Добавить статью
11:10, 13 апреля 2011 0

Жомокчу

Эшназар Ал 1906-жылы Акталаа районунун Чолоккайыңды деген жеринде туулуп, ата-эненин колунда тарбияланып өстү.

1930-жылы колхоз уюшулуп, Совет өкмөтүүчүн кызмат кылган. Комсомолдук ячейкада иштеген.

1942-жылы согушка кеткен, үч жарым жыл жүрүп, Польшага чейин барып, үч жолу жарадар болуп 1945-жылдын август айында келген. Ал келээри менен Осавиахим колхозуна башкарма болот. Мындан соң 1958-жылга чейин колхоздо ферма, кампачы, субай уйчу болуп 1967-жылга чейин иштеген. Андан кийин жарадар болгон жери күчөп кетип, экинчи группадагы согуш инвалиди болуп пенсияга чыккан.

Эшназар карыядан көп фольклордук чыгармалар жазылып алынган.

Экспедиция мүчөлөрү Эшназар аксакалдын жомокторун жазып алгандан кийин, коштошоор алдында, жаштарга карап бул сөздүайтты:

– Жакшылык жазгы келген куштай болот1

Карылык каардуу бороон кыштай болот.

Карысаң мендей бол,

Кара жердей бол деген

Карыянын арманы да.

Атты арыганда көр,

Эрди карыганда көр.

Мурункусундай бекен, же кайра кубулуп калган бекен, мунун баары эле мисал да.

өзүм деле мисал кылам. Жаш кезимде көрүп жүргөн балдар:

– О-бой, ой дагы эле баягы «сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт», дагы эле жакшы карыган турбайбы – дешет.

Кээ бир кишилер алтымышка чыкканча сүйлөгөн сөзүн укканбыз. Ошо сөздөр унутулуп, сүйлөнүп олтурганда урунту келип калса, эстелип калат экен.

Энди ошентип, ошол үчүн айткан: «Кеп кедең1 болор, кедең неден болор».

Жүрөгүндө коркунучу турса,

Ыйманы боюнда турат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

13-04-2011
Жомоктор топтому
120867

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×