Добавить статью
7:54, 22 сентября 2011 14222

 Курманжан датканын сүрөтүн ким тарткан?

Курманжан датканын бизге жеткен саналуу гана сүрөттөрү бар. Балким кайсыл бир чет өлкөнүн архивинде, басылган китептеринде сүрөтү бардыр, бирок алар азырынча бизге жете элек, аларды таап алып келүүгө азырынча чамабыз чакталуу. Башка дагы сүрөттөрү болуу керек деп ишенимдүү айтып жатканым, Х1Х кылымдын акырында, ХХ кылымдын башында Ош, Алай аркылуу көптөгөн саякатчылар, расмий адамдар Кытай, Индияны көздөй каттап турушкан. Алардын ар бири Курманжан даткага жолугуп, колунан даам татып, маектешкенге куштарланган. Айрымдары атайылап издеп келип жолугушкан. Оштогу көп жыйындарга датка байма-бай чакырылып, ардактуу мейман болуп аралашып турган. Ал учурларда тартылган сүрөттөрдөн азырынча дайын жок. Азырынча өз доорунда тартылган сүрөттөрдүн арасынан Оруссиянын Генералдык штабынын полковниги, соңунда Финландиянын Президенти Маннергеймдин тарткан сүрөттөрү эгемендүүлүк жылдарда эле дайын болду. Калган сүрөттөр алигиче дайынсыз.

Ал эми бизге белгилүү Курманжан даткага тиешелүү 4 сүрөттү ким тартканы билинбей, ар кандай божомолдор айтылып келген. Эми аны тактап, авторун элге жарыя кылууга мезгил келип жетти. Биз даткага тиешелүү бул сүрөттөрдү ким тартканын архивдерден көпкө изилдедик. Өзбекстандын Мамлекеттик Тарых музейинен да издедик. Өз убагында Санкт-Петербургдагы архивдерди каздык. Акыры сүрөттүн илинчеги Ташкентеги Өзбекстандын Мамлекеттик Борбордук архивинен табылды. Мына ошол архивде Фергана облусунун иш кагаздары сакталган 19 фонд бар. Бул фонддун 8750 иш кагазында Ош уездинин начальнигинин милдетин аткаруучу, подполковник Алксеевдин Фергана аскер губернаторуна 1907-жылдын 5-февралында жазган каты сакталуу. Бул кат Курманжан датка каза болгондон 3 күндөн кийин жазылган. Андан сүрөттүн ээси ким экенин билебиз. Подполковник Алексеев өз катында:

«Фергана облусунун башкармалыгына мына ушул кат алышуулар менен бирге Курманжан датканын сүрөтү даяр болоору менен дароо жиберилээрин билдиргим келет. Бул сүрөт мага караштуу канцлереянын секретары Григорьев төрө тарабынан тартылган. Ал өзүнүн эмгеги үчүн эмгек акыдан да баш тартып, бул сүрөттү музейге тартуу иретинде кабыл алынышын каалап жатат» - деп сүрөттүн чоо жайын билдирген. Мына ушул кыскача маалыматтан улам Курманжан датканын сүрөтү ким тарабынан тартылганын билебиз. Бул сүрөт Санкт-Петербургдан чыгуучу «Исторический вестник» аттуу журналына 1907-жылы И. П. Ювачевдин «Курманжан датка Алай кыргыздарынын ханышасы» аттуу макаласы менен бирге басылган. Мына ушул журналдан алынган сүрөттөр аркылуу биз датканын өң келбетин көрүп келдик. Бирок бул сүрөттүн түп нускасын азырынча биз эч бир жерден таппадык. Балким бул сүрөттөр жалгыз эместир. Григорьев төрө бир нече сүрөт жиберип, алардын арасынан басма өзүнө ылайыктуусун гана тандап журналга баскандыр. Эң негизгиси бул сүрөттөр Фергана облустук башкармалыгына жиберилген сүрөттөрбү, же И.П. Ювачев Ошко келгенде Григорьев төрөнүн өз колунан алган сүрөттөрбү? Ал тууралуу И.П. Ювачев да эч сөз кылбайт. Айтоор сүрөттүн автору ким экени бир кылымдан соң бизге белгилүү болуп отурат.

Бул сүрөт 1905-1906-жылдарда тартылганын жогорудагы каттан улам билсек болот. Курманжан датканын 96 жаш курагы.

(биринчи жолу И.Ювачёвдин китебинде жарык көргөн)

 датка

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

17-05-2013
Кокон хандыгы – кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бир бөлүгү
92699

23-12-2011
1916-жыл. Эркиндик үчүн күрөштүн барактары жана сабактары
36174

23-12-2011
Байтик баатырдын сүрөтү табылды
20442

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×