Добавить статью
7:08, 24 марта 2011 74492

Жомокчу

молдобасан Акын, манасчы, комузчу, жомокчу жана кыякчы Молдобасан Мусулманкул уулу 1883-жылы Акталаа районундагы Терек айылында төрөлгөн.

Атасы айылдык дарыгер, сөзмөр, агасы Калыгул «Манас» эпосун айткан.

Ушундай чөйрөдө өсүп, он жети жашынан өз алдынча ыр чыгарып, ырчы катары эл ичине белгилүүболот.

1933-жылдан 1952-жылга чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген. Андан «Салтанат» (1930), «Гүлбара менен Асан» (1935), «Осмон баатыр» (1936), «Акылдуу кыз, Зулум хан» жомоктору, «Жаныш-Байыш», «Кедейкан», «Курманбек», «Жаңыл мырза» дастандары, 1944–1945-жылдары «Манас», «Семетей» эпостору жазылып алынган.

Кыргыз ССРинин Эл артисти (1935).

Эмгек Кызыл Туу, эки «Ардак белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×