Добавить статью
11:24, 28 марта 2011 22350

Акын

cултанбүбү 1973-жыл, 31-август. Кыргызстан Композиторлор союзунун алдындагы фольклордук кабинеттин башчысы Бейшембиев Бектен, композитор Таштан Эрматов болуп, элдик күүлөрдүчогултмакка көлдүкөздөй аттандык.

Рыбачье шаарына келип, Маданият үйүнө кайрылып, өнөрпоздорду сурамжыласак, бир орто жашап калган киши:

– «Ойдай» деген эл ырын чыгарган апа бар. Ал кишини эл атынан айтпай эле Ойдай апа деп кою­шат. Кааласаңыздар силерди жеткирип коёюн, – деп бизди алып келди.

– Канчага чыктыңыз?– деп сурап калдык.

– 1888-жылы төрөлгөм.

– Кайсы жерде?

– Тоңдун Коңурөлөңүндө.

– Бир туугандарыңыз болгонбу?

– Беш кыз, эки эркек элек. Баарынын эң кичүүсүэлем.

– «Ойдайды» кандайча чыгардыңыз?

– Ой, балдарым, эсте деле калбай калды го. Андан бери канча мезгил өттү. Атам бешикте кезимде кудалаган Алгожо деген кишиге берди. Ал кезде күйөө чанмай деген жок. Бул ырды чыгаргандан кийин аябай сабады. Беш жылдан кийин араң бошондум.

– Кана, апа, ошол ырыңыздан эсиңизде калганын айтыңыз, жазып алалык, – деп Бектен микрофонду дагы апага жакыныраак жылдырды. – Баштаңыз?.. Аткаруучу деп өз атыңыз, атаңыздын ысымын айтыңыз.

– өз атым – Султанбүбү, атамдын аты – Акынбек. Акынбек кызы деп койсоңор болот, – деп Ойдай апа ырга кирди.

Кызыл-кызыл козунун,

Көрпөсүэлем ойдай.

Кыз да болсом бир үйдүн

Эркеси элем ойдай.

Эркеликке койгон жок,

Малга сатты ойдай.

Мал катары сатылып,

Жем болгомун ойдай.

Тең курбума жете албай,

Кем болгомун ойдай.

Кара тоонун боорунда

Кар болгомун ойдай.

Кадырлашка жете албай,

Зар болгомун ойдай.

Кайгы түшүп башыма

Дал болгомун ойдай.

Бийик тоонун башында

Кар болгомун ойдай.

Билгениме жете албай,

Зар болгомун ойдай.

Билимимен ажырап,

Дал болгомун ойдай.

Карагайдын ичинде,

Каман экен ойдай.

Кадырлашка жетпеген,

Жаман экен ойдай.

Каз бөйрөктөн кетпеди,

Таянган кол ойдай.

Биздин айыл сурасаң,

Ылдыйында ойдай.

Жибек чалып, боо тагам,

Кыргыйыңа ойдай

Тупатуура көңүлүң,

Менде болсо ойдай.

Бийик жардын башынан

Ыргыйынбы ойдай...

Бектен мындан кийин Султанбүбүападан эки-үч кошок жазып:

– Болду, жетишет ушу! – деп магнитофонун жыйнаштырууга киришти.

Мен апага жакын келип:

– Апа, санат сөздөр, макал-лакаптар болобу, билгендериңизди айтсаңыз?

– Анда эмесе, жаз, балам. Булар кыргыз болгондогу сөз, керектүүакыл-насаат.

Сөз айласын билбеген,

Сөздүөзүнө келтирет.

Көч айласын билбеген,

Көчкөндө көлүк өлтүрөт.

Ар ким кылыч байланат,

Чабаарында кыйналат.

Ит өлөөрүндө кайышчы болот,

Иттин оозуна сокто жарашпайт.

Билбеген ишке катышпа,

Жаман менен чатышпа.

Жүрбөгөн атка камчы – жоо,

Жыртык үйгө тамчы – жоо.

Сараң байга кулу – жоо,

Каңкуулай берсе – уулу жоо.

Жаманга берген ашың – жоо.

Эки жинди бир кетти,

Эсен барып, соо келсин.

Кайгы төлө болбойт деген,

Кеткен кайра келбейт деген.

Аш бербегин тойбоско,

Берген ашың таш болот.

Акыл айтсаң билбеске,

өзүң менен кас болот.

Сөз жүйөөсүн тапкандар,

Ылаачын куштай таптанат.

Акылы бар азамат,

Калп айткан сөздөн сактанат.

Кемел тапчу аял бар,

Алган эрин сыйлаган.

Атың барда жер тааны желип жүрүп,

Атаң барда эл тааны эрип жүрүп.

Жоболоңдуу жолго чыкса,

Эмгектүүнүн этеги булганат.

Элин сагынбас эр болбойт,

үйүрүн сагынбас ат болбойт.

Буралкы козу кой болбойт,

Эркек бала кул болбойт.

Босогодон табылса, төргө өтпө.

Ал басып баратып дагы макалдата кеп урду:

Балапан кушту көп салдым,

Түз кушундай болбоду.

Бирөөнүн атын көп миндим,

Төл атымдай болбоду.

Жакшылардан билим ал,

Уулуң билгич болсо тилин ал.

Билимдүүадам акылын жашырбайт,

Жаман менен жолдош болсоң – бел ашырбайт.

Жылбасты жумшаганча, жыла-жыла өзүң бас.

өлүм азгырат, жокчулук кор кылат.

Ак шумкар айланып торго түшөт,

Эсиң болсо арамдыкка жолобогун,

Ашкан ууру айланып колго түшөт.

Нардай кызга – дардай күйөө.

Дүйнөдө эки каухар бар:

Бирөө – окуу, бирөө – акыл.

Акыл – башкарат, окуу – жеткирет.

Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт.

Ит жолборско үйүр болсо,

Жанына барып үрөт.

Карыган пилге күчүк жолдош.

Наадан кызды акмак алыптыр,

Экөө биригип журтта калыптыр.

Аңгыча Бектен:

– Кой, кеттик эми! Жолубуздан калбайлы, ырахмат апа! – деп Султанбүбүапа менен коштошуп, жолго чыктык.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×