Добавить статью
7:17, 21 апреля 2011 98613

Жомоктор топтому

ЭДИЛКАНДЫН ҮЧ КЫЗЫ, ҮЧ КҮЙӨӨСҮ

Илгери, илгери өткөн замандарда Эдилкан аймагы алыс, эли көп, көп жерлерди ээлеп, салыгын салып, элинен алтын, күмүш жыйнайт. Таба албай калгандарын увазир менен бектери кыйнайт. Сарайларын салдырып, кан ордосун чыңдайт. Алыстан жоо келбейт, бейкут жатып, жыргай беришет. Элинин бир жагы байып жатса, арасында алсырап, кыйналгандар да көбөйөт. Эдилкан увазирлери менен эл ичине аралашып, кандай жашап жатышкан абалдарын көрүшпөйт. Эл арасындагы акылмандарга көз салышпайт, же акылсыздарды ажыратпайт. Байыгандарын баалашып, күн өткөрө беришет. Эдилкандын үч кызы болот. Алар акырындап бойго жетишет. Айланадан канзаадалар күйөө болуп издеп келишпейт. Эдилкан кыздарын күйөөгө берүүнүойлоп, үч кызына арнап үч жерге жакшылап жай салдырат. Айланасын гүлдөгөн бактарга айландырат. Сарайлардын алдында бактары гүлдөп, шактан-шакка конуп булбулдары сайрап турат.

– Күйөөнүкыздарым өзүтандап алсын – деп, Эдилкан күндөрдүн биринде элин чогултууга увазирлерин жиберип, увазирлер жарчыларды алып, эл арасына жар чакырат.

– Эртең Эдилканыбыз баарыңарды чакырып, баарыңарды чубатып, кыздарына күйөө тандайт. Кандын кызына жакканың байлыкка жетип жыргайсың. Эртең элдин баарын чубатат. Кан кыздары каалаганын мага ушул күйөө болот, – деп, кубантат. Эртең эрте баргыла, кан алдында ордодон чубап өтүп калгыла. Кандын кызы кааласа алма менен урушат. Тандаганын күйөө кылып алышат – деген жарлык чакырат.

Элин чакырып, чубатуудан өткөрөт. Кыздарынын колдоруна кызыл алма берип:

– өзүңөргө жакканын тандап, күйөөбүз ушул дегиле, – дейт Эдилкан.

Элин чогултуп, чубатып өткөрө баштайт. Кандын кыздары алмаларын колго алып, карап турушат. Чоң кызы Чоюлкан өтүп бараткан бир байбачаны алма менен урат. Карап турган калыстары кан күйөө, бек күйөө дешип, ак кийизге салып, көтөрүп алышып, жасалгалуу жайга алып барышат. Кандын кызы Чоюлкан ушинтип күйөө таап алат.

Ортончу кызы Оюмкан карап туруп, керилип өтүп бараткан бир байбачаны колундагы кызыл алма менен көкүрөккө уруп калат. Муну дагы байдын уулу байбача, бектин уулу бекзаада деп, кан күйөө деп, дайындалган жасалгалуу жайына алып барышат.

Кичи кызы Кыялбүэч кимди алма менен урбастан, калктын баары өткөнчө тура берет. Бул күнүКыялбүгө күйөө табылбай калат.

Эдилкан эртеси элинин баарын чубатуудан кайта өткөрсө да, Кыялбүгө күйөө табылбады. Эдилкан увазирлерин, жарчыларын чакырып:

– Калкымдан кандай адамдар келбей калды? – деп сурады.

– Эч ким калган жок – деди увазирлер, жарчылар.

Бир жарчы туруп:

– Калың токой арасында көмүр өчүрүп көө болгон, бир токойго ээ болгон, эчтеке менен иши болбогон, кийими жок салбыраган, баса албай балбыраган, башы жалтырак, манжырасы куюлган кара таз калды, – дейт. Тазды алып өткөндө, кандын кызы Кыялбүколундагы кызыл алма менен урат.

– Кызым кечке карап туруп, чарчап адашып калды – деп, Эдилкан жарыялайт.

Эртесинде увазирлерге аралаштырып, тазды алды жагынан өткөрөт. Кыялбүтаамайлап туруп, тазды дагы колундагы кызыл алма менен урат.

Эдилкан муну дагы жаратпай коёт. Эртесинде тазды эл ортосуна коюп, чубартуудан өткөрөт. Тазды таамайлап туруп, үчүнчүжолу кызыл алма менен дагы урат.

– Башың – баш, багалчагың, кара таш, тапкан күйөөң кара таз! – деп, Эдилкандын ачуусу келет.

Эдилкан Кыялбүменен кара тазды жаман төшөнчү, жамынчы берип, ордосунан тышкары эшектер пааналап жүргөн жаман тамдын бурчуна киргизип таштайт. Муну угуп, Кыялбүнүн апасы капаланып ыйлайт.

Бул жаман жайдын бурчунда Кыялбүменен кара таз жашай баштайт. Кара таз жакшы эшек таап алып, токойдон отун ташып, базарга сатып, тез эле оңолот. Кара тазды Кыялбүжууп, тазын айыктырып, башына чач чыгат экен. Тапканына кийим алып берип, кара тазды жасап коёт.

– Мен тоо кийигинин этин сагындым. Силер барып, эчки-теке атып келгиле – деп, Эдилкан бир күнүбайбача күйөөлөрүн чакырып, тулпарды мингизип, ууга жиберет.

Бек күйөөлөр ууга барат деген кабарды кара таз угат да, Кыялбүгө келип айтат:

– Кан атаң сени кабыл албайт. Эне жүрөгүжумшак болот. Сени көргөндө эрип кетет. Сен энеңе бар, тулпар сураба, сурасаң да бербейт. Жылкыга жетпей жүргөн, таакысы түшпөгөн сары тай бар, ошону сура – дейт.

Кыялбүбарып энесине айтат:

– Мен дагы ууга байбачалардын артынан барайын, ат берсин, ат бербесе жылкыга жетпей жүргөн, таакысы түшпөгөн сары тайды берсин – деп, таз күйөөң сурап жатат де.

– Ээ, балам, ушунча элдин ичинен тапканың таз болдубу? – дейт Кыялбүнүн энеси.

– Ээ, энекебай, калың элиңдин акылдуу, эр жүрөгүболбосо, акылдуу, эр жүрөктүү, тазга тием да – деген экен.

Кыялбүдаакылуу сары тайды жетелеп келип, тазга берет.

– Таз күйөөңө ат бер – деп, энеси Эдилкандан сурайт.

– Тазга ат кайда? Эшектен башкага тең эмес! – деп, Эдилкан жооп берет.

– Ээ, каным, таздын көөнүболбосо, кыздын көөнүэмеспи – деген экен. Ат бербесең да жылкыңдын артында жонунан таакысы түшпөй, жылкыга жетпей жүргөн сары тайыңды бер деп сурап жатат – дейт каныша кандын маңдайына барып.

– Бул тайдын эмнесине кызыктыңыз экен? – дейт Кыялбү.

– Бул аргымак ээсин таппай жүргөн! – деп, таз күйөө жооп берди.

– Ээси сиз болот экенсиз да, – деп, Кыялбүкүлгөндө, экөө тең күлүп калышат.

Ошентип, таз күйөө эптеп, сары тайды токуп, ноктолой чалып, минип алып кандын байбача күйөөлөрдүн артынан жөнөп калат. Жолдо бара жатып, төрт жебеси менен жаман жааны таап алат. Таз күйөө байбача күйөөлөрдүн артынан барбай, башка тоого чыгат.

– Тыш эти супсак болсун, ич эти даамдуу болсун – деп, таз күйөө эки теке, эки эчкини атып, суу боюна сүйрөп келип, ичин жарып, ичеги-кардын, өпкө жүрөгүн, боорун, бөйрөгүн алып, ичеги-карынды жууп, тазалап, карындарына салып, Кыялбүберген куржунга салып алат.

Таз күйөө алардын эчтеке ата албай куру келишерин билип, байбача күйөөлөрдүн жолун тосуп олтурат. Байбача күйөөлөр эчтеке таба албай, тапканын ата албай, салбырашып кечинде келет. Таз күйөө отту чоң жагып, боорлордон шишкебекке сайып, бышырып жеп олтурган болот.

– Байбачалар, жолуңар кандай болду? Тапкан олжоңор мол болдубу? Кандай кайберендерди көрдүңөр? – деп, алар келип турганда, таз күйөө аларды карап, сурап калат.

– Биз көргөн кайберенди ата албадык. Көрүп турасың го, куру келдик. Эми бизди шерменде кылбай, тапкан олжоңдон бергин. Баары бир жаман тайың төртөөнүкөтөрүп кете албайт. Экөөнүбизге бер. Сенин каалаганыңды берелик.

– Мага эч нерсенин кереги жок. Төртөөнүтең беремин. Силерден эч нерсе албаймын. Менин шартым бар, ошого макул болсоңор болду.

– Сен эмне десең, биз макулбуз – дешет байбачалар жарыша.

– Шымыңарды шыпырып, куйругуңарды тоскула! Мен чычаланын учун кичине тийгизип коёмун – деген экен таз күйөө.

Анда байбача күйөөлөр макул болушуп, шымын шыпырып, тосуп беришет. Таз күйөө жаткан чычаланы алып, куйруктарына тийгизип-тийгизип алат. Байбача күйөөлөр секирип-секирип кетишет. Таз күйөө берген эки теке, эки эчкини алышып, аттарына артышып, жөнөп кетишет.

Таз күйөө ичеги-карынды куржунга салып, таакы тайга минип, артынан келет. Байбача күйөөлөр мактанышып, өздөрүатып келишкенсип кийиктерин артынышып, сарайларына келип түшүшөт.

– Ичеги-карынын тазга бердик – дешет.

Байбача күйөөлөр Эдилканды канышасы менен экөө эки үйүнө чакырып меймандашат.

Эдилкан менен каныша кийик эттерин жесе, даамы жок, топурак даамданат. Ошентип, Эдилкан эки күн эки күйөөсүнө мейман болот. үчүнчүкүнүтаз күйөө чакырат. Ичеги-карындан Кыялбүтамак жасайт.

Эдилкан эшеккана жайына баргысы келбейт. Анда каныша:

– Таздын көөнүболбосо, кыздын көөнүболбойбу! – деп, зордуктап ээрчитип алып барат.

Эшеккананын бир бурчунда жашап жаткан жеринде, тамагын жасап, кан атасы менен каныша энесин тосуп алышат. Жасалган тамагы кийиктин ич этинен. Ичеги карын, боордон тамак ширелүүдаамдуу даярдалган. Кан менен каныша тамшанышып, таңданышып, кызыгып жеп жатканда, кан алдынан эшектин тезеги чыгат. Мындай даамдуу тамакка кан менен каныша чала тоют болуп, арманда калышат. Бул Кыялбүнүн атайын жасаган амалы эле. Атасынын алдына атайын ойлоп, эшектин тезегин тамактын алдына көөмп койгон.

Эдилкан эшектин тезеги алдынан чыкканына ызаланат. Эртеси кызы менен таз күйөө баласын аткананын бир бурчуна көчүрөт. Таз күйөө менен кызы бул жерде дагы жакшы жашап турушат.

Күндөрдүн биринде Эдилкан байбача күйөөлөрүн кан тактысына чакырып:

– Силер ууга барып, аркар-кулжа атып келгиле. Мен аркар-кулжанын этин сагындым, – дейт.

Даярданышып, байбача күйөөлөр ууга жөнөп кетишет. Аргымак минген күйөөлөрдүн артынан, таакылуу сары тайын минип, таз күйөө дагы ууга жөнөйт. Адатындай алар бир тоого чыгышат. Таз күйөө экинчи тоого барып, эки кулжа, эки аркар атып алат.

– Ич эти даамдуу, тыш эти даамсыз болсун, – деп, мурунку адатындай эле шарт кылат. Суу боюна алып келип, ичеги-карындарын жууп, даярдап, куржунга салып коюп, адатындай отту чоң жагып, боордон шишкебек жасап бышырып, жеп отурганда, эки байбачалар арып, чарчап, эчтеке таппай, тапкан текелерин дагы ата албай, капа болуп, кайгырып келишет.

Таз күйөөнүн жанына келип, аргымактан түшүшөт. Кара таз күйөө жеп олтурган шишкебегинен экиден бөртмөсүн берет. Карды ачып, алсырап келген байбачаларга шишкебек даамдуу, ширелүүболуп татыйт.

– Дагы болсо, жейт элек, – деп тамшанышат.

– А бирок башка жок.

– Ээ, байбачалар, бүгүн дагы жолуңар болбой калган бейм, же атканыңарды бекитип келдиңерби? – деп, суроо берет.

– Биз атып алсак, артынып алып келбейт белек. Биз канга барып эмне деп айтабыз, – деп капаланып келе жатканда, сенин жолукканың жакшы болбодубу, олжоңдон бөлүшүп бер! – дешет.

– Мен силерден эч нерсе албайм. Менин шартымы билесиңер, – дейт кара таз.

Байбачалар таздын айтканына макул болушат. Баштагыдай эле экөөнүн куйругуна тамга басып, аркар, кулжасын аларга берет. Артынып алышып, алар жолго түшүшөт. Таз күйөө адатындай алардын артынан ээрчип, ат сарайдагы жатаканасына келет. Күйөөлөр дагы кан менен канышаны мейман кылышат. Байбача күйөөлөрдүн кайберен этинен жасаган тамактары баштагыдан дагы даамсыз, топурак даамданат. Эдилкан менен каныша жей албай коюшат.

Таз күйөө үчүнчүкүнүЭдилкан менен канышаны чакырат. Кыялбүнүн ичеги-карындан жасаганы даамдуу жана ширелүүболот. Эдилкан кызыгып жеп, тоёюн деп калганда, алдындагы тамактан аттын тезеги чыгып, тойбой арманда калат. Жолдо келе жатып, кан менен каныша сүйлөшөт.

– Булардын кайберендин ич этинен жасаган тамагы даамдуу, ширелүү. Мунун тамагынын даамдуу болушу, алып келген таз күйөөдөбү, же тамак жасаган кыздабы? Ал эми кайберендин этин алып келген байбача күйөөлөрдөнбү, же тамак жасаган кыздардабы? Булардын кайберендин анык этинен жасаган тамактары даамсыз, супсак болот – дешет.

Эдилкан ойлонуп олтуруп, эртеси таз күйөө менен кызын дан сактаган кампанын бир бурчуна көчүрөт. Кыз-күйөө ошол жерде жашап, жашоосу мурункудан жакшырат. Эдилкан күндөрдүн биринде кан тактысына чакырып, байбача бекзаада күйөөлөрүн дагы ууга жиберет.

– Силер тапкан олжолордун өзүн таз күйөөгө берип, ич этин, ичеги-карындарын баарын өзүңөр алгыла – деп, күйөөлөргө айтат.

Ошондо бекзаадалардын эсине баягыда жеген шишкебектин даамдуу ширеси эстерине түшөт. Күйөөлөр бир тоого, таз күйөө экинчи тоого чыгат.

– Ич эти даамсыз болсун, анык эти даамдуу болсун, – деп, эки теке, эки кулжа атып алып, суу боюна сүйрөп түшөт.

Теке менен кулжалардын ичин жарып, ичеги-карындарын тазалап, ич этинин баарын майлары менен карындарга салып, даярдап коёт. Алардын жолу болбой келишин күтүп, жолдорун тосуп, суу боюнда олтурат. Отту чоң жагып, төш этинен шишкебек жасап бышырып, жеп олтурат. Байбача күйөөлөр алсырашып, алдары кетип, тоолорду кыдырып, учураган кийиктерди ата алышпай, салбырап өзүлөрүкелишет.

– Бактыбызга сен жолдуу болупсуң, эми бизге ичеги-карын ич этин бер – деп байбача күйөөлөр айтышат.

– Шартты орундатсаңар, сураганыңардын баарын берем, – дейт таз күйөө.

Анда байбача күйөөлөр баса калып өлтүрүп, тартып алгылары келет. Бирок экөөнүн алы жетпесин билишет. Айтканына макул болушуп, куйруктарына үчүнчүтамганы басышат. Ичеги-карынды артынышып, аргымактарына минип, арыраак бастырып барышат да:

– Ээ, таз, кулжа-текени төртөөнүсен көтөрөсүңбү, же таакы тайың көтөрөбү? – деп, каткырып күлүшөт.

Анда кара таз төрт кулжа, текени кошоктоп, сары тайга ыргытканда, солк этпейт. Таз күйөө анын үстүнө ыргып минет. Аны көргөн байбачалар качып, таз күйөө таакылуу сары тайына теке-кулжаларды артынып, таскактатып жүрүп келет. Күйөөлөр өз-өз үйлөрүнө түшүшөт. Мурунку адатындай эле күйөөлөр кайната, кайын энесин мейманга чакырышат. Баштагыдай эле байбача күйөөлөр менен ардактуу кыздардын тамактары даамсыз, ичеги-карын даамданат. Бул тамактарды такыр жей албай коюшат.

Байбача күйөөлөрдөн кийин кайната, кайын энесин мейманга чакырышат. Таз күйөө менен жаман кыздын жасаган тамактары баштагыдан да ашкан даамдуу, ширелүү. Эдилкан чала тоюп болуп, шашылып жеп жатканда чычкандын богу алдынан чыгып, тойбой арманда калат.

– Бул күйөө, кызда жашырын сыр бар. Эмне үчүн тамактары ушунча даамдуу – дешип, кан менен каныша кан сарайына барышып, өздөрүнчө сүйлөшөт.

– Таздын көөнүболбосо, кыздын көөнү– деп, эртесинде жасалгалуу жайга көчүрүп, алып барып коёт. Таз күйөө күйөөгө даярдалган кийимдерди кийгенде, көргөндүн көөнүтолгон көркөмдүүкүйөө болуп калат. Жасалган ат жабдыкты таакылуу сары тайга токуганда, келишкен аргымак буудан болот. Көргөн адамдарга аргымак, буудан минип бастырса, байбачалардан артык көрүнөт.

Эдилкан муну көрүп, айран-таң калат. Ойлонуп башы айланат. «Бул кандай кубулуп жүргөн аярбы? Же ошондой эле акылман азаматпы?» – деп, муну тааный билген кызынын акылмандыгына баа берет.

Эл арасында байбача күйөөлөргө караганда артыкчылыгы артыла баштайт. Эдилкандын эркек баласы жок болот. Кан ойлонуп олтуруп, элин үчкө бөлүп, башкарууну үч күйөөсүнө берет. Күйөөлөр өз аймактарында бийликтерин жүргүзүшөт, Эдилкан кимиси кандай эл башкарат экен деп, көз салып турат.

Таз күйөө деп аталган кичүүкызы Кыялбүнүн күйөөсүбашкарган элде кедей-кембагалдар жоюлуп, жетим-жесирлердин абалы жакшыра баштайт. Элге сөзүөтүмдүү, айткан кеби орундуу болуп, башкарган элдин көөнүнө толот.Эл арасында ынтымак болуп, зордук, зомбулук жоголуп, томояк жакырлары оңоло баштайт.

Ал эми байбача күйөөлөр башкарган аймактарда талаш-тартыш, жаңжалдар көбөйөт. Кедей-кембагалдар күчөйт. Жетим-жесирлер оокат кыла албай, көрүнгөн жакка тентишет. Зордук, зомбулук, ууру, каракчылар эл арасында көбөйүп кетет. Алардын эл башкара албагандыгы, эл арасында биримдик жок экендигинен билинет.

Кичи кызы Кыялбүнүн күйөөсүбашкарган элге айтканы алымдуу болуп, карыларга кайрымдуу болуп, жакшы-жаманды ажырата билип, алык-салыкты элдин ал-абалына карай жыйнайт. Эл арасында акыйкаттыкка, алдын ала көрөгөчтүк жактарын баалап, таз күйөөнүн таз аты калып, Алимбек атка конот. Алимбек капысынан жоо каптап кетпесин деп, элдин келечек тагдырын ойлоп, эл ичинде жоокерлерди даярдайт.

Ал эми байбача күйөөлөр эл арасында кадыр-баркы кетип, жаңжалдар күчөп, салымдарды элге көр салуу менен элди алсыратышат. Элдин келечегин ойлошпойт. Ушундай мезгилдерде алыстан жоо келип, алсырап, даярдыгы жок жаткан элди чаап, талап, көпчүлүк элди кырып кирет. Бул элди башкарган байбача күйөөлөр элди таштап, качып кетишет. Келген жоо элди каптап, басат.

Муну уккан Алимбек жоокерлерин жыйнап, келген жоонун алдын тосуп, уруш баштайт. Бул катуу урушта Алимбек душманын жеңип, аймактан кууп чыгып, аларга кыргын салат. Келген жоонун өлгөнүнөн калганы качып, кутулуп кетет. Таз күйөө аталган Алимбек жеңишке ээ болуп, Эдилкандын аймагында, элге атагы чыгат. Калкына тынчтык курулуп, Алимбектин акылдуу баатырдыгы менен эл арасында даңкталат. Эдилкан увазирлерин, күйөөлөрүн, эл ичиндеги жакшыларын, акылман аксакалдарын чакырып, болгон окуяны баалашат.

– Элибизди жоо каптап келгенде, силер кайда кеттиңер? – деп, чоң кыздардын күйөөлөрүнөн сурайт.

Алар жер карап, үндөй алышпайт. Кандын суроолоруна жооп беришпейт.

– Силер ууга чыкканда, артыңардан ээрчип жүрүп, аткан кийигиңердин ичеги-кардын жыйнап жүргөн таз күйөө каптап кирген жоону талкалап, элди коргоп калды.А силер болсо, дайынсыз качып кеттиңер, – дейт Эдилкан.

– Таксыр каным, булар байбачалар эмес, коркок кулдар – дейт Алимбек. – Ууга чыкканда, кийикти булар атпастан, мен атып берип жүргөмүн. Ошондо аткан олжоңу бизге бер, биз сага кул болобуз дешип, куйруктарына тамга бастырышкан. Ишенбесеңер куйруктарын ачып карап, тамгасын көргүлө, – дейт.

Муну уккан Эдилкандын Алимбекке ачуусу келип, байбачаларды кордоп жатат дегенсип, карап турган жигиттерге буйрук берет.

– Ачып карагыла, калп-чынын аныктагыла! – дейт.

Кан ордосунда карап турган жигиттер байбача күйөөлөрдүкармап көрүшүп, куйруктарында үчтөн тамгалары бар экенин айтышат.

– Эмне үчүн үчтөн тамга бар буларда? – дейт, Эдилкан Алимбекти карап.

– Таксыр, улук каным, буларды үч жолу ууга жибердиңиз. Эчтеке аталбаганда, мен аткан олжону берип, өздөрүнүн макулдугу боюнча, олжомду берген сайын тамга баскамын! – дейт, Алимбек эки колун бооруна алып, ийилип туруп.

– Ушул чынбы? – деп, Эдилкан ачууланып сураганда, башын көтөрүп жооп бере албай, баштарын ийкеп, макулдугун билгизишет.

Ушинтип байбачалардын айыбы ачылып, колдорунан эчтеке келбестиги билинет. Эдилкандын ачуусу келип, ордодогу алып берген жайынан айдап чыгат.

– Силер тандап тийген күйөөлөрүңөр менен кеткиле! – деп, кыздарын күйөөлөрүменен кубалап жиберет.

Эдилкан увазирлерине жардык берип, элинин баарын жыйнайт. Алимбектин баатырлыгын баалап, акылмандыгына алымсынып, келечекте элин жакшы башкара тургандыгына көзүжетет.

– Мен картайдым, – деди Эдилкан эл алдына чыгып, – кичи кызым Кыялбүнүн тандап тийген таз эри Алимбек деп аталып, акылмандыгы, баатырлыгы аныкталып, элди жоодон коргоп алып калды. Муну силер менден жакшы билесиңер. Ошондуктан Алимбекти өз ордума кан деп жарыялап, кан тактысын беремин. Калк кадырына жетип, элин эптүүлүк менен сурайт деп мен ишенемин.

Силер эрдигин билбестен, акылсыз карып деп карабастан токойго таштагансыңар. Мен акылман баатыр экенин, азаматтыгын ажыратып баалабастан, кызымды айыптагамын. Кичи кызым Кыялбүкөрөгөч, даанышман экен. Ушунча калкымын ичинен акылмандыгын аныктап, баатырлыгын байкап, таз дебестен тандап тийди. Ал эми Алимбек болсо, жылкынын ичинен жонунан таакысы түшпөй, жылкы артына жетпей, араң ээрчип жүргөн сары тайдын аргымактыгын байкап, буудандыгын аныктап, өзүкөп жылкы ичинен тандап алды. Азамат эрди карып деп, журтка таштап кетпеңер. Аргымакты арык деп, жолго таштап кетпеңер, – деп айткан экен.

Алимбек Эдилкандын ордуна кан болуп, элди акыйкаттык менен сурап калат. Жетим-жесирге, карып мерен карыга, кедей менен кембагалдарга кан казынасынан жардам берип турат. Ошентип эли тынчып, байлыктары ашып, бардыгы тең жыргалдуу болуп, жашап калышат. Көпчүлүк элдин тилеги орундалат.

Алимбек кан болгондо адилдик менен эл башкаргандыгы үчүн Адил хан деп аталып калат.

АЧ КӨЗ КАРЫНБАЙ

Бар экен, жок экен Карынбай деген бай азыркы өзгөндүн түштүк аймагында Куршаб деген жерде жашап, төрт түлүктүүмалга бай, мал баккандардын ал-абалына карабаган, малы өлсө буркан-шаркан түшүп, малчыларына кыйкырып каарданган каардуу бай экен. Бир учурда бир короодон эки-үч кою арыктап өлүп калса, койчуну уруп:

– Кой өлгөнчө сен өлбөйсүңбү! – деп жазалайт.

– Таксыр байым, мен өлсөм коюңду ким кайтарат эле – деп, анда койчу айтат.

Карынбай койчуну уруп-сабап жатып өлтүрүп коёт. Ушундай каардуу Карынбайдын малы дүркүрөп, жыл сайын өсө берет. Түндүк жагы Көкарттан тартып, Жазы, Каракулжа, Алай тоолорун малы басып кетет. Карынбай төрт түлүк малын көрүп туруш үчүн төө өркөчтөнгөн бийик тоого көчүп чыгат. Ошол жерден айланасындагы төрт түлүк малын карап турат. Карынбайдын мал баккан эли, жакындагысы, алыстагысы, колоттогу койчусу, кырдагы жылкычысы, талаадагы төөчүсү, чөлдөгүдыйкандары – баары чогулушуп, Карынбай төөдөй болгон тоого көчүп барды дешет. Карынбай ал жерден бардыгын көрүп турат деп коркушат. Тоо төөгө окшош болгондуктан төөчө деп жүрүп, ошондуктан төөчө аталып калган. Карынбай түздүн баарына эгин айдатып, жонос-жонос кылып үйүп алса дагы, көзүтойчу эмес. Эгин айдаган дыйкандары ушунча дан жыйнаса дагы көзүтойбойт, мунун көзүтопуракка гана тоёт дешчү. Ошондуктан, бардыгына тойбойт деп, эли Карынбай атап калышкан.

Карынбай күндөрдүн биринде, малынын көбөйгөнүн карап турат. Бир периште келет.

Карынбайдын алты аялы болот. Алтоонун алты үйүнө дүнүйөсүтолот. Ошол күндөрдүн биринде аялдары килемдерин, жууркан-төшөктөрүн, жаздык-баштыктарын, идиш-аяктарын, казан-табактарын бардыгын эшикке чыгарышып, күнгө жайышат.

– Малга тойдуңбу? – деп, ошол күнүпериште байдын алдына келип сурайт.

– Дагы туягынча болсо экен! – дейт каниет кылбаган Карынбай.

Малы туягынча болуп көбөйөт.

– Тойдуңбу? – деп, периште Карынбайдан сурайт.

– Дагы туягынча болсо экен! – дейт.

Анда периште, жерди:

– Тарт! – дегенде, Карынбайдын тизесине чейин жер сорот.

– Данга тойдуңбу? – деп, периште Карынбайдан сурайт.

– Дагы ошончо болсо экен! – дейт Карынбай.

– Дагы тарт! – дейт периште жерди.

Карынбай эми бел кырчоосуна чейин жерге кирет.

– Дүнүйөгө тойдуңбу? – деп, периште Карынбайдан сурайт.

– Дагы ошончо болсо, – дейт Карынбай.

– Тарт! – дегенде периште, Карынбай кекиртегине чейин жерге кирет.

– Эми бардыгына тойдуңбу? – деп, периште Карынбайдан акыркы жолу сурайт.

– Эми тойдум, – дейт Карынбай.

Периште жерди:

– Тарт! – деген экен.

Ошондо, Карынбайды жер толук жутуп, ошол жер чуңкур болуп калган дешет.

Ошондон бери «каниет кылбасаң Карынбайдай жер сорот» деген уламыш айтылып калат. Төөчүнүн үстүндө Карынбайды жуткан жердеги чуңкур ушул убакка чейин сакталып калган. Карынбайдын бардык малы жапайы болуп кетсин деп периште айтып, малдары жапайы болуп кетишет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

21-04-2011
Жомокчу
25885

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×