Добавить статью
7:20, 24 марта 2011 21327

Манасчы

мАМБЕТААЛЫ Күндөрдүн биринде Журна­лист­тер союзунун клубунда манасчы Мамбетаалы Ашымбай уулу менен жолугушуу болду. Журналисттер, жазуучулар жыйылып келип, Мам­бетаалыдан «Көкөтөй­дүн ашын», айрым адамдардын сунушу боюнча «Семетей» бөлүмү­нөн жарпы жа­зылганча угушту. Ал толкунданып,  өтө  берилүү менен айтып берди.

Мамбетаалы манасчы менен мындан бир нече жыл өткөндөн ки­йин 1969-жылы жазга жуук Фрунзе (Бишкек) шаарында жашап туруучу баласынын үйүнөн кездештим.

– Ата, өмүр-баяныңыздан кеп салып берсеңиз? – деп өтүндүм.

– Мен, – деп баштады Мамбетаалы ата. – 1898-жылы Аксуудагы Кайырмаарык деген жерде төрөлгөм. Быйыл жашым жетимиш бирде. Атам жүгөн өрүп, ээр чаап, ар иш колунан келген ишмекер болгон. Атадан жалгыз элем. Он беш, он алты жаш чамасындамын. «Кожомкулдукуна эл чогулуп, манасчы-ырчы келди», – деген соң ошого барсам деп, делебем козголду. Алты канат үй эл толтура. Чап жаак, узун бойлуураак келген, арык чырай, буурул сакал киши «Манас» айтып жаткан экен. үйдө орун жок.

– Тигил балага орун бергиле! – деди кимдир бирөө.

– Келсин, келсин! – деп калышты.

Күздүн сары түнү, күпүлдөтүп айтып жатат, эл менен бирге мен дагы олтурамын.

Кол жууп, тамак жей турган болушту. Чоюке бир убакта тамашалап:

– Көк чекем, ылдый олтурасыңбы, мечи, киши көп экен, иним, – деп колундагы жамбаш устуканын берди. «Манасты» уксам деп, бүткөн боюм зырпылдап, дүркүрөйт. Таңга жуук ал киши уктасын деп жатышты.

Байдын малын ортого салган кез. Эртеси манасчыны айыл төрагасы болуп жүргөн Кендирбай чакырып калды. Боз үй. Кечинден түн жарымына чейин айтты. Ал түнүанда болду. Эртеси Молдоиса Солтоке уулу чакырды. Анан Чоюке өйүзгө Шапакка кетти. Бирөө: «Сарыкамышта айтып жатат», – дегенин угуп, учуп-күйүп барсам, Чоюке Алманбетти чалгын чалдыртып жаткан экен. Зоңкулдап дабышы сүрдүү, ошого жараша сөзүда, ою да бап келип, жүрөккө от жагар эле.

Муңкам менен кордойду

Баскан чоро бар бекен.

үчжыргалаң Күнезди

Көргөн чоро бар бекен.

Таң атаардын буурул түн,

Ашкан чоро бар бекен... –

деп Мамбетаалы ата «Манастан» бир топко чейин айтып, Алманбетти:

Аттанып чыкса акжолтой,

Атышкан жоого сан колдой.

Чалгын чалса чарчабас,

Алтай жүрсө арбаган,

Орукта жатса талбаган

өзүң көргөн Алманбет... –

деп, мындан соң Сыргакты:

Эми Сыргактын жайын айтайын,

Сыргактын болгон чагы экен,

Жыйырма бирде табы экен.

Кирпиги жалын, көзүчок,

Кишиден туулбайт мындай шок.

Теке жоомарт ат минген,

Көк рапис тон кийген.

Кыны жок кылыч байланган,

Кабагы бийик, өңүсаз,

Капталы жазы, бою пас

Билеги темир кара көк,

Пил мүчөлүүбадирек... –

деп баатырдын элесин жандантып айтты.

– үркүндө үрктүңөр беле?

– үрктүк. Боз үй, мал калды. Алайгырсайкал дегенди ашканда, жалгыз аттын жолу экен, эл, мал учуп өлүп жатат. Кимди-ким көрдү. Калмактар да чапты. Сулуу кыздарды жабдыгы менен алып кетти.

өрттөнмузарт деген сууда самын ташы арбын экен, бешиги менен бала, белдемчеси жайылып кемпир акты.

1917-жылы падыша тактан кулап, Кеңеш өкмөтүорногонун угуп, жерибизге оролдук.

– Манасты кандайча айтып калдыңыз?

– Жашыман кыз оюндарга барып, өзүм да ыр чыгарып жүргөм. Жергез бою, Жыргалаң деген жерде Чоюке «Манас» айтып жаткан экен. Эл туурдукту сыйрып таштаптыр. Алманбетке жылкыны алдырып, бай артынан кууп калганын айтып жатыптыр. Анан эшикке чыкты.

– Мамбетаалы, сен баягы күнүжүрдүң эле, эми да келипсиң? – деп күлүп калды.

– Сиздикин уксам деп эле бүткөн боюм эрип, көксөп калдым, аба.

– Эмесе айтайын деп, делөөрүп жүргөнсүң го, балам.

Кайта үйгө кирдик. Эс алып, а түнүанда конду.

Бир жумадан кийин Кайдунукуна келсем, Чоюке «Чоң казатты» айтып жаткан экен.

– Түшүңө бирдеме киреби, үстүңө бирдеме баскан өңдөнүп, оор тартабы? – деп тамаша кылып калды.

– үстүм оор тартат, кыйналып жүрөм, аба!

– Меникин уктуңбу?

– Уктум.

– Бул эл оозундагы өнөр, эл каалайт. Муну айтсаң кор болбойсуң. Акыры айтасың. Тартынбай жүр. Беш киши, үч киши чогулуп кыстап калса, айта бер. Кишинин көңүлүн калтырба. Тартынган киши болбойт, – деди.

Ошондон үч-төрт жыл өткөндөн кийин айтып калдым.

– Андан кийин башыңыздан эмнелер өттү?

– Колхоздо иштеп жүрдүк. 1936–38-жылдарда эл чыгармачылыгынын республикалык олимпиадасына, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катыштым. 1939–1944-жылдары Ысыккөл областтык драмтеатрында артист болуп иштедим. Улуу Ата Мекендик согушта жумушчу батальонго барып келдим.

– «Манастын» кайсы бөлүмдөрүн айтасыз?

– Алтайдан «Манастын туулушун», «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң казат», «Алманбеттин жомогу», «Каныкейдин жомогу», «Семетейден» Семетейди Кыяс өлтүргөнгө чейин, «Сейтекти» кара сөз менен айтам.

– «Манасыңызды» жаздырдыңызбы?

– Жаздырдым.

– Ким жазды?

– Мамыров Муңдук.

Ушинтип өз ара сүйлөшүп олтурганыбызда Мамбетаалы ата зоопарктан пил, аюу, жолборс, кабылан ж.б. көргөндүгүн айтып, «Манаста» да мындай сөз бар, балдар:

Алоокенин сарайы,

Улуу Анжиян учунда.

Аравандын тоосунун,

Учу кирген тушунда.

Сокулап чоюн түптөгөн,

Дүнүйө малы түтпөгөн.

Каалгасы сом калай,

Каңгыраган чоң сарай.

Босогосу сом калай,

Боруму сонун бир далай.

Алоокенин чоң коргон,

Чоңдугу жактан зор болгон.

Аламын деп баргандар,

Ошо колго түшүп кор болгон,

Ал сарайдын төрүндө,

Айбандан баккан жүзүбар,

Аны багып жаткан киши бар.

Карышкыр, илбирс, чөөсүбар,

Тайбас деген дөөсүбар,

Арыстан, жолборс шери бар?

Айтаар сөздүн эби бар.

Айбанаттын ичинде,

Бөртө деген дагы бар,

Алты ай, жети ай болгондо,

Салып алат баласын,

Курсагына жаныбар.

Алоокенин өзүнө,

Ар укмуштар табылар.

Айыгышкан душмандар,

Алоокеге багынаар.

Айбанатка аралаш,

Маймыл, дарек деген бар.

Тайбастан баккан жүзүбар

Бир тайбастын өзүндө,

Токсон жолборс күчүбар.

Кайтарып турган адамдар,

Ай, аптада келүүчү.

Айбанатты эсептеп,

Аныктап баарын көрүүчү.

Аман-эсен баары деп,

Алооке хандын өзүнө

Барып кабар берүүчү.

Каары катуу Алооке,

Кармашканын жеңүүчү,

Бир жегенде тайбаска,

Токсон каман жедирчү, – деди.

Мындан соң сөздөн-сөз чыгып, Тайбуурулду мындайча сүрөттөдү.

Оо, касиеттүүТайбуурул,

Каңшаары челектей,

Эки көзүкөнөктөй.

Укмуштуу күлүк жаныбар

Учкан кушту жөнөтпөй.

Марал жүндүү, тайкы жал

Тайбуурул өзүбашка мал.

Кыйган камыш кулактуу

Кыз баладай сыяктуу

Кашка жилик каккандай,

Тайкы жүнүмакмалдай.

Чаткаягы Чаткалдай,

Эки чаттын өзүнө

Комдуу төө баткандай.

Соорусунун үстүнө

Эркек-аял баш кошуп,

Төшөк салып жаткандай.

Кең соорусу кетмендей,

Маңдайында көкүлү

Көзүнө ченеп керткендей.

Аркар шыйрак, марал баш,

Аркырап буурул чуркаса,

Ак шумкар учуп бара албас.

өркөчүбийик, зээри бас

өйдөгө салса чарчабас,

Шайбырланып жөнөсө,

Шапкан менен ургандай.

Жаныбарым Тайбуурул

үргөнч суусун бургандай.

Тайбуурулду көргөн жан,

Таңыркап карап тургандай.

Ойдо туулуп, кумда өскөн,

Кулан менен бирге өскөн.

Энеси кайып желдеген,

Атасын адам билбеген.

Келинди көрсө кергиштеп,

Адаты болчу Тайбуурул.

Кыз көрүнсө кылактап,

Кыялы болчу Тайбуурул.

Ар манасчынын өзүнө таандык өзгөчөлүгүболот экен. Мамбетаалы эрлерди, тулпарларды элестетип айтканда элирип, ажарын арттырып жиберер эле.

– Атактуу комузчулардан кимди көрдүңүз? – дедим сөздүн нугун башкага буруп.

– Жаш кезим. Байбагыл деген комузчу менен бир жерде жолугуштум. Мурун ал кишинин кабарын угуучумун.

Комуз чертип жатыптыр. Сакал-муруттуу, отузга жакындап калган, бетинде чаары бар, кара жигит экен.

Эл тараганда: «Байбагыл биздикине конот. Кечинде күүук!» – деди агаларыбыздын бирөө.

– Макул! – деп, кечинде бардым.

– Баке, сиз кандай комузчу болдуңуз? – деп олтургандардын бирөө сурады.

– Мен эч кимден үйрөнгөнүм жок. Уккандырсың Тилекмат уулу баары комузчу деп. Серкебай, Абак, Түркөбай күүчерткенде баштан-аяк комузду колдон колго өткөрүп жиберчүэкен. Ар кайсы комузчуну көрүп жүрүп эле комузчу болдум.

Бир убакта Көтмалдыга топ болот, бугу, сарбагыш алды-бердини тактайт экен, – деп угуп калдым. Минип жүргөн бир тору бээм бар. өзүбүз жоксузураак элек. Кийимим жупуну. Айылдын жакшылары чогулуп, эртең-бүрсүгүндөн жүрөлүдеп, убада кылышты.

– Мен дагы кошо барсам кантет, – дедим.

– Сен барганда эмне кылат элең?

Кап! Барсам эмне деп эле дегдеймин.

Бир-эки күндөн кийин жол менен бир топ киши келатат.

Баякы жигит айтты:

– Көтмалдынын тоосуна барабыз.

үйгө да барбай, ээрчип кеттим. Айылдагылардан өзүм таа­ныган бирөө кезикти.

– Мен Көтмалдыга баратам, кайда кетти деп издебесин, – деп айттырып койдум.

Кечке жуук болуп, күн бата турган убакта бир чоң үйгө келип түштүк. Аңгыча күн батып, күүгүм кирди. Комузду алар көрбөйт, ичиме кыстарып, байлап алгамын. Бая чай ичип, сүйлөшүп олтургандан кийин чепкенимди чечип, комузду артка коюп олтурдум.

үйдүн ээсинен:

– Ой, мырза, эрмек кылып олтургандай айлыңарда комузчу-ырчы барбы? – деп сурады.

үйдүн ээси:

– Бизде андай комузчу-ырчы жок, – деди.

Жанымда олтурган жигит комузду байкап калыптыр:

– Мынабу жигит комузчу окшойт, комуз алып жүрөт, – дебеспи.

– Комуз чертесиңби?

– Чертемин.

– Ой, баракелде, азамат! Кимдин баласысың?

– Тилекмат уулу Байтайлактын баласымын.

– Ой, өзүбүздүн инибиз турбайсыңбы. Тетиги экөөң төмөн олтур, – деп орто жерге жогорулатып орун берди...

Эртеси кечинде бир жерге коно турган болушту. Дагы баякыдай ажырашып, бөлүнүштү.

– Ой, бала бүгүн биз менен кон! – деди бая мени таштап кеткен болуш.

– Кечээ таштап коюп, бүгүн керек болуп калдыбы? Барбайт, жүрү! – деп коштоп кетишти.

Ошентип жыла-жыла Көтмалдыга бардык. Барсак, сөз башталып калган.

Элдин ортосунда отуздарга келип калган бир жигит эки колун төбөсүнө алып жатат.

– Бу ким деген жигит? – деп сурадык.

– Бу Чоконун Казысы, – дешти.

– Эмне кылып жатып алган?

– өзүболуш жана манап. Буга эч ким сөз айта албайт. өз билгенин кылат.

Ошону менен бир оокумда сөз аягын токтотуп болгон соң, Казы башын көтөрүп:

– Жанагы Муратаалыны чакырып келчи, бир-эки күүчертип, эрмек болуп берсин, – деди.

Муратаалы сакал-муруту чыккан, өзүсыпаа жигит экен.

– Ушу турган Токмок базарына кирип, ашпозунда олтурганда көңүл өсүп, «Жаа толгоо» деп чыгарган күүм эле, – деп чертти.

– Баракелде, жакшы чертет экенсиң? – деп эл чуркурап бата берди.

Ошондо Казы:

– Көкүрөктөн келген агайындар, комузчуңар болсо биз деле угалы, черттирбейсиңерби! – деди.

– Комузчулар бу жерге келген жок...

Ошондо:

– Мен чертсем кантет, – деп эшик жакта олтурган кишилерге айттым.

– Оозуңа таш? Жөн олтургун! өңкөй көкжалдардын баары олтурса, комуз чертем деп уят кылган турасыңбы? Балакет болсоң, кошко барып деле чертип бер!

– Ой, баатыр, тиги бала чертет окшойт. Сен эмне токтотосуң, чертесиңби? – деп менден сурады.

– Эки-үч күүбилчүэлем, – дедим.

– Бир күүбилсең да черт, балам, – деп чакырды.

Бардым. Бир-эки күүчерттим.

– Ой, жакшы экен, жакшы экен! – деп көтөрмөлөдүМуратаалы.

– Айта черт күүңдү! – дегенде:

– Биздин аксакалдар Акташка сүрө токтотуп, көңдөй ылдый ат айдап, көлдүн кылаасынан коё берди. Атты айдап кетип, эртең менен айдалган ат түшкө чейин келбей, эски Тасманын бетине эл жайнай берип, зеригип турганда аттын ылаа­лаганына карата «Сур толгоо» деп чыгарган күүм эле, – деп черттим.

Мен ошентип багым ачылды да, комузчу болуп кеттим, – деди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×