Добавить статью
12:11, 14 апреля 2011 11192

Жомокчу

бүбүкан 1911-жылы Акталаа районуна караштуу Куртка деген жерде туулган. Атасы Болоткан, энеси Аселдин эки кыз, бир эркек баласы болгон. Эркек бир тууганы Малик, эң улуу эжеси Калыйча, Бүбүкан ушул үчөөнүкедейчиликтин тарбиясында багып өстүрдү.

1925-жылы он беш жашында эне-атасы жайдын күнүСоңкөлдөн ыйлатып, атка мингизип, бир жигитке өңөртүп, бир кишиге жетелетип жыйырма сегиз жаштагы жигитке күйөөгө берди. Күйөөсүжарды, бир оокаттуу туугандары бар экен. Ошонун оокатын жасап, малын кайтарып, эгинин сугарып жүрдү.

1932-жылдын июль айында атасы Болоткан дүйнөдөн кайтты. Бир тууганы Малик, энеси Асел экөө калды. Ошол кезде Малик он беш жашта, аябагандай кедей-жарды эле. Энеси оорулуу, аларга каралашайын десе, өзүжарды, андан да жардам жок. Ошондуктан энеси менен бир тууганы энесинин төркүнүнө келип, ошол жакта жашап турушту. Турдугул, Сатылган, Жакып деген үч таякеси жетиштүү, адамкерчиликтүүэле.

1938-жылдын декабрь айында бир тууганы аскерге кетип, энеси жалгыз калды. өзүнүн жолдошу Мамбет, Турдугул, Жакып, Сатылган таякелери аскерге кетишип, энесин бага турган эч адам калбай, аргасыздан өзүколуна алды.

1945-жылга чейин кайын энеси, өзүнүн энеси колхоздо иштеп, жазгысын соко айдап, күзгүсүн кырман басып, тоого барып карагай кыркып иштеп жүрдү. Эки байбичени багып жатты. 1945-жылдын аягында кайненеси өлдү. Ошол учурда күйөөсүнөн да кара кагаз келип, угузушту.

1945-жылдын май айында бир тууганы келди. үчөө баш кошуп, бирге жашап турду. Агасы колхоздо иштеди, аялы жок. Ошону менен энесин бир тууганына тапшырып, 1946-жылдын аягында Сулайман Курманалиевге турмушка чыкты. Ал кишиден бир кыз, бир эркек бар. 1946–47-жылдары күйөөсүэкөө Кумбел шахтысына кетишет. Жолдошу Сулайман забойщик болуп иштеди. өзүзабойдун ичинен вагонетка айдап, нечен эркектерден кем калышпай, иштеп турушту. 1967-жылы пенсияга чыгып, Кочкорго келишти. Сулайман 1982-жылы 16-ноябрда дүйнөдөн кайтты. Уулу Таалай менен жашап жатат.

Ал жаш кезинен элдик жомокторго, ырларга ынтызарланып, аңыз, улама кептерин көкүрөгүндө сактап, үйдө олтурганда келгендерге кеп салып, айтып берип олтурат.

Элге жомокчу, кошокчу катарында белгилүү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-04-2011
Жомоктор топтому
14642

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×