Күндөрдүн биринде үйдөн кызматка келе жатып, жолдон Композиторлор союзуна бурула калып, темир комузчу эжени кездештирдим.
– И, эжеке, кайдан бул жерге келип калдыңыз! – деп көрүшүп, эсендештим.
Композиторлор союзу чакырткан экен, кечээ күүлөрүмдүжаздырдым эле, калганын бүгүн жазышмак. Келсем түштөнгөнгө кетиптир.
– Мынабу залга отуруп күтө туруңуз, – деп эжени залга ээрчитип кирдим. Эже жайланышып отурган соң:
– Күүнүжазып алуучулар келгенге чейин кеп салып отурсаңыз, – деп өтүндүм.
– Бала кезим, – деп баштады Сыйна эже. – Атам Шайбектин агасы Курманбай «Койчулардын коңур күү», «Жылкычынын жыргал күүнү» чоордо өтө мукам тартаар эле.
Чат деген жайлоо бар. Ошого кыштоочу. Жазында Кошкашат деген жерге көчүп барып, мал көктөтчү. Жайлоодобуз. Күндөрдүн биринде уктап жатсам:
– Тур, көзүңдүачпайсыңбы, атаңдын чоорун ук, атаң жылкычы эмеспи. «Жылкычынын жыргал күү» деп чоор тартып жатат, – деди.
Көзүм уйкуда, чоордун үнүдапдаана угулду.
– Бу кишинин чоору бир ат чабым жерге угулат. Уйкудан көзүңдүачпайсыңбы, ээ кызым! Кыз-келиндер короо кайтарып, комуз кагып «Бекбекей» айтып жатат.
Көзүмдүачып тура калсам, меймандар ыракаттанып, козу союлуп, ошонун сорпосун ичип жатышкан экен. Келин-кыздар шаракташып короо кайтарышууда. Созолонгон «Бекбекейин» уктум. Алар тамак ичип отурганда атам Шайбек айтты:
– Байбиче, жанагы «Бекбекей» айткан келинди чакырчы, эшик суук, күн жаап чыйрыкты. Келин-кыздар үшүдү, келип сорпо ичишсин!
Бир сулуу келин кирип келип, чыйрыгып, уялып жоолугун ылдый тартып, отко колун кайсап-кайсап алды. Эки бети анардай кыпкызыл. Ал келиндин аты Айкан эле. үнүда жакшы, комузду да мыкты какчы. Анда комуз кага элекмин. Күндөрдүн биринде Маматбук уста жез жаак темир комуз жасап, тартуу кылып келип:
– үч үйдүн эрке кызы эмне берер экен! – деди уста тамашалап.
Устанын эки чаначы бар экен. Биз беш бээ саайбыз. Кулундары бүт эле сапсары болоор эле. Курманбай, Шайбек, кичүүсүБайбек үчөө бир тууган. Бул үч бир тууган Пишпекте дунгандардын буудайын оруп, малай болуп жүрүп, акысын алып базарга келишет. Курманбай базардан жүдөө кичинекей кула кашка кулунду көрүп, Шайбекке акылдашып, көрөйүн деп атамды чакырат.
– Ушинтип эле жөө жүрөбүзбү, бу кулунду жүдөө деп айнып жатам.
Шайбек бияк-тиягына чыгып:
– Аке, ала бериңиз, жаман жылкы болбойт. өзүургаачы кулун экен.
– Балам, ушу жакшы малдын тукуму эле, – деди ал кулунду сатып турган ээси.
Ошондон тукум болуп, жылкынын төлүжакшы өсүп, кулуну кула кашка айгыр болуп, күлүк чыкты. Кулундун баары эле кула. Курманбайдын кула жылкысы аталды. Ошол темир комуз жасап келген Маматбек устага:
– Куй эле, куй! – деп кымыздын сабасын бүт бойдон көңтөрүп куйдуруп бердим.
Кыймыз куйдурганда энем Түңүл:
– Эртең элге эмне кымыз беребиз. Атаңа өзүң жооп бер! – деп ачууланды.
– Кечке эки-үч саайсың, сабаны толтуруп кой! – дедим.
Анан Шайбек келип:
– Байбиче, бээнин сүтүканча куйса, көтөрө берет. үч чака сүткө бир жарым чака сүт куюп жиберсең, биртике талкандан чалгын. Кыйын оорчулук болуп жатат. Эртең элге бир чөйчөктөн, жарым чөйчөктөн болсо да жеткир. Бээнин сүтүменен элди багып турбасак болбойт, – деп энем Түңүлгө айтты.
Биздин үйдүтегеректеп, жалаң кымызга, элдин жабалактап конгонун билем.
Анан келерки жылы он бээ тууду. өзүнчө эки үйүр кылып бөлөм, – деди атам. Эки үйүр кылып бөлгөндөн кийин атам Шайбек:
– Кула кашка айгырдан кула күлүк чыгат. Кула күлүктүкимибиз эркек балалуу болсок, ошого энчилейлик да, калганын ортого бериш керек, – деди.
Курманбай:
– И, ак жүрөк, анда баарын береликпи! – ойлонуп турду да, – мунуң да туура, ак жүрөк балам! Кичинекей кулундан ушунчалык жылкы тукумунун баары күлүк чыкты, ортого бергенибиз эле жакшы,– деди чоорчу атам. Атамдар жылкыларын ортого өткөрүп беришти.
Байбектин аялы Карачачтын үнүсонун болучу. Кошокту кыйын кошчу. Байбек тактекени жасоочу.
Беш темир комузду алып калып, кыз-келиндер менен кошо кага баштадым.
Атам Шайбек:
– Ушуну үйрөн, өнөр жакшы болот, анан окугун айланайын. Кийин турмушка барганда бирөөнүн көзүн карабайсың.
Кыз-келиндер чогулуп, короонун четине чыгып темир комузду какканы мага жакшы көрүнчү.
Шайбектин Торкотай, Кымкатай, Айымбача, Канымбача деген карындаштары темир комузду сол колу менен какчу экен.
– Айымбача, Канымбача сол колдору менен какчу эле, бул дагы эжелериндей сологой комузчу болот, – деп койчу энебиз.
Түңүл энем:
– Колуңан комуз түшпөй, баарын эле сындырып атасың, атаңа тактеке жасатып алгын, сөөмөй менен кагылат. Тактеке оңой болот, ортонго илип алса ыңгайлуу, – деп Сыйна эже сүйлөнүп отурду.
Ал аңгыча Композиторлор союзунун кызматкери Асанакун Кадыракунов келип калып, аңгемебизди бузуп кетти.
Асанакун Сыйна эжеден «Жүрөк оту», «Кыя жол», «Боз салкын», «Жаш тилек», «Кер толгоо», «Бурулчанын селкинчек», «Оролмо тоонун он теке», «Эр сайыш», «Бекташ», «Карагул ботом», «Токтогулдун кербези», «Жылдызым» аттуу темир комуз күүлөрүн жазып алды.
– Эже, кызмат аяктап калды, калганын эртең жазалы, – деди Асанакун.
– Болуптур айланайын!..
Эженин жанына келип, бүтпөй калган сөздүн аягын уладым:
– Темир комузду кантип үйрөндүңүз?
– Апам эрте-кеч «Багылдыр тоо» деген күүнүкакканды жакшы көрүүчү.
– «Багылдыр тоо» дегени эмнеси?
– Апам айтчу: апам апасынан, апасы чоң энесинен үйрөнүптүр. Иши кылып байыртан келе жаткан күүболсо керек.
– Толугураак айтсаңыз?
– Апам айтаар эле: илгери-илгери бир тоголок жетим кызды бай кемсинтип, үйлөрүнөн окчунураак, өзүнчө жалгыз кара алачык тигип берет. Ошол алачыкта жашап, байдын кызматын кылып жүрөт. Бир күнүбулакка барып, суудан чакасына толтура сузуп алып, энеси менен атасын эстеп, көз жашын төгүп, муңайым отурса, мылтыктын тарс эткен үнүчыгат. Кыз жалт карап, тоо эчкинин эркек улагы – багылдыр ары-бери жүгүрүп жүргөнүн байкайт. Көрсө, мерген энесин жардан кулата аткан экен.
Кыз чакасынын кулагын акырын кылдыратса, багылдыр тыңшап, кулак түрүп калат.
Эртеси кыз сууга келсе, багылдыр негедир ошол жерди пааналап айланчыктап, энесин издегенсийт. Кыз чакасынын кулагын кылдыратса, багылдыр кулагын делдейтип көз чаптырат.
Кыз жолдон бир темир мык таап алып, булактын чекесине олтуруп, таш менен жукартып, сөөмөйүменен какса, дыңылдап үн чыгат. Күнүгө сууга келген сайын ошол темирди темир комуздай кылып ийип, оозуна такап, үн чыгарып кагып жүрөт.
Багылдыр болсо, ошол жерге үйүр алып, булактын тегерегинде жүрүп чоңоёт.
Кыз булакка келип алып:
«Багылдыр тоодон келдиңби?
Кел, келегой, багылдыр!» –
деп темир комуз менен сүйлөтүп кагат. Ошентип жүрүп багылдыр кызга өтө үйүр болуп кетет.
Күндөрдүн биринде кыз кара алачыгынын ичинде: «Багылдыр тоодон келдиңби?» – деп кагып олтурса, багылдыр кара алачыктын ичине кирип келиптир.
Ушул кыздан соң темир комуз жасалып, күүнүн аты «Багылдыр тоо» болуп калган экен, – деди Сыйна эже.
– Дагы кимдерден таалим алдыңыз?
– Мектепте окуп жүргөм. Бир күнүКочкорго атактуу темир комузчу Адамкалый келгендигин угуп, энемди ээрчитип, көнөчөккө кымыз куюп алып барып кездештик.
Мени кактырып угуп, бизге өз темир комузу менен шумдуктуудай шуулдатып кагып берип, кеңешин айтты.
– Чоорчу Курманбай ата барбы?
– 1972-жылы, 97 жашында каза болду.
– Картайганда чоор тартчу беле?
– Кадимкидей эле тартуучу.
– «Бекташ» деген күүжөнүндө айтып берсеңиз?
– «Бекташ» эл күүсү. Илгери Бекташ деген элге алымдуу, журтка жагымдуу болуп турган кезде, ажал жетип, күн бүтүп, ооруп өлүп калат. Ошондо карындашы ыйлап, сүйөнчүжок, жалгыз калганын кошкон кошогу экен.
Алтындан кылган сом балкам,
Айчылык жерге чоң аркам,
Асылым Бекташ бир боорум.
Күмүштөн калган сом балкам,
Күнчүлүк жерге мен кетсем,
Күйөөрүм Бекташ чоң аркам.
Алыстан туруп сөз айтса,
Айткан бир сөзүм белегим.
Асылым Бекташ бир боорум,
Айчылык жерден жөлөгүм.
Күнчүлүк жерден сөз уксам,
Күндө бир келген белегим.
Жалгызым сенден айрылдым,
Күйөөрүм Бекташ бир боорум.
Темир комузчу Сыйна Шайбек кызы 1919-жылы Кочкор өрөөнүндөгүТалаабулак деген жерде төрөлгөн.
Колхоздо иштеп жүрүп, кийинчерээк медициналык окуу жайын бүтүрүп барып, көп жылдар бою Кочкордогу райондук ооруканада эмгектенди. өз кызматы менен катар темир комузчулук өнөрүн өркүндөтүп, өздүк көркөм чыгармачылыгынын республикалык кароолоруна үзгүлтүксүз катышып келди.
Республикалык радионун музыкалык редакциясы Сыйна Шайбек кызынан бир нече темир комуз күүлөрүн жазып алган.