Добавить статью
12:05, 14 апреля 2011 32722

Жомокчу

Мамыт 1909-жылы Нарын өрөөнүндөгүОртонура айылында туулган. 1929-жылдан 1936-жылга чейин колхоздо, 1936-жылдан 1962-жылга чейин Нарын театрында иштеген. 1969-жылы пенсияга чыккан.

Ал негизинен «Манастан»: Жети хандын кеңешин, Манаска аш берген жерин, Алмамбет-Чубактын чатагын, Каныкейдин арманын, Семетей кушун алып, Айчүрөктүиздеп жөнөп, үргөнчкө барып, Айчүрөккө жолукканга чейинкисин айта билген.

Бир кезде, азыркы өкмөт үйүтурган жерде эки кабат мейманкана болор эле. Ошол мейманканага Чыңгыз Айтматовдун «Жамыйласын» тартканга Москвадан Поплавская келип, көп манасчыларды чогулткан экен.

СүрөтчүСүймөнкул Чокморов, Чокмор уулу Мамбет менен Мамыт Алдаяр уулун үйүнө алып барып, портреттерин тартып алган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-04-2011
Жомоктор топтому
39240

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×