Добавить статью
6:53, 24 мая 2011 22056

Улуу актриса өмүр соңунда жалгыз калып, тагдыры кайгылуу аяктаган

28489 Кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкеева 1923-жылы Чүй облусуна караштуу Кант районундагы Төкөлдөш айылында жарык дүйнөгө келген. Ал он төрт жашынан тартып театр өнөрүнө аралашып, кийин жалпы улуттук масштабдагы улуу актрисага айланган. Мындай дөөлөткө жалпы улуттук масштабдагы улуу инсандын кадыр-баркына ээ болгон өнөр ээлери кыргыз элинде өтө сейрек. Ошол сейрек инсандардын бири Бакен Кыдыкеева 1944-жылдан баштап, анын чыгармачылык жолунда жаңы этап башталган. Бул мезгилдерде ал өз мекени үчүн жанын үрөп иштеген эмгекчил аялдардын: К. Жантөшевдин «Курманбек» эпосундагы Айганыштын образы, А.Фадеевдин «Молодая Гвардия» чыгармасындагы Уля Громованын, К.Симоновдун «Русский вопрос» чыгармасындагы Джессинин, В.Шекспирдин «Отелло» чыгармасындагы Дездемонанын образын жарата алган.

1946-жылы Б.Кыдыкеевага өзгөчө образдарды жараткан талыкпаган эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти», ал эми 1955-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамы ыйгарылган. Кыдыкееванын таланты жылдан-жылга өркүндөп, өмүрүнүн акыркы жылдары ал жаркын образдарды жарата алган. Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларына тартылган кинофильмдердин атап айтсак, «Бетме-бет» чыгармасындагы Сейденин образын, А.Грибоедовдун «Горе от ума» чыгармасындагы Софинин образын көрөрмандарга жеткиликтүү кылып аткарганы бүгүнкү күнгө чейин эскерилип келет. 1

Бакен Кыдыкееванын ушул өзгөчөлүгү - эпикалык айкөлдүгү, даанышмандыгы дароо баамга түшө турган касиети. Улуу актрисанын европалык репертуардан тартып, орус драматургиясы, кыргыз пьесаларында жараткан ар кыл образдарын бириктирип турган ички жалпылык да, алардын рухий дүйнөлөрүнүн айкөлдүгү. Эл оозунан түшпөй, кыргыздардын жүрөгүнө өтө сүймөнчүлүктүү болгонунун эң башкы сыры да актрисанын ушул касиети. Театр адистеринин, калемгерлердин мүнөздөмөсү менен «эл кызы» атка конгон улуу актриса кыргыз театры үчүн кайталангыс, уникалдуу көрүнүш. Кыдыкеева сахналык жашоосунда да, жеке турмушунда да бул ыйык сезимге аяр мамиле кылган, алпештеп таза сактаган, ошого берилген, аны эч качан сатпаган адам. Тагдырдын кандай гана соккулары болбосун, кабагым-кашым дебестен, солк этпей көтөрө билген, эрки күчтүү аял заты болгон.

Улуу талант эң алгач 1955-жылы «Салтанат» фильминде, акыркы жолу1982-жылы «13-небере» аттуу фильмге тартылып, жалпы 12 фильмде аялдардын образын жараткан.

p_F Анын ысымы менен кыргыздын улуттук маданиятынын көптөгөн тарыхый башталыштары, окуялары тыгыз байланышып турат. Кыргыздын улуттук алгачкы толук метраждуу көркөм киносу да Кыдыкеева менен байланышкан. «Салтанат» фильми чындыгында эле «кыргыз керемети» деп аталган улуттук кинонун чыныгы салтанаты болгон. Улуттук көркөм маданияттын символуна айланган. «Төкөлдөштүн төрт кызы» деп атагы кеткен Сабира Күмүшалиева, Сайра Кийизбаева, Даркүл Күйүкова эжелеринин эң кенжеси, тирүү легендага айланганы да Кыдыкеева болуп эсептелет.

Ушул кезге чейин Кыдыкеева жөнүндө Абас Сырымбетов тарабынан жазылган эки китеп анын таланты, кыргыз театры менен киносунда ээлеген орду, 20-кылымдагы улуттук көркөм маданияттагы баасы жөнүндө улам жаңы көз караш жаралып турарында эч кандай шек жок. Кыдыкеева жараткан образдар кылымдарга чейин ташка тамга баскандай болуп сакталып турат. Кыскасы, анын таланты улуттук тарыхта өз баасын алган.

Кыргыздын ай чырайлуу актрисалары Бүбүсара Бейшеналиева, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева үй-бүлө бактысына ээ боло алган эмес, сүйүктүү жар кучагына термелбей, өмүр соңунда жалгыз калып, тагдырлары кайгылуу аяктаган.

1990-жылдын баш чагында Бакен Кыдыкеева жаш курагы келип калды, оорулуу делип, 68 жаш курагында Улуттук кыргыз драма театрынан жумуштан чыгарылган. 165061

Мындан 18 жыл мурда, 1993-жылы декабрь айында кыргыздын театр жана кино өнөрүндө өлбөс-өчпөс из калтырган улуу актриса каза болгон. Анын трагедиялуу өлүмүн иликтеген эч ким болгон эмес.

Убагында «Борбор Азия кыздарынын бермети» деген атакка татыктуу болгон, айтылуу актриса Бакен Кыдыкеева да 30-декабрда республикалык жаштар театрында кесиптештерин, шакирттерин жаңы жылы менен куттуктап, жүрөктөн чыккан-каалоо тилектерин айтып отурган.

Марат Жанталиев Бул күндү аталган театрдын белгилүү актеру Марат Жанталиев төмөндөгүчө эскерген: - 1993-жылдын 30-декабрында жаңы жылдын алдында биздин театрга маяна берди. Мен бухгалтерияга кирсем, Бакен эже ошол жерде отурган экен. Колунда шампан куюлган бокал. Биз укпаган, сахнадан, экрандан көрбөгөн укумуштуудай керемет ырлары бар экен. Ошол ырларын окуп, сонун обондорго кошуп созолонтуп ырдап, ажары бөтөнчө ачылып турду.

Марат Жанталиев белгилегендей, ошол кезде дагы бир таланттуу эл артисти, театр жана кино өнөрүндө кайталангыс образдарды жараткан айтылуу Алиман Жангорозова каза болуп, анын сөөгү 31-декабрда кыргыз драма театрынан чыгарылмак экен. Бакен эже таксиге түшүп баратканда, мен «эже, эртең Алиман Жангорозованын тажыясына келесизби?», - деп сурадым. Анан ал «мен сөзсүз келем. Алиман менин энем. Энеме кантип келбейин», - деди. Анан эртеси 31-декабрда Кыргыз драм театрына келип Бакен эжени карасам, көрүнгөн жок. Алиман Жангорозованын сөөгүн жерге жашырып келип, элден Бакен эжени сурасам, эч кимиси аны көрбөгөнүн айтышты. Мен эжени ооруп калган экен деп ойлодум.

img_5201 Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров: - Мен тилекке каршы Бакен эже менен көзмө көз көрүшүп, сүйлөшүп иштеше албадым. Угушума караганда, ал кыргыз элинин сулуу, ай чырайлуу, таланттуу актрисасы болгон. Ал бир канча кинолордо өзгөчө ролдорду жараткан, өмүрүн кыргыз театрына арнаган. Бирок эженин трагедиялуу өлүмү ошол учурдагы бийликтин искусство адамдарына болгон салкын мамилеси деп билем. Анткени эже автокырсыктан каза болуп, аны коюп кеткен автоунаанын ээси качып кеткен. Бакен эженин сөөгү таанылбай 18 күн моргдо жатып калган. Мээрбан айым таанып калып, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Ушундай жаркын талантка дагы деле эстелик тургузулган жок. Мен бийликти же жакын туугандарын күнөөлөөдөн алысмын. Бирок ушундай кыргыз элине кызмат кылган таланттарыбызга өз учурунда көңүл бурулса жакшы болмок.

КРнын эл артисти Муканбет Токтобаев: Жашоосун театрсыз элестете алчу эмес…Муканбет

- Бакен эже биздин искусствого бир гана жолу жаралган залкар эле. Мындай адамдар жүз кылымда бир жаралса керек. Анда да жаралса биздин муун эми мындай таланттарды көрбөй калдык го. Жараткан ал кишиден талантты аябаптыр. Анын талантын, биздин маданиятка сиңирген эмгегин сөз менен айтып жеткире албайсың. Ал эми адамдык сапаты туурасында айтсам, түз жүрчү. Кайсы жерде, ким болбосун, адамдын кемчилигин бетке айткан, бетке чабар, өжөр, эмгекчил, айтканынан кайтпаган жан эле. Башка аялдар сыяктуу ушак айтып, бирөөнү жамандап, бут тосуп, ичи тардык кылчу эмес. Анын бир өзгөчө, көпчүлүк баалаган мыкты сапаты бар эле. Жумуш учурунда башка нерсеге такыр көңүл бурчу эмес. Ал даярданып жатканда кокустан бирөө катуу басып, үн чыгарып калса, сыртка чыга калып: «Ой, сен эмне көчөдө жүрөсүңбү? Бул жер деген театр. Бул жердеги кишилер чыгармачылык менен алектенип жатышат. Маданият деген барбы»- деп ордуна коюп койчу. Азыр андай кишилер жок. Театрдын ичи будуң – чаң… Бир жаман жери, Бакен эжени карыган кезде театрдан чыгарып ташташкан. Күнөө кимден кеткендигин билбейм. Ошондо аябай катуу кейиген. Ал жашоосун театрсыз элестете алчу эмес. Бул жетекчилердин кетирген кемчилигинен улам болдубу, же өзүнүн мүнөзүнөн улам чыктыбы, билбейм.

Зуура Акынова, КРнын эмгек сиңирген артисти: Чанда жарала турган талант эле…

Бакен эже менен 1977-жылдан тартып чогуу иштеп калдым. Ал киши кыргыз эли үчүн жаралган асылзат аялзаты эле. Ошол чогуу иштеген жылдары ал кишинин бирөөгө кошомат кылганын, эки жүздүүлүгүн байкай албадым. Аябай калыс, бетке айткан, түз жүргөн аялзатынын бири эле. Ушактан да алыс болчу. Адамдын артынан сүйлөчү эмес. Кемчилигиңди бетке айтып, катачылыгыңды көрсөтүп койчу. Көңүлгө карап, калп сүйлөп, калп жылмайганын да көрбөдүм. Эркек мүнөз эле. Биз үйүнө көп барып калдык. Катышып турчубуз да. Үйүнүн тазалыгына сөз жок. Баары ирети менен турчу. Аябай таза эле. Тазалыгын мындан билиңиз, бир жолу чогуу гастролго чыгып калдык. Барган үйдүн шейшептерин салынбай, өзү көтөрө барыптыр. Бакен эжеден көп нерсени үйрөндүк. Анын талантына сөз жетпейт. Ал кылымда бир жаралуучу адам эле. Мындай адамдар чанда гана жаралат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×