Добавить статью
3:41, 9 сентября 2011 56940

Заманыбыздын кыл калем чебери

Изображение 001 Элибиз байыртан эгерим өнөр адамы эл сыйына татыса, элдин тагдырына күйүп жанса, анда аны кыргызым барктап, сактап, сыйлап келген. Ошондой сый урматка ээ кыл калем чебери, Ала-Тообуздун алтын доорун жаратып жаткан инсандардын бири сүрөткер, портретист өткөн чак менен учур чакты жана келер чакты жуурулуштура, кемелине келиштире тарткан кыл калем чебери Асан Турсункуловдун "Улуу эл", "Баян" аттуу эки эмгеги бир чөйчөккө бириктирилип ширелген, карап турган адамдын жан дүйнөсүнө кыргызымдын көөнө замандагы көрүнбөй, көрүнгөн улуу тарыхынын орчундуу мурастары көз алдыга тартылат. Анын чыгармасында ар бир боек, түс өтө кылдат иштелген. Бул чыгармадан биз адегенде эле улуу эпосубуз "Манас" баш болгон тарыхыбыз, андагы баяндалган Вавилон-кыргыздар Бабыл деп атаган, андан көөнө доорго тура келген шумер-кенерес, гергес тарыхы эркиндик үчүн күрөшкөн кыргыз элинин - манастын калың колу жана алардын Манас баш болгон кол башчыларын Көкө Теңиримдин күн теңиринин, асман теңиринин, ай теңиринин, тоо-таш теңиринин жана жер теңиринин, ата-баба теңиринин жана суу теңиринин алтын нурларына ширелишип турганы- бул элибиздеги айтылып жүргөн Манас бабабызга берилген улуу образды бир чулуга бириктирип жандуу сүрөт менен ачып көрсөтүүдө, анын чындыгы катарында салыштырып көрсөк эпосто мындайча баяндалат эмеспи: Асман менен жериңдин, Бир өзүнөн бүткөндөй, Айың менен Күнүңдүн, Нурларынан бүткөндөй-, деп айтылган улуу сапты кенен жана терең мааниде сүрөткер өз чыгармасында так таасын ачып көрсөтүүдө. Бул сүрөттүн сол тарабында улуу Теңир- Тоону Көкө Теңирдин алтын нурлары чулгап турса, ал эми оң тарабында ошол нурлардын кубаты менен далай жерлердин кыргыз бабаларымдын алыскы аймактардагы курган Бабыл шаарынын курулушун байкайбыз. Дал ошол Бабыл шаарын "Манас" эпосунда Мындайча баяндайт: Бабылга барган көй баатыр, Бабырашып отурган. Байыркы убакта, башкача айтканда, б.з.ч.3 миң жылдыктарда Манас атабыздын ал аймакта болгонун кабарлап жатпайбы, андан да кызыгы ошол тарыхты сүрөткер агабыз өзүнүн эмгегинде баяндап жатпайбы, андан кызыгы дал ошол шаарды байыркы биздин аталарыбыз негиздеген анын көөнө замандагы аты "Теңир Каалга- Бабыл-, ал эми орус тилинде Вавилон" деп тарых барактарында айтылып, жазылып жүрөт. Тоолорубуздай бийик жерибизди, элибизди алаканга салгандай сактап келген Манас атабыз эл башчы катарында оң капталында, ал эми Авестада (Теңирди таануу -автор) алгачкы закон чыгаруучу деп аталган Кошой балбан сол капталында турат, ал эми ортодо асман тиреген ак калпагын кийип турган элдин каада-салтын, жан дүйнөсүн бүтүндөй жан дүйнөсүнө, тулкусуна сиңирген ак сакалын жайкалткан Бакай атабыз нурдуу жүзү менен алдыга тайманбай чоң үмүт менен карап турса, анын ар бир кыймылын, көз карашын Кошой менен Манас атабыз да колдоп, бир багытты көздөп, бирдиктүү келечекке карап турганын, чагылдырса, ал эми биз мындана мамлекетибизди, элибизди биримдикке, ынтымакка ччакырып жатканын байкайбыз. Бакай- тарых булактарында б.з.ч. 7 кылымдардын ортосунда ассирияга каршы күрөшүп турганда элдин, аскердик күчтүн алдында турган, аны тарых булактарында Изпакай- элибизде, Манас эпосунда Бакай деп аташат. Сүрөткер үч инсанды бир тартканынын дагы бир себеби, кыргыз элинин үч уруулук союздан оң, сол, ичкилик деп аталышын да үч баатырдын кол башчынын сүрөтү аркылуу баяндайт. Алардын артында кара таандай каптаган калың колу, калың кыргыз калкы, тоолорундай бийик жерлери турат. Айлана тегерегин тоолор бир караганда жолбостой сүрү менен кщн батышка карап, бирде элди сактап турган элес калтырат, тоолордун чокулары элибиздин улуулугун даңазаласа, ал эми анын бырыштары карт тарыхыбызды, ошону менен катар эле курчап турган тоолорубуз элибиздин чеби экенин жана кыргызым менен анын тоолору эгиз, ажырагыс экенин кыл калем ээси абдан кылдат жандуу тартканын карап турган адамга сүрөткер айтып бүткүс дастан улуу тарыхыбызды бир эмгекке бириктирген. Кыргыз тоолору фауна менен флорага бай, ошондуктан табият менен кыргызым тыгыз жашап келген, ошондуктан үч улуу инсандын колдоочулары да жолборс, ак шумкар экендигин чеберчилик менен тартылган жана алардын баш кийимдеринен биз сак-кыргыз доорунун алтын доорунун мезгилин билебиз, Манас атанын алтын таажысы- бул Ысык коргонунан табылган "алтын адамдын" кийими менен бирдикте карашыбыз керек экенин да кыл калем чебери баяндап жатат, себеби биздин тарыхыбыз сак-кыргыз доору, башкача айтканда б.з.ч. 8-3 кылымдар кыргыз доорунун алтын доору болгон, анткени ушул доордо биздин кол өнөрчүлүгүбүз, Манас баш болгон элдик оозеки чыгармаларыбыз жаркып- жайнап турган чагы эле- бул биздин нукура тарыхыбыз. Андан оң тартапта ак элечегин кийген үч энебиздин сүрөтү берилген, алдыда чамасы акылман Каныкей энебиз келе жаткандай таасир калтырат. үч акылманды баатыр десе баатыр, акылман десе акылман, мамлкеттик ишмер десек, мамлекеттик ишмер элдин биримдиги үчүн, теңдиги, эркиндиги өрттүү жалындан да тайманбаганын жана алардын эл үчүн кызыл от болуп жанып турганын байкайбыз анын ичинен Манас атанын оң тарапта туруп кызыл чок , өрт болуп кыргызым үчүн чеп болуп турганын кыл калем ээси кылдат чагылдырган. Дагы бир ирет айтсак болот ушул сүрөттөн бүткүл евроазияны багындырган Эдил ханды- Атилланын образы менен бирдикте да кароого болот. Бул сүрөттүн алды жагында ортодо Саякбай Каралаевдин Манас айтып жатканынын өзү, өткөн кыргызымдын тарыхын сайрап, төгүп жатканы, ал эми жанында кичинекей тестиер баланын кошулуп Манас эпосун айтып жатышы- бул биздин элдин оозеки чыгармаларынын, тарыхынын, санжырасынын, каада салтынын атадан-балага өтүп жатканын, уланып жатканын баяндаса, арййине ошол эле учурда сол тараптан шөкүлөсүн акуудай болуп жараштыра кийген кыргыз кызынын алтын аяктан өнөр адамына мүрөктүн- түбөлүктүүлүктүн алтын нурдуу суусун сунуп жатат. Бул дегендик аялзатынын үйдүн куту, аялзаты экендигинен кабарласа, ошол замат өнөр адамынын алдында кут пайда болуп, ал кут бүтүндөй кыргызымдын, жер эненин куту экендигин жар салууда. Улуу инсаныбыз С.Каралаев сыяктуу өнөр адамдары - бул элибиздин кутун алып жүрүүчүлөр экенин Умай энелерибиз да, сыр аягынан даам сыздырып жатат. Бир караганда алтын аяктан кымыз сунуп жаткандай таасир да калтырат. Дагы бир ирет карасак, алтын аяктан элибиздин каада-салтын, кыргыз аялынын, кыз келиндеринин мээримин, сулуугун, аруулугун билебиз. Ал эми улуу манасчынын олтурган шырдагынан кан оюмун, улуу көчтү, тоолордон агып келген дарыяны, өзөндөрдү байкайбыз. Аны менен катар эле оң тарапта кыргызымдын кылымдар бою жашап келген турак үйү боз үйдү же бери дегенде хан ордодну, аны кайтарган жоокерлерди, колуна китеп кармаган ак сакалын жайкалткан жазмакерлерибизди, балким М.Барсканинин элесин, анын жанында өтө берилип комуз күүсү аркылуу тарыхыбызды баяндаган комузчунун берилип чертип жатканын билебиз. Кыскасы бул эмгегинде карт тарыхыбыздын 5000 жылдыгын кыл калем ээси Асан Турсункулов өтө чеберчилик менен бир полотного бириктирген.

Асан Турсункуловдун дагы бир экинчи чыгармасы "Мурас", "Эл сыймыгы". Мурас деп аталышы, чындыгында сүрөттө орто кылымдардагы кыргыз тарыхы, андагы Барсбек кагандын, Алп Солдун жана да Улуу-Жибек жолунда жайгашкан Таш-Рабат кербен архитектурасы сол тарабында тартылган, кыргыз тоолорунун фауна менен флорасы жана да атактуу кыргыз гүлүнүн сыймыгы Баткендеги сейрек кездешүүчү махабаттын гүлү, кызыл болуп көздүн жоосун алган "Айгүл гүлү", Жаңы заманда курулган кыргыз филорманиясы, анын жанындагы манас эпосуна арналып тургузулган эстелик, ырдын пири Рыспай, дирижер, композитор Асанкан Жумакматов, кино жылдыздары актриса С.Күмүшалиева, Т.Турсунбаева, ойлуу отурган атактуу актер, кыл калем чебери С.Чокморов, анны менен удаа эле Көкө-Теңирдин алтын көк нурлары кыргыз жерин каптап, мээримин төгүп турат, ортодо алтын кар баскан кыргыз тоолорунун чокуларынын күн чыгыш жана күн батыш тараптарында күн нурлары куюлуп турат. Тоо этектери малга жай, өзөн сууга бай экени байкалат. ал эми сүрөттүн оң тарабында Ош шаарындагы Сулайман-Тоо музей комплекси, күн нуруна чулганган улуу инсандын сүрөтү тартылган. Байыркы Ош шаарын бойлоп Ак-Буура дарыясынын агымы агып турат, андан берерээкте Сулайман тоосунун чокусунда айтылуу хан Бабурдун эс алуучу жайы тартылган, анткени Бабур энеси тараптан кыргыз болгон, кыргыз эли жери менен ар дайым кубат алган, ал эми берки өйүзүндө Ноокаттагы же Арстанбаптагы шаркыратма тартылган жана сол тарапта атактуу булбул Токтогул акындын эстелиги жана Таластагы Манас атанын күмбөзү ачык даана тартылып карт тарыхты баян салып турат. Бул полотнодо аты эле айтып тургандай карт тарыхты, башкача айтканда совет доору кыргыз искусствосунун жанары жанып, алтын доору болуп турганын сүрөткер баян этүүдө. Булар кыргыз өнөрүнүн мурасынын мураскерлери. Булар туралуу, алардын чыгармачылыгын, өнөрүн бир чакан сүрөткө чеберчилик менен бириктирген, алардын кыргыз элимдин өнүгүүсүнө, ар тараптуу бийиктикке чыгышына кошкон салымын сүрөт аркылуу тарыхты баяндоо өзүнчө узак сааттарды, эмгекти талап кылат эмеспи, ошондой болсо да сүрөтчү бардык чеберчилигин бир аспектиден карап ар биринин образын так ачып берген. Алардын башында кыгыз элинин карт тархынын башаты жана да тоо ичиндеги сейрек кездешүүчү "Айгүл" гүлүнүн турушунун өзү, алар кыргызды кыргыз этносу катары сактап келген сейрек кездешчү улуу инсандар, анткени алар Айгүл гүлү сыяктуу улуу инсандар да сейрек кездешет жана бири-бирин толуктап турат. Ушул эле сүрөттө "Эл сыймыгы" деп аталган бөлүгүндө кыргыздын залкарларынын сүрөтү так ортодо тартылган, анда искусствонун жана адабиятыбыздын чеберлери Т.Садыков, Ж.Мавлянов, А.Осмонов, Ч.Айтматов, Б.Миңжылкыев Сооронбай Жусуев ушул сыяктуулардын алардын алдында кыргызымдын чебер устасынын колунан жаралган оюм чийимй түшүрүлүп жасалган сыр сандыгы жана чыгармачыл адамдардын, элдин сыйынган тотемдери колдоочулары болгон арстан, ошондой эле булар элибиздин куту, түгөнгүс байлыгы экендигин кабарлаган кут белги тартылган. анткени булар элибиздин кенчи жана түгөнгүс байлыгы, элибиздин сыймыгы, туу тутар тумары. Ошентип Асан Турсункулов жогорудагы чыгармалары карт тарых менен мезгилди бириктирип турган, элди улуулукка чакырган кеменгер чыгарма, мындай улуу керемет чыгарманы ички кудурети күчтүү манастын урпактары гана жаратат. Анткени бул чыгармалар сүрөткердин туулуп өскөн айылы, анын абасы, табияты менен, анын каны менен жаралган. Ушундай залкар эмгекти эгемендүүлүк доорунда туура баалап, мамлекетибиздин Токтогул атындагы жогорку сыйлыкка көрсөтсөк туура болмок. Анткени улуу инсандарды жуурулуштуруп, бир уңгуга бириктирип, бир чоң эмгек жаратуу, улуулукту билген инсандардын гана колунан келет, ошондой улуулукка умтулган сүрөткер жана кыргызымдын алтын доорун жаратууга алпурушкан Асан Турсункулов болуп саналат. Мындай чыгарманы жараткан кыл калем чебери Асан Турсункуловдун эки чоң эмгегин Кыргыз республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын берсек, өз баркына барк кошулмак.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

09-09-2011
Кыргыз картасы же биздин элде байыркы карта болгонбу?
66747

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×