Добавить статью
9:46, 12 апреля 2011 10105

Жомокчу

Бүбүсара бот келини Ботбай келини Бүбүсайра Абдырахман кызы 1927-жылы Кемин районуна караштуу Боролдой айылында туулат. Атасы Абдырахман эскиче кат тааныган сабаттуу адам болот. Ал чыгышка белгилүүдастандарды жатка айткан. Ошол себептүүжаштайынан ыр-күүгө, жомок-кошокко зээндүүышкыбоз кызга атасынын таасири көп тийген. өзүда жаштайынан уккан-көргөнүн ооз комуздун коштоосу менен обондото ырга салып, айрым дастандарды, жомокторду далай аш-тойлордо айтып, машыккан. Азыр дагы көл кылаасында, Кемин өрөөнүндө атактуу карылар көз жумса, эл салты менен Бүбүсайра Ботбай келинин ат жиберип алдырып, кошок коштурушат.

Бүгүнкүкүндө таңдайынан бал тамган Бүбүсайра Ботбай келини республикалык бир нече жолку кароо-конкурстардын жеңүүчүсү, лауреаты, ардактуу пенсионер, эмгектин ардагери.

Ардагер Бүбүсайра Ботбай келини өзүнүн таланты менен элге таанылган адамдардан. Кыргыздын оозеки чыгармаларын уккулуктуу аткарып, күүлөрүн ооз комузда адамдын жүрөгүнө жеткире чертет.

Бүбүсайра эжебиз ал гана тургай поэзия жаатында да өз күчүн сынап келүүдө. Поэзия – адамдан сергек сезимди, талыкпас эмгекти, чыгармачыл изденүүнүталап кылат эмеспи.

– Бул жомок илгери ата-бабабыздан доордон доорго айтылып келген элдик салт десем жаңылышпайм. Жомок жаш муундарга адилеттик, чындык жагынан чоң жардам берет, – деп, сөз баштады да, газетага чыккан эки ырынан үзүндүлөрдүокуп берди.

ЧОЛПОНАТА

Ооруну айыктырып кубат берген,

Ден соолук түнөгүсүң Чолпоната.

Суктанып тегиз өскөн бак-даракка,

Жүргүнчүкарап өтөт жолдуката.

Тынымсыз ар улуттан конок келет,

Ысыккөл – көркүсенсиң Чолпоната.

МАЙ АЙЫ

Түркүн куштар терезеден сайрады,

Нурун чачып күлүп чыгат күн дагы.

Ай-ааламга төгүп турган мээрими,

Кагылайын жаркыраган май айы.

Кызыл гүлдөй желбиреген байрагы,

Келип калды май айынын майрамы.

Мээрман эне боорсок жасап бүлүнүп,

Камдап жатат досторконун жайганы.

Бүбүсайра эже республикалык радионун алтын фондусуна темир комуз күүлөрүн жаздырган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2011
Жомоктор топтому
7298

12-04-2011
Жомоктор топтому
13591

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×