Добавить статью
7:39, 8 августа 2011 24156

Корозчо урушмай

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө, сахнада өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу. Катышуучулар экиден болуп бири бирин карашып турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар оң колдору менен оң буттарынын шыйрагынан, сол колдору менен белдеринин артынан оң колдорунун чыканактарынан кармашып, сол буттары менен секирип жүрүшүп, атаандаштарын желкелери, ичтери, төштөрү, көчүктөрү менен түртүшүп, алдашып тең салмактан чыгарышып эки буттарына тургузууга аракеттенишет. Оюнчулардын бирөөсү тең салмагын жоготкондон кийин, оюнчулар оң буттарында секирип жүрүшүп оюнду улантышат. Андан кийин оюнчулар атаандаштары менен алмашып оюнду кайрадан башташат. Ошентип, каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Кеп жолу атаандаштарын тең салмактарынан чыгарып, буттарына тургузган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү. Чочоюп отуруп секирип жүрүп тең салмактан чыгарышуу.

Оюндун эрежеси. Колдорду коюп жиберүүгө, тебүүгө, сүзүүгө, буту менен басып жүрүп оюнду улантууга болбойт.

Методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топ-топко бөлүп өткөрсө болот.

Педагогикалык мааниси. Күч, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, кыймылдарды так аткарууга, туруктуулукка үйрөтөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2011
Опол
24058

05-07-2011
Чикилдек
25956

05-07-2011
Токол эчки
55224

22-06-2011
Бут тепсемей
26577

20-06-2011
Кыл аркан салмай
23420

17-06-2011
Тушоо кесмей
24940

16-06-2011
Теке чабыш
24634

16-06-2011
Ат үстүндө куржун эңмей
31631

15-06-2011
Укурук салмай
26463

13-06-2011
Улак тартыш
27971

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×