Добавить статью
10:10, 12 апреля 2011 116996

Жомокчу

Турсунбек ибрагим уулу 1902-жылы Акталаа районунун Куртка деген жеринде кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атадан жаш чагында жетим калып, эненин колунда тарбияланат. Совет мектеби ачылаары менен мектептен билим алып, 1924-жылы 7-классты бүтүрүп, 1933-жылга чейин мектептерде мугалим болот.

Биринчилерден болуп «Кызыл эмгек» айыл чарба артелин уюштурган.

1940-жылдын сентябрынан 1959-жылдын октябрына чейин Акталаа районунда чарбалык жетекчи кызматтарда иштеген.

Тоголок Молдо 1919-жылы Тогузтородон Куртканын жээгиндеги там үйүнө көчүп келет. Ал киши менен ошо күндөн тартып, 1942-жылы өлгөнгө чейин айылдаш жашады. Бул жылдардын ичинде бош убактыларында дайым барып казалдарын, жомокторун, дастан-сөздөрүн угуп, чоң таасири тийген. Мындан тышкары кадимки Ак Мөөрдүн бир тууганы Каратайдын баласы Кыдыргыч чоң аш-тойлордо жомок менен санжыраны көп айтчу. Аш-тойго барган эл Кыдыргычтын кызыктуу жомок-санжыраларын угуудан тажоочу эмес. Ал өзүтурган айылда Чоткара, Күлсары карыялар Кыдыргычтан кийинки жомокчулар, санжырачылар эле. Бул карыялардын айткандарын тажабай угуп жүрүп, айрымдарын үйрөнөт.

Акталаа, Тогузторо райондору боюнча фольклордук экспедициянын жетекчиси филология илимдеринин кандидаты Кубат Ибраимов эле.

Күндөрдүн биринде экспедициянын бир мүчөсүАкталаа районунун Дөрбөлжүн айылында 1946–1949-жылга чейин жашаган экен. Ошо кишинин келгенин угуп, анын агасынын достору Ибрагим уулу Турсунбек, Токобаев Биримкулдар өйүзгө баланча күнүкелсин деп чакырышкан экен.

Болжошкон күнүИбрагим уулу Турсунбектин үйүнө келип түшүштү. Аңгыча сүт тартуучу машинага бир кара койду, бир чанач кымызды салып, Соңкөлдөн Токобаев Биримкул аксакал келип калды.

Турсунбек аксакал бизге Тайлак баатырдын күмбөзүн, Нарын дарыясынын боюнда Курткадагы Тоголок Молдонун үйүн көргөздү.

– Июль, август айларында бош боло калсаңар Соңкөлгө келип кетиңиздер. Манастын таш тулгасын, Тулпар таштын тарыхтарын түшүндүрүп берейин, Ибраимов Кубатты ээрчите келиңиз, он күн чамалуу ойноп сергип кетесиңер.

Эми бул Биримкул аксакалдын Куйручук менен бетме-бет көрүшкөндө анын айткандары, куудул сөзү, эл арасындагы салт тууралуу ар түрдүүтемадагы ыр, кара сөз, жомок, аңгеме, макал-ылакап, кошоктор, оймо-чиймелер, өрмөлөр, ат жабдыктары, эстеликтерден бир нече жаңы нерселерди изилдеп жазууга болор эле.

Ал араб алфавити менен жазылган кол жазмалар Акталаа, Тогузторо өрөөнүнөн табылды. Тоголок Молдо менен Казыбектин казалдары бул кишинин колунда сакталуу турат – деп, тааныштырып өттү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-04-2011
Эр Эшим (жомок)
95541

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×