Добавить статью
8:16, 22 апреля 2011 26889

Шакираб-Шариф (жомок)

ШАКЕРАБ-ШАРИФ

Илгери бир өткөн заманда улуу шаарлардын биринде бир хан болуптур. Хан өмүрүндө көпкө чейин бала көрбөй, акыры удаасы менен эки уулдуу болуптур. Улуусунун атын – Шакераб, кичүүсүнүн атын – Шариф коюптур. Шакераб, Шарифтин бири алтыга, бири үчкө чыкканда, хандын аялы катуу ооруп, шал болуп кыймылдабай калат. Аны Хан бир күнүсоодагерлерге берип жиберет. Арадан жылдар өтүп, хан жаш аялга үйлөнөт. Мурдагыдай эле эл сурайт, ууга чыгат, өмүрүн оюн-тамаша менен өткөрө берет. Бирок каардуу экен.

Бул кезде Шакераб, Шариф эр жетип калат. Айрыкча Шариф сымбаттуу, сулуу жигит болуп өсөт. Шакераб көбүнчө ууга чыкканды жакшы көрөт.

Хандын аялы Шарифти сүйүп калат. Күндөрдүн биринде Шарифке ханыша жакын келип, сүйүп калганын айтат.

– Атаңды өлтүр, мени ал, болбосо жакшылык көрбөйсүң менден, – дейт.

Буга Шариф көнбөйт. Качат. Ошентип, ханыша күндө жигитке асылат. Артынан үзүлүп түшөт. Бирок Шариф макул болбой коёт. Акыры айласы кеткен ханыша айлакерлик кылып ханга мындай деп арызданат:

– Ханым, биздин тынчыбыз бузулду. Сен ууга чыгып кетээриң менен уулуң Шариф: – Сен мага тийишиң керек. Атамы өлтүр, болбосо сени өлтүрөм, – деп кыйноочу болду. Шарифти жогот, – дейт.

Чагымга ишенген каардуу хан эки жигитин чакырып, Шарифти талаага алып барып өлтүрүп келүүгө буюрат. Хан өкүмү өкүм экендигине ишенген Шариф айласыз моюн сунат.

Желдеттер Шарифти алыс талаага жеткиришип, өлтүрөр алдында мындайча аңгемелешет.

– Бул жигиттин ушул сымбатындагы өлүмүубал болор. өлтүргөндө хан бизге сыйлык берет беле. Андан көрө, сен жигит көз көрүп, кулак укпаган алыс жерге кет. Биз сени өлтүрбөйбүз. А эгер сенин тирүүлүгүң билинсе, биздин башыбыз кетет, – дешет.

Желдеттердин шартына ант берген Шариф денесинен кан чыгарып көйнөгүн канга боёп берип, жылаңач жолго түшөт.

Ошол кезде уудан кайтып келаткан Шакераб жолдон кезигет. Ага болгон окуяны Шариф төкпөй-чачпай айтып берет. Муну уккан Шакераб:

– Аа, тууганым! Сени өлүмгө кыйган ата-эне мени соо коймок беле, мен да сени менен болом, – дейт.

Жанындагы жолдошторуна:

– Атама бир кайберенди кубалап баратып аскадан учуп өлдүдеп койгула, – деп, дилдесинин жарымын берет.

Ошентип, эки бир тууган төгөрөктүн төрт бурчун кезип, сапар тартып кете беришет. Таң атканда жол тартып, күн баткан жерде түнөшүп, нечен күндөр өтөт. Арып азышат. Чарчашат.

Бир күнүбир үңкүрдүбашпаанек кылып отуруп, эки жигит өлүк уйкуга кетет. үңкүрдүбайырлаган эки баштуу жылан бар экен, сойлоп келип эки жигитти көрөт. Айдын жарыгынан Шарифтин сулуулугуна таң калат, сугу артат. Акыры жылан Шарифти мойнунан кысып өлтүрүп коёт.

Таң атат, чарчап көпкө уктаган Шакераб туруп караса иниси өлүп жатат. Шоруна шор кошулган жигит көмөйүн десе, эч нерсеси жок айласы кетет. Акыры бир аз дилдесин чүпүрөккө жарымын ороп: «Бул жигит хандын уулу эле жер кезип жүрүп набыт болду. Боорукер бирөө болсо ылайыгын таап, жерге жашырып койсун, акысы жигиттин чөнтөгүндө», – деп, кат жазып таштап коёт. өзүыйлап-сыктап жолго түшөт.

Ошол тоодо илгертен бери көп мал күтүп, элден четтеп тиричилик өткөргөн кемпир-чал бар экен. Алар өмүр бою бала көрбөптүр. Бир күнүкемпири отуруп чалына кеңеш салат.

– Абышка, эми жашарын жашадык, кудай бизге перзент айтпады. өсөрүбүз калган жок, өлөрүбүз калды. Малды айдап базарга саталы, өзүбүз керектүүсүн алалы, калганын бей-бечараларга таркатып берели, эл эптеп экөөбүздүкөөмп коёр, – деп айтат.

Чалы макул болуп, малын базарга сатып, элге келатышып, жолдо түнөш үчүн жол боюндагы бир үңкүргө кайрылышса, бир жигиттин өлүгүжатат. Андагы катты окуп, мунун аты Шариф экендигин билишет. Жакшылап байкашса, муунуп калган жигиттин толук жаны чыккан эмес экен.

Муну бир кудай жеткирди деп, шашкалактаган чал-кемпир жигитти айылга жеткирип, жыгач тепшиге сүт толтуруп, Шарифти салып коюшат. Жыландын заары сүткө чыгып, жигит акырындап жандана баштайт. Ошентип, Шариф айыгып чал-кемпирге уул болуп калат. Кампайып бөксөсүтолуп кемпир-чал бар тапканын уулунан аябай жашап калышат. Шариф карылардын отунун алат, суусун тейлейт, малын карайт.

Шакераб аз жүрдүбү, көп жүрдүбүбир кезде бир чоң шаардын дарбазасына келип жетет. Келсе шаардын көчөлөрүндө эл батпайт. Чал-кемпир, бала-бакырасына чейин көчөдө ызы-чуу жүргөн элди көрүп таң калат. Акыры жолоочулардын бирөө шаардыктын бирөөн токтотуп, ызы-чуунун себебин сурайт:

– Ээ, – дейт тиги адам, – биздин элдин ханынын өлгөнүнө бүгүн үч күн болду. Хан өлөрүндө осуятын айтыптыр. Анын учар кушу бар экен. «Мен өлгөндөн кийин кушту коё бергиле, куш кимдин башына консо, ошону хан шайлагыла» деген. Ошондуктан бүгүн үч күндөн бери куш айланып, эч кимге конбой учуп жүрөт. Кимибизге конор экен дегендер үч күндөн бери уйку көрбөй көчөдө жүрөт. Силер да шаарга кирип, бактыңарды сынап көрсөңөрчү, – дейт.

Тиги сөздөн улам жолоочулар шаарга кирет. Баягы куш айланып келип Шакерабдын башына конот. Дүрбөлөңгө түшкөн падыша сарайынын адамдары Шакерабды килемге салып көтөрүп, такка отургузушат. Эл өзүнүн акыйкат ханынын осуятын ушинтип аткарат.

Күндөрдүн биринде эл башына алаамат түшөт… Бир ажыдаар болуп, ал күн сайын бирден кыз жутат. Кызды хандын өзүжетелеп келип, ажыдаарга берчүэкен. Болбосо ажыдаар шаарды бүт койбой, жутуп коюшу мүмкүн экен. Күн артынан күн ээрчип нечен сулуу кыздар, нечен элдин гүлүсоолуптур.

Кезек акыры Шариф уул болгон чал-кемпирге жетет. Анткени алардын коңшусунун жалгыз кызы бар экен. Хан ошону ажыдаарга бермек болот. Чал-кемпир бүк түшүп жатып калат. Ботодой боздоп, ыйлайт. Муну уккан Шариф ата-энесинен сурайт:

– Э, балам, – дейт анда абышка, – эмнени сурайсың. Бул – биздин элдин башына түшкөн балээ. Ажыдаарга жем болмок кезеги биздин кошунанын кызына келди. Бул ажыдаар нечендеген эрди жайлаган, нечендеген элди соргон. Бир кезде жалаң падышаларды жутчу экен. Эми кыздарды жута баштаптыр, – дейт.

Бул сөздүугуп, Шариф тынчып тура албай:

– Ажыдаарга мен барамын, – дейт.

Ата-энеси:

– Кой! – деп, боздоп ыйлайт.

Ага Шариф болбойт. Айтуучу келгенче кошуна кыздын кийимин кийинип, койнуна абышканын албарс кылычын катып, даярданып турат. Акыры хандын желдети келет. Шариф кыз хандын алдына барат. Хан кызды жетелеп, ажыдаарга жөнөйт. Ажыдаар көрүнгөндө хан:

– Кош бол, кызым, – деп кайра тартат.

Көп өтпөй эле Шарифти шамал дегдеңдетип ажыдаарга айдай баштайт. Ал ажыдаардын оп тартып жатканы экен. Омуроодой таштар учуп, дарактар жулунат, Шариф алмас кылычты тике кармап, баса берет. Алты кес ажыдаар ортосунан тең бөлүнүп калат.

Баланы алып кеткенден эртеси эки кошуна эмне болсо да бир барып көрөлү, баланын өлгөн жерине шам жагып келели, – деп жөнөйт. Кемпир-чал келип, көргөн көздөрүнө ишенишпейт. Ажыдаар тең бөлүнүп жатат. Ажыдаардын ортосунда Шариф жатат. Жигитти алып байкашса, чыгар-чыкпас жаны бар. Шашылыш айылга жеткирип, дарыгерлерди чакыртып, жигитти айыктырып алышат.

Жигит күчүнө киргиче күндөр өтөт. Айлар жылат. Кемпир-чал уулуна сыймыктанып, жашай берет.

Күндөрдүн биринде айылдагы соодагерлер башка бир шаарга соодагерчиликке жөнөп калат. Эл менен кошулуп Шариф да кемпир-чалдын кем-карчын алып келүүгө жөнөмөкчүболот. Соодагерчиликке төөсүжок, эшек токуп, тапкан-ташыгандарын артып, кемпир-чалдын азыноолак жандыгын айдап, жолго түшөт.

Соодагерлер көп кечикпей шаарга келишип, буюмдарын сатып, дүр-дүнүйө алышат. Шариф да колундагыларын сатып, керектүүбуюм-теримин издеп жөнөйт.

Ошол күнүсакалдуу бир карынын сандык жетелеп жүргөнүн көрөт. Сандык бас десе басат, токто десе токтойт. Соодагерлердин эч кимиси сандыкты албайт. Бирок ага Шариф кызыгып калат.

– Мунун ичинде не бар?

– Не бар, не жогун билбейм, – дейт кары. – Сандыкты алган да арманда, албаган да арманда, наркы жүз дилде. – Сандыктын ээси ушинтип жар сала берет.

Шариф көпкө чейин ойлонуп: «Албай арманда калгыча, алып арманда болоюн» – деп, дилдесин санаса туура жүз дилде экен. Жүз дилдени берип, сандыкты сатып алат. Шариф сандыкты алып келатса, сандыктан кыздын үнүчыгат:

– Шариф, – дейт кыз, – мени сатып алдың, эми мен сендикмин. Бирок сандыкты үйүңө бармайынча ачпа, азыр мага өмүр баяныңды, башыңан өткөндөрдүайтып, жазып бер, анан мен айтканды кыл, – дейт.

Жигит макул болуп, өмүр санжырасын жазып, сандыктын жыртыгынан кызга берет.

Күн кечтеп, соодагерлер жолго чыгышат. Жолдо күн батып, соодагерлер бир дарыянын боюна түнөйт. Шарап ичип чардашат. Кой союшуп, тамакка карк болушат. Аларга кошула албаган Шариф четте тиричилигин өткөрө берет. Бир кезде кызыган соодагерлердин бири Шарифке:

– Сандыгыңды ач, – деп асылат. Шариф:

– Ачпайм, – деп болбойт.

Бекер отурган соодагерлер жабыла турушуп Шарифти кармашып, байлап сандыкты ачышат. Сандыкта ай десе Ай, күн десе Күн бир сулуу кыз олтурат. Сандыкка Шарифти салып, кызды алып калып дарыяга ыргытып жиберишет.

Соодагерлер таң аткыча кызды талашып, кызыл чеке болушат. Бирок эч ким бир бирине ыраа көрбөйт. Талаш күн көтөрүлгөнчө созулат. Акыры соодагерлердин бири:

– Талашты ханга барып чечели, – деп кеңеш берет.

Ошентип, алар кызды жетелеп ханга келишет. Соодагерлер болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып беришет. Падыша ойлонуп туруп:

– Таң атканча чечимге келе албасаңар, күн батканча да чече албайсыңар, эми кыз хандыкы болот, силердин акыңар жок – деп, соодагерлерди жолго салат. Падыша кызга үйлөнмөккө тойго даярдана баштайт.

Той камы аяктап калат. Кыз падышага кирүүгө уруксат сурайт.

– Улуу урматтуу, таксырым, – дейт кыз, – мага үйлөнөрдөн мурун менин тагдырымды сура. Мен бирөөнүн сатып алган аялымын. Мен ошого гана аял болом – деп, Шарифтин баягы жазып берген өмүр санжырасын ханга берет. Санжыраны окутуп, биринчи үйүнөн качкандагы окуяны, жылан чаккан окуяны угуп эстен танат. өз колу менен ажыдаарга алып барганын угуп экинчи эстен танат. Хан көптө эсине келип, шашылыш соодагерлерди чакырат. Кызды хан сарайына табыштайт. Анткени бул хан баягы Шарифтин бир тууганы Шакераб болчу. Инисинин көргөн күнүн угуп, бир кайгырса, тирүүболгондугун угуп бир кубанат. Шашылыш желдеттерин жиберип соодагерлерди алдырат. Ошондо соодагерлерге карап мындай деген экен:

– Силер менин бешенемдеги жалгыз бир тууганымды жайлапсыңар. Азыр жолго чыккыла да, Шарифти издегиле. Тапмайынча келбегиле. Таппасаңар башыңарды алам, ким тапса, ошого жарым хандыгымды берем, – дейт.

Соодагерлер жер кезип, суу бойлоп жөнөшөт.

Колу-буту байланган шордуу агып жүрүп отурат. Дарыя бара-бара айрык-айрыкка бөлүнөт. Акыры бир айрык менен агып барып, бир кары дыйкандын суу парасына кабылат. Суу сугарып жүргөн дыйкан сандыкты таап алат. Көтөрүп көрсө оор. Кемпирин чакырып, экөөлөп суудан чыгарышат. Ичин ачса, колу-буту байланган сулуу жигит. Сууда жатып көгөрүп калган. Дароо эмчини чакыртат. Шариф кеч күүгүмдө көзүн ачат.

– Уулум, сени бизге кудай жеткирди, – дейт дыйкан. – Мен карып, тириликке жарабай калдым. Сен бизге бала бол. Бар дүйнөбүз сеники. Кызыбыз бойго жетип олтурат. Экөөңүүйлөнтөбүз. Терим-жыйымда, – дейт.

Шариф ошентип өлбөгөн күнүнө ыраазы болуп, дыйкандын үйүндө жашап калат. Арадан көп күндөр өтөт. Ошол айылда бир дарыгер бар экен. Ага алыс жерден үйрөнчүк келчүэкен. Дыйкан да Шарифке бир өнөр үйрөтөйүн деп, дарыгерге берет. Шариф дарыгерге үйрөнчүк болот.

Дарыгер көп жылдардан бери хандын увазирлеринин аялын дарылап жүрчүэкен. Ал катуу оорудан буту-колу кыймылдабай калган экен. Күндөрдүн биринде дарыгер увазирдин аялынан капалуу кайтат. Көрсө, абалы начарлап калыптыр. Дарыгер келип ойлонуп, не болсо да түн күзөтөйүн дарылап көрөлүдеп, үч шакиртин чакырып алып, тапшырма берип, дары дайындап аялга жөнөйт.

Түнүменен мына бул дарыны жыттатып олтургула, эгер өлүп баратса, муну бергиле, эгер таң атканга жетсе, жакшы болуп кетер дейт.

үч шакирт табыптын айтканындай кылып оору аялдын жанында түн күзөтүшөт. Түн бир убак болуп увазир уктаганы кетет. Бир кезде аялдын колу шалак деп төмөн түшүп кетет. Аны Шариф кармап өйдө кылат. Ошондо аял көзүн ачып жиберген экен. Эми түзүк болуп калды деп, уйкусу келген экөө эс алганы кетет. Көп өтпөй аял тилге келип, мындай дейт:

– Уулум, сен тегин неме эмес экенсиң. Сен колуман кармаганда сол эмчегимен сүт дирилдеп кетти. Ишенбесең кара. Эми оң колуму карма – дейт. Шариф аялдын оң колун кармайт. Аялдын оң эмчегинен сүт агат. Сен менин уулум окшойсуң, тарыхыңы айтчы, эмчегими эм, – дейт. Ыйлап-сыктап эне-бала көрүшөт.

Көрсө, бул илгери хан атасы соодагерлерге арттырып жиберген эки бир туугандын энеси экен. Кубаныч ташыган Шариф энесинин эмчегин ээмп, кучактап жашып, уктап калат. Таңга маал увазир ойгонуп, аялына келсе, жигит менен кучакташып жатат. Аялынын төшүачык, жигит эмчекти бүлкүлдөтүп соруп жатат. Сүт агып, бүт көйнөгүбулганыч. Увазир көргөн көзүнө ишенбей, каарына келип, кылычын алып, экөөн тең чаап таштоого чуркайт. Бирок ойлонуп туруп аялын ойготот.

– Сабыр кыл, урматтуум, – дейт аялы, – бул менин уулум, мен уулуму таптым, – деп, куландан соо басып кетет.

Кубаныч ташыган увазир көп дүнүйө берип, үч шакиртти үйүнө жөнөтөт. Шариф адатынча кары дыйкандыкында жашай берет. Анан жыйым-терим мезгили келет. Дыйкандын алган түшүмүн шаарга сатууга Шариф кетет.

Шакераб хан бир тууганынан эч дарек алалбайт. Ал жети ханга чейин кабар берет, бирок инисинен кабар жок. Күндөрдүн биринде ууга чыгып, көңүл ачып келатып дайрадан өтүүгө көпүрө издеп калат… Аңгыча жогортон торпок айдаган кызды көрүп, ага кайрылып көпүрө сурайт. Кыз башын көтөрбөй, улуу таксырым, бул суунун жолу көп, кубанычтан кору көп, эптеген өтөт, эптебеген түбүнө кетет, төмөн барсаңыз, таксырым, кечүүбар, жакын, жакын да болсо алыс, жогору барсаңыз, таксырым, көпүрө бар, алыс, алыс да болсо жакын. Менин үйүм суу бермейдин боюнда, суу дайранын тоондо – деп, кыз басып кеткен экен.

Шакераб кыздын айтканына таң калып: «Жакынына кирейин, үйүмө тез жетейин, ушул кызды алдырып, чын сырын билейин» – деп, кечүүгө салат. Хан алгыр атын жигиттери келе электе эле сууга салып, бирок аты мүдүрүлүп агып жөнөйт. Жигиттер чаап жетпей калышат. Хан көпкө акпай баягы дыйкандын арыгына агып келип суу парага кептелип калат. Ошол кезде суу парасын жайгаштырууга келген дыйкан парага илинген адамды көрүп, чыгарып алат. Дыйкан дарыгерлерди чакыртат. Кыз үйүнө келсе жана көргөн Шакераб чала жан жатат.

Хан эсине келгенде, кызга жеңилдим, акылыңдан айланайын деп таазим кылып жактырып, хан сарайына алып кетмекчи болот. Кары дыйкан мындан мурда агып келген жигит жөнүндө ханга билдирип, кызынын тагдырын айтат. Шакераб эси ооп жыгылат.

Шакераб ак сарайына келип, дароо жигиттерин башка хандыкка кеткен дыйкандарга чаптырат. Бирок жигиттер Шарифти таба албай келишет.

Дыйкан карынын уулу Шариф баягы жүгүменен үч түнөп бир шаарга келген эле. Дыйкандар эгинин сатып карашса, баарынан Шарифтики көп дилде болуптур. Ошондо эки ач көз дыйкан макулдашып, Шарифти өлтүрүп, дүнүйөсүн тартып алууну ойлошот. өлтүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой, жолдо түнөп калышат. Түнүндө тиги экөө акырын туруп жигитти басып оозун таңып, жарга алып жөнөйт. Аңгыча алардын алдынан хандын желдеттери чыгып калат да, тигилердин чапандарын чечүүгө буюрат. Анан таңылган Шарифти чечиндирип кубанып кетишет. Жигиттер Шарифке, улуу урматтуум, – деп таазим кылышып, карасанатай тиги экөөн жардан алыс ыргытып жиберишет.

Шарифти урматтап ханга алып жөнөшөт. Көрсө, ошол элдин ханы карып эл бийлей албай калганда, хандыкты бирөөгө берүүнүойлойт. Хандын өзүнүн баласы жок экен. Хан акылман улуктарын, төлгөчүлөрүн чакыртып, кеңеш сурайт. Ошондо бир төлгөчүмындай дейт:

– Оо, биздин акыйкат өкүлдөр, төлгөнүн айтышына караганда, сиздин шаарда оң далысынын астында бармак басым калы бар, бир тентиреген жетим жүрөт, ошону хан шайласа, уругу көп жылга уланып акыйкат, адил хан болот, – дейт.

– Ошону алдыр өкүмдар.

Ошол себептүүхандын жигиттери шаар кыдырып калы бар жигитти издеп жүрүшкөн. Түндө таап, жигиттер Шарифке урмат көрсөтүшкөнүда ошол себептүү. Ошентип, Шариф да эл бийлеген хан болуп калат. Муну хан Шакераб угат, бирок ал тууганынын оң далысындагы калын билбеген болот.

Күндөр өтөт, күн артынан ай өтөт. Бир күнүШакерабдын эшигинде бир дубана пайда болот. Дубананын эки көзүкөр экен. Дубананы күндөрдүн биринде сарайда сейилдеп жүргөн хандын увазиринин аялы көрүп, таанып калат. Бул дубана баягы бактылуу замандагы өзүнүн күйөөсүШакераб, Шарифтин атасы Руптан хан эле. Дубанага боору ачыган аял ага кийим кийдирип, оокат бердирет. Аял дубананын сырын сурайт. Дубана бир кезде хан экенин, аялы, эки уулу бар экенин, кийин аларды кетиртип башка жаш аялга үйлөнүп, балалуу болгондугун, ал баласы чоңоюп, хандыкты талашып, атасынын көзүн ойдуруп, айдаттырып жибергенин айтат. Дубана эми өлгүчө балдарынын амандыгын угууга зар экендигин билдирип ыйлайт. Ошондо увазирдин аялы балдарын эстеп, эстен танып жыгылат. Падышанын сарайы тополоңго түшүп кабар ханга жетет. Шакераб хан бардык окуяны угуп, энесин көрүп кучактап жыгылат. Булардын сырын уккан дубана жүрөгүжарылып, набыт болот.

Ошондо энеси Шакерабга Шарифти көргөндүгүн, уулун көрүп кубанып, айыгып кеткендигин баяндайт. Шарифти издет, – дейт энеси. Анын оң далысында бармак басым калы бар эле, – дейт. Ошондо Шакераб хан коңшу ханы өзүнүн бир тууганы экендигин билип, ага жөнөйт.

Ошентип эки бир тууган өлбөстүн күнүн көрүп, акыры кубаныч менен жолугушат. Шакераб кары дыйкандын акылман кызына үйлөнөт. Шариф өзүнүн сандыктагы кызын алат. Кан сарайына Шакераб кары дыйканды, Шариф жыландын уусунан сактап калган чал-кемпирди алып келип сыйлашат.

Ошону менен энесинен бөлүнбөй эки бир тууган Шакераб Шариф коңшу хандыкта ынтымактуу, акыйкатта жашап калышкан экен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-04-2011
Жомоктор топтому
90144

06-04-2011
Жомокчу
140912

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×