Добавить статью
11:33, 20 апреля 2011 4017

Жомокчу

Касымбек 1939-жылы Талас районуна караштуу Терек деген айылда колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Чоң атасы зергер уста киши экен. Атасы Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 1944-жылдын башынан кабарсыз. Аны апасы тарбиялап өстүрдү. Апасынын аты – Акыл, апасы жаш кезинен эле иштүүболуп өсөт. Таятасы илгерки «Зингер» деген кийим тигүүчүбут машина сатып берген экен, аны кийин себи менен кошо бериптир. Жалаң эле аларды айылдагылар эмес, тегерек-четтеги кошуна айылдардан да кийим-кечек тиктиргени кишилер келип, үйүнөн киши-кара үзүлчүэмес. Ошондой өнөрүменен апасы беш баласын жылаңач кылбай, курсагын ачырбай бакты. үйгө келген ар кандай кишилердин айткан сөздөрүн кээде кулагы чалып калар эле. Ал чоң атасыз, өз атасыз өскөндүктөнбү, башка себептенби, айтор, эл чогулуп, өткөн менен кеткенди, жаман менен жакшыны сөз кылган жерди жакшы көрчү. Алардын айылында Бекмамбет, Медет, Ныязалы деген сөз билген кишилер бар эле. Коңшу айылдарда Берембай, Ырайымбек, Иманбек, Кулназар деген сөзмөр кишилер келип, чайдан же кымыздан ууртап коюшуп, биринен бири өтүп, кайсы бир окуя жөнүндө айткандарын угуудан тажачу эмес. Аларга кызмат кылып, чай куюп, кымыз сунуп турганга кызыкчу. Таятасынын агасы Дүйшөмбүдеген кишинин сөзүн да угуп калды. Ал киши жүзгө чыгып кайтты. Баланча окуя кандай болду эле, түкүнчө киши кандай эле деген сыяктуу суроолор менен көптөгөн кишилер кайрылса, ал киши китептен окуп бергендей кылып айтып бергенин, таякесинин айылына барганда далай жолу укту. Сөз билген да өзүнчө жакшы өнөр экен го дечү.

Ал жетинчи классты бүтүргөн Талдыбулак мектебинде китепканадагы китептердин баарын окуп коюп, сельсоветтин китепканасындагы кыргызча китептерди да окуп бүтүргөн эле. Көрсө, ошол 50-жылдардын башындагы айылдык китепканалар жарды окшобойбу. Натыйжада 1957-жылы орто мектепти бүткөн соң, Кыргыз мамлекеттик университетке келип кирди.

Жарыяланган жомоктордун ичинен бала кезде уккан же азыр деле эл арасында айтылып жүргөн, бирок кагазга түшүрүлө элек айрым жомокторду таппаган соң, аларды жазды. Ошентип, жомокчу боло баштады. Аларды чакан жыйнак кылып, «Мектеп» басмасына тапшырган.

Апасына келип, иш кылдырган аялдардын сөздөрүндөгүкээ бир жорго сөздөр азыркыга чейин кулагында калыптыр. Аларга башка жерлерден уккандарын, китептерден окугандарын кошуп, «Жорго сөздөр» деген жыйнакча түздү.

Мектепте 6–7-класста окуп жүргөн кезде кыргыз тили менен адабиятын Алмүрөков Кабылбек деген агайы окуткан эле. Агайы кыргыз тилин ошол кезде мээге куюп койгон экен. Кийин ага университетте окуп жүргөндө Константин Кузьмич Юдахиндин өткөн сабактары кошумча болду. Сөз кантип келип чыккан деген суроого абдан кызыгып кетти. Көп жылдар бою Кыргыз ССР илимдер академиясындагы Тил жана адабият институтунун сөздүктөр секторунда иштеп калуусу да чоң себеп болуп, кыргыз тилиндеги сөздөрдүн келип чыгышы жөнүндө «Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгүн» жазды. Ал 1988-жылы жарыкка чыкты. 1987-жылы «Кыргыз элинин календардык түшүнүгү» деген чакан китепчеси жарык көрдү.

1991-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

20-04-2011
Жомоктор топтому
20275

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×