Добавить статью
9:57, 30 марта 2011 17662

Комузчу

Автор: АСАНААЛЫ

Асанаалы 1964-жыл. Комузчу Асанаалы ата Фрунзе шаарына келди. Бул келишинде радионун фондусуна токсон алты күүжаздырды.

Комузчу менен Журналисттер союзунда жолугушуу болду. Келип угуп олтурган адамдар чебер чертилген мукамдуу комуз күүсүнө көңүлүэргип, өтө ыраазылык пикир менен кайтышты.

Туура бир жылдан кийин Асанаалы комузчу күүберүүгө кайтадан Фрунзеге келди. Бул жолу отуз сегиз күүжазып алышты. Ушинтип, Асанаалы атадан радионун фондусуна баш-аягы бир жүз отуз төрт күүжазылып алынды.

Эл сүрөтчүсүГапар Айтиев Асанаалы атанын портретин бир жума тартты.

Күндөрдүн биринде Гапар аганын мастерскоюна барып калсам, портретти тартып аяктап калган экен.

– Бүгүн биздин үйдө болуңуздар, – деди Гапар ага.

Кечке жуук Гапар аганын үйүнө мейман болдук. Гапар ага ар кандай жыгачтардын дүмүрлөрүнөн чогулткан, жаратылыштын өзүжараткан чеберчиликтери менен тааныштырды.

– Маскөөдөгүдосторум, бул коллекцияңды кымбат буюмдарга алмашалык десе болбой койдум. Анткени кымбат буюмдарды ар качан дүкөндөрдөн сатып алууга болот. Булар болсо, менде гана!

Баамдап көрсөм, бул жалаң эле дүмүрлөрдүн тамырынан чогултулган коллекцияга гана эмес, күүлөргө да тиешелүүсөз экен.

Кечинде телевизордон комузчу ата күүчертмек. Тамак ичкенден соң кош айтышып, телестудияга бет алдык...

Эртеси Асанаалы ата көлгө жөнөп кетти.

1971-жылы март айында Асанаалы ата жашап турган Түп районундагы Санташ айылына бардым.

Комузчу ата эки кичинекей небереси менен токойдун жанындагы бал челекте экен.

Шуулдаган көркөм токой. Түркүн канаттуулар учуп конушат. Асман чайыттай ачык. Тышта, атыр жыттуу таза абада олтуруп чай ичтик.

Ыңгайлуу бак көлөкөсүнө келип, аңгемелешүүгө өттүк. Бир аз жайланышкандан кийин, балалык, жаштык күндөрүнөн кеп салып берүүсүн өтүндүм.

– Ысыккөлдүн күн чыгышындагы Жыргалаңжайылма деген жеринде 1894-жылы төрөлгөм, – деп баштады Асанаалы ата аңгемесин. – Атам Кыштообай бир чыккан чөп, аккан суудан башкага зыян кылбаган момун, жоош адам эле. Мунун момундук бир белгисин айтайын: атам бир айылга барып келип, тогуз-он жашка келип калган Маасымкан деген эжемди:

– Маасы, Маасы, ой бери келчи, балам, – деп чакырды. Муну эмне чакырат деп кошо келдим.

– Ата, эмнеге чакырдың? – деди эжем.

– Мен баланчаныкына барган элем, мага бир ак теңге берди, – бир күмүш теңгени көрсөттү. Ушуга сага кийим, сайма сайганыңа жип алып берем.

– Сиз жоготуп иесиз, мен катып коёюн. Мага бергин, – деди эжем.

– Ай, балам, мен эле катып коёюн.

– Чөнтөгүң жок, кантип катасың?

– Бир шоона алып кел, балам. Мынабу этегиме бекитип, бек шоона менен байлап коёмун. Түшпөйт, – деп ачык көйнөгүнүн этегине байлап алды.

Бир канча күн өткөндөн кийин агабыз Баатыркан Караколго барам деп:

– Бир теңге карыз берип тур, – деп атамдан акча сурады.

– Батыке, бар болсо, сенден кантип аяймын, – деп атам тышка чыгып кетти.

Аңгыча эжем айтты:

– Ай, Батыке, атамда бир теңге бар, катып жүрөт. Этегине түйүп алган.

– Садагаң кетейин, Маасыке, маа ошол теңгени алып бер, – деп жалынды агабыз.

– Билип калса кантем, мени уруп коёт.

– Билбейт.

– Кантип билбейт?

– Качан уктаганда теңгени алып, ордуна сары жез беш тыйынды байлап койгун.

– Макул... – деп агасы берген беш тыйынды алды.

Көк чыгып, көктөм болуп калган кез. Тышка чыкса, атам уктап жатат.

– Батыке, Батыке, атам уктап калыптыр. Алып келейинби? – деди. – Макул, алып кел. Саа ошол теңгеге өтүк алып келип беремин.

Эжем атам жаткан жерине келди да, этегиндеги теңгени чечип алып, ордуна беш тыйындык жезди байлап койду. Теңгени алып, агабыз кубанып:

– Айтпагыла... – деп кетип калды.

Бир топ күндөн кийин талаада олтуруп, чечип теңгени көрөйүн деп караса, кызыл теңге болуп калыптыр, ак теңге жок.

– Маасы, Маасы! – деп эжебизди чакырат.

Ошондо мен жанында болчумун. Жүгүрүп эжеме келдим.

– Баягы теңгесин көрүп, чакырып жатат, – дедим.

– Алда айланайын атам ай. Эми көргөн турбайбы. Сен айттыңбы? – деп менден сурады.

– Айтканым жок, – дедим.

– Айтпа берекем, экөөбүздүтең уруп коёт. Сураса да түк айтпа, – деп атамдын жанына барды.

– Ой, шумдук, балам. Баякы ак теңге сары теңге болуп калыптыр.

– Ата, сизге талаага көп уктабасаңчы десем болбойсуң. Бу күн тийгенде, ак теңге сары, сары теңге кара теңге болуп калат экен. Күндүн даты өтүп, саргарып калганы ошол, – деди.

– Ой, шумдук ай, балам. Ушундай болот экен ээ... Буга бирдеме келеби?

– Баштакыдай болбойт. Анча-мынча эле келет.

– Саа көйнөк келеби?

– Маа көйнөк келбейт. өзүңө асмай-насмай... Ашыгы болсо көрөбүз, катып ал, ата.

– Макул балам, бек түйүп кой... – деп ошону менен жөн болду.

Атабыз ушундай киши экен.

Энем Төрөкан төрт жашка келгенде өлүп калган. Элес-булас билем. өзүмдөн кичүүАйша деген карындашым бешикте, бир жашында калган экен.

Жылдан жыл өтөт. Беш-алты жашка чыккан кезимде, айыл-үйгө барамын. Жетим деп токоч, кээси сүткө уптап талкан берет. Карындашым сынма котур, басып жүрө албайт. өзүм ачка жүрсөм дагы тамак тапсам, алып келип беремин. Эптеп багып албасам, энебиз жок, өлүп калат го деймин. Ошентип турган кезде, атабыз Мамыркан ажынын кызы Бурулканды алды.

Энебиз келгенден кийин, өзүбүздүн тууган энебизден кем кылбай, курсагыбызды ачырбай, кийимибизди жыртылтпай жакшы бакты.

Балдарыма кийим-кече алып берем деп, аштык бышканда байдын аштыгын түн катып оруп, акысын алып, тарбиялап чоңойтту.

Жетим карындашымды күйөөгө узатты. Мени адам кылды. Бул кишинин кайратын айтайын, бир теше жерди бир күн, бир жарым түндө оруп болот. Төрт-беш теңге алат. Кайсы бай керек десе, орогун орот. Күздүн күнүшакар жасап, байдын аялдарына берип сүзмө, май, көйнөк-көнчөк алат. Ошентип оокат кылып, жан бактырды.

Эми комуз үйрөнгөнүмдүайтайын. Ар кайсы үйлөрдө чогулуш, тамаша болот. Этти салып, чайды кайнатып коёт.

– Баланча комуз чертет экен, ошону алып келчи дешет.

Устукан аңдып жүргөн кез. Олтурабыз. Айылда бир-эки күүбилгендери:

– Кел, төргө! – деп баркташат.

– өнөрлүүөлбөйт, өнөрүбар үчүн муну төргө алып жатабыз, өнөрүжоктор эшиктин алдында олтурат. Ой, атаңдын көрүжамандар, комуз үйрөнбөйсүңөрбү! – дейт кимдир бирөө. Анан мен ойлономун. «Ии, комуз чертсе, төргө чыгып, эл менен бирге отуруп тамак жейт экен го. Комуз үйрөнсөм, ээ...»

Атамдын иниси Чилдебай деген киши комуз чертет. Жакшы комузчу.

– Аба, мага комуз үйрөт, – деп ал кишиге айтам.

– Ой, сен комуз үйрөнбөй кал, жинди! – деп тилдейт, урушат.

Абам жокто комузун алайын десем, үйдөгүлөр бербейт.

Көңүлүмдө абамдын черткен күүлөрүнүн баарын комуз черт­сем эле чертчүдөймүн. Буроосу, күүсүмээме түшкөндөй болуп калды. Мунун арасында комуз бербей, жети-сегизге келип калдым.

Бир күнүошол абам, атам – бардыгы тойбу, бир жакка кетишти. үйдө тажеңем Бүбүменен Маасымкан эжем экөө калды. Түн болду. Жаттык. Ошондо жашым жетиге келген кезим.

Ойгонуп кеттим. Жүрөгүм лакылдап, токтоно албай калыптыр. Ошол кезде таң сүрүп, үйгө жарык кирип калган экен.

– Эже, эже!

– Эмне?

– Мен түшүмдө комуз чертип, комузчу болуп жатыптырмын. Ошол черткен күүлөрдүсилерге чертип берейин...

– Чертпей жерге кир. Абам бербе деген, жөн жат!

– Айланайын жеңе, мен абамдын күүсүнүн баарын чертемин. Силер комузду бербейсиңер, өлбөгөн жерде калышпасам, – деп уруштум. Экөө урду. Болбой ыйлап:

– Алып бер эле, алып бер! – деп турганда, аңгыча:

– Чилдебей барбы? – деп бир киши келди.

Эжем чыгып:

– Урубек абам экен, – деди. Жеңем:

– Түш, чай кайнап калды деп айт, – деди.

– Аба, чай ич, чай кайнап калды, – деди.

– Макул, кызалагым, – деп түшө калды.

– Комузду алып берчи чертейин, – деди.

Комузду алып бир күүчертти.

Азыр эле чертчүдөй болуп турамын. Комузду суроодон уялып:

– Аба, бул кайсы күү? – дедим.

– Ой, балам, «Кара кучкач» деген күү.

– Аба, кара кучкач да комуз чертеби?

– Жок, балам, мына кара кучкачтар жаздын күнүкелгенде, тамдын үстүнө сайрайбы, ошонун сайраганын «Кара кучкач» деп чертем.

Чай кайнады. Дасторкон жайылды.

Чай келгенде комузду жүккө жөлөп коюп, чай ичти. Жүккө комузду жөлөгөндө тилегимди берди дедим. Бир чыны чай ичти да:

– Мен аттанайын, балам, – деди.

Эжем эшик ачты. Жеңем атказды.

Алар киргенче комузду ала коюп, Урубек абамдын күүсүн черттим.

– Ыя, айланайын, жанакы кишинин күүсүн чертип атабы?

– Менин колумдан комузду албагыла, баарын чертип берейин.

– Эми андай билет экенсиң «Ооган камбарканды» чертчи?

– Абамдын: «Ооган камбарканы» – деп толгоп черттим. Толгосом толгоосу да келип калыптыр. Черттим.

– Ой, чын эле комузчу болуп калыптыр, – деп таңданышты.

Чайды ичкенден кийин:

– Черт күүлөрүңдү! – деп комузду ээн берип коюшту. Комуз колума тийген соң, билген күүлөрдүчерте бердим.

– Ой, тобо! – деп күлүшөт экөө.

Түштөн кийин айылга кеткен абам да, алар менен бирге башка эки-үч киши келишти.

Эжем Маасымкан абамдын астынан жүгүрүп:

– Аба, аба, Асанаалы бая эртеден бери комуз бер деп, бербей койсок, Урубек абам келип, бир күүчертти «Кара кучкач» деп, атказганы чыксак, чыгаар менен комузду алып, Урубек абамдын күүсүн чертти. Сиздин «Ооган камбаркан» баштаган күүлөрүңүздүн баарын чертип жатат!

– Ой, чертпей жерге кирсин, комуздун кылын тытып койду го...

– Кадимкидей эле толгоп чертти.

– Бул тентек, ошондой бир балээ кылмак, – деп жанындагылар күлдү.

үйгө киришти. Коркуп үйдүайлана качтым. Абам комузун алып көрүп:

– Толгоп коюптур... – деди.

Жанындагы кишилер:

– Чыке, чай кайнаганча, азыраак чертип коюңуз, – дешти.

Комуздун кулагын бурап, чертээрде:

– Бу кайсы күү? – деп сурап калышты. Абам:

– «Ооган камбаркан» – деп чертти.

Ал күүчертип болуп, кайра толгоп жана бир күүчертти.

– Бу кайсы күү? – деп жана сурашты.

– Байбуура атамдын «Салтанаты», – деди.

Чертип болгондон кийин:

– Жана Асанаалыны чакырчы, жалган айтасыңарбы, чын айтасыңарбы көрөлү, – дешти олтурган кишилер.

Араң турган киши турабы, кирип бардым.

– Ой, сен комуз черттиңби? – деп сурашты.

– Черттим, – дедим.

– Бу кара тентекти карачы, тобо! – деп күлүп калышты.

– Отур, – деди. Олтурдум.

– Чыке, берчи комузду – дешти.

Баягы «Салтанаттын» толгоосу бузулбаптыр. Комузду бергенден кийин, мурун угуп, мээге түшүп калган бабамдын «Салтанатын» чертейин десем, олтурган элдин баары күлдү.

– Черт!

Черттим. Айтор, абамдай чертпесем да, сомолоп черттим.

– Тобо! Дагы черт, дагы черт! – дей беришти.

Утур жүрөгүм токтолгон өңдөнүп, тактап чертип калдым. Ошону менен эл күлүп:

– Чоң комузчу болгунуң! – деп алкашып, аттанып кетишти.

Мына ошондон кийин абам комуз аябай турган болду. Абам черткен күүлөрдүн бардыгын черттим.

Комуздун көчүгүн жерге такап коюп, моюн жагынан чертемин, анткени комуздун чарасы алдыма батпайт.

Айылдагы кемпир-кесек, келин-кыздар чогулуп, мени комуз черт деп, комуз черттирчүболду. Ошону менен айыл арасындагы комузчулардын бир жарым черткен күүлөрүн чертип жүрдүм.

Тогуз жашымда молдого кармап берип, он жети жашка чейин окудум. Кыштын күнүокуп, күздүн күнүчөп чаап, чөмөлөгө кирип, аштык орсо, аштык оруп, ошентип жүрүп он бир, он эки жаштарга келгенде сырттагы комузчуларды көрүп, андан-мындан бирден жарым күүалып жүрдүм... – деп аңгемесин ушул жерге келгенде токтотуп, – апаң районго доктурга кетти эле. Келе турган маалы болуп калды. Араба кошуп барып, тосуп келейин, – деди.

Асанаалы Кыштообай уулу алгач Ыбырай Тумановдон үйрөнөт. Андан кийин Көл аймагынан чыккан атактуу көп комузчуларды көрөт. Байтайлак уулу Байбагыл, Ындыбай, Кайду, Усуп уулу Мамыр, Мамбет уулу Байзак, Коондук уулу өмүрзак, Байзак уулу Атай, Ногойбай деген чоң комузчулардан таалим алып, элдик бай музыкалык мурасты төкпөй-чачпай, көкүрөгүндө тунук бойдон сактап келген.

Ал: «Салтанат», «Жердиктин кызынын арманы», «Кой бөлөөр», «Бай моңол», «Карача торгой», «Куу инген», «Карт бабанын зикири», «Телкүрөң», «Эр Табылдынын арманы», «Ой, Кожожаш мергеним», «Көк жорго», «Асем коңур», «Боз торгой», «Кара кучкач», «Бургуй» ж.б. толгон элдик күүлөрдүэң чебер черткен комузчу.

Ар бир элдик күүнүн өз кучагына камтыган терең мазмуну бар. Буларды билбей туруп, алардын мазмунуна терең түшүнүүгө болбойт. Эмесе, Асанаалы Кыштообай уулу жаздырган күүлөрдүн бир-экөөнө токтоло кетели.

«Экөөлөсөң экөөлө!» Бул күүАтай Байзак уулунуку. Эски заманда бир жарды кыз байдыкынан сүт ичүүгө барган экен. Байдын эки кызы урмакчы болот. Жардынын кызы байдын эки кызын эки колу менен кармап:

Экөөлөсөң, экөөлө,

өзүм болом жеке эле.

Алда сенин айраның,

Айраның сенин болбосо,

Байдын кызы жаагың бас,

Чыгарар элем ойронуң.

Ойлоп корком сүтүңдү,

Сенин сүтүң болбосо,

Эки кыз,

Көрсөтөр элем күчүмдү! –

деп айтканы күүдө таптак сүйлөтүлөт.

«Чегиртке» деген эл күүсү. өткөн доордо Атбашы менен Оролдойдун аштыгын чегиртке жеп кетет. Бир келин чегирткени кармап алып, чегирткеге:

Оролдойдун арпасын,

Оруп кеттиң чегиртке.

Атбашынын буудайын,

Аймап жедиң чегиртке.

Чегиртке сенде арзым бар,

Чейрек буудай карзым бар.

Атбашынын буудайы,

Болбой калды чегиртке.

Оролдойдун арпасы,

Оңбой калды чегиртке.

Алты карыш ак дөрбөм,

Толбой калды чегиртке.

Сен карызымды бересиң,

Болбосо менден көрөсүң,

Кетээр болсоң чегиртке,

Аштыгымды берип кет.

Кары-картаң, кемпир-чал,

Кыйналтасың чегиртке.

Кичинекей балдарды,

Ыйлатасың чегиртке.

Келе, карызымды бересиң,

Же болбосо чегиртке,

Минтип менден өлөсүң!

– деп чегирткени жерге чапкан экен. Бул күүошол доордогу жаратылыштын кырсыктарына каршы күрөшө албаган билимсиз, караңгы элдин трагедиясын көрсөтөт.

Элибиздин жыргал турмушун баяндаган «Жаштар маршы», «Орус элине», «Жаңы марш», «Пионерлер бирлиги», «Таза болсоң – суудай бол», «Гүлкайыр», «Көк жайлоо», «Кыздын күүсү», «Кыз кыял», «Келиндин күүсү», «Жаңы шаар», «Жаңы заман гүлдөсүн», «Партия нуру чачырап», «Сегиз кайруу» жана башка ондогон күүлөрүуккулуктуулугу, мазмунунун тереңдиги менен өзгөчөлөнөт.


 
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-03-2011
Комузчу
24980

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×