Добавить статью
6:41, 1 июня 2011 68106

Жетим баладан Министрлер Советинин төрагалык кызматына чейинки жол

i_razzakov-2(1) Коомдук жана саясий белгилүү ишмер Исхак Раззаков Баткен областына караштуу Лейлек районунун Коросон айылында жашаган Берк уулу Раззак жана Сайып кызы Жамийланын үй-бүлөсүндө 1910-жылдын күз айларында жарык дүйнөгө келген.

Сүйүнүчтөрү койнуна батпаган жубайлар уулуна Исхак деген ысым ыйгарышып, жашоонун белгисиз тагдырын моюндарына илишип эл катар жупуну турмуштарын өткөрүшкөн.

Ал кездеги жашоонун оорчулугун, жон териси менен тарткан Раззак бүт мүмкүнчүлүгүн үй-бүлөсү , ымыркайы Исхакка арнаган. Бал тили чыгып, ата-энесинин кубанычы болгон үч жашар кезинде Исхак апасынан айрылган. Энесинин элеси эсинде калбаган Исхакты атасынын эжеси Гүлхан багып калат. 1918-жылдагы түшүмсүздүк, элдин жашоосун оорлотуп ачарчылык каптап эптеген турмуш кыйынчылыгы башталат. Мындай кыйынчылык Коросон айылынын жашоочуларынын башына да түшүп ар үй-бүлө жан багуунун айласын издеп туш тарапка чилдей тарашкан.

Жашоосу оорлогон Раззак апасы Сараны, эжеси Гүлхан, анын кызы Жаңылай, уулу Исхакты алып Ташкент областындагы Курама айлында жашаган таякеси Абдулла молдонукун көздөп жөнөгөн. Исхак Раззаков жазган күндөлүгүнө караганда баруучу жер өтө эле алыс эле. Алар Ходжентке жетип, Сырдарьядан өтүп, бөксө тоолорду ашып, Курама айлына жетишмек.

Ошентип кыйынчылыкка карабастан Раззактын чакан үй-бүлөсү жолго аттанган. Алар жол азабын тартып тилемчилик кылып эптеп Исфасар айылына жетишет. Жолдогу оорчулуктан атасы Раззак катуу ооруп калат. Ошол аймактагы кичине мечитке жайгашып, атасынын абалы жакшырганча күтүп калышат. Жабышкан оору, ажалга айланып Раззак 8 жашар уулун таштап, жарык дүйнө менен кош айтышат. Гүлхан кызын, апасын алып Хорасанга кайтат, ал эми Исхак Раззаков жолдон кошулган тилемчи менен Ходжентти көздөй беттеген. Тилемчи Гүлханга Исхакты таякеси Абдулла молдого жетирүүгө убадасын берген. Үч күн жол жүрүп, жолдогу жолуккан адамдардын кайрымдуулугунун аркасында Исхак Раззаков жана тилемчи Ходжентке жетишкен.

Исхактын эскерүүсү боюнча алардын ал ахбалын начарлыгын сезишкен пахта заводунун жумушчулары байкап, алардын кайдан келе жатканын жана кайда бараарын сурашкан. Турмуштун оорчулугун жаштайынан көрүп ага бышыгып калган тири карак Исхак болгон окуяны толугу менен жумушчуларга такылдап баяндап берет. Жумушчулардын бирөөсү, Исхакты ээрчитип Ходженттеги жетим балдар үйүнө алып келет. Жетим балдар үйүнө кабыл алынгандан баштап Исхактын жашоосунда чоң өзгөрүүнүн башаты башталган.

Жетим балдар үйүндө Исхак тың окуп, орус тилин өздөштүрөт. «Менин жашоомдо жаңы бегисиз дүйнө ачылды, мен ири кубанычтын даамын таттым»- деп эскерек Исхак Раззаков.

Ал күндөрүн. Жетим балдар үйүндөгү тарбиячылар Исхактын зээндүүлүгүн, билимге болгон зор ынтызарлыгын таасын байкашып аны Ташкенттеги жатак мектепке жөнөтүшүп, анда 1925-жылга чейин билим алган. Исхак

Андан кийин жөндөмдүү окуучуну Самарканд шаарындагы агартуу институна окуусун улантууга багыт беришет. Ал жерде тың окуу менен комсомолдук иш-чаралардын активдүү катышуучусуна айланат. Комсомолдук турмуш анын лидердик сапатын калыптандырган. 1927-жылы Ош кантонунун Бөксө-Исфара болуштугунун комсомол комитетинин активдүү уюштуруучусу болгон. Бош убактыларын текке кетирбей көп окуу менен дүйнөлүк классиктер А.Чеховдун, Л. Толстой ж.б. адабий чыгармалары менен таанышып ал тургай аларды которууга киришкен. 1931-жылы Раззаков институтту аяктап, ошол эле окуу жайынын кафедрасында мугалим болуп калган. Көп өтпөй, келечектеги лидердин ак жолу ачылып Москва шаарындагы Кржижанов атындагы Мамлекеттик пландоо институтуна жолдомо алат. 1936-жылы эң мыкты окуган Раззаков «Күйүүчү ресурстарды рационалдуу пайдалануу жөнүндө» деген дипломдук ишин эң жогорку деңгээлде коргоп, чыныгы билимге ээ экендигин далилдеген.

Москвадагы окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин ал Өзбекстанга жөнөтүлүп республиканын мамлекеттик пландоо комитетинин бир бөлүмүн жетектейт. Бир нече айдан кийин Фергана областынын мамлекетик пландоо комитетинин төрагасы болуп ишмердүүлүгүн уланткан.

Бир жылдан кийин Өзбекстан республикасынын мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары андан кийин анын төрагасы болуп республикалык масштабдагы чоң кызматка которулган. Бул мезгилде өзүнүн ишмердүүлүгүн, билимин, жөндөмүн көрсөтүп республиканын экономикалык өсүшүнө ири салымын кошкон.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Раззаков Өзбек республикасынын эл агартуу комиссары, ошол эле мезгилде Өзбек ССРинин Эл комиссарлар Советинин төрагасынын орун басарлык кызматын да аткарган. 1944-жылы Өзбекстандын БК КП(б) пропаганда жана агитация иштери боюнча секретарь болуп иштеген. Баш аягы Өзбекстандагы 10 жылдык ишмердүүлүгү анын коомдук жана мамлекеттик ишмер катары калптандырып чыныгы лидердик сапатын айкындады.

1945-жылы 4-ноябрда КПСС БКнын Саясий бюросунун чечими менен Совет өкмөтү Исхак Раззаковду- Кыргызстандын Министрлер Советинин төрагалык кызматына жөнөткөн. Ал ошол мезгилде 35 жашта болгону менен мамлекеттик масштабдагы табылгыс ишмер, эл чарбасын өнүктүрүүдөгү чоң тажрыйбага ээ болгон жетекчи, чыныгы элдик уул эле. Согуштан кийинки эл чарбасынын абалы оор эле. Исхак Раззаков болгон күчүн, билимин, таланттын республикабыздын экономикалык өнүгүп-өсүшүнө жумшады. Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин иши Раззаковдун жөндөмдүүлүгү жана иштин көзүн билген уюштуруучулугунун аркасында илгерилеп республикада атаандашсыз лидер экендиги айкындалды.

Согуштан кийин, эл чарбасын кайра калыбына келтирүүчү беш жылдык план кабыл алынды. Алдыдагы милдеттерди аткаруу багытында иштөөгө бардык эл жапа тырмак киришти. Ал кезде патриоттук ащ-сезим калк ичинде күчтүү болуучу. Мына ушундай олуттуу иштин башында Исхак Раззаков турган. Раззаков күнү түнү тыным албастан иштеп бардык маселелерди пландаштырып республиканын чар тарабындагы жүргүзүлүп жаткан иштерге өзү барып көз салып турган. Элдин кайратман эмгеги, республиканын жетекчиси Раззаковдун кайратмандыгы өз жемишин берди.

Бүлгүнгө учураган эл чарбасы бутуна туруп ал гана турсун эң ири машина куруу тармагы өзүп чыкты. М.В.Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруучу ири завод, текстиль, трикотаж, бут кийим фабрикалары ишке берилген.

Исхак Раззаковдун жетекчиликтеги ишмердүүлүгү жогору бааланып 1950-жылы Кыргызстан КП БК биринчи секретарлыгына көтөрүлүп, 1961-жылга чейин республиканын партиялык уюмун жетектеп турду.

Бул мезгилдерде да эл үчүн кам көргөн жетекчинин тыным албай иштеши, иштин илгерилешине өбөлгө түздү. 1953-ж союздагы эң оор тоолуу аймактагы Фрунзе - Ош авто жолу курула баштады. Республикада оор өнөр жайы гана эмес айыл чарбасында да ири жетишкендиктер болду. Буга мисал 1956-жылы айыл чарбасындагы ири жетишкендиктер үчүн биздин республикабыз биринчи жолу Ленин ордени менен сыйланган.

Раззаков билим берүү тармагынын да өнүгүшүнө өбөлгө түздү. Мектептердин саны өскөн, орус тилдүү мектептерде кыргыз тили окутула баштаган.

Жетекчинин демилгеси менен 1957-ж баштап республикадагы 80 миңге жакын окуучуларга бекер ысык тамак берүү уюштурулган.

«Кадр бардыгын чечет» деген ураан алдында өз кесибин мыкты билген билимдүү кадрларды даярдоого чоң көңүл бөлүндү, натыйжада 1960-ж. республикада 8 жогорку окуу жайы жана 27 техникум, аларда окуган студенттердин саны 40 миңге чейин жеткен. Раззаковдун түздөн түз катышы менен 1954-жылы Илимдер Академиясы ачылып кыргызстандын жаш окумуштууларынын өсүп өнүгүшүнө өбөлгө берди. Кыргыз тарыхына да көңүл борборунда болуп 1956 жылы ири окумуштуулар катышкан кыргыз элинин этногенези жөнүндө илимий конференция болгон. Маданият тармагы болуп көрбөгөндөй өсүш жолунда болду .Анын айкын мисалы 1958-жылы октябрь айында Москва шаарында кыргыз маданий ишмерлеринин декадасы болуп Совет эли кыргыз элинин ири маданияты менен таанышкан. Көп улутуу калкыбыздын бардык тармактар боюнча алдыга чыгышына, албетте акылман жетекчинин ишмердүүлүгү менен гана байланыштырууга болот. «Элден эр туулат, эр элди багат» деген накыл сөздүн жөн-жайы Раззаковдун жетекчилик ишмердүүлүгү менен айкалышып тургандай сезилет. Раззаковдун эли үчүн өзгөчөлөнгөн ишмердүүлүгү, элине болгон камкордугу Москвадагы тоталитардык башкаруу бийлигинин сазына баткан жеткчилерге жакан эмес экен. Ар кандай куру шылтоолор, далили жок фактыларга таянган жогору жактагылар 1961-жылы 9-майда Исхак Раззаков кызматтынан бошотушкан.

1961-жылы эле ал үй-бүлөсү менен Москвага көчүрүлгөн. Исхак Раззаков 1965-жылга чейин СССРдин экономикалык кеңешинин тамак-аш бөлүмүнүн башчысы, 1965-67-жылдары СССРдин мампланынын бөлүм башсысы болуп иштеп, ден-соолугуна байланыштуу 57 жаш курагында персоналдык маанидеги пенсияга чыккан. Өмүрүнүн акырында Москвада жашаган 18 жыл ичинде Кыргызстанга бир ирет, аз гана убакытка келип, керемет кыргыз жергесинин абасынан жутуп , сагынычын таратып, бирок жүрөгүндөгү кусалыгынан арылалбай кеткен. 1979-жылы кыргыз элинин улуу уулу Исхак Раззаков дүйнөдөн кайтып Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган.

Раззаковдун республикабыз үчүн иштеген зор иштери гана эмес анын адамдык сапаттары да бүгүнкү күнгө чейин эл эсинде сакталып аңыз болуп айтылып келе жатат. Ал жөнүндө Кыргыз Эл Баатыры, академик Түгөлбай Сыдыкбеков: «Нукура жөнөкөй мүнөзү, кайталангыс таланты, адамкерчилик сапаты, эмгекчилдиги, интернационалисттик көз карашы бири-бирине айкалышкан, барды кишке чыгармачылык мамилесинен тайбаган, курч жан эле»-деп эскерет.

Исхак Раззаков өз эскерүүсүндө мындай деп жазганы бар : «Эмне кылдым, эмнеге жетише алдым, республикадагы жетекчилик мезгилимде кимдер үчүн аракеттендим? Эл акыйкат, эл баалайт». Чындыгында Раззаковдун артында турган калың кыргыз эли, коом мезгилдин өзгөрүшү менен бөтөн жерде жаткан И.Раззаковдун сөөгүн 2000-жылы, 1-июнда Кыргызстанга алынып келинип, бардык жөрөлгөсү менен коюлду. Кыргыз эли өз уулунун астындагы өз озуйпасын кеч да болсо ишке ашырышты.

Исхак Раззаковдун өмүрү муундан-муунга өрнөк жана сыймык. Анын өлбөс-өчпөс жаркын элесине түбөлүк таазим кылабыз. Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгүнөн таалим алып анын ар бир айткан сөздөрүнө маанисинин төркүнүн түшүнө алсак, келечегибиздин жакшырышына өбөлгө болот деп ойлом.

«Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот!»-деген накыл сөзү, бүгүнкү күнгө төп келип, ар бирибиздин Ата Мекенибиз үчүн акыйкат иштешибизге үндөп тургансыйт. 

Бирок, ушундай улуу инсандын артында калган кызы Элмира Раззакова учурда Москва шаарында оор турмушта жашап жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Ал учурда 64 жашта, экинчи топтогу майып. Жалгыз уулу Берк болсо үчүнчү топтогу майып. Уулу экөө Москва шаарынын бир бурчунда 1 бөлмөлүү квартирасын 3-4 адамга ижарага берип, анын эсебинен күн көрүп жашап келе жаткандыгы айтылууда.

 juraev_murat Экс-депутат Мурат Жураев:

2006-жылы атуулдук милдетимди сезип, биздин эл үчүн иштеген көп инсандарга үлгү болгон таза журт башчыбыз болгон Исхак Раззаковдун кызынын акыбалын сурап коеюун деп Москвага атайын баргам. Алгач улуу инсандын кызы Эльмира Раззакова 2-3 бөлмөлүү квартирада, жашоо шарты жакшы жашаса керек деп ойлогом. Тилекке каршы, залкар инсандын кызынын үйүнүн босогосун аттаганда ал ойлорум бат эле четке кагылды. Мен мындай абалды көрөм деп эч күткөн эмесмин. Бир бөлмөлүү үйүн 3-4 адамга квартирага берип, ал акчага оорукчан уулу менен ашканасында эптеп жашап жатканын көрүп, зээним кейип, аябай намыстанган элем. Бул боюнча парламентте маселе көтөрүп, көрүп келген көрүнүштү, болгон чындыкты айткам. Анча мынча эл өкүлдөрүнүн намыстары ойгонуп, парламент 130 миң акча каражатын Элмира Раззаковага салганбыз . Акүй да акча каражат жагынан жардам беришкен эле. Эльмира эже да сыпайы болуп, "абалым мындай тигиндей" деп даттана бербеген жан экен. Оор жашоосун көрүп турсам да мага негедир мунум жок, аным жок жетишпей жатабыз деген эмес. Эльмира эженин кыйын турмушун көргөндөн кийин Россия тарапка командировка чыгып калсам сөзсүз эжеге барып, колумдан келген жардамымды берип, акыбал -жайын сурап турбасам өзүмдү күнөөлүү сезе берем. Колдон келсе 70 жашка таяп калган улуу инсандын кызына көзү тирүүсүндө жардам берип, пенсиясын 20-30 миң сомго бийлик киришип, жогорулатып беришибиз керек. Антпесек залкар инсандын учун улаган тукуму кызы жана небереси кыйын күндү башынан кечирип жатат. Билмексен болбой кыргыздардан ушундай адам чыкканына ыраазы болуп, кызынын аянычтуу абалына мен кыргыз дегендин бары намыстанып, колдоо көрсөтүшүбүз парз деп ойлойм. Анткени, Исхак Раззаков акчага, байлыкка, бийликке азгырылбаган абдан таза инсан, мыкты, үлгүлүү жетекчи болгон. Ошону эске алышыбыз керек.

Исхак Раззаковду качан 80-90-100 жылдыгы болот дегенде эле эстеп, анан кызына кам көргөн болобуз. Калган учурда эсибизден биротоло чыгарып салабыз. Андай адатыбыздан арылышыбыз керек.

baitemirov Жазуучу Насирдин Байтемиров:

Кыргыздарга кут эки жолу түшкөн дешет. Биринчи жолу кут – Юсуп Абдрахманов болуп түшсө, экинчи жолу кут – Исхак Раззаков болуп түшүптүр. Бирок түшкөн кут сыягындай күтүп ала албаппыз. Юсуп кандуу репрессияда атылып жок болду. Исхактын баркына жетпедик. Ич тардык – көрө албастыгыбыз, элди экиге, жерди жетиге бөлгөн былыкчылыгыбыз түбүбүзгө жетиптир.

Социалисттик эмгектин баатыры Керимбүбү Шопокова минтип эскертет:Керимбубу

Бир күнү үйдүн морун тазалап, карала-торала иштеп жатсак, Исхак Раззаков баштаган чоңдор үйгө чейин кирип келсе болобу. Мен майланган, көөлөнгөн капкара колумду катып турсам, Исхак Раззаков:

- Колуңузду бериңиз, сиздин иштерман колуңуздан артык кол барбы, – деп кол алышса, өзүнүн колу да көөлөнүп калды, – дейт.

Кандай гана жөнөкөйлүк! Мындай адамдардын элеси эл ичинде эч убакта унутулбас. Өзгөчө, бүгүнкү турмушубузда тамшануу менен эскертет экенсиң, ов!

Өзбекстандын көрүнүктүү окумуштуу-илимпозу, балдар үйүндө бирге тарбияланган И.Раззаковдун досу Атакузи Азизов улуу инсандын ичиндеги кайгы-муңун ачык көрсөткөн мындай саптарды келтирет:

«Атакузи, силер эркинсиңер, менде андай эркиндик жок, каалаган жагыма кабылан басыш жасап басып кете албайм… Капаска түшүп канатынан ок жеген шумкар болуп отурам. Эми жериме барайын десем, эки көзүм төрт болот. Уруксатсыз эки жакка чыга албайм… Мен үй түрмөдөмүн, бирок мага сот да, өкүм да болгон эмес, элин эстебес эр, жерин дегдебес шер болобу?...» DOS_5764

Исхак Раззаковдун көзү өтүп кетсе да эли-жерине, кыргыз мамлекетине сиңирген зор эмгеги бааланып, Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы, «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси менен сыйланды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×