Добавить статью
6:34, 28 марта 2011 0

Жомокчу

Ыбырайым абдырахман уулу Өз атасы Абдыракман колунан бардык иш келген чебер, мергенчи, тамырчы, комузчу, адамды көрөр замат сындаган сынчы болгон. Жетөгүздөгүэл бүгүн дагы Абдыракман сынчы деп айтышат. 1942-жылы 81 жашында Жетөгүздө дүйнөдөн кайткан.

Ыбырайым 1888-жылы Жетөгүздүн Чырак айылында туулган. Ал жети жашынан баштап айылдагы бала окуткан молдолордо тырышып окуй баштаган. Ал убактарда жаздырып окутчу эмес. Чөк түшүп олтуруп, молдонун камчысынын алдында окуган доор эле. өзүтырышып жазууну өздөштүрөт. Шаардан окусам дегенде эки көзүтөрт болот. Элдеги толуп жаткан кошок, майда ырлардын бардыгын жазып, жаттайт. Эл кыштоого кирип, согум союлганда айылдагы аксакалдар манасчыны чакырып келишип, боз үйгө жык толуп, таруу бозону сүзүп, этти салдырып коюп «Манасты» айттырчу. Бир кыштын ичинде «Манасты» үч айттырса, соопчулук болот дешчүалар.

Ыбырайым тосурайган тону менен «Манасты» угуп, уктабай отура берчүэкен. «Бул бала манасчы болот» – деп, эл ошондо эле айтышчу экен.

Он эки жашында Караколдогу «Жаңы тартип» деп аталган татар мектебине кирип, ийгиликтүүбүтүрүп, Жетөгүздөгүжаңы ачылган мектепке 1905-жылы мугалим болот.

1922-жылы Алматадан Каюм Мифтаков элдик адабиятты жыйноого Кыргызстанга келет. Ушул кишинин келиши менен элдик адабият да, «Манасты» жазуу иши да башталат. Ушул эле жылы партиянын Нарын шаардык комитетинин секретары Касымбай Тельтаевдин түздөн-түз тапшыруусу боюнча «Манас» эпосун жазууга киришет. Нарындын Солтонсары жайлоосуна Сагымбайды алып барып, Манасты туулгандан баштап жаза байштайт.

Ошентип мугалимдиктен Ыбырайым Абдыракман уулу калып, «Манаска» биротоло өтүп калат. Бирде Сагымбайдын үйүндө Кочкордо, бирде Ыбырайымдын үйүндө Атбашыда жазып, 1926-жылы «Манасты» бүтүрөт.

1936 – 1937-жылдары Саякбай Каралаевден «Манасты» жазат. өзүда жыйнап, «Манас», «Семетей», «Сейтектин» варианттарын түзөт. «Жаңыл Мырза», «Казак кайың саап, кыргыздын Ызарга киргени», «Кыргыз-казак окуясы» деген окуяларды жыйнайт. Маселен: «Чечендердин сөздөрү», «Анекдоттор», («Күлдүргүч») макал-лакаптары (үч миң сөз), жөө жомоктору болуп баш-аягы бир миң басма табак эмгеги болот.

1960-жылы пенсияга чыгып, жылдын жарымын Атбашыда, жарымын Фрунзеде өткөрөт. Шапак Рысменди уулу, Тоголок Молдо, Багыш Сазан уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Акмат Рысменди уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу өңдүүманасчылардын дастандарын жазууга түздөн-түз көмөктөш болгон. Ысыккөлдө Дыйканбай, Жандыке, Байжан, Отунчу, Калча, Акылбек манасчыларды көрүп, алардын «Манасын» уккан. Отуз жыл мугалим, жыйырма беш жыл оозеки чыгармаларды жыйнаган. Аларды кайра иштеп чыккан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-04-2011
Жомоктор топтому
40360

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×