Добавить статью
8:12, 19 апреля 2011 21030

Жомоктор топтому

МАҢЫРОО АКАЙ

Илгери бир Акай деген киши байлардын алдында кызмат кылып, байбичеси экөө жан сакташчу. Байдан иштеген эмгегине эки кой алышат. Дагы бир туугандары эки кой энчилешет. Эне-атасы берген энчи дүнүйөлөр жыртылат. Акайдын энесинин согуп берген чепкени, калпагы тозулат. Төрт коюнун жүнүн кыркып, капка салып, алачыгынын тиги бурчу да жүн, бул бурчу да жүнгө толот. Кадырлуу селкиси абысыныкынан, кайын эне, кошуналарынан тоюп келип, башын чүмкөп уктап жата берет.

– Сен элдин катарындай болуп качан иш кыласың. Элдин аялдары ала кийиз, шырдак, чепкен жасап, өрмөк согуп жатат. А сен айыл кыдырып тоюп келип, томпоюп уктайсың! – деп, Акай колуктусун уруп-тилдейт.

– Макул, андайды мен деле жасаймын! – дейт колуктусу.

Колуктусу макул болуп, ийик кармап, жип ийрет. Бир жыл ийрет, такыр бүтпөйт. Анткени күйөөсүкетээр менен ийикти таштап, айылчылайт. Күйөөсүкеле жатканда, ийикти колуна алат.

– Деги канча ийирдиң?

– Көп эле ийирдим.

– Деги санайлычы, – дейт күйөөсү.

Акай жоош, маңыроо, митайымдыкты такыр билбейт. Ийирген жиби эки ийик болот, аны бир деп, эки тизесинин оросуна салып, кайра жанынан алып, эки деп ортосуна салып, кайра жанына алып, үч, төрт… ушинтип олтуруп жыйырма тоголок жип санайт.

– Олда садага болоюн, жаның тынбай эле ийрип жатчу элең, жыйырма тоголок жип ийриген турбайсыңбы. Мен эртең эрте туруп, карагайлуу тоодон адыргы, кылычка карагай кыйып келейин – деп, байкуш Акайдын көзүжадап, экөө ал күнүуктап калат. Колуктусу айласы кетип, түнүменен акыл ойлойт.

Эртеси Акай байдын чотун алып, тоого чыгып кетет. Колуктусу тонду жүнүн сыртына каратып жамынып, малакайды оодара кийип, чачын жандырып, апсайтып тарап, күйөөсүнүн артынан жашырынып жүрүп олтуруп, өйдө жагына барып, жашынып турат. Күйөөсүтонун чечип ыргытып, бешманттын эки этегин кайрып, куруна илип, малакайын алып, топусун оңдоп кийип, алаканына түкүрүп, бир орто карагайды күчүн аябай чапкылап кирет.

– Ах-ху, ах-куу, хуу-хуу! – деп, колуктусу шагыл ташты уратып, үнүн бузуп, ачуу чыгарып: – Адыргы кыйган анда өлөт, өрмөк соккон үйдө өлөт. А-ху, ах-хуу, хуу-хүү-үү!

Адырга кыйган анда өлөт,

өрмок соккон үйдө өлөт! – деп озондойт.

Таңкы үрөң-бараңда жогорку шагылдан саксайган адамга окшобогон немени чала көрөт, анын айткан сөздөрүн да угат. Эси ооп: «Капырай, адыргы кыйган анда өлсө, өрмөк соккон үйүндө өлсө, андан көрө тирүүчагымда үйгө кетейин» – деп, илкип үйүнө жөнөйт.

Колуктусу андан мурун үйгө жетип, кийимдерин катып, жоолук салынып, коломтого от жагып, сүт бышырып калат.

Акай эшиктен кабагын бүркөө чалып кирет.

– Ой, сага эмне болду, алтыным. Бир жериң ооруп калдыбы? Ой, ботом, үңкүйбөй сүйлөбөйсүңбү! – деп, чалынын тыягына бир, быягына бир чыгып, жанын койбойт.

Чалы көптөн кийин эсине келип:

– өрмөк сокпой эле кой, мага Азиретаалы кыйкырды, өрмөк соккон үйдө өлөт, адыргы кыйган тоодо өлөт деп, экөөбүз тирүүжүрөлү.

– Ээ, алтыным, жиптерди эмне кылам?

– Келе, башыбыздан садага! – деп, жипти кыйып, отко салышат. Колукту эс ала түштү.

– Жүндөрдүсаксайтпай кийиз жасасаң боло, сен катынсыңбы, же отунсуңбу? – деп, кирген-чыккан абысын, кайын эне тынчын алат. «Ушунун амалын таап, жок кылайын» – деп, катуу ооруп калат. Чалы жумушунан келип, тамак жасап, күл чыгарып, от калап жүдөйт.

Чалы эшикке чыгып кеткенде, бир тутам жүнгө карагайдын чайырын сүйкөп, казандын түбүнө жабыштырып коёт. Чалы казанды көтөрүп отко асат. Жүн шыркырап күйөт. Онтоп, кыйналып жаткан колукту жүндүжыттап, мурдун шор тартып:

– Кагылайын, чал жүндүотко салчы, жыты оорумду айыктырып жатат – дейт. Чалы «кемпири айыксын» деп, жүндүотко сала берет. Салган сайын жытын жыттап: – Сал, көп, сал, жүрөгүм айыгып баратат! – деп, үйдөгүжүндүбүт отко салып күйгүзөт. Жүн бүткөндөн кийин колуктунун жүрөгүайыгып, кабагы ачылып калат.

Байкуш Акай молдо, кожо издетпей дарттын дарысы табылып, айыгып калганга сүйүнсө, колукту амал таап, жүндөн кутулганына чечекейи чеч.

Акай качан келсе эле, колуктусу үйдө жок.

– Сен кайда жүрөсүң, келсем эле үйдө жоксуң?

– Ой, деги жеңелериме иш-аш жасаганды үйрөтүп жүрөм, – деп жооп берет.

– Байкуш, колуктум, абдан иштүү, качан барсам, үйдө жок, кайдасың десем, келиндерге, жеңелерге иш үйрөтүп жүрүптүр, – деп жолдошторуна мактанат.

– Анда ошол колуктуңду өзүң бир көрчү, – дейт досу.

Бир күнүАкай шарактап үн чыккан жакка барат. Илгери иштүүаялдар чогулуп, бир үйгө иш кылуучу. Колуктусу аларга от жагып, тамак аңдып ичип жүрчү.

КүйөөсүАкай келе жатканын көрүп, тура калып:

– Жака-жеңи алты карыш, жаңылбагыла, жеңелер! – деп, эки жолу үнүн чыгарат.

Колуктусунун үнүн угуп: «Капырай, тим эле катындарды башкарат турбайбы, баатырым, узум. Мен үйгө барып тамак жасап коёюн, чарчап келет» – деп, үйгө кетип калган экен.

КОКЕ

Илгери бир бай аялы экөө кырк жыл бирге жашап, бир да балалуу болбоптур. Биз эмнеден жаздык дешип, зарлап ыйлашып, кулак уккан жердеги мазарларга барып, байлыгын аябай чачышып, аксакалдарга, бүбү-молдолорго сыйынышат. Ошентип, зарлап жүрүп, бир кыздуу болот. Кыз туулган күнүжар салып, элди чогултуп той берип, атын Койсун коёт. Көк бөрү, көз таңмай, күлүк чапмай, жорго салыш, ордо атыш болот.

Ата-эне Койсунду ак өргөө көтөрүп, кийимдерди, алтын, күмүштөн жасалган билерик, шакек, сөйкө, толуп жаткан көз уялткан каухар, бермет тагып, бирөө кийинтип, экинчиси кашык менен ичирип, колунан жетелеп, күнү-түнүшаан-шөкөт менен чоңойтот.

Он эки жашынан тартып эл оозуна кирет. Мындай да сулуу болобу. Тим эле жаңы чыккан ай, күндөй. Жайнап турган гүлдөй деп, он алты жашында атагы элге тарайт. Ата-энеси кызына ыраазы болуп жалынат. Атын уккан жерден күйөө келип, той берип, шаан-шөкөт менен алып кетет. Койсун бир ай көшөгөдө олтурат. Оокат кылганды билбейт. Тамакка тоюп алып уктап жата берет. Акыры тажашып, атасына жеткирип берет. Койсунду көрө калышып, сулуулугуна кызыгып, ашык болуп сөзгө келбей, улам эле байдын же кандын балдары колуктулукка алып кетүүчүболду. үйүнө барганда, Койсунду баягы эле мүнөзүнөн жадап, кайта жеткиришет. Ошентип, Койсун сулуу бир айда, жарым айда эле, күйөөдөн чыгып келе берүүчүболот. Байкуш атасы бир-эки жумадан ашса, үйүнүн жанындагы кичинекей кызыл омполорго1 чыгып, дүрбүсалып Койсундун кеткен жагын карап:

– Капырай эки жумадан ашып кетти. Кокеге эмне болду? – деп, көз чаптырчу экен.

Анан Кокетайы атасын көп күттүрбөй эле жөө, же ат минип келип калучу экен. Кокетайды колукту издеген жигиттер бачым эле алып кетет. Атасы кызыл омполдон дүрбүсалып:

– Коке качан келет, кечикти го – деп, санаага батчу экен.

– Жамандыгынан Койсун аты, Кокеге конуптур. Эркеликтин аягы ушундай турбайбы.

БУРГАНТАЙ

Бурул бир үйдүн эрке кызы. Чий куурчак жасап, ойноп эшикке чыкса, топурак-ылай менен ойноп, өз боюна карабай, иш кылганды такыр үйрөнбөйт. Эне-атасы элге кошулбай, бир коктуда жалгыз үй турчу. Энеси бирдеме десе атасы, атасы бирдеме десе энеси кызына болушат. Бурул обу жок эрке өсүп, бойго жетет.

Алыстан бир жигит келип, колуктулукка алып кетет. Күйөөсүэкөө байдын коюн багып, өзүнчө бир коктуда сайма алачыкта жашашат. Эки-үч жыл өтпөй бир балалуу болот. Бурулдун төркүндөн кийип келген кийимдери жыртылат.

Бир күнүкүйөөсүколуктусунун кийими эбинен кеткенин, өзүнүн жыртылган кийимдерин көрүп:

– Ийне сайганды үйрөнсөң боло, Бургантай, эч кур дегенде күнүнө боюңа бир учук жиптен илсең да, этиң көрүнбөйт эле – деп, аябай жемелейт. Байдын байбичесинен бир ийик жип сурап келип:

– Эй, Бургантай, мен байдын малын айдашып Анжиян аркага барам, сен күндө бир-эки учук жиптен боюңа илип алчы, айланайын, – дейт.

– Макул – дейт колуктусу.

Күйөөсүбир жылдан ашык жүрүп келет. Колуктусун, баласын сагынып, алачыктын жанына келе калып:

– Бургантай, Бургантай! – деп чакырат.

Бурул күйөөсүнүн үнүн угуп, шашып чуркап чыгат. Күйөөсүнүн аты Бургантайдын кийимдеринен үркүп, күйөөсүн көтөрүп чабат. Байкуш күйөө эсине келип, колуктусун караса, ичке жипти бир учактап, үстү-үстүнө табылган жипти эле иле бериптир. Жыртыктын арасы кычы саргыл, бети ботала, каткан жарма, буту-колу кычы. Буттун тырмактары ичине имерилип кеткен.

– Сен Бурул эмес, накта Бургантай турбайсыңбы. Мен сени жыртылган жерлериңди, кийимиңди жамап, боюңду таза алып, үйдүтаза күт дебедим беле. Сен жиптин баарын самсаалатып илип алганың эмне?

– Сен өзүң күнүгө бир-эки учуктан боюңа илип жүр дебедиң беле.

– Чачыңды тарап, бетиңди эмне жуубайсың?

– Сени качан келет деп, сагынып жүдөп кеттим.

– Атаны кокуй, Бургантай, кантип оокат кылабыз – деп, арман кылыптыр күйөөсү.

Анжияндан алып келген кийимдерин,колуктусуна эки казан суу ысытып жуунтуп, кийинтип ата-энесин чакыртып, Бурулдун жоруктарын толук түшүндүрүп:

– Алып кеткиле! – дейт.

Бурул төркүнүнө кетет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

19-04-2011
Жомокчу
18879

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×