Добавить статью
8:20, 19 апреля 2011 29149

Жомокчу

Өзүбек Өзүбек Рысбек уулу 1925-жылы Токтогул районунун Балачычкан өрөөнүндөгүКарасуу айылында төрөлгөн. Балалык чагы Каракаш кыштагында өттү.

Атасы Рысбек үй жыгач жасай койчу, комуз чертип азыраак ырдап да жиберер эле. «Жаныш-Байыштан», «Курманбектен», «Кыз Жибектен», «Шекер-Шекрет» дегендерден көп ырдоочу. Арстанбектин, Жеңижоктун, Калмырзанын, Мырзабектин казалдары деп арабча жазылган көп кол жазмалары болор эле. Бош убактарда комузун чертип, кызып олтуруп, ошол казалдарын окуп ырдоочу.

1945-жылы согуш бүтөр жылы ачарчылыктын айынан, он төрт окуучудан үч эле окуучу калып, айласыздан 9-класс жабылып калды. Атасы эмгек фронтунан келип, колхозго койчуман болуп иштеди. 1944-жылдын декабрь айында Жаңыжол районунун Жетибел Асперди-Ботонун кыштоосуна кыштады. Жеңиш майрамын Ташкөмүр шаарынын ары жагындагы Ууружар сайынан тосту, Жеңишке аралаш айылга алты короо кой айдап келди. Ачкалыкта эгин жок жашап турган элди кой-эчкинин сүтүменен асырап калган.

Анан 1947-жылы октябрда ФЗОго кетти. Ал жерде да комузду колдон түшүрбөдү. Ташкөмүр шаарында эки-үч жолу радиодон бердирди. Ошондогу кубанганды сураба.

Аскерге 1948-жылы чакырылып, Ашхабад шаарында болду. Жер титирөөдөн кулаган жайларды кайра курушту. Агитбригада болуп, 54 жумушчу батальонго кыдырып концерт берип жүрдү.

Күндөрдүн биринде Кыргызстандан: Мыскал, Чалагыз, Токтоналы, акын Асек (обончу), Дүйшөн Сулаймановдор барышты.

1952-жылы аскерден келип, Токтогул жолун куруп жаткан курулушта иштеди.

1955-жылы шахтада иштеп жүргөндө зоо көчүп, авария болуп, бут сынып, баш айрылып, эки балдак менен жүрүп, маданият үйүндө иштөөгө туура келди.

1957-жылы Кыргызстан жаштарынын биринчи фестивалына катышты.

1970-жылдан жаңы шаар Каракөлгө келип, клубга көркөм жетекчи, балдар музыкалык мектебине комуз бөлүмүнүн башчысы болуп, комузга жаш балдарды даярдап, комуздан сабак берип келди.

Республикалык радионун алтын фондусуна тапшырган күүлөрүсакталып турат. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусуна көп фольклордук материалдарды өткөргөн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2011
Чымын баатыр (жомок)
24175

20-04-2011
Кедейдин үч уулу (жомок)
111178

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×