Добавить статью
7:02, 28 марта 2011 30902

Комузчу

Автор: ЭРКЕСАРЫ

Эркесары 1961-жыл. Күз айы. Комузчу Эркесары радиого күүлөрүн жаздырып, Фрунзе шаарында бир нече күн жүрүп калды.

Ушул күндөрдө Кыргыз мамлекеттик университетинин актовый залында Токтогулдун замандаштары: акын Алымкул үсөнбаев, комузчу Барпы Сарпек уулу, кыякчы Кулмат Асанбай уулу ж.б. белгилүүөнөрпоздор менен бирге, комузчу Эркесары Бекбасар уулу да студенттер менен болгон жолугушууга катышты.

Токтогулдун ырлары ырдалып, күүлөрүчертилди. Кечеде акын Темиркул үмөталиев Эркесарыга арнаган ырын окуп берди.

Кечеден кийин эстеликке университеттин мугалимдери, студенттери болуп чогуу Эркесары менен Алымкулду ортого алып, сүрөткө түштүк…

Ушундай эле Токтогулдун замандаштары менен кездешүүВ.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда болуп өттү.

Ошондон кийин журналисттердин клубунда Эркесары менен журналисттердин жолугушуусу болду.

Эртеси Эркесарынын сүрөтүн тарттырууга сүрөтчүАманкожоев Кубанычбектин мастерскоюна алып бардым.

Кубанычбектин үйүнө кирип, жаңыдан чай ичип олтурган элек.

Аңгыча эшиктен Гапар ага кирип келип, Эркесары менен эсендешип көрүшүп:

– Карыя келди деп угуп келдим. Акенин сүрөтүн тартпайлыбы? – деди жаш сүрөтчүлөргө кайрылып. – Болуптур, бүгүн эс алсын. Эртең баштайлы…

Эртеси Эркесары карыяны Гапар ага, Кубанычбек Аманкожоев, Сагынбек Ишенов, Мурза Оморкулов деген сүрөтчүлөр туш-тушунан тартып жатышты. Магнитофонду коюп, черткен күүлөрүн жазып алып жаттык.

Мен Эркесары атанын жанында олтурган элем. Бир оокумда башка жерге барып көчүк койдум эле, Гапар ага:

– Мурдакы жериңе олтурчу! – деди мага.

Барып олтурдум. Гапар ага сүрөттүбери каратып, столдун үстүнө коюп койду.

Эркесарынын жанына олтургузуп, мени да тартып коюптур. Экөөбүз дептердин барагындай, кичинекей холско батыптырбыз. Алдыбыздагы шырдак, магнитофондун репродуктору кошо түшүп калыптыр.

– Бүтпөй калды, эртең да келиңиздер, – деди Гапар ага.

Эртеси эртең менен Гапар ага да келиптир.

– Бүгүн күн бүркөк болуп калды… – деп тарткан жок.

* * *

Жылдар өттү. Токтогулдун жүз жылдык тоюна бир күн кечигип учтум. Самолёт Таласка конуп, жүргүнчүалды.

Самолётко Эркесары небереси Тургун менен келип түштү. Кездешкениме өтө сүйүндүм.

Кетментөбөгө барып түшсөк, той бүтүп, үйлөрүнө жөнөп жатышкан кез экен.

Эркесары тууганынын үйүнө ээрчитип келди. Айыл ичи менен таанышып, кечке жуук келип, көпчүлүктөн карыя менен учурашып, көрүшүп жатканын байкадым.

– Биздин үйдө мейман болуңуз, ата! – деди бар орто жашап калган киши.

– Алты күндөн кийин барбасам, беш күнүмдүсенден мурун келгендер ээлеп алышты, – деди күлүп.

Кетментөбөгө учаар алдымда радиодо иштеген Таштанкул деген жигит «Эркесарынын күүлөрүтаптакыр жоголуп кетиптир» деген эле.

Карыяга күүлөрүнүн жоголуп кеткендигин айтсам, өңүндө эч өкүнүчтүн белгиси сезилбеди.

– Мени менен кошо Фрунзеге кетесиз, – дедим да, барып самолётко билет алып келе калдым.

Карыя бир аз кыйылып туруп, макул болду.

Аэропорттон Жаналиев Насырымбек агай жолугуп калып, чогуу учтук. Агайды жеңил машинасы күтүп туруптур, бизди үйгө жеткирип койду.

Эртеси радиого барып текшертсек, күүлөрүбүт түптүгөл болуп чыкты. Күүлөрүн черттирип, эстетип, жазыла элек дагы он беш күүтаап алып, жаздырдык.

СүрөтчүСагынбек Ишенов портретин тартам деп, үйүнө алып кетти.

Эртеси үйгө келгенде Эркесары аксакал:

– Сагынбектин үйүнө жакын жерде, бир комузчу жигитке жолуктум. «Тоо булбулу» деп күүчыгарыптыр. Угуп көрсөң, ушундай экен, – деп мага чертип берип, – бул күүделе эмес экен, – деп койду да: – Мен айттым, – деп сөзүн улады Эркесары. – Булбул болгондон кийин булбулча сайроого тийиш деп, булбулдун сайраганын комузга салып, туурап бердим…

Биз өз ара аңгемеге өттүк. Сөздүузакка созбой, ток этээр жерден баштадым.

– Мен күүнүн атын айтып турайын, сиз тарыхын айта бериңиз.

– Макул… – дегенсип башын ийкеп койду.

– «Сары-Барпыны» айтсаңыз!

– Биздин «Сары-Барпы» азапка туулган сары барпы дечүкомузчу Ниязалы.

Күүнүн башы уядагы балдарын канаттуу жылан жеп жаткандан башталат. Энеси куушурулуп түшүп, учуп чыга берип, эбеңдеп турат. Баласын жегенден кийин энесин кууйт. Канаттарын чапкылап сары барпы качат. Жылан жакындаган са­йын  дагы  жанын  үрөйт. Жылан кетпей, асканын бооруна конот.

Сары барпы токойдо терекке барып олтуруп:

Айда туусам айда жок,

Айда жылан жеп коёт.

Күндө туусам күндө жок,

Күндө жылан жеп коёт.

Мен Теңирге не жаздым! –

деп сайрап, ал жерден учуп жөнөсө, күкүк сайрап жатат. Андан ары өтсө, итак сайрап турат. Токой аралап учуп, токойдон чыгып баратса, турумтай кууйт.

Бетегеге кире качат. Ошондон көкүрөгүнөн жерге катуу тийип, эси ооп калат. Турумтай көрбөй, кайып чыгып кетет.

Асманды карап, тамагын бүлкүлдөтүп, эси ооп, бетегенин түбүндө жатып, Турумтай келип калабы деп сайрайт. Куугун көрүп жүрүп, аябай каны катып суусайт. Суу издеп көлдүкөздөй канат кагат.

– «Чүйдүн Сары-Барпысычы?»

– «Чүйдүн Сары-Барпысы», – деп Сартбай чертчү.

Эки Сары-Барпы кеңешип алып, Таласка барабыз деп учушат. Таластын бийик ашуусуна келип калышат.

өйдө көздөй каалгып чыга албай, канатын чапкылап келе жатканы, белге олтуруп алып сайраганы, Кеңколдогу чоң чынарга конмокко учуп жөнөгөнү, чынардын бутагына конуп алып, үч бөлөк кылып сайраганы күүменен чертилет.

– «Орто токойдун Сары-Барпысычы?»

– Кеңколдун оозунан Жантакбай деген чоң комузчу чыккан.

Түн ичинде Жантакбайдыкына ууру келет. Аялы үйдөн баш багып кайта кирип:

– Ээ, Жантакбай, уурулар уйду уурдап бара жатыры, – дейт.

– Кантебиз, ал жарактуу, барсак өлтүрүп коёт, – дейт Жантакбай. – Чертмекти алып берчи.

Комузду алып бергенден кийин чертет. Уурулар тыңшап калат. Күүсүнө кызыгып олтуруп, таң атат.

– Ээ, Жантакбай! Сенин күүңө кызыгып олтуруп, таң атты. Эми уюңду байлап ал, – дешип уурулар уюн таштап кетет.

Ушуну угуп Дүйшөнаалы деген жолдошум экөөбүз бардык.

– Сен кимсиң? – деп сурады.

– Эркесары деген ушул, күүүйрөнөм деп жүрөт, – деди Дүйшөнаалы.

– Кишиге күүүйрөткөн жан эмесмин, күүүйрөтпөйм, – деп чертип бербей койду. Ошону менен кеттим. Биз аттангандан кийин, кечинде үйүнө эки атчан киши келип түштү.

– Болду-болбоду ушуларга чертип берет, – деди Дүйшөнаалы.

Караңгыда, күүгүм киргенде ууруча бардык. Ошондо Эркесары келип, күүүйрөнүп кетпесин деп, кароол коюптур. Ай чыгып келе жатканда көлөкө жерге турдук. Ошондо чечилип эки атчанга: «Орто Токойдун Сары-Барпысы», – деп чертип жатыптыр.

– Бир далай киши черткен болот, үч кылдын тилин билбейт. Мен үч кылдын тилин билемин, – деди Жантакбай.

Тыңшап турам, тыңшасам башым маң болот.

– үйрөндүм, – дедим.

– Койчу, же карап турбасаң, кантип үйрөнөсүң? – деп ишенбей койду Дүйшөнаалы.

үйгө барып чертип берсем:

– Ой тобо! – деп жакасын карманды.

– «Сынган бугучу?»

– Байыркы эл күүлөрүнүн бири – «Сынган бугу». Көл та­рап­тагы комузчулар черткен «Сынган бугудан» биздики башкача.

Бирөөнүн Алымса деген баласы катуу ооруп, төшөктө жатканда, үйгө меймандар келип түшөт. Алымса сыр билгизбей, белин бууп олтуруп, келгендерди жакшы кабыл алып, мейман үйгө жайгаштыргыла деп жибергенден кийин баласы үзүлүп кетет.

Атасы:

– өлөөр уулум өлдү, үнүңөрдүчыгарбагыла, – деп жайына алып, көшөгө тарттырып коюп, үйдүкөтөрбөй, меймандарды атказайын деп, колуна комузун алып: «Атаны кокуй Алымса ботом», – деп комузга салат.

Аялы кирип келип:

– Эмне үчүн күүң бузулуп калган, карыя? – деп сурайт.

– Ээ, байбиче, ушундай күүтаап алдым, – деп аягын чыңкылдатып буруп кетет. Анткени энеси баласынын өлгөнүн биле элек болучу.

Байбиче эшикке чыгып кеткенде, Алымса ботомго салат.

Келгендердин бири:

– Күүбузулду го, тарт атты! – дейт.

Алар айылдан узагандан кийин, бир баланы билип келчи, – деп, өздөрүаттанып чыккан үйгө жиберет.

Бала барып келип:

– Жалгыз баласы өлүптүр, эл түшүп жатат, – дейт.

– Ой баракелде, сабырыңа ырахмат! – деп, булар кайтадан өкүрүп келип түшүшкөн экен.

– Кайсы комузчулардан таалим алдыңыз?

– Устаттарым Сартбай, Чынгыздын уулу Стамбек, Борош уулу Ниязалы, улуу акын Токтогул болду.

Таластан чыккан чоң комузчу Стамбектен «Кайран Талас – кайран жер», «Анжиян калкы» деген күүлөрдүүйрөнгөм. «Бетегеси белден жер, белгилүүТалас – кайран жер. өз көкүрөгүмөн чыгарган күүм» – деп Стамбек айтуучу.

Ал эми улуу акын Токтогул Таласка көп келип жүрдү.

Сибирден келгенден кийин биздин Миңбай деген жерге келди. Уулу Бабажанга той берип жатканда, үстүнөн чыккам.

– Балам, үйрөнүп ал, ар жерде Токтогул деп айттырып жүрсөң. Ээ балам, атын айтып, айдарын тагып чертсең, тай энчилеп бергендей болот, – дечүТоком.

Аңгыча биздин аңгемебизди бузуп:

– Тамак даяр болуп калды, – деди үйдөгүлөрдүн бирөө.

Мен сыртка чыгып кеттим. Ортоңку эшик ачылуу эле.

Карыя жанындагы комузун алып, өзүнчө бир сонун күүнүузакка чертип, комузун кайта жанына коюп койду.

Колго суу куюлду. Тамак ичип, кайтадан жайланышып олтургандан кийин:

– Жана кайсы күүнүчерттиңиз, ата? – деп сурадым.

– Билбей калдым, – деп эстей алган жок.

Чертип бүтөөрүменен атын жазып албай, – деп аябай өкүндүм.

Кайтадан комузун колуна алып, бир күүгө толгоп:

– Бул: «Эки сагызгандын учурашканы», – деп аңгемесин улады. – Кетментөбө менен Таластын сагызганы учурашат экен. Экөө тең майып. Таластан бараткандын чалгынын мергенчи талкалай аткан. Кетментөбөдөн келе жаткандын буту чолок.

– Бутуң эмне чолок болду? – деп сурайт таластык сагызган.

– Ээ, Кетментөбөдөн келе жатсам, кемпир көк уй саап олтуруптур. Аркасы жоор экен. Жоорунан чокуп жейин десем, бүкчүңдөп келип, кемпир таш менен уруп жиберип, бутум чолок болуп калды. Ал эми сенчи?

– Таластан келе жатсам, жолдо бир айгырдын өлүгүжатыптыр. Ошонун өлүгүнө түшө калайын десем, бир мергенчи атып жиберип, канатымдын чалгынына тийип кетти, – деп жооп берди экинчиси.

Ата бул сөздүайтып, күүнүкайырды.

– Биздин Таласта эски заманда Тойкожо деген атактуу сурнайчы чыккан, – деп аңгемесин дагы созду. – Күүмындайча арман ырды баяндоо менен башталат.


Булбул сайрап таң атты,

Мусапыр менде көп жатты.

Торгой сайрап таң атты,

Тозоку менде көп жатты.

Күкүк сайрап таң атты,

Күнөөкөр менде көп жатты.

Бөлөк-бөлөк, бөөт-бөөт болот дечүэле. Адатта күүэки баатыр сайышка чыкканда: «Найза сал, найза сал!» – деп тартылчу. Жыгып кетсе: «Баракелде, баатырым!» – деп айтылганы таптак күүдө билинип турчу…

Эркесары Бекбазар уулу Талас өрөөнүндөгүКалба деген жерде, 1884-жылы жардынын үй-бүлөсүндө туулган. Жаш күнүнөн тартып, козу кайтарса да колунан комуз түшүрбөйт. Тогуз жашка чыкканда Стамбекке шакирт болот. Мындан көп күүлөрдүүйрөнгөндөн кийин, ушул эле аймактагы «Саринжи-Бөкөй», «Жанаалы жалгыз» сыяктуу эпосторду айткан Сартбай менен таанышып, таалимин алат.

Эски заман тушунда эл эки жаат болуп урушуп, эр өлүп, кан төгүлүп туруучу. Ушул жылдары бөтөнчө ууру күч алат. Күндөрдүн биринде, атасы Бекбазар ооруп төшөктө жаткан болот. Аңгыча сыртта иттердин ажылдап үргөнү, кулактын кужурун ала баштайт. Каруу күчүтоло элек Эркесары эрбеңдеп боз үйдөн баш багып, сыртка чыгып караса, короодогу бирин-эки малын эки-үч караандын айдап кетип жатканын көрөт.

– Малды таштагыла, биз кантебиз… – деп Эркесары жанынын бардыгынча ар кайсы жерге жыгылып, уурулардын артынан жүгүрдү.

Аңгыча уурулардын бирөө атынын башын буруп теминип, эки-үч жолу камчы уруп, сызгырылткан бойдон келип, Эркесарыны чыкыйга тартып кетти. Бала шалак этип жыгылып, эс-учунан танды. Бир оокумда көзүн ачса, жер тегеренип, көчүп жатыптыр. Жерден башын көтөрө албай, далайдан соң эсин жыйып, эптеп туруп, үйүнө кайтып келсе, атасы бир кой калбаптыр деп, короодо кокуйлап жүрүптүр.

Бул жерде жашап күн көрүүбарган сайын кыйынчылыктай бергендиктен, боз кыроодо үч ат менен Аксынын Ийрисуу деген жердеги туугандарына көчүп барышат. Аксыда бир жыл, Кетментөбөдө эки жыл турушат.

Аксынын Акжол, Тегене деген жеринен жаңгак терип, Жетоймо, Пышкара, үчкоргон, Чартекке данегин сатып, күрүч сатып келип, оокат кылат.

Таластан бир бала келди, комузчу экен деген кабар атактуу комузчу Ниязалыга угулат.

Күндөрдүн биринде Ниязалыга учураштырам деп Насыралы, өмүралы, Мүсүралы деген чалдар Кыйгач деген жайлоого алып жөнөйт. Меймандарды алдынан тосуп:

– Киши менен көрүшүп, комуз черте албай, тырмагым ооруп… – деп күлдүНиязалы Назаралыга карап:

– Какшыгыңды кой, күүүйрөнөм деп келди, күүүйрөт, – деди Назаралы бакылдап.

Төрдөн орун алып, өткөн-кеткенди сурашкан соң, Ниязалы керегеде илинип турган комузду алып:

– Айланайын, «Гүлгаакыны» кайрып койчу, – деп Эркесарыга сунду.

Жаш комузчу үч кылды тырмалап, комузду сайратты.

– Жакшы кайрыйт экенсиң. Оо, үүлөтүп!.. – деди ыраазы болгондой Ниязалы. – Кана балам, комузду мага берчи! Ажимат эшенди кызыткан «Гүлгаакы» деп чертип, мындан кийин «Мырза кербез», «Карача торгой Кайбылданы» кайрып берет.

Бул жерде Ниязалыдан таалим алып, бир жыл туруп калат. Аксыга барганда бирин-экин малы жер үшөп кырылып, барган сайын турмушу оордоп, жакырчылык менен жокчулуктун туткунунда калышты. Аксыда атасы өлдү. Бүткүл үй-бүлөнүбагуу милдети Эркесарынын мойнуна түштү.

Аксыга үй-бүлөсүн калтырып, өзүоокат издеп Таласка келет. Бул жерден да эч нерсе тырмагына илинбейт. Ушул жападан кийин Суусамырдагы эжесин издеп, колуна таяк алып жөө жөнөйт. Жолдо жүрүп муңканып «Жөө калдым» деген арман күүсүн чыгарат.

Тамак жок, эчен күнүнаар албайт. Кымбатчылык, эч ким үйүнө кондурбайт. Келе жатса жолдон буруу бир үй турат. Эмне болсо да бир кайрыла кетейин деп, Эркесары жай каалгый басып келет. Келсе үйүнүн жанында бир кемпир ийик ийрип олтуруптур.

– Ээ, айланайын, жатакчыда кайдан суусун болмок эле, – деп кемпир акырын гана күбүрөдү.

Ошондо Эркесары комузун колуна алып, бир өзөк жалгатар бекен деген ой менен кемпирдин ийикти ийиргенин комуз менен туурап, кемпир жипти созсо созуп, түрсө түрүп, черте баштайт.

Кимдир бирөө эшик ачып:

– үйгө кириңиз, төргө өтүңүз, – деп Эркесарыны чакырып калды.

Кемпир артынан кошо үйгө кирип, кымыз куюп сунуп:

– Туурабай эле коюңуз, – деп суранат.

Эркесары кымыздан жутуп жиберип:

– Жана ийрип атсаңыз, эми чыйратып жатканыңыз, – деп күүнүн уландысын кайрып берет.

Эркесарынын «Ийик күү» деген күүсүушундайча пайда болгон.

өзөк жалгап, белин бекем бууп, жолго чыкты. Суусамырдагы эжесиникине келсе, эжеси деле эч нерсе бере албады. Кайта кур кол кайтып, Аксыдан жөө-жалаңдап эптеп Кетментөбөгө келишип, Аяктыда, Устасайда жүгөрүайдашат.

Жүгөрүгө жапан чочко кирет. Кемпир чач деген чөптүтамызып, дүрт этип күйгөндө камандар качып кетет. Ал кезде ширеңке жок отту үйлөп тамызчу.

– Жүгөрүсүда курусун. Кой эми, аман-сообузда элге баралы, – деди бир күнүЭркесары.

Баласы Акыналы аялы экөө тең безгек болду.

Эркесары март айында Жийдегүл деген кызын беш айында бешиктен чыгарып алып, бешиги менен Таласка жөө көтөрүп кетет.

Күздө Кетментөбөгө кайта келет, алты пуд буудайга бир эчки алып соёт. Буудай-жүгөрүнүн баары калат. Төшөнчү-орунду Эркесары жөө көтөрөт, уулу менен келининин араң эле жаны бар.

Кетментөбөнүн Жетикаракчы деген жерине эптеп жетип, тыныгып, арчалуу коктуну бойлоп жүрүп олтурушса, Бешташтын оозунда Көкө деген мергенчи бар экен.

Ал алдынан чуркап чыгып:

– Ой, Эркесары, айланайын, чертмегиңди бир чалып бер! – дейт.

– Чалып бермек түгүл үйүңө коном…

– Мейлиң айланайын, мейлиң…

Чертмегин чертти. Арпа наны бар экен. Анан аялына:

– Буга салбаган этти кимге саласың. Тур, казаныңды ас! Бая көк кашка текенин учасынан сал, – деди.

Майы көпкөк, кабыргасынын тышы эки эли. Көрсө, тоо теке атыптыр.

Оокат ичип, ал жерге конушат. Келини, баласы ооруп, каруу жок, оңдуу жей алышпады. Эркесары туурап жапырактап жеди.

– Келиниң менен балаң жей албады го, – деп кара кесегинен куржунга салып берди.

Бешташтын оозунан чыгып, акырындап жөнөштү.

Эркесары жүк көтөргөндүктөн, таманы кыпкызыл болуп оюлуп калды.

Эртең менен чыгып, намаз дигерге Жергеталдын оозуна жетишти.

Алатоого Октябрдын таңы атып, эмгекчи муңканган букаралардын шору жуулуп, бакты-таалайы ачылды. Жүрөгүмуңга эзилген Эркесары теңдиги колуна тийип, кубанычы койнуна батпады. Кийин колхоз уюшулганда, колхозго кирип иштеп, кылган кызматынын үзүрүн көрөт.

1936-жылга чейин «Жергетал» совхозунда, 1936–1940-жылдарга чейин Фрунзе шаарында филармонияда артист болуп кызмат кылып, андан соң кайтадан «Жергетал» совхозуна барып, карылыгы жеткенге чейин иштеп турат.

1939-жылы кыргыз искусствосунун Москва шаарында болгон декадасына катышкан.

Эркесары көп зор комузчулардын күүлөрүн сактап келген чоң комузчу.

Эркесары Токтогулдун «Солдат күүсү», «Карылык», «Төрөнүн эки кызы келгенде», «Мамажан», Сартбайдын «Чүйдүн Сары барпысын», Ниязалынын «Мырза кербезин», Стамбектин «Анжиян калкын», «Кайран Талас – кайран жерин», Тайтекенин «Тогуз кайрык», Айдараалынын «Көйрөң күү», Тынардын «Арсар күү», ошондой эле Майлыбайдын, Муратаалынын, Жолойдун, Жантакбайдын, Шеркулдун күү­лөрүн устаттык менен, көргөндүн жарпын жазып, жүрөгүн толкутуп аткарат.

Эркесарынын өзүнүн чыгарган совет элинин жыргалдуу турмушун баяндаган «Салтанат камбаркан», «Таластын насыйкаты», «Салтанат шыңгыратма», «Шаңдуу жаштар», «Эрмек күү» жана башка күүлөрүэлге кеңири белгилүү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×