Добавить статью
7:41, 15 июня 2011 19401

Тагай тарыхы

Фергана менен аркадагы «оң» аталган кыргыздын баары да дээрлик Адигине, Тагайдан таралган үчү алардын жана ал заманда жашап келген уруктарды тарыхын жакшы билишет. Бүткүл тарых билген карылардын кабарына караганда Тагай Кокон, Маргала калаасынын тегерегиндеги Ийри Суу, Былпылдак деген жерде, бир кабарда — Ош калаасынын тоосу Сары Бел деген жерде болжолу 1460—1470-жылдарда туулган. (1505-жылдарда Кокон менен Канибадам арасында кыргыз барлыгын төмөндө көрөсүз, Бартольд болсо, азыркы кыргыз турган жерде анын 1504-жылында билингенин биринчи мертебе көрдүк дегенин жогоруда айттык). Ал заманда кыргыздын саруу уругу бийлеп турган. Адигине, Тагай, Муңгуш үч бир тууган болуп жана Наалы, Есмилу эжеси болгон. Адигине, Тагай эр жеткенден баштап, көп согушта болуп, кийин Адигине бий болгон чакта экөө жыйырмадан 40-жигит алып, эки бет болуп ордо атышкан. Ордо атууда чеги Алайдан бери Анжианга жете, эки ор­тодогу элдин ичиндеги аткылчы чертмекчини Адигине алган. Анжиандын түн жагында Наманган, Кетмен-Төбөдөгү жана эки ортодогу аткычыл чертмекчини Тагай алган. Адигине адейи ат чаптырып, Алайдан Навайты деген аткычыл бир жигитти алдырса да атыш бир айга созулуп, Навайти жакшылап аталбастан, Адигине тарабы жеңилген. Алайдан ат чаптырып алдырган ордочу Навайты аталбастан, алды мындай катар бир деп эл кордоп шылдыңдады. Адигине тарабы чыдай албай ызаланып урушуп, Адигине бийге калыстыкка барса, ал өз жагына тартты. Калыстык кылбады деп, абдан зор жаңжал болуп, арадан көп чыгым болуп, жарадар болушуп, жана бир киши өлдү деген кабар бар. Адигиненин балдары көп болгон үчүн Тагай тарабы таяк жеп, кордук көрдү. Бул себептен Тагай таарынып, Кетмен Төбөгө, бир кабарда Тогуз Торого өзүн ээрчиген эли менен көчүп келген. Болжолу, 1505— 10-жылдарда Кайдулат деген киши жараштырамын дегенде Адигине макул албаган. Тагайдын Адигинеден ажырап көчкөн жери Суусар Суу деген жер болгон. Экинчи кабарда — малжайытына карап Кетмен Төбө, Тогуз Торого келген. Бир кабарда өзбектер менен касташып чыгып келген дейт. Көбүнчө элдин айтканы ордо тууралуу чатак чыгып, Аркага келген. Тагайдын Аркага көчүп келгенине караганда мурунтан булардын байланышы бардыгы билинет.

Тагай орто жаштан өтүп калганда 60-жашында, болжолу 1515—1525-жылдарда Эреше ханга ак үйлүүкө (заложник) барган. Анда 2—3-жыл туруп калып, Тагайдын кирин жууп, төшөгүн салып берсин деп, ордо кыздан (фрейлина) бир кыз алып берген. Эреше хан уруксат берип, Тагай кыргызга кайтмакчы болгондо аялына келип: «Мен элиме кетмек болдум, боюңда бала калды, кыз болсо өзүнө теңтуш жерге бергин, эгерде эркек болсо, чоңойгондо ушул кездикти бергин. Мени таап алар», — деп марек бычагын берип жүрүп кеткен. Тагайдын заманы менен Эреше хандын заманын салыштырганда экөөнүн заманы бир болуп чыгат. Тагай өз заманындагы чачылган, тентиген кыргыз элди кураганына караганда Рашит хан менен Мухамбеткайдардын заманындагы болгон доорукка туура келип, так ушул учур болот. Азыркы, 1934-жылдардагьг кыргыздын ата-бабаларын эсептегенде Адигине. Тагайга 13—15 ата менен барат. Орто эсеп менен 14 ата болот. Ар бир атаны 32—33-жыл­дан чапканда Тагай туулгандан бери 460—470-жыл болот Буга караганда Рашит хан 1517—1550-жылдарга жете хандык кылып, кыргыз менен байланышып турганы 1517—1535-жылдар арасы болуп, анык Тагайдын заманына туура келет, Жеке Тагай тукуму эмес, Тагай заманында курулган башка уруулардын маселен, саяк, асык, моңолдор, черик, коңурат, булардын ата-бабаларын санаганда 13—15 атага барат. (Эсте болмогу керек: илгери эки-үч катынды көп алган. Улуу катын, кичи катындын балдарынын жашында 25—30-жыл илгери кийин болот).

Тагай болжолу 1540— 1535-жылдарда өлгөн. Кабыры кайсы жерде экени белгисиз. 1916-жылы Үч Турпанга качып барганда. андагы уйгурлар, үч турпандык кыргыздар, «Силердин ата-бабанардын кабыры ушул» — деп, Үч Турпандын күн чыгыш жагың жакын жерде кабыр көрсөткөн. Ким деген ата-бабабыз экен десек, Адигине, Тагайдыкы деди. Адигиненики дегенге бир далил: жогоруда Мухамбеткайдар Сейит өлгөнчө анда калып калган деген, Сейит 1535-жылы өлгөн. Өлөр замат Мухамбеткайдарды бошотуп жиберген. Анын кыргызга келгени маалим эмес, эгерде Мухамбеткайдар Тагай болсо, Үч Турпан өлкөсүнө келип туруп өлмөгү мүмкүн. Тагайдан соң кыргыздын бийлиги Богорстонго, андан Эштекке өткөн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Кыргыздын зор мамлекети
20996

05-07-2011
Жаңыл мырза
60044

20-06-2011
Энисей кыргыздары
15809

16-06-2011
Калмак жөнүндө кыргыздын кабары
15555

13-06-2011
Манастын кыргыз болмогуна бир чоң далил
14663

07-06-2011
Оң-сол тарыхы
20074

06-06-2011
Кыргыз калкынын эл болгону
21422

06-06-2011
Чынгыз хан заманындагы кыргыз
15158

30-05-2011
Бугу кыргызы эмне үчүн бугу аталды?
14829

30-05-2011
Кыргыз Тянь-Шанга азыркы турган жерине качан келген?
18133

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×