Добавить статью
8:38, 3 мая 2011 224660

Талас салгылашуусу жана анын мааниси

Фото_Кененсариев Ташманбет Кененсариев

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор

Араб халифатынын Орто Азиядагы саясий-экономикалык, өзгөчө диний таасиринин жылдан-жылга күч алып бара жатышы жана мусулман аскеринин ийгиликтүү чабуулдары Тан империясына (Кытай) геосаясаттык олуттуу коркунучту пайда кылган. Бай жана өнүккөн регион эсептелген Тураниянын кайсыл бир бөлүгүн ээлеп алуу - Тан императорлорунун мурунтан келе жаткан максаты эле. Бул максатты ишке ашырууга 552-жылдан баштап түзүлгөн күчтүү Түрк каганаты, андан кийинки Чыгыш жана Батыш түрк каганаттары, Экинчи Чыгыш-Түрк (көк түрк) каганаты, Жети-Суудагы Төргөш каганаты жол беришкен эмес.

VIII кылымдын ортосундагы Орто Азиядагы жана Жети-Суудагы эл аралык кырдаал, Төргөш кагандыгынын алсырап, карлук уруу бирикмеси менен атаандашып жатышы Тан империясынын алдына Түркстанга жортуул уюштурууга эң оңтойлуу кырдаал түзүп берген. Анын үстүнө Орто Азиянын басымдуу бөлүгүн ээлеген арабдар бул мезгилде Жети-Суунун чегине келип калган болучу. Бул кырдаалда Тан империясы, анын биринчи министри Ли-Линь-Фу корей элинин тукумунан чыккан Тань империясынын таланттуу генералы, Батыш аймактын1 (Западный край) башчысы (наместниги) Гао Сяньчжи2 баштаган чоң аскерди Жети-Сууга карай жортуулга аттандырды. Кытай армиясы көп тоскоолдуктарга учурабай 748-жылы Суябды талкалап, кийинки жылы Чачты (Ташкентти) ээлеп, анын башкаруучусу Мохэдуну туткундап, өлтүрүп салышкан. Ал эми 751-жылы болсо Тан армиясынын айрым отряддары Талас өрөөнүнө чейин басып кирген. Тан бул жерлерде шаарларды, кыштактарды тоноп, элге оор салык салуу менен бирге өздөрү менен кошо түрктөрдүн ак сөөк уругу жана падышалык улуу дөөлөтү аталган ашина түрктөрүнүн урпагы Ашина Сянды марионет каган катары ала келишкен эле3.

Ал мезгилде арабдар Мавереннагрдагы көтөрүлүштөрдү негизинен талкалап бүткөн эле. Ошондуктан, Араб Халифаты чыгыштан каптап келе жаткан Тан империясынын экспансиясына каршы турууну чечти. Анын үстүнө Тараз (азыркы Шымкент) шаарында кытайлардын авангарды менен согушуп жаткан арабдардын азганакай отрядынын башчысы Саид ибн-Хумейд, ошондой эле Чачтын Тан аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн башчысынын уулу Хорасандын акими Абу Муслимден жардам сурап, расмий кайрылышкан болучу. Натыйжада Абу Муслим өзүнүн кол алдындагы йемен арабдарынан чыккан таланттуу аскер башчылардын бири, Зияд ибн-Салихтин башчылыгында ири кошуунду Таласка жиберген. Арабдардын армиясынын курамында ислам динине кирген Мавереннагрда, Чачта, айрыкча Ферганада турган түрктөрдүн башында Үтөмбек, Туранташ сыяктуу аскер башчылары бар чакан отряды да кошо келген4.

Бул кырдаал Гао Сяньчжини Таласка карай кайрадан аттанууга мажбур кылып, анын 100 миң солдаттан турган армиясы Суябдан Чүй өрөөнүнүн түздүктөрү аркылуу Таласка жөнөп кеткен5. Кытай армиясынын курамында Тан империясына вассал болуп эсептелген түрк отряддары6, кучалыктар, кашкарлыктар жана азыраак ферганалыктар да болгон. Алардын саны 30 миңдей болгон делинет булактарда7.

Ошентип, 751-жылдын июль айында Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанында8 эки зор армиянын тарыхый салгылашуусу болуп өткөн. Булактарга караганда Талас суусунун эки жээгинде эки цивилизациянын кызыкчылыгын көздөгөн эки зор армия бири-бирине даай алышпай 4 күн турушкан делет9. Салгылашуунун тагдырын бешинчи күнү кытайлардын тылынан капыстан сокку урган карлуктар10 чечти. Жети-Суунун түндүк чектеринде жашап жаткан карлук урууларынын башчысы Жабгу кытай баскынчыларына каршы күрөштөрдө азырынча алсыз болуп, ошондуктан алар арабдарга жардам берүүгө кам уруп жатышкан эле. Карлуктар кытайлардын тылында Талас салгылашуусунун башталышына чейин эле жашыруун чоң кошуун топтоп коюшкан болучу.

Кытай аскеринин тылынан сокку урууда чигилдерден чыккан Ябгу өзү баштап согушка кирген. Капыстан урулган соккудан кытай армиясы солк этип, бирок кытай кол башчылары баш командачы генерал Гао Сяньчжи, экинчи генерал Чжан Лао башаламан түшүп кача баштаган солдаттарды карлуктарга каршы кайрадан катарга тургуза алды. Бирок, ошол мезгилде Талас суусунан араб аскерлери өтө баштап, кытайлардын фронт жагынан чабуулга кирди. Гао Сяньчжи өзү да кармашка аралашууга мажбур болгон. Арабдардын ири аскер башчыларынын бири ибн-Саббахты, арабдар тарабында согушкан Туранташты өлтүрүүгө11 жетишкени менен кытай аскерлеринин тагдыры чечилип калган болучу.

Натыйжада Тан империясынын армиясынын таш-талканы чыгып, алардан 50 миң жоокер каза таап, 20 миңи колго түшкөн12. Гао Сяньчжи бир аз гана отряды менен качып кетүүгө үлгүрдү. Кытай армиясынын ири генералдарынын бири Чжан Лао туткунга түшүп, төргөштөрдүн баатыры Байташ Тегин курман болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда чачыла качкан кытай жоокерлеринин азыраак гана бөлүгү Ысык-Көл ойдуңунан ары өтүп, Кучага (Аньси) жете алган, көбү тоо-таштын арасында өлгөн делет. Кыргыз элиндеги “кытай, кытай кырылгыр, кырк дөбөгө жыйылгыр” деген тарыхый макал мүмкүн ошол окуяны чагылдырып тургандыр...

751-жылы болгон Талас салгылашуусунун тарыхый мааниси зор. Анткени, анын натыйжалары Борбордук Азияда жашаган түрк элдеринин кийинки кылымдардагы тагдырында алардын этно-маданий өнүгүүсүнүн багыттарын биротоло аныктап, ислам цивилизациясынын нугуна бура алган13. Талас салгылашуусунун тарыхый маанисин бир нече белгилерге бөлсө болот.

Биринчиден, салгылашуунун жыйынтыгы Тан (Кытай) империясынын Кыргызстандын аймактарына болгон саясий экспансиясын14 жана “Күн чыгыш” өлкөсүнүн Борбор-Азиянын ички иштерине кийлигишүүсүн15 миң жылга чейин токтоткон.

Экинчиден, Араб Халифатынын да аскерий жортуулдары токтоп, ушул окуядан кийинки жылдары түрк элдерин ислам динине киргизүү жараяны негизинен тынчтык-миссионердик жолго багыт алган16. Кыргыз элинин “мусулманчылыкты тажиктер менен сарттар (өзбектер) кылычтын мизи менен, ал эми кыргыздар өз макулдугу менен алган” деген ылакап сөздүн кайсыл бир деңгээлде чындыгы бар экендигин кийинки кылымдардагы окуялар ырастап турат.

Үчүнчүдөн, бул окуя бүтүндөй Орто Азия элдеринин кийинки тагдырына Ислам цивилизациясынын андан ары өнүгүшүнө жол ачып берди. Эми, 120-130 жыл мурун калыптана баштаган араб цивилизациясынын өнүгүшү саясий-согуштук мүнөздөн социалдык-маданий жана руханий багытка трансформациялана баштады. Чынында эле Хорасанды, Мавереннагрды, Фергананы жана Чачты каратуу негизинен араб жоокерлери тарабынан шаарларды, айыл-кыштактарды талап-тоноо, жергиликтүү тургундарды кулдукка алуу, каратылган аймактарга чоң суммадагы алык-салыктарды салуу, административдик-аскерий түзүмдөрдү уюштуруу менен коштолсо, эми Кыргызстандын жана Казахстандын аймактары Араб халифатына административдик бирдик катары кирбестен, ислам динине өтүүчү субьект катары гана эсептелип калган. Ошону менен бирге араб цивилизациясынын руханий баалуулуктары жаңы кыртышка сиңип, андан ары өнүгүүгө багыт алган.

Эскертүүлөр:

1 Тан империясынын Батыш аймагы азыркы Синцзянь провинциясынын чөлкөмдөрүн камтып, анын борбору Куча шаары (кытайча Аньди, Ань-дзи) болуп эсептелген.

2 Караңыз: Военная история Китая. www.free-time.ru/razdels/fight/chinhis.html

3 Караңыз: http://hoi2.ru/forum/99-2589-1#

4 Караңыз: http://hoi2.ru/forum/99-2589-1#

5 Осмонов О.Д. История Кыргызстана (С древнейших времен до наших дней): Учебник для вузов..-Б.,2005.-110-б

6 Булардын башында кара-төргөштөрдүн эр жүрөк баатыры Байташ Тегин турган эле.

7751 июль - Битва у реки Таллас. Караңыз: http://hoi2.ru/forum/99-2589-1#

8 Орто кылымдардагы чоң шаарлардын бири болгон Атлах калаасынын чалдыбары (шаар калдыктары) Талас облусунун Манас районунун чегиндеги Жоон-Төбө деген жерде жайгашкан. Караңыз: Бернштам А.Н. Археологический очерк Северной Киргизии.//Материалы и исследования по истории киргиз и Киргизстана.-Вып 4.-Фрунзе, 1941.-68-б.

9 Таласская битва./ М. Хасан, О. Шаршеналиев, А. Газиев. — Б.: «Шам», 2005.

10 VIII кылымдын орто чендеринде Алтайдан көчүп келишкен булак, чигиль (джекиль) жана ташлык деген уруулар жалпысынан “аралаш уруулар” же карлуктар деп аталып, алар тез аранын ичинде Жети-Суудан, Ысык-Көл ойдуңунан мурунку Төргөш каганатынын таянычы болгон огуз урууларын Сыр-Дарыянын төмөнкү агымдарына карай сүрүп, Теңир-Тоону, Фергана өрөөнүн, Кашкарга чейинки аймактарды ээлеп алган болучу. Алардын башчысы “Ябгу” (покровитель) деп аталган.

11 Таласская битва./ М. Хасан, О. Шаршеналиев, А. Газиев. — Б.: «Шам», 2005.

12 Караңыз: Большаков О.Г. К истории Таласской битвы (751 г.).-Страны и народы Востока.-Вып.22.-Кн.2.-М., 1980.-132-136-бб. Таластагы салгылашууда өлгөн жана колго түшкөн кытай аскерлеринин саны жөнүндөгү жогорку маалыматтар XIII кылымда жашап өткөн араб тарыхчысы Ибн ал-Асирдин “ал-Камил фи-т-тарих” (Полный свод истории) деген китебинде да берилген. Караңыз: http://www.vostlit.info/Texts/rus/Athir/ath1.phtml?id=531

13 Артыкбаев Ж.О. История Казахстана.-Астана, 2004.-159-б. Ошондой эле караңыз: Таласская битва и ее значение в жизни Центральной Азии. http://new.elim.kz/article/331

14 Тарыхый булактарда “...ошентип батыш аймактарда, Памир жана Тянь-Шань тоолорунда кытай таасири токтоду” деп жазылат. Караңыз: Военная история Китая.www.free-time.ru/razdels/fight/ chinhis.html. Чынында эле 751-жылдан кийинки Кыргызстандын тарыхында кытайлар 1000 жылдан ашуун Теңир-Тоого келген эмес.

15 Большаков О.Г. К истории Таласской битвы. "Страны и народы Востока", 1980, вып.22.кн.2.

16 Тарыхта Талас салгылашуусунан кийинки жылдары Мавереннагрдагы жергиликтүү калктардын айрым бир козголоңдорунан башка Сыр-Дарыянын оң жээгинен баштап түндүккө карай созулган аймактарда, ошонун ичинде Кыргызстандын чөлкөмдөрүндө да, араб армиясы менен ири кагылышуулар жөнүндө эч кандай фактылар учурабайт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

03-05-2011
Ислам дининин Кыргызстанда таралыш тарыхынан...
226579

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×