым.

Карылардан жомокторду, баатырдык дастандарды кызыгып угуп, баатырлар көзүмө көрүнүп, түн ичинде уктабай чыгуучумун. Бешинчи класста окуп жүргөнүмдө Касымаалы Жантөшевдин «Жылкычы» деген аңгемесин төрт көшөгөлүүпьесага айландырып, «Бактылуу жылкычы» деген ат коюп, бирин-эки ырым менен ошол кездеги Кыргызстан Жазуучулар союзунун председатели Касымаалы Баялиновго жибердим.

Бир айдан кийин мектептен үйгө тарап кетип баратсам, балдардын бирөө:

– Жазуучулар союзунан кат келиптир, – деди. Ачып окусам: «Пьесаңды бир сыйра калем жүгүртүп, кайта жиберсең болот. Ал эми ырларды оор тема алып, үстүртөн жеңил жазыпсың. Дурустап жаз. К.Баялинов», – деп коюптур.

Ошол убакта элден укканды улап, «Манас» айтып жүрдүм. Балдар чогулуп айттырып, элге билинип, жоролордо баш кошо калганда айттырышат.

Саякбайды көрсөм деп эңсеп жүргөндө Анвар Куттубаева дагы жоон тобу болуп, биздин айылга келип, Осмон дегендикинде болушту.

Кыштын узак түнү. Сакем Тайторуну чаптырып, Семетей менен Акбалбанды күрөштүрдү.

– Жаңыдан айтып жүрөт, батаңды берип кет, – деп эл мени тааныштырып, мага Манас айттырышты.

– Балам, менин жолумду жолдоп жүргүн, – деп чыныга эт салып берди. Андан кийин үйүнө барып, жолугуп жүрдүм. Ошону менен жетинчи классты бүтүрүп, М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайына кирип, «Манас» жыйноочу Ыбырайым Абдырахманов менен таанышып, «Манастын» жолдорун үйрөндүм.

– Кыргыз ССР илимдер академиясынын «Манас» секторунда сиздин кол жазмаңыз бар экен. Качан тапшырдыңыз эле?

– Ошол музыкалык окуу жайында окуп жүргөн кезимде отуз миң жол ырды академияга өткөргөм.

– «Манастын» кайсы бөлүмдөрүн бердиңиз?

– «Көкөтөйдүн ашы», «Каныкейдин колду жабдышы», «Колдун жолдо жүрүшү», «Алманбет-Чубактын жол талашы», «Талчокудагы окуя», «Жылкы тийүү», «Чет Бээжинге кирүү».

– Жазыла электеринен барбы?

– Манастын өлүмүнө чейин, «Семетейдин» жарымын айтам.

Уркаш Мамбеталиев жалаң гана манасчы эмес, акын да. «Кыргызстан» жана «Мектеп» басмаларынан анын «Көктөм», «Жол ырлары», «Тоо жылдызы», «Ашуу» аттуу жыйнактары жарык көргөн.

Ал Т. Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында үзүрлүүэмгектенди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×