Добавить статью
11:03, 13 апреля 2011 17315

Комузчу

Автор: МЕЙИЛКАН

мейилкан Козубек кызы Мейилкан үкүтаккан кыпкызыл манат топу, улуттук кыз кийимин кийинип, ак билегин чыканагынан өйдө түрүп, сахнада комуз чертип жатканда суктанбаган эл калчу эмес.

Элпек, жумшак колу комуздун капкагына анда-санда бир тийип, колун ойноткондо көзгө илээшпей кетүүчү.

Мейилкан элге жагымдуу, сүй­күмдүү, ачык, шайыр, күлө багып жадырап-жайнаган өнөрпоз кыргыз кыздарынын бири эле.

Филармониянын жанында турсам комузун колуна алып, Ме­йилкан келип калды. Алдынан чыгып учурашып, эмне жумуштап келгенимди түшүндүрдүм.

– Анда жүрүңүз! – деп филармонияга ээрчитип кирди.

– Комузчулук кесибиңиз туурасында бир-эки ооз сөз айтып берсеңиз? Кантип комузчу болдуңуз?

– Атай Огонбаевге тууганбыз. Атай 1943-жылы Таласка барганда комуз үйрөнөм деп, комуз чертип жүргөн он төрт жашта кезим. Атай өзүнүн «Маш ботоюн», «Карөзгөйүн» ж.б. бир далай кол ойнотмо күүлөрүн үйрөтүп, 1947-жылы ээрчитип барып, филармонияга киргизди. Филармонияда иштеп жүрүп, эмгек сиңирген артист деген наамга ээ болдум.

– Кайсы күүлөрдүчертесиз?

– Комузчулар черткен күүлөрдүн баарын эле билемин.

– өз алдыңызча күүчыгара алдыңызбы?

– «Эрке кыз», «Бакыт» деп Фрунзеге жаңыдан келгенде күүчыгарган элем. Атайдын керээз күүсүн алып калгамын.

– Эми «Ак тамак, көк тамак» күүсүжөнүндө айтсаңыз?

– Мунун аңгемеси узагыраак.

– Мейли, шашпай кеңирирээк эле сүйлөп берсеңиз?

– «Ак тамак, көк тамакты» Атай ушундай баштоочу эле. Ак тамак, Көк тамак деген эки чымчык болот. Ак тамагы ургаачысы. Көк тамагы эркеги. Бул Ак тамак, Көк тамак жашынан бири-бирин сүйүп, түбөлүк жар болуп кошулат. Талас салкын, Таласты жердейбиз дешет.

Таласты жердеп, Кеңкол атанын тушундагы чытырман калың токойдун ичиндеги илгерки Акун хандын кызы Айчүрөк конгон чынарга уя салып, экөө турмуш күтүп, жашап турат.

Күндөрдүн биринде Ак тамак Көк тамакка айтат:

– Таласың аска-зоосунун башынан ак кар, көк муз кетпеген, мөмө-чөмө бышпаган жер экен. Андан көрө ылдыйкы Карабууранын, анын ары жагы Алуетим, Чандалаш ашуусун ашып, Аксы багытына кетели. Аксы багыты күздүн күнүтим эле өзүнчө укмуш: дарбыз, коон, анделек, алма, өрүк, анжир, курма, шабдаалы, жүзүм түрдүүжемиш көп. Таласта ошол айтылган жемиштердин ондон бири жок. Ушуну айтып Ак тамак, Айчүрөк конгон чынардын батыш жагындагы бутагында аялы, чыгыш бутагында күйөөсүолтурат.

Анда Көк тамак:

– Эй, Ак тамак, жашыңдан кошулган түбөлүктүүжуба­йымсың. Таласка эле туралык. Аксыга кетебиз деп көңүлүмдүиренжитпечи. Ырас, мөмө-чөмө бышпаганы менен Таластай жер барбы? Кырс этерге калың шагыл ташы жок, учуп чыгар чаңы жок, өзүнчө жайылган өзөнү, чытырман калың токою, түбүндөгүбалык бирден көрүнүп саналган, ташкындап агып жаткан Таластын тунук суусу кандай! Жайдын толук кезинде, кыз жытындай атыр жел бетиңди сылайт. Билген кишиге Талас жер соорусу. Айчүрөк конгон чынарга уя салып, турмуш күтүп, Таласта туралы, – дейт.

– Аксы багытына кетебиз, – деп Ак тамак болбойт. – Экөөбүз кай жеңгенибиздин оюна көнөлүк.

– Мейли эмесе, – дейт Көк тамак. – Элден мурун кимибиз сайрайлык.

Анда Ак тамак:

– Эркек эмессизби, нары кожоюнумсуз. Элден мурун сиз сайраңыз, – дейт.

Ошондо Көк тамак сайрайт.

Атай Огонбаев аны комузга которуп, аягына чейин шарт чертип, бир-эки жеринде кайруусун ошол чынардын түбүндөгүоргуп жаткан тунук булакка Көк тамак учуп түшүп, канатын булакка чапкылаганы баяндалат.

Эми экинчи кезек Ак тамакка тийди. Күндүн ысык кези. Ак тамактын бутуна жылаажын тагылыптыр. Бутун селкинчек кылып, бир бутун бутакка арта салып коюп кыймылдатса, жылаажыны шыңгырт-шыңгырт, шыңгырт деп үн берүүдө. Башынан сайрай баштады. Баягы эркеги бутактан түшүп, булакка канатын чапкылап жерге чейин сайрайт.

Көк тамак Ак тамактын тамагына суктанып, бир улутунуп күрсүнүп, шилекейин үч кайра жутуп жиберет.

Ак тамакты дагы учуруп келип, булакка түшүрүп, канатын чаптырып, кайра учуруп, конуп турган ордуна кондуруп, ал бутактан өйдө көздөй учуруп, үчүнчү, төртүнчүбутакка кондуруп, чынардын башын көздөй алып жөнөдү.

Ошондо чынардын ар кайсы бутагына учуп конуп, жогорулап чынар теректин боорунан тумшугу менен чокуттуруп, ар кайсы жеринен тамактантып, комуздун ушул кайрыгына келгенде бармагын баш кылып, төрт манжасын жуумп, сөөмөйүн эркин бош коюп, ошо Ак тамак курт чокуган сыяктуу элестетип, көзүңө чагылдырат.

Ошондо Ак тамак өз пикиринде, чынардын эң учуна чыгып карайын, Карабууранын белинде токумдай булут жок болсо, күйөөм Көк тамакты ээрчитип алып, Аксы багытына кетейин деп ойлонот.

Ошондон аркы сайрашын күчөтүп, кыскасы Көк тамакты жеңет.

Чынардан экөө тең учуп чыгып, Карабууранын өзөнүнө түшүп өр тартып, канатынан дуу чыгып, Ак тамак алдында учуп, Көк тамак болсо жеңилип, артынан ээрчип учууда, – деп Атай Огонбаев ушунчалык бир касиет, керемет менен Аксы багытына жөнөтчү.

– Сиз черткен «Бекбекей» күүсүндөчү?

– Илгери короо кайтарган кыздар:

Ууру келет кабактан,

Сөз чыгарат сабактан.

Ала каптын кагынчык

Караган ууру жаны чык.

Бекбекей! Бекбекей!

Бекбекей!

Бек кайтар! Бек кайтар!

Торала каптын кагынчык,

Тооругандын жаны чык.

Саксакай, Саксакай!

Сак кайтар! Сак кайтар!

Койлор жатат короодо,

Карышкыр келип баш баксын,

Карышкыр колу таш капсын.

Бекбекей! Бекбекей,

Бек кайтар! Бек кайтар!

өрүштө жылкы жайылсын,

Аңдыган ууру бар болсо,

Тилеги ташка сайылсын.

Жылкычы жылкы бек баксын,

Жорторман ууру таш капсын.

Бекбекей, Бекбекей!

Бек кайтар! Бек кайтар!

Саксакай, саксакай!

Сак кайтар! Сак кайтар!

Казан кайнап, май жайнап,

Чөмүчтүн өзүмайлансын.

Кас санаган уурунун,

Жолу таштай байлансын.

Бекбекей, Бекбекей!

Бек кайтар, Бек кайтар!

Саксакай, саксакай!

Сак кайтар! Сак кайтар!

Көзүңдүачып бек кайтар,

Келген ууру торуксун,

Ууруга кесел жолуксун.

Корооңду карап бек кайтар,

Караган ууру торуксун.

Карап келген уурулар,

Карынын каргышына жолуксун.

Бекбекей, бек кайтар!

Саксакай, сак кайтар!

Элим чыксын жайлоого,

Уурулар түшсүн байлоого.

Саксакай, саксакай! Сак кайтар!

Бекбекей, бекбекей! Бек кайтар!

Мейилканды комузчу Шекербек Шеркулов мындайча эскерет:

– Осмонкул баш болуп, филармониянын бир бригадасы оюн коюп барып, Түлкүдөбө деген жерден Мейилканды он төрт жашында көрдүм. Атасы Козубек «Түлкүдөбө» колхозунда башкарма экен. Козубектин үйүнө кондук. Атай болсо, башка бригадага кошулуп, Тяньшанга кеткен. Осмонкул баш болуп ырдап, комуз чертип жатабыз. Козубек кызы Мейилканга карап:

– Осмонкул атаң, Шекербек атаң келиптир. Бул аталарыңа уялбай, билишиңче комуз чертип бергин. Шекербек атаң деле Атайдан кем чертпейт. Бу Шекеңден да бир топ үлгүалып калгын,– деп калды.

Мейилкан өрүк комузун толгоп, биринчи эле Атайдын «Марш камбарканын», Эркесарынын «Эрмек күүсүн» чертип калды. Анан элдик күү«Кер толгоону», Токтогулдун «Чоң кербезин», Таластын «Кыл чоймо» деген ботоюн кылды жаңы такканда ошо «Ботой» менен чертип чойчу. Ушундай күү­лөрдөн бизге беш-алтыны чертти. Ошондо эле биз колуна таң калдык.

– Колу абдан элпек, тим эле ийиктей имерилет, бул жакшы комузчу болот экен, – деп олтургандар Мейилканга бир топ баа бердик.

Мейилкан эң биринчи Атайдан, Эркесарыдан үлгүалды.

1947-жылы өнөрпоздордун кароосу болуп калганда Атай Фрунзеге алып барып, Мейилканды чоң байгеге чапкан. Кароодо Козубек кызы Мейилкан жагып калып, Кыргызстан филармониясында иштеп калат. Ошону менен Мейилкан кайтыш болгончо өнөрүөркүндөп өсө берди. Ниязалынын, Карамолдонун, Ыбырайдын, Атайдын күүлөрүнүн баарын даана чертүүчү.

Мейилканды кандай айтсак да жаңылбайбыз. Кайран кыз элүүгө жашы жетпей, кырк жети жашында кайтыш болуп кетти. Эгер Мейилкан тирүүболгондо Казакстандагы Нурпеисова Дина энесиндей алтымыштан ашканча талыкпай турган колу бар эле.

Мейилкан жалаң Талас эмес, өнөрдүн аркасы менен Ысыккөл, Тяньшань, Сарөзөн Чүй, Ош, Жалалабат ушунун баарына атак-даңкы кетип, даңазаланган.

Алматыда Абай атындагы опера-балет театрында комузун ойноп, коңшулаш Казакстанга да таанылган. Ошондо казак жазуучулары Мухтар Ауэзов, Сабит Муканов, композитор Ахмед Жубанов, атактуу ырчылар Кулаш Байсеитова, Жамал Омарова ушулардын баарысы баа берип:

– Ойбай айланайын, Мейилкан, өркөнүң өссүн! өмүрүң узак болсун! – деп алкышын айтып, Мейилканга учурашып, артист эжелери чекесинен өөп, ушунчалык ыраазы болушкан эле.

Ушул кезде келин-кыздан чыккан комузчуларды кеп кылып калышканда Мейилканды эскерген кишилер аз эмес.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×