Добавить статью
8:26, 24 марта 2011 8907

Манасчы

Автор: СЕЙДЕНЕ

Сейдене Сейдене эже коңгуроодой назик үнүменен анда-санда колун жай жаңсап коюп, бир жарым саатка жакын убакытка айтты. Уккандар сөзгө эрип, кыймылдабай үн-сөзсүз олтурушту.

үркенчти туура карады,

Чыккан күндөн беркисин

Эсеп кылып санады.

Бакайдын каты болуптур,

Кат эсепке толуптур.

Жоого барса салсын, – деп,

Жоонун бир ченин алсын, – деп

Кайран энем Каныкей

Берип кеткен чоң дүрбү

Боосун албай мойнунан,

Сууруп алды койнунан.

Оңдоп кармап имерип,

Оболду көздөй жиберип,

Тегеретип имерип,

Деңизди көздөй жиберип,

Кара көзгө салды эми,

Кайкалап карап калды эми.

Калың шаар, калың бак,

Кароолонгон алма-шак.

Түйтүйгөн кара калаадан,

Көз жетпеген талаадан,

Бер жакка чыкты бир топ жан,

Бала төрө Семетей,

Тааный албай болду таң.

Толтойдун колу болбосун,

Жол тостура койбосун,

Андан бир бери караса,

Алакөлдүн оюнда,

Аккан суунун боюнда,

Кырда бир түтүн бөлүнөт.

Кызыл-тазыл кушмач ээр,

Кыздын бир аты көрүнөт.

Кыз экенин билди эми,

Кымтыя түшүп күлдүэми.

Күйүт бир тарткан эмедей,

Күлүмсүрөп күлбөгөн,

Күлгөнүн адам билбеген.

– Кеңешим айтам, жаш балдар,

Маңдайдагы тетиги,

Карайыңкы көрүнгөн,

Кара кандын шаары экен.

Түнөрүңкүкөрүнгөн,

Түптүүхандын шаары экен.

Андан бери карасам,

Алакөлдүн оюнда,

Аккан суунун боюнда

Кырда түтүн бөлүнөт,

Кызыл-тазыл кушмач ээр,

Кыздын бир аты көрүнөт.

Душман болуп көрүнсө

Сумсайып жоодон кайтпаңдар.

Жоо бөрүсүчунактар,

Манастан башка айтпаңдар.

Жылдар өттү. Улуу акын Токтогулдун 100 жылдык тоюна барып, Кетментөбөдөн манасчы Сейдене эжеге экинчи ирет кездештим.

Сейдене Молдокеева Кетментөбө аймагындагы Каратектир кыштагында төрөлгөн.

1935–1945-жылдарга чейин мектептен билим алат. Энеси Айтбүбүжети жашка чыкканда, атасы Молдоке 1944-жылы дүйнөдөн кайткан. Сейдене балдар үйүндө тарбияланат.

Улуу Ата Мекендик согушта жалгыз бир тууганы Султанаалы баатырларча каза табат. Агасынын жетим калган балдарын багайын деп алгач мугалим болуп, мындан соң колхозго кирип, белсенип эмгектенет.

1960-жылдан баштап, көпчүлүккө «Семетей» эпосун айта баштады. Ошол жылы Таласка кетет. Бул жерден атайлап Бакайдын коргон ташына чыгат. Мындан бүткүл Талас көрүнөт. Семетейдин бешиги, Бакайдын кыштагынан капталдай түшүп, Сандыкташтын алды, Талдыбулактын төрүндөгүАккуланын мамысы, Бөкөйдүн бөксө жолу жана башка улуу эпосто сүрөттөлгөн жерлерди өз көзүменен көрүп таанышат.

Сейдене эже «Семетей» эпосун толук, «Чоң казаттан» баатырлардын өлүмүнө чейин айткан.

Сейдене эжеден республикалык радионун фондусуна Каныкейдин ат чапканынан «Тайторуну сүрөө», «Семетейдин Сары таз менен жолугушканы», «Чынкожо менен Толтойдун Акункан менен болгон чатагы», «Семетейдин Чынкожо, Толтойду өлтүрүп, АйчүрөктүТаласка алып келиши», «Семетей менен Коңурбайдын чатагынын башталышы», «Коңурбайдын өлүп бүтүшү» деген бөлүмдөр жазылып алынган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×