Добавить статью
10:22, 26 мая 2011 7219

Кой этин устукандоо жана табак тартуу

Эт бышкандан кийин, казандан же мискейден атайын депкир, сузгучтун жардамы менен өзүнчө бир табакка же чарага чыгарылат. Этти чыгарууда устукандар эти менен ажырабай чыгарылуусу керек. Устукандарды ар бир табакка бөлүү табак тартуу деп аталат. Ар бир табакка жиликтерди бөлүүнү устукандоо деп эсептесек болот. Табак коноктун санына, сыйына жараша тартылат. Мисалы, төрт же беш кишиге бирден табак тартылат. Табак коноктун сыйына жараша жогорку (улуу) табак, ортончу (экинчи) же кичүү табак делип бөлүнөт. Жогорку табак коноктун, куда сөөктүн аксакалдарына, сый конокторго тартылат.

Кыргыз элинде этти устукандоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт. Жумшак эттүү, майлуу устукандар аксакалдарыбызга, карыларга, сыйлуу конокторго (куда-сөөккө) тартылат. Мисалы, жамбаш, карчыга, кашка жилик, жото жилик улууларга, аксакалдарга гана арналат, Арка, моюн, далы, кар жилик жаштарга тартылат. Эн улуу устукан болуп жамбаш эсептелинет, андан кийинкиге кашка жилик, жото жилик, карчыга тартылат. Ал эми куймулчак аялдардын улууларынын үлүшүнө тиет. Баш улуу устукандарга кирет, кийинки убактарда баш кичүүлөргө тартылып келе жатат. Ысык-Кал, Нарын аймактарында кар жилик кыздарга тартылбайт (тез карыбасын деген мааниде), күң жилик табакка таптакыр тартылбайт. Карчыга болсо, кабыргаларга бөлүнүп, жетишинче башка устукандар менен бирге тартылат (эгерде устукандар меймандарга жетиштүү болсо). Башты табакка тартканда, бир кулагы кесилип коюлат. Табак тартуудан мурун, уй ээсине ооз тийгизет. Ар бир табакта отургандардын кичүүсү устукандан (эттүүлөрүнөн) этти беш бармак жасоого туураш үчүн кесип алып, устукандарды ар бир кишиге улуулугуна, сыйына, жолуна жараша ыйгаштырат. Табакта отургандардын кичүүсү бөлүнгөн сулп этти майда туурап, беш бармак жасайт. Беш бармак майда тууралган этке кесме (камырды), ысык сорпону (чыкты) кошуп жасалат. Айрым учурда жегиликтүү болсун үчүн, чыкка тууралган пиязды кайнатып кошот.

Эт чыгарылып, табак тартаар маалда коноктордун колдоруна уй ээсинин кичүү баласы же туугандары жылуу суу куюшат. Беш бармак желип бүткөндөн кийин табактар алынып, дасторкон жыйналып, бата кылынгандан кийин, колго ыкчам суу куюлат.

Кашка жиликтен томук, жото жиликтен чүкө чыгарылат. Алар мүлжүлүп-тазалангандан кийин оюн ойноого жумшалат. Ар бир устуканды таза мүлжүү керек, жиликтери чагылып, чучуктары желет да, кийин итке берилет, же жерге көмүлүп, отко жагылат. Таза мүлжүнгөн далынын сөөгүнүн көрүнүшүнө жараша келечектеги турмуш да сүрүлөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-05-2011
Эт бышыруу
10733

26-05-2011
Кой этин жиликтеп-мүчөлөө
16083

24-05-2011
Койду муздоо жана терисин сыйруу
10860

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×