Добавить статью
6:52, 18 апреля 2011 11626

Жомокчу

Алымкул 1921-жылы Жетөгүз районуна караштуу Тосор айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

Атасы Тиленчи уулу Соодонбек 1928-жылы колхозго мүчө болуп кирген. 1930-жылы Тосор айылындагы башталгыч мектептин 3-классына чейин окуган. Андан кийин энеси көп жылдар оорулуу болгондугуна байланыштуу окубай калган.

1937-жылдан тартып, Оргочор совхозунда чабан болгон. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка барып, 62-аткычтар дивизиясында болуп, 1944-жылы 6-апрелде жарадар болгон. Госпиталда жатып, 1944-жылы согушка жараксыз деп табылып, үйгө келген. Ошондон тартып Тосор айылында чабан болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыккан. Жомокторду талаада кой кайтарып жүрүп, ар кайсы аксакалдардан, айрыкча өз айылындагы жомокчу Кыштообайдан үйрөнгөн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

19-04-2011
Жомоктор топтому
25812

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×