Добавить статью
12:40, 28 июня 2011 9950

Жашоосунда табышмактуу 3 саны коштоп жүргөн

ch_sataev2 Кыргыз эстрадасы жаңы түптөлүп жаткан учурда кыргыз сахнасында саналуу эле жылдыздар боло турган. Мына ошол саналуулардын арасында, терең маанилүү ырлары, уккулуктуу обондору менен башкалардан айырмаланган ырчы, обончу Чубак Сатаев да бар эле. Эгер анын өзү тирүү болгондо быйыл 51 жашка толмок. Ырчы күлгүндөй 33 жаш курагында бул жалган дүйнө менен кош айтышып, ичиндеги далай оргуштаган таланты элине жетпей өзү менен кошо кете берди. Бирок анын артында жолун улаган уулдары, элдин жүрөгүндө жашаган обондору, ырлары калды.

Чубак жөнүндө:

Чубак Сатаев 1960-жылы 13-январда Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган. Атактуу ырчыдагы таланттын көрөңгөсү апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Кийин музыкага дилгирлиги артып, кошунасы Мараттын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнүп алат. Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургунаалы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болот. «Сен олуттуураак ырларга өт» деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. «Арман, ай», «Кайгырбачы, кан досум» «Кең дүйнө», «Ак бата», «Түштүк кызы» ырлары хит болуп, бүгүнкү күнгө чейин ырдалып жүрөт.

Сыйлыктары:

Талас облусунда өткөрүлгөн «Беш-Ыргай» фестивалында экинчи орунду алып, «Беш-Ыргай фестивалынын лауреаты» деген грамота менен сыйланган.

33 ЖАШ, 33 ЫР жана табышмактуу 3 саны

Чубак Сатаев эки жолу жол кырсыгына кабылат. Биринде велосипед менен келе жатканда машина уруп кетип, мээси чайкалып калат. Экинчисинде Токтогулдан гастролдон келе жатып, автокырсыкка кабылып колу-буту сынып, дарыгерлер бутун кесүүнү чечишет. Бактыга жараша, Калык аттуу табып бутун кестирбей дарылап, бутуна тургузган экен. Эч кимден тайманбаган чечкиндүүлүгү менен бирге эле анда боорукер жүрөк жана ак көңүлдүгү, жөнөкөйлүгү басымдуулулук кылган дешет замандаштары. Ал 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен.

Талант 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышат. Ал күнү концерттен соң сахнанын аркасына өтүп, башын мыкчып, «кежигем тырышып жатат» деген боюнча жыгылып калат. Реанимацияда 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, мээсине кан куюлуп кеткен экен.

Турмушта Чубак Сатаевди «3» деген сан коштоп жүргөндүгү анын өмүр-жолуна жакшылап саресеп салган адамга белгилүү болот. Мисалы: туулган күнү – 13-январь, жашоосундагы 3 аялзаты, 3 уулу, 33 жашында 33 ыр жараткандыгы, өлгөн жылы да 1993-жылга туш келгендиги табышмактуу да, сырдуу да көрүнөт.

Сүйүүсү:

Чубак Сатаевдин биринчи сүйүүсү курсташына арналган дешет. Экөө сүйлөшүп, Чубак Сатаев ага аскерден кат жазып, келгенде үйлөнүүнү көздөйт. Тилекке каршы, кыздын эки агасы кайтыш болуп кетип, анын туугандары өлгөндөргө сый-урматы бүткөнчө турмушка чыкпасын айтышат. Бирок ата-энеси уулунун үйлөнүүсүн талап кылат. Ошентип, нике кайып болуп биринчи жубайы Айшага үйлөнгөн. Андан Кубаныч, Бакыт, Таалай аттуу үч уулдуу болот. Кийин жылдызы жанып турган маалда экинчи жубайы Кенжеге үйлөнөт. Өмүрүнүн көп бөлүгү ушул аял менен өткөн экен. Бирок экөөнүн ортосунда бала болбойт.

Ысымы ыйгарылган жерлер:

Чубак Сатаевдин ысымы айылдык клуб, Боо-Терек айылындагы борбордук көчөгө, Талас облустук депутаттардын чечими менен Талас шаарындагы Шевченко көчөсү да Чубак Сатаев болуп өзгөргөн.

Трагедиялуу өлүмү:

Дарыгерлер Чубак Сатаевге кан басымы көтөрүлүп кеткен деген диагноз коюшкан. Бирок ырчынын өлүмү боюнча аны душмандары «уулантып өлтүрүштү» деген да имиш кептер бар.

Ырчынын жоруктарынан:

Жубайы Кенже ырчыны аябай кызганчу дешет. Бир күнү эртең менен шылдырак черткен досу Каныбек менен көпкө ch_sataev3 жоголуп кетишет. «Болду-болбоду жанагы сыра саткан челектин жанында эле» деп ал жакка барса, эки дос эки келин менен отурушат. Алар Чубакты бир көрүү үчүн келген күйөрмандары экен. «Жаштык, жалын чагыңда, ойноп-күлгүн, жалында» деп эми ырдап баштаганда, жанында Кенже пайда болот. Анда ал аялына стаканды сунуп, «ме, Кенже, сен сүйлөп койчу» деген экен.

Чубак Сатаевдин бир таанышы Айыл чарба институтунун жатаканасынын коменданты болуп иштеп калат. Ал жерден анда-санда достору менен эс алганга ырчы үчүн бөлмө алып берип коёт. Бир жолу Чубак жатаканага үч күн түнөп калат. Телефон шыңгыраса эле чуркап барып, «комендант слушает» деп ала коёт. «Ай, Чуке, койсоңчу, аялың издеп чалып калса, кармалып калба» деп эскертсе, «бул жакты кайдан билмек эле» дейт. Аңгыча эле телефон дагы шыңгырап калат. Адатынча «алло, комендант слушает» десе, аялы экен, үнүн таанып калып «кайда жүрөсүң?!» деп кыйкырып баштайт. Анда шашып кеткен Чубак ага эмне кыларын билбей «девушка, вы не туда попали» деп трубканы коюп коюптур.

Бир жолу Чубак Сатаев досу менен троллейбуска түшөт. Ичиндеги жүргүнчүлөр «Чубак, Чубак» деп шыбырашып калышса, Чубак катуу үн менен «мен Сыргакмын, КамАЗ айдайм» деген тура, иниси Сыргактын атын сатып.

Эскерүүлөр

906_w200_h300 Уулу, ырчы Кубаныч Сатаев:

Элдердин атасы уулдарына мураска үй, машина, калтырып кетсе, менин атам мага кадыр-барк калтырып кетти. Атам бизге үйдө мээримдүү ата болчу. Апам тартипсиздик кылганда урушуп, атама айткан учурда бизди катуу жазалабай, сыпайы гана урушуп койчу. Бир жолу 2-3-класста окусам керек, тамеки тартып апама кармалгам. Атама айтса, жөн гана «уулум кой, андай кылба» деп койгон. Атам өзү тазалыкты сүйгөн, эмгекчил, олуттуу киши эле. Үйдө болгон учурда бак-дарактардан бери актап, тегерек четин тазалап, аябай эмгектенчү.

Башка ырчылар сыяктуу атам мамлекеттен сыйлык да, наам да алганга жетишпей кете берди.

Атамдын жанында шылдырак уруп жүрчү кишини эстейт чыгарсыздар, Каныбек Мамбетов үйгө эң биринчи келген. Жакын досторунан ошол киши, Болот Алыкулов эле. Борончу Кудайбергенов атамдын өкүл баласы болгондуктан, биздикинде көп болчу. Жаныбек Алыкулов, Жетимиш Таскаев, Медербек Кадыршаев, Абидин Темировдор келгени эсимде. Абидин байкенин атамды эскергени бар. Жаныбек байке «Шорпо» ыры менен дүңгүрөп турганында чогулуп, Таласка келишет. Атам сөгүнүп сүйлөөр эле. Аларды тосуп атып дагы таластыктарча сөгүнүп алат. Абидин байке анысына адегенде таарынып калат. Анда жанындагылары: «Абидин, таарынба! Чубак эки сөзүнүн биринде сөгүнөт» деп түшүндүрүшкөн дейт. Эртеси экөө тил табышып, досторчо сөгүнүп калышыптыр. Шахерезада Аскарова эженин да келгенин билем. Бир ирет «Кызбурак» тобу менен биргелешип, стадиондо концерт койгону эсимде. Ошол убакта эле шоу-концерттерди уюштурган экен. Азыр стадионго концерт коюш кыйын. Азыркылардан эч кимибиз андай концерт кое албасак керек. Ал кишинин концерти болсо, эл ири стадионго деле толо келип берчү. Эл аны ушунчалык жакшы көрчү. Улуттук филармонияга 20 күн концерт берген. Бул жагынан да атам тарыхта калса керек. Жанында жүргөн аяш аталарымдын айтымында, 2 саат бою жандуу үн менен ырдачу экен. Күч келип, ошонун баары ден-соолугуна зыян болгондур деп ойлоп калам. Ден соолугуна караган да эмес, кам көргөн да жок. Эл деп эле жүрө берчү тура.

Иниси Кушчубек Сатаев:

Каза болоруна аз күн калганда Көлгө гастролго кетмекпиз. Түнкү саат төрттө уктап жатсам, чакыртып калды. Таң калып 0 эле барсам, эшиктин алдында ойлуу отурат. Кирип келип эле «Ой, эмне болду. Таң ата электе чакыртып», - десем, «Машинаны чыгарчы», - деди. - Эмнеге? - деп кайра сурасам, «чыгар дегенден кийин чыгара бербейсиңби», - деп койду. Машинаны айдап чыктым. «Жүр, базага барып, машинаны каратып алалы. Таласка барабыз», - деди. «Эмнеге Таласка? Көлгө бармак эмес белек», - десем, «Жок Таласка барабыз», - деп калды. Макул деп, базага келип, досторуна машинаны каратып жатсак, ары кеткен тааныштары менен бир аздан кийин келип, «Сен машинаны каратып алып кете бер. Мен башка унаа менен барганы калдым», - деди. «Байке, өзүбүздүн унаа менен эле баралы», - десем, «жок», деп көгөрүп койду. Макул деп мен калып калдым. Ал жөнөп калды. 10 метрдей барып, кайра кайрылып келип, «мен сени жакшы көрөм. Сен аккордеондо ойноп жатканда туура ойносоң. Мен сага ишенем», - деп мойнуман кучактап, жөнөп кетти. Анда ыраматылык Таалай Бектурганов да бар эле. Ал Сокулукка концерт коюп, мени да чакырып калды. Концерттин эң акырында мен чыкмакмын. Чыксам, эч ким кол чаппайт. Таң калып эле калдым. Турсам 5-6 аял, эркектер келип, «Биз, Чубактын жакын достору болобуз», - деп айтып кетип калышты. Эсим ооп эле турам. Анан Таалай: «Чубак авария болуп калыптыр. Тез жөнө», - деди. Түз эле жолго чыктым. Барсам, жайга койгонго алып чыгып кеткен экен. Топурак салганга жетишип калдым. Акыркы жолугушуум ошол болду. Мени аябай күткөн экен...

Байкемдин өлүмү тууралуу ар кандай имиштер чыкты. Байкемди ууланткан адамдарды колунан кармап албагандан кийин «тиги уулантты, бул уулантты», деп айта албайбыз. Байкемди чакырып кеткен келиндин ошону менен дайыны чыккан жок. Кумга сиңген суудай жоголду. Анан кимден сурамак элек. Кимдин күнөөлүү экенин жалгыз гана Жараткан билет. Кудайга койдук.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×