Добавить статью
7:13, 31 мая 2011 39128

Уруу ичиндеги бөлүнүүлөр

Ар бир уруу урук урук, айыл айылга, «чоңайыл», «кичиайыл» (курама) болуп бөлүнөт. Маселен, бугу өз ичинен арык, белек, тынымсейит болуп уч урукка бөлүнөт. Бул уч урук да алда нече атага, айылга бөлүнөт. Булардан тарагандардын кимиси болсо да бугу уруусунун ичннде езүлерүн тең ата санашат. Бугу уруусунун ичннде бугуга курама болгон бир нече уруктар бар. Маселен, деелес, саруу, коцурат, торок, отуз уул, эстек, кызыл сакал ж. б. Булар букара, «кичуу ата» болуп эсептелет. Курама уруктардын тутуну кептеру өзүнчө айыл болуп, тутуну аздары чоң атаныи балдарынын биреенун кол алдында болот. «Үйунде кепту талаадан киши урбайт» дегендей чоң атанын балдары кайда болсо чон, букаранын балдары кайда болсо кор. Адатта чоң атанын балдары ардакталып, өзгөчерөк кадырланган. Жоокерчилик убакта чабуулдан түшкөн олжо да ата аксакалдашып бөлүнгөпдүктөн улуу атанын тукуму олжону арбын алуучу.

УРУУ ИЧИНДЕГИ КУРАМА УРУК

Бир урук өзүнүн уруусуна нааразы болсо, жакындары тсндигнне жеткирбесс, кордук көргөзсө, анда өз уруусуна таарынган урук башка бир урууга кетип да калуучу. Андай бир уруудан экинчи урууга көчүп барган урук, жацы урууга курама урук болуп кошулган. Курама урук тнги чоц уруунун кишилерине өзүн кичи ата, кичи айыл катары саначу, абдан көз каранды болучу. Кулдук даражасында болбогон менен, көз карандылык даражасы кулга жакып болчу. Малына, башына бийлик кыла албай калган учурлары да болгон.

 Эгерде жалгыз башы гана барып башка урууга кошулса, ал киши ушул айылдын же уруктун кулу катарында журүүчү. Ошондой эле жалгыз өзү барып башка уруунун кишисинин аялынын эмчегин эмген бала болсо, андай баланы «тонсуз уул» деп коюшкан. Андай уулдар баары бнр «тентнмиш», «кул» дегсн кордуктан кутула алуучу эмес.

УРУУ АРАСЫНДАГЫ КАГЫЛЫШУУЛАР

«Саяктын огу Сарбагыштын шогу Солтонун тогу Бугуиуи баарынан жогуя

Саяк, сарыбагыш чогураак келип, бугу уруусу жоош, момун эл экен. Сарыбагыш, саяктар бугуга нечен жолу чабуул коюп, олжологон учурлары кеп болуптур. Жогоруда айтылган макал ошондон келип чыккан дейт.

КУШБЕГИНДИН ЧАБУУЛУ

Бугу элиндеги Шапак деген кишинин энеси саяк кызы экен. Шапактын тукуму кийин өзүнчө эл болот. Бугу менен чырлашууга шылтоо издеп саяктын Качы деген «чоң кишиси» бугунун атактуу бийи, аксакалы Мурата ал ыга:

— Шапак биздин кызыбыздын курсагына кетип, силерде чоңойгон, биздин бала экен. Тукуму менен өзүбузгө көчүрүп бергин,— деген доо коет. Бугу өзүнүн арасындаты бир айыл элин көчүрүп бер деген Качынын доосуна катуу намыстанып макул болбойт. Ошол кезде шарт боюнча бир уруу экинчи урууда аласасы болсо уруу башы, аксакалдарына айтып доолачу. Эгер сураган доосун бербесе, эки жак кол курап чабышып, бирине-бири жоо болуп калышкан. Качынын шапагын бугу көчүрүп бербей койгон соң, Качы Кокондун ханына барат. «Бугулар бир айылдуу Шапак деген элимди бербей зордук кылды, тендигимди алууга кол бер, барып бугуну чабамын» дейт. Кокон ханы өзунүн орун басары Кушбеги дегенди баш кылып кол — черик берет (саны маалым эмес). Качы өзүнүн жана Кушбсгинин колун ээрчитип (кайсы жыл экенин таба албадык, болжол менен болууга тийиш) Түптүн кептешине барып жатып калат. Бугу үркүп Каркыра,Текести кездөн качат. Качы өзүнүн жана Кушбегинин колун баштан, үркуп качып калган элдин артынан түшөт. Бугунун эл башкарган бийлерн Муратаалы, Ыйса өзүнүн баатырлары менен кол курап Кушбеги менен сайышууга тозотко жыйналат. Качы чабуул коюп келе жатканда, Теңизбай деген уруудан чыккан Керек баатыр Качыны ыргыта сайып өлтүрүп, атын олжо кылат. Качынын колу кайра качат'. Бугулар жоонун артынан тушуп, колго тушкөндөрүн өлтүрүп, аты, тонун олжо кылышат; Кушбеги качып кайта кетет.

КӨП ЧАКЫР КЕЛГЕНДЕ

Саяк уруусунун Осмонбек, Кожомберди деген эки чину бугуну талап, олжолоп жерин жердейбиз деген ой кылат да, өзүнүн элдери менен бугунун ичине көчүп барат. Адегенде алар:

— Айылыбыз жакын болбосо арабыз алыстап, нааразычылыгыбыз көп болот экен, бирге көчүп, бирге

жүрсөк жакындашып кетээрбиз деген ой менен кече келдик,— деп алдай баштайт. Аралаша жашап, сыр алгандан кийин чабуулга даярдана башташат. Ошол учурда бугулар менен жакшы мамиледе жүрүшкөн саяктын баймепке, караш деген чоц уруулары беркилеринин :абуул коюуга кылып жаткан камылгаларын алдыртан киши жиберип бугуларга билдирип коёт. Бугулар тез камынып берки саяктарды чаап алат.

Улаколду жердеген алакөз, каба ТоруАйгырда жашаган баймөнкө, караш деген саяк уруктары ошол мезгилден бери Ысык-Көлдү жердеп келет. Бугулар саяктарды чакыр дешет. Осмонбек, Кожомберди баатырлардын бугуну чаап, олжолоп, жерин жердейбиз деп эли менен көчө келген жылын бугулар «көп чакыр келген жылы» деп макал кылып калышкан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-07-2011
Эмне үчүн кыргызда өз атасынын аты фамилия катарында колдонулуп келген?
20383

30-05-2011
Кыргыздын уруучулукка бөлүнүшү
41538

30-05-2011
Кыргыздын чыныгы түпкү теги
25682

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×