Добавить статью
10:28, 12 апреля 2011 94085

Жомокчу

ырысалы Атасы Турап – ырчылык менен кай жерде болсо, оюн-тамаша менен жүргөн.

Ырысалыны көргөндө Тураптын достору, курдаштары Турап эле, Тураптын эле өзүдеп калуучу.

Атасынын бир тууган тагасы Токтомамбет баатырдыктан каза болгон экен.

Атасынын энеси Токтомамбет каза болгондон кийин ак боз аттын куйругун кыналып1 алып, Кокон хандыгына тагасынын жайын көрсөтүп келем деп, Турапты учкаштырып барган. Кабырынын алдында үч күн ырдаган. Ырчылык чоң энесинде бар экен. Чоң энеси Курманжанды үч күндөн кийин кан чакыртып барып, баш-аяк сарпай2 кылып элине кайтарган экен.

Түп атасын Арык дейт. Арыктын баласы – Андабай баатыр. Андабайдын баласы – Муратжан. Муратжандын баласы – Буудайчы. Буудайчынын баласы – Дүйшөмбү. Дүйшөмбүнүн баласы – Шер. Шердин баласы – Турап.

Уругун чайчы деп коёт. Бир убакта соодагерлер Кашкардан чай алып келип сатканда, бир ат чайды алып калышкан экен. Ошол убакта айыл-апага сатат, алганы алат, албаганы куржунда келет. Алыстан эле караанын көргөндө баягы чайчы сатар келатат, чайчы келатат деп, элдин атын чайчыга атыктырып жиберген. Бир уруу алтымыш үйлүүкалк бар. Жери Карасуу районунун Кызылсуу айылы.

Атасы Турап Асанбай, үсөнбай, Ноокатта Орозалы ырчылар менен көп жүргөн.

Кыштын күнүкыргыз үйгө отту улуу кылып жагып коюп, Турап акем ырдап берет деп, айылдагы бала-чака келе берет. Ошолор олтурганда ырдап, жомок айтып берчү. үйгө келген балдарды түн жарымына чейин кармап олтуруп «Манасты», «Семетейди», «Олжобай менен Кишимжанды», «Узун чач Махтымды» айтчу.

Турап 1918-жылы 57 жашында, энеси 88 жашында 1960-жылы каза болушкан.

Турап уулу Ырысалы Кызылсуу жеринде 1905-жылы төрөлгөн. Колхоз уюшулганда биринчилерден болуп колхозго кирет.

Ырысалы 1942-жылы жазында согушка кетип, Смоленск, Батыш Украина, Белоруссиянын батыш тарабында кыргында салгылашат. өпкөдөн, жүрөктөн оору пайда болуп, госпиталда алты ай болду. Алты айдан кийин үч жолу комиссия кылып, 1944-жылы согуштан кайткан.

Колхоздо ар кандай кесипте иштеген. Ырысалы карыя «Манас» эпосунан «Көкөтөйдүн ашы», «Коңурбай менен урушканы», «Семетейден» Семетейдин Айчүрөккө барганын айткан. Ошондой эле көптөгөн жомок-уламыштарды билген.

Апасы Токтокан жөнөкөй жакшы аял эле. Жесирлик менен өмүр өткөрдү. Бир ата, бир энеден беш уулу, төрт кызы болгон. Атанын беш уулдан эң кенже баласы экен, төрт кыздан бир карындашы бар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-04-2011
Жомоктор топтому
6535

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×