Добавить статью
3:26, 4 октября 2011 242475

Экинчи доор - Курманжан датка саясий ишмер

Курманжан датканын феномени

Үчүнчү макала

 Экинчи доор - Курманжан датка саясий ишмер

Курманжан датканын саясий ишмердиги деп аталган экинчи олуттуу доор 1862-76-жылдарды камтыйт. 1862-жылы Алымбек датканын бөөдө өлүмү Курманжан айымды муңкураткан эмес. Эл кызы эсептелген айым белин бекем бууп, жетим калган уул-кыздарын тумшуктууга чокутпай аман-эсен асырап, ээсиз калган элине баш-көз болуп, аларды уюштурууга да чамасы келген.

Эл биримдигин жана тынчтыкты камсыздоо

1862-жылы эле Кудаярды экинчи жолу такка олтургузуу мезгилинде Кудаярга жардам берген Бухара эмири Сейит Музаффар Эд-дин Ошко чейин аскерлери менен келген. Курманжан аларды өгөй уулу Жаркынбай (кай бир изилдөөлөрдө кайниси) жана башка балдары, тургундары болушуп, Оштон кастарлап тосуп алышкан.

Бул келүүнүн негизги максаты Алай тараптагы кыргыздардан Кокон хандыгына таяныч издөө болуп, ал 1862-жылы өлгөн Алымбектин ордун басчу адамга датка деген наам ыйгаруу аркылуу ишке ашмак. Алгач бул наамды Курманжандын кеңеши боюнча ошол кезде Ош вилаятынын акими болуп турган Жаркынбайга сунуш кылышкан. Бирок, Жаркынбай бул даражаны алып жүрүүдөн караманча баш тартат. Мындан биз Жаркынбайдын Курманжандын аброюн жана сөөлөтүн сыйлагандыгын, Алымбектей улуу инсандын жесири тирүү кезинде жөнөкөй адам эсептелген өзүнүн датка наамын алуусу уят, намыс деп түшүнгөндүгүн байкайбыз. Жаркынбайдын бул чечимин Алымбектин туугандары Осмон, Өмүрбек, Акимбай жана башка бийлер туура көрүшөт. Бийлик үчүн кырылышкан ордо адамдарынан айырмаланган, түпкүрүнөн кашкөй, тоолук бийлердин бул жоругу Музаффарды ого бетер таң калтырат.

Ошентип, Кокон бийлигине таяныч түзүү жана кыргыздардын каныкесин өз жаатына тартуу максатында Музаффар менен Кокон ханы Кудаяр Курманжанга "датка" деген наамды ыйгарууга аргасыз болушкан. Ислам дининин Орто Азиядагы түркүгү болуп саналган Бухара-и Шарифтин шайх-уль-Исламынын ыйык фатвасы (шарыятка ылайыкталган бүтүм, чечим) жана Музаффардын өзүнүн буйрукнаамасы боюнча Курманжан эми “датка” аталат. “Датка” деген наам түпкүрүндө бухаралык чин болгон. Фарсиче "дохкох" деген сөз "адилеттүүлүк" деген маанини берип, мындай наам алган адам эң оболу тигил же бул вилаеттын диний көсөмү болуп саналчу. Ал элден чыккан араздашууларды шарият жолу менен чечип, арыздарды жана даттанууларды кароого тийиш эле. Бир эле учурда датка хандын вилаеттеги өкүмдар өкүлү, акими, аскер башчысы катары да таанылган. Кокон хандыгынын тартиби боюнча датка наамы мамлекетте он гана кишиге берилип, жылына миң теңге жана 200 батман буудай ыйгарылып турган.

Дворяндык тарыхчы М.А.Терентьев датка титулун генералга тете баалаган. (Караңыз: Терентьев М.А. История завоевания Средней Азии.-Т.1.-СПб.,1906.-248-б.; Т.2.-412-б.) Ал эми Кокон хандыгынын тарыхын жакшы билген изилдөөчү А.Кун болсо датка титулунун жергиликтүү маанидеги генерал-губернатордукка тете административдик кызмат орун экендиги жөнүндө пикирин жазган. (Кун А.Л. Очерки Кокандского ханства.//Известия РГО.-Отд.2.-Т.12.-СПб.,1896). Белгилүү казак агартуучусу Ч.Валиханов “датка” наамы ранг боюнча табелде хандыктагы төртүнчү даражадагы кызмат орунга туура келерин ырастаган. (Караңыз: ВалихановЧ.Ч. Собр.соч.-Т.3.-Алма-Ата.-1985.-379-б.)

Салт боюнча Борбор Азиядагы үч хандыктын ар биринде бир эле учурда 10 адам “датка” наамын алып жүрүүгө тийиш болгону менен, XIX кылымдын ичинде бул салт бузулуп, датка наамын алуучулар саясий чечимдер менен ишке ашырыла баштады. Тарыхый маалыматтарга караганда кыргыздардын арасынан 1804-1876-жылдар ичинде «датка» намын алгандар төмөнкүлөр болгон: Ажыбек же Аспердин (саруу) Таластан, Алымбек (адыгине) Алайдан, Кедейбай (саруу) Аксыдан, Сарымсак (багыш) Аксыдан, Шер (кутлук-сейит) Аксыдан, Медет (саяк) Жумгалдан, Гаиб (мунгуш) Алайдан, Бозой (ичкилик) Бадахшандан, Маргалан менен Коженттин чөлкөмдөрүндө жашаган ичкилик кыргыздарынан Молдо Тойчу, Шапак, Сейитбек, Болот, Касым, Тилла, Каракул, ал эми Чүйдө жашаган кыргыздардан Айдарбек.

Орто Азия жана түрк элдеринде аялдан датка даражасын алып жүрүү дегеле тарыхта болгон эмес. Курманжанга аял да болсо мындай наамга ээ болуу, анын тарыхтагы ордунун өтө жогору экендигин дагы бир жолу ырастап турат. Ушул окуядан кийин Курманжан «датка» аталып, хандыктын саясий иштерине аралашкан, ордодо жолугушууларды өткөрүп, ханга кеңеш айта алган. Маанилүү саясий, эл аралык маселелерди чечүүгө аралашкан. Эң негизгиси, Алымбектен керээз катары калган эл биримдигин камсыздоо идеясын уланткан. Албетте, бул кырдаалда кыргыз мамлекетин түптөөгө шарт да, күч да болбогондугу чындык. Ошондой болсо да урууларды чатакташтырбай, тоолук кыргыздардын намысын ылдый түшүрбөй, Кокон хандарынын эзүүсүнө керек болсо жапырт көтөрүлүп, тыштан келген коркунучтарга каршы бирдикте күрөшүүнү уюштуруу Курманжан датканын колунан келет болучу.

1860-жылдардын биринчи жарымында Орусия империясынын Борбордук Азига карата саясий-колониялык экспансиясынын күчөшүнө байланыштуу Кокон хандыгында абал татаал эле. Жогор жакта белгиленгендей Кокон ордосуна саясий ишмер Алымкулдун келиши Фергана кыргыздарынын жандыктагы саясий аренага көтөрүлүүсүнүн эң жогорку чеги болгон. 1863-жылы июнь айында Алымкул жетектеген кыргыз-кыпчактар Коконду камоого алган. Шахрисябзда башталган көтөрүлүшкө байланыштуу Кокондон чыгып кеткен Музаффардын жоктугунан пайдаланып, Алымкул ордону ээлеген. Кудаяр хан экинчи жолу качкан. Бийлик кыргыз-кыпчактарга тийип, 1863-жылы 9-июль күнү Малабектин 12 жашар уулу Султан Сейит такка олтургузулган. Кыргыз-кыпчактардын жамаатындагы эң таасирдүү мамлекеттик ишмер жана таланттуу кол башчы, кыргыздын чыгаан уулу Алымкул Султан Сейитке Аталык (регент) дайындалып, иш жүзүндө хандыкты башкарууну толук өз колуна алган. Ошол мезгилде Маргалаңда бектик кылган Мырзакматтын сөзү боюнча 1863-жылы Алымкул Асан бий уулу 34 жашта, ал эми Султан Сейит 23 жашта болгон. (Караңыз: Веселовский Н. Бадаулет Якуб-Бек. Аталык Кашкарский.—СПб.,1898.—90-бет.) Алымкул лашкер башынын тарых-таржымалы, ишмердүүлүгү Т.Кененсариевдин изилдөөсүндө кеңири берилет. (Караңыз: Кененсариев Т. Алымкул аталык.-Ош,1999.-72 бет.)

Алымкул 1863-65-жылдарда Кокон хандыгынын ички экономикалык, чарба жана маданий иштерине көп көңүл бура алган эмес. Анткени, күндөн-күнгө күч алган Орусиянын экспансиясына каршы туруп, хандыктын көз карандысыздыгын сактап калуу эң биринчи милдет эле. Алымкул административдик жана аскер реформасын жүргүзүп, Кокон хандыгынын тышкы экспансияга каршы турууга мүмкүнчүлүгүн бекемдеди. Сепилдерди оңдоттуруп, чек араларды чыңдады. Түштүк Казакстандагы бир катар согуштарга туруштук берип, кай бир салгылашууларда (мисалы Икан салгылашуусу) убактылуу жеңишке жетишти. Алымкул “Амир Лашкер Алымкул” наамына татып, анын эрдиктери жөнүндө легендалар түзүлдү. Бирок, европалык деңгээлде куралданган басып алуучуларды токтотууга күчү жетпеди. Ошентип, генерал М.Г.Черняев баштаган орус армиясы 1865-жылдын башында Ташкенге кирип келди.

1865-жылдын жазында Кокон хандыгы менен Бухара эмиратынын ортосундагы кезектеги жаңжалдын башталышын ыңгайлуу учур деп санаган генерал 29-апрелде Ташкентке жакын турган Ниязбек чебин басып алып, шаарды суудан жана эгинден бөлүп салган. Ташкентти коргогон Алымкул лашкер башынын негизги күчтөрү менен орус аскеринин ортосунда 9-май күнү катуу салгылашуу болгон. Кандуу кармашта Алымкул аталыктын оор жарадар болушу жана өлүмү кокон күчтөрүнүн чегинүүсүнө алып келген. Баш аламан түшкөн шаарга 14-15-июнь күндөрү штурм жасалып, 17-июнь күнү Ташкент каратылган.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, таланттуу кол башчы жана кыргыз элинин ичкилик кыпчак уруусунан чыккан белгилүү тарыхый инсан Алымкул аталык 1865-жылы 10-май күнү Ташкенттеги Шейхантаур мүрзөсүнө коюлган. Алымкул менен кошо Ташкентте жүргөн Султан Сейит хан эмне кылаарын билбей карбаластап калган учурда кошуундун негизги сокку уруучу күчүн түзгөн Фергана кыргыздары менен кыпчактар жаш ханды таштап, кыргыз кол башчысы Бекмаматтын жетекчилиги астында Коконго карай жөнөгөн. (Караңыз Мухаммед Салих Кори Ташкенди. Новая история Ташкента./Рукопись № 7791 Института востоковедения АН Узбекистана.//Ташкент, ташкентцы и Россия.—Ташкент,1965.—147,151,154-беттер.). Натыйжада Ташкентте эки жаамат түзүлгөн. Оруска жүз бурган жаамат шаарды орус аскерине өткөрүп берүүнү ойлогон. Ал эми Кокон амирлигинде калууну көздөгөн жаамат кокон аскерлеринин тарап кете элек бөлүктөрүнөн шаарды коргоп калуусун суранышкан.

Султан Сейит Бухара эмиринен жардам сурап кайрылганы менен, көп узабай ал эмирдин атайын жиберген тыңчыларынын колунан каза тапкан (Караңыз: Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.—Казань, 1886.—202-бет.) Хансыз калган Кокон мамлекетинин тактысына эми Кудаяр үчүнчү жолу умтулган. Бухара эмиринен жардам сурап, ага байлыгынын төрттөн бирин өткөрүп бермекчи болгон. Ал эми Ташкенттен Фергана өрөөнүнө келишкен кыргыз-кыпчак кошуунунун төбөлдөрү Кокондон 30 чакырым түндүгүндөгү Сарай деген жерде бир аз кеңешүүдөн кийин Ыкын мырза деген кыргыз аскер башчысынын сунушу менен Кокон амирлигинин негиздөөчүсү Шахрух бийдин (1709-1722) үчүнчү уулу Шады бийдин урпактарынын бири 16 жашар Кудайкул бекти хан көтөрүшкөн.(Караңыз: Бобобеков Х. Тарихимиздаги конли излар.//Мерос.—Ташкент,1991.—270-бет.) Кудайкул Кокондо кур сатчу жана аны менен Ыкын мырза жакшы тааныш эле. Кудайкул тарыхта Белбакчы хан деген ат менен да белгилүү. Тез аранын ичинде Кудайкул Кокондон алдырылып, кыргыз-кыпчак кошууну шаан-шөкөт менен ордого кирген. Баймат кыпчак миң башы дайындалып, Ташкентке жүрүш жасоого даярдык көрүлө баштаган.(Караңыз: Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.—Казань, 1886.—202—203-беттер.)

Жаңы хан орустарга каршы күрөшүү үчүн элге 100 миң дилде каражат чогултууга буйрук берип коюп, кыргыз-кыпчак кошууну менен 14 күн Кокон шаарында тургандан кийин Ташкентке карай жөнөгөн. Аңгыча Бухара эмири менен Кудаяр хан Кожентке кирди деген кабар угулган. Ушуга байланыштуу кыргыз-кыпчак кошууну кайрадан Коконго кайтууга мажбур болуп, бир аздан соң ордодон артиллерияны алып чыгып кеткен. Көчмөндөр Маргалаңда турганда бош калган шаарды кокондуктар эми өзүлөрү тоноп киришкен. Хан ордосу катуу таланган. 1865-жылы 15-июль күнү эмир Музаффар Коконго кирген. Ошол күндөрү бир нече жолу кыргыз, кыпчак кошууну Коконго чабуул койгон, бирок, шаарды ала алган эмес.

Алдаяр бектин башчылыгындагы эмир Музаффардын жакшы куралданган армиясынын чабуулунун астында кыргыздар жана кыпчактар Фергананын чыгышына карай Ош аркылуу Мады кыштагына чейин согуш менен чегинип келишкен. Кудаяр хандын башчылыгындагы экинчи жолку жазалоо отряды менен сентябрь айында болгон кагылышта кыргыз-кыпчактардын кошуунунун басымдуу көпчүлүгү талкаланып калган. Аман калган 7000дей атчан, 400дөй жөө сарбаз жана 30 замбиректен турган артиллерия Белбакчы ханды коштоп, кыргыз Ыкын мырза, Алымкул өлгөндөн кийин кокон аскерине башчылык кылган кыргыз паңсаты Бекмамат, Ташкент вилайетинин мурунку беги Мырза Акмат кушбеги, кашкардык Бузурук хандын эки ата өткөн тууганы Катта Төрө болушуп Кашкарды карай жөнөп кетишкен болучу.

Алардын артынан 12 миңдей жеңил куралданган кол менен кууган Кудаяр хан Сопу-Коргон ченде качкындарга жеткен да, кармашта Белбакчы хан менен кыргыздардын бир бөлүгү Чоң-Алай тарапка, ал эми кыпчактардын жана кыргыздардын 3-4 миңдей тобу Терек-Даван аркылуу Кашкар тарапка ооп кеткен. Замбиректери менен кача албай калган сарбаздар жана 800гө жакын жоокерлер колго түшкөн. Кудаяр хан жеңиш менен ордого кайткан.(Караңыз: Куропаткин А. Исторический очерк...//ВС.—1878.-—№ 1.—Ч.1.—115—117-беттер.). Ошентип, Кудаяр хан 1865-жылы үчүнчү жолу такка олтурган.

Мындай татаал абалда Курманжан датка тактикалык чегинүү жасоого мажбур болду. Кокон аскерлерине каршылык көрсөтүүнү токтотуп, Курманжан датканын кеңеши менен кыргыз бийлери жоон топ өкүлдөрүн ордого жөнөтүшмөк болушту. Курманжан датка уулу Абдылдабекти кошо алып, өкүлчүлүктүн башында 1865-жылдын күзүндө Коконго келген. Кудаяр хандын апасы Жаркынайым (Хаким Айым) менен Курманжан те Шералы хандын заманынан бери эле ынак, сырдаш болуп, Кудаяр бала кезинде эле Курманжанды жакшы билчү. Ошондуктан Хан конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, экинчи жолу Курманжанга датка наамын тастыктаган мыйзам чыгартып, кымкап чапан жаптырып, баалуу белек бердирген. Датка катары диний жана жергиликтүү бийлик жүргүзүү боюнча кошумча укуктарды ыйгарган. Хандын жаңы жарлыгына ылайык Курманжан датканын Алай, Ош аймактарындагы мамлекеттик бийликтин өкүлү катарында укугу такталып кыйла кеңейген.

Жаркынайымдын жардамы аркасында уулу Абдылдабекти Ташкент аймагында орус аскерлери менен айкаштардын биринде көз жумган Жаркынбайдын ордуна Оштун акими кылып дайындаткан. Ордо айымдары аркылуу саясий жактан кайрадан жогорку аренага көтөрүлгөн Курманжан датка Алымбектин аткарылбай калган мүдөөлөрүн колдон келишинче ишке ашыруу максатында ордо адамдарын колго алып, XIX к. 60-жж. аягына чейин алар менен такай катташып, Кокон хандыгынан кол үзгөн эмес.

Жалпы жонунан 30 жыл бийликте турган Кудаяр хандын кыргыз таякелерине болгон мамилеси эки жактуу мүнөздөлгөндүгүн тарыхый маалыматтар далилдеп турат. Жаш кезинен кыргыздардын арасында чоңойгон Кулаярдын жүрүш-турушунда, сүйлөө манерасында кыргыздарга мүнөздүү белгилер сакталып, ордодо жашагандан зеригип, көбүнчө кыргыз нөкөрлөрү менен тоо тарапта куш салдырып, тайган агыткан аң уулоолорду уюштурган мисалдарын изилдөөчүлөр жазып калтырышкан. Көп учурда “чектен чыккан тентектиктерди” уюштурган кыргыз таякелеринин күнөөлөрүн, сүйүктүү апасы Жаркынайымдын кеңеши менен кечирип да койчу. Ал энеси Жаркынайымды өзгөчө сыйлаар эле. Ордодо кышын-жайын тигилип турган ак өргөөдө жашачу Жаркынайымга дайыма эртең менен ызааттап салам айтчу да, анын ыраазылын алгандан кийин гана ордо ишине кийлигишчү дешет изилдөөчүлөр. (Караңыз: Алибеков М. Домашняя жизнь последнего кокандского хана. //Ежегодник Ферганской области.—Новый Маргелан, 1903. —Т. —2.— С.79—117, жана башка Кудаяр ханга байланыштуу адабияттар). Бирок, ордодогу кутумдук турмуш, интригалар, сартиййа өкүлдөрүнүн кытмыр кеңештери аны бузуп, акырындык менен Кудаяр ханда тоолуктарга каршы мамиле калыптана берген.

“Хан тагасы” аталган аксылык кыргыздарга анын мамилеси негизинен түз болучу. Кокон тарыхында аларга карата кескин саясат катталган эмес. Бирок, Фергананын чыгыш жана түштүк-батыш бөлүгүндөгү кыргыздар менен 1845-жылдагы Ош көтөрүлүшүнөн баштап эле курч мамиле негизинен өкүм сүрүп келди. Буга Алымбек датканын XIX кылымдын 40-жылдарынын экинчи жарымындагы, айрыкча 60-жылдардын башындагы саясий ишмердиги, ичкилик кыргыздарынын ана башчысы Алымкулдун 1863-65-жылдардагы саясаты чоң роль ойногон. Мындай кескин мамилени хан энеси Жаркынайым (Хаким айым) менен көңүлү жакын болгон Курманжан датка көп учурда жумшартып турчу. Бирок, Кудаяр хандын элге, негизинен элеттик кыргыздарга каршы саясаты айрыкча 1867-жылы энеси Жаркынайым өлгөндөн кийин күчөп кеткен жана ага жооп кылган элеттик кыргыздардын кыжырдануусуна алып келген. Ошентип, Ош аймагы менен Алай өрөөнүндө кадыр-баркы хан-бектерден кем эмес Курманжан ошондон кийин ордого көп барбай калган.

XIX кылымдын 60-70-жылдарында Курманжандын даңкы жана аброю Ферганага гана эмес Орто Азияга тарап, Фергана чөлкөмүндө Курманжандан өткөн таасирдүү адам болгон эмес. Датканын ошол кездеги ээлеген орду жөнүндө орус саякатчылары: “Бухара эмири Музаффар, Кашкар ханы Жакыпбек, Кокон ханы Кудаяр Курманжан даткага ызат-урмат менен мамиле жасашкан. Ал тургай, жыл сайын өздөрүнүн көптөгөн элчилерин, белек-бечкектери менен жөнөтүп турушкан. Датканын балдары эл башкаруудагы анын ишенимдүү жардамчылары эле. Алай канышасынын тун уулу Абдылдабек, кийинкилери Мамытбек, Батырбек, Асанбек жана Камчыбек, ошондой эле небереси Мырзапаяс көчмөн элдин кадырман уулдары болушкан”. (Караңыз: Тагеев Б.Л. Памирский поход.//Исторический вестник.1898.-Т.73.-132-б. Текст Т.Өмүрзакованын Курманжан датка: Доор. Инсан. Ишмердүүлүк.- Б., 2002, деген китебинин 147-бетиндеги котормосунан алынды.)

XIX кылымдын 60-жылдарында Курманжан датканын коомдук ишмердиги негизинен Ош шаарынын чегинде болгон. Ал Ошко көп келип, андагы Ак Ордодо (Ак өрөөлөрдөн турган ордо) адамдарды тээ Алымбектин мезгилиндей эле кабыл алчу. Эл болочогун таасын баамдаган Курманжан датка Ош шаарын ыйык тутуп, анын геостратегиялык маанисин жакшы түшүнчү. Улуу Жибек жолунун бир тармагы мурдагыдай эле Оштон өтүп, Кокон хандыгында шаардын экономикалык мааниси да жогору эле. Анын үстүнө Курманжандын кичи мекени Ороке кыштагынын Оштун оро-парасында жайгашкандыгынын да чоң мааниси болгон. Кийинки маалыматтар тастыктагандай Курманжан датканын болочок аброю, саясий жана коомдук ишмердиги так ушул ыйык Сулайман Тоонун айланасында жайгашкан Ош шаары менен тыгыз байланышта өнүккөн.

Курманжан өзүнүн “датка” наамына байланышкан коомдук-саясий милдеттерди жыл бою үзгүлтүксүз аткарчу. Күз жана кышкысын Ошто, Мадыда жашап, жаз жана жайда Гүлчөдөгү жайкы резиденциясында жана Алай тоолорунун бийик жайлоолорунда тынымсыз эл арасында болуп, алардын арыз-муңун укчу, адилеттикти издеген жүздөгөн адамдарга кеп-кеңешин айтып, маселелерин чеччү. Курманжан датка жашаган айыл чынында көчүп жүрүүчү элеттиктерди тартып турган кандайдыр бир борборго айланып калгандыгы эл оозунда айтылып, ал жөнүндө легендалар куралган. Муну изилдөөлөр тастыктап турат.

Фергана өрөөнүн басып алганга чейин эле Кокон хандыгына, Ошко келишкен бир катар орус ориенталисттери Курманжан датка жөнүндө кеңири маалымат алышып, аны таанып калышкан. Мисалы, XIX кылымдын 60-жылдарынын экинчи жарымында бул жерлерде болушкан бир катар саякатчы-чалгынчылар: чалгынчы Шафгаузен-Шенберг Д.Н.Шауфус (1868), изилдөөчүлөр А.П.Хорошкин жана А.Кун (1868), сүрөтчү В.В.Верещагин (1869), табият-таануучулар Иванов жана И.И.Краузе (1868, 69), саякатчылар К.В.Струве (1870) жана А.П.Федченко (1871), европалык ориенталисттер Друцкий жана Адамоли (1971), ошондой эле англиялык чалгынчы Маджид (1865) өз эмгектеринде Ош жергеси жана анын кожоюну Курманжан датканы эскеришет. Мисалы, 1871-ж. Алайга келген илимпоз-саякатчы А.П.Федченко Курманжан датканы мындайча баалайт: "Алайда кокондуктардын бийлиги күчтүү эмес. Ал жерде кыргыз аял Мармаджан-датха башкы авторитет болуп эсептелет… Ал өз алдынча уруусун башкарат, эң чоң кадыр-баркка ээ: биздин жигиттер ал жөнүндө улуу урматтоо сезими менен гана айтышты. Хан өзү аны сыйлайт жана Коконго келгенде аны кадырлуу бек катары кабыл алат" (Караңыз: Федченко А.П. Путешествие в Туркестан. Т.1. Ч.II. В Кокандском ханстве. //Известия Общества Любит. Естеств., Антропол. и Этногр. при Московском унив-те. Т. XI. Вып. 7. – СПб, 1875. 96-бет.)

 Азаттык күрөштөрдүн чордонунда

Курманжан датканын журт башылыгы, анын азаттык менен эл биримдигин туу туткан мекенчилдиги, 1873-76-жылдардагы Фергана өрөөнүндөгү элдик кыймылдын мезгилинде өзгөчө көрүнгөн.

ХIХ кылымдын 70-жылдарынын башында Курманжан датка Кудаяр хандын реакциялуу саясатына нааразылык билдирген жана антифеодалдык элдик кыймылдын башталышына үн кошкон. Тун уулу Абдылдабектин Кудаяр ханга каршы кыймылына бата берген. Курманжан датка 1873-76-жылдардагы элдик кыймылда алгач адилетсиз хан бийлигине каршы күрөшүп, көтөрүлүштүн айтылуу жетекчилери: Шер датка, Мамыр Мерген уулу, Абдымомун, Оморбек датка, Орозаалы, Молдо Ашыр сыяктуулар менен алака түзгөн. Тун уулу Абдылдабек кыймылдын жалпы жетекчиси, ичкилик кыргыздарынын бостон уруусунан чыккан Искак молдо Асан уулу Полот хандын жакын жан-жөкөрү болуп, Орусия баскынчылыгына акыркы күндөргө чейин жан аябай күрөшкөн. Курманжан датканын мындай чечими улуу Алымбектин эл биримдигин биринчи орунга койгон керээзин аткаруу болучу. Көсөм жана даанышман Курманжан датка эл башына түшкөн кыйын кезеңде азаттыкты туу тутуп, чыгаан баатырлардын башын коштуруп, жалпы чечимдердин негизинде гана иш жүргүзүү элдин келечеги камсыз кылаарын жакшы түшүнгөн.

Бирок, 1873-74-жылдары антикудаярдык мүнөздөгү, ал эми 1875-76-жылдары антиколониалдык маанидеги зор кыймыл Кокон хандыгынын жоюлушу менен (1876-жыл, 18-февраль) аяктады. Искактын жан-жөкөрү Абдылдабек 1875-жылдын октябрынан 1875-жылдын январына чейин Кокон шаарынын коменданты болуп туруп, Кудаяр хандын мураскери Насирдин бектин кошуундарын, орус жазалоочуларын шаарга киргизбей коргоп турган. Искак январдын аягында Алай тоолорун карай качканда гана Коконду таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1873-жылы күзүндө Аксынын Сафед-Буланында, андан кийин 1875-жылдын 27-сентябрында Ботокарада эки жолу хан көтөрүлгөн Искак Асан уулу Полот хан кармалып, 1876-жылдын 1-мартында Маргалаңда жаңы орус бийликтери тарабынан дарга асылган. (Караңыз: Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы.-Б.,1997.-279-305-беттер. Ошол эле автор. Искак Асан уулу Полот хан.-Ош, 1997)

3 жылга созулган зор кыймыл жеңилип, Кокон хандыгы Орусияга каратылса да, азаттыкты туу туткан Абдылдабек антиколониялдык күрөшүн токтоткон эмес. 1976-жылдын биринчи жарымында орус баскынчылары менен Алайдагы кармаштарда Курманжан датканын тун уулу Абдылдабектин ролу зор. Алайлык кыргыздар Абдылдабектин жетекчилиги астында 1876-ж. жаз, жай айларында падыша аскерлерине чечкиндүү каршылык көрсөтүштү. Курманжан датканын конушу көтөрүлүшчүлөрдүн кадимки штабына, ал эми Алай тоолору кезектеги боштондук кыймылынын согуш майданына айланган" (Караңыз: Өмүрзакова Т. Курманжан датка: Доор. Инсан. Ишмердүүлүк.- Б., 2002.-127-б.)

Орус жазалоочу отряды менен кармаштын эң ирилеринин бири Гүлчөдөн 25 чакырым түштүктө жайгашкан Жаңырык капчыгайында болгон. Абдылдабек, Оморбек, Сулайман удайчы, Таныкул паңсат, Валихан төрө жана башкалар олжоке, көкчө, сарттар урууларынан чогулган ири кошуун менен коргонууга ыңгайлуу өңүт даярдашып жатышкан. Бир жарым миң чамалуу кыргыз көтөрүлүшчүлөрү таштан үч айланта чеп куруп, түп жагына лагерин жайгаштырган. Анда Курманжан датка да болгон. Абдылдабектин кошуунунда эч кандай замбирек, алыс атар мылтык жок эле. Түтөтмө мылтык да сейрек болуп, жигиттер негизинен кылыч, айбалта, найза, чокмор менен гана куралданышкан болучу.

Жаңырык капчыгайында коргонуп жаткан Абдылдабектин кошуунун талкалоонун алай кыргыздарын орус букаралыгына өткөрүүдө гана эмес, Фергана өрөөнүндө орус бийлигин бекемдөөдө да чоң мааниси бар эле. Ошондуктан М.Д.Скобелев бул кармашты өтө тыкандык менен уюштурган. Эки тарап эрегишкен чечүүчү салгылашуу 25-апрелде түшкө маал башталып 3 саатка созулду. Абдылдабектин коошуну кармаш учурунда жоонун бир нече жолку чабуулунун мизин майтарып, катуу каршылык көрсөттү. Бирок, мөндүрдөй жааган окко туруштук бере албай, мындай кармашты мурун көрбөгөн, “кара-келтек” кыргыз кошууну түшкө чейин созулган катуу салгылашуудан кийин чегинүүгө аргасыз болду. Курманжан датка баштаган улгайган адамдарын алдыга жөнөтүп, коргоно кармашып олтуруп, Абдылдабек Алай тоолорунун бийик жайлоолорун карай чегинди. Кыргыздардан 150дөй киши набыт болду, Эч ким жан соогалаган жок. Оор жарадар болгондордон гана 3-4 киши туткунга түштү. (Караңыз: Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы.-Б.,1997.-285-86-беттер.)

Жаңырык салгылашуусунан кийин Абдылдабек тынчып калган жок. Ал жан-жөкөрлөрү, пикирдештери менен алгач Кызыл-Арт, Көк-Суу сыяктуу бийик жайлоолордо жашынып жүрүп, май айынын акырында Кара-Кулжа, Өзгөн, тарапка жыла баштаган. Июнь, июль жана август айларында Алай тоолорунда, Өзгөндүн, Кара-Кулжанын чөлкөмдөрүндө, Исфайрам өзөнүндө болгон кармаштарда элдин эрки курчуп, азаттыктын урааны урууларды бириктирип, алайлыктар “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарышты”. Алай тоолорунун батыш элеттеринде абагат уруусунун бийи Орозаалы, коженттик кыргыз Каракозу, тажиктерден исфаралык Хабиб-Эшен жана өзбектерден кокондук Калма-Юнус, лейлектик кыргыздардын абагат уруусунан Абдырахман, Осмон жана Эрманбет паңсат жетектеген козголоңдор катталган.

М.Д. Скобелевди айрыкча Абдылдабектин тобу кызыктырган. Себеби, анда көтөрүлүшчүлөрдүн саны көп эле. Анын үстүнө Абдылдабек башка кыймылдарды координациялап турган. Июлдун биринчи жарымында анын колу эки миңден ашып, ага Абдыкеримбек кошулган. 12-июлдун түнү көтөрүлүшчүлөрдүн бир бөлүгү Гүлчөдөгү орус аскерине кол салып, анда капитан А.Н. Куропаткин колунан оор жарадар болгон. Бул кырдаалда М.Д. Скобелев бир нече отряддын коштоосунда Абдылдабекке каршы жөнөгөн. Анын отрядында орус генералдарынын чакыруусу менен Түштүккө келген Шабдан Жантай уулу жана анын 25 жигити да бар эле. М.Д. Скобелев, Абдылдабекти үгүттөө менен баш ийдирүүгө аракеттенип, 21-июлда багынып берүүнү талап кылган кат жиберген. (Караңыз: Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы.-Б.,1997.-293-95-беттер.)

М.Д.Скобелев 20-21-июль күндөрү алайлык кыргыздарга эки мазмундагы чакырыктарды тараткан. Алардын 27 нускадан турган биринчи түрүндө М.Д.Скобелевди Алайда тынчтык орнотууга жарым падыша өзү жибергендиги, көтөрүлүшчүлөргө жардам бергендиги үчүн адыгине, сарттар урууларынын мал-мүлкү тартылып алынары, эгер “каракчыларга” кимде-ким дагы көмөк көрсөтө берсе дагы ушундай болору, тартипти орнотууга, “шайкаларды” жок кылууга кол кабыш кылгандарга ак падышанын жана жарым падышанын ырайымы жарыялана тургандыгы жазылган. (Караңыз: ЦГВИА РФ.—1396-ф.—2-оп.—97-иш.—153-барак.)

Ал эми алайлык кыргыздардын жапалак, төлөйкөн, жоош, качыбек, көкчө, бөрү, жылкелди, көк-жатак, кушчу, тооке, баргы, бакал, субай, олжоке, жору, сарттар, карабаргы, сарыбаргы, тазбаргы сыяктуу 19 уруунун бийлерине багышталган чакырыктардын экинчи түрүндө жогоркудай мазмундагы сөздөрдөн кийин уруу башчылары Чупан-Ата, Зара-Булак, Хива, Махрам, акырында Анжыян кыргындарын эстеп коюуларын, эгер алар кол куушуруп М.Д.Скобелевдин алдына келишсе, “аман” жарыяланарын (Орусияга куралдуу каршылык кылууну кечүү) айтып, Абдылдабек, Абдыкерим бек сыяктуу адамдарды кармап, аларды тирүүбү же өлүүбү, айтор орус бийликтерине тапшырышса, урматтуу таксырдын жана жарым падышанын ырайымына калары эскертилген. Чакырыктарды таратууга туш-тушка киши чаптырылган.

М.Д. Скобелевдин Абдылдабекке багынып берүү жөнүндө жазган катынын, ал катка берген Абдылдабектин жообунун тексттери архивдерде сакталып калган. Каттар ошол мезгилдеги Алайдагы саясий кырдаалды таасын сүрөттөп, Абдылдабектин сөздөрүнөн алай кыргыздарынын Орус баскынчылыгына карата мамилесин так түшүнсө болот.

1876-жылдын 21-июлунда М.Д.Скобелев Оштон үч жигит коштогон Шабдандын иниси Абдрахмандан Абдылдабекке кат жиберген. Катта: “Абдылдабек датка. Сизге Абдыкеримбекти жаныңызга алып, адамдарыңыз менен ыктыярдуу түрдө бизге келишиңизди сунуш кыламын. Сиз жеңилбес орус армиясын тоолор да, суулар да, душмандар да токтото албасына, алардын алдында өзүңүздүн да туруштук бере албашыңызга көзүңүз жетти. Ошондуктан Сиз качандыр бир кезде колго түшмөйүнчө качкын болуп жүрө берериңиз айкын. Эгер Сиз багынып берсеңиз, анда “Жарым падышанын” улуу боорукердигине жана ырайымына бөлөнөр элеңиз! Чынында өзүңүз баарын жакшы түшүнөсүз...”—деп жазылган. (Караңыз: ЦГВИА РФ.—1396-ф.—2-оп.—97-иш.—154-барак.).

М.Д. Скобелев алай кыргыздарын каратуу үчүн ”Алай илимий-согуштук экспедициясын” уюштуруу керек деген пикирге май айында эле келген болучу. Андан берки окуялар жүрүштүн 22-июль күнү башталышына ыңгайлуу шарттарды түзүп берген. Экспедициянын түштүк кыргыздарын биротоло орус колонизаторлорунун алдында тизе бүктүрүүнүн иш жүзүндө аткарылышына зор мааниси болгон. Абдылдабекке багышталган катынын жообун күтпөй эле генерал М.Д.Скобелев жүрүштү 22-июль күнү баштап жиберди.

М.Д.Скобелев 26-июль күнү Сопу-Коргонго жеткенде Абдылдабектин иниси Асанбек агасынын М.Д.Скобелевге жазган жооп катын алып келди. Кат алып келгендердин ичинде М.Д.Скобелевдин 21-июнда Абдылдабекке жазган катын алып кеткен Шабдандын иниси Абдрахман жок болуп чыкты. Чамасы аны Абдылдабек барымтага алып калса керек.

М.Д.Скобелевдин катын алып "ыраазы" болгондугун айтып келип, Абдылдабек катта мындай деп жазыптыр: "Кудайга жана анын пайгамбарына ишенген биз ушул мезгилге чейин силерге каршылык көрсөтүп келебиз. Бул иш Сиз тараптан шартты бузгандык үчүн жасалып олтурат. Мисалы, жарым паша Насирдинге Кокон хандыгын берип койгонуңуздар менен, аны алдап, кайра Сибирге жөнөтүп жибердиңиздер. Ал эми Сиз, генерал Скобелев, элге кадырлуу Абдрахман аптабачыны жана бир нече биздин бийлерди Коконго олтургузамын деген куру убадалар менен колго түшүрүп алгандан кийин так ошондой эле жол менен Сибирге жөнөттүңүз. Мына ушулардын баары биз үчүн коркунучту жана ишенбөөчүлүктү туудурду. Ошондуктан Исламды туткан бир нече адам силерге катуу каршылык көрсөтүүгө бел байладык.

Сиз, өзүңүздүн чоң жана жеңилбес армияңыз менен сыймыктанасыз. Ал эми биз кичине адамдарбыз, ошондуктан кудайга сыйынып, шүгүрчүлүк гана кылабыз. Мүмкүн Көктөгү жараткан бизге да ырайым кылаар... Эгер берген убадаларыңызды так аткарсаңыз, биз да Сиздин сунуштарыңызга макулдугубузду берет элек. Бирок жогорку себептер менен биз эми кашык каныбыз калганча силерге каршы күрөшө беребиз. Биз көчмөнбүз, ошондуктан бизге эч кандай мүлктүн кереги жок, кудайдын берген даамына жана тузуна ыраазыбыз.

Токмоктон баштап Сиз кыргыздарды, кыпчактарды, сарт-тарды убадаңызды аткаруу менен багындырып келе жатасыз. Ал эми Коконду алганда Сиз таптакыр өзгөрдүңүз, ошондуктан ушул толкундоолор чыгууда, эгер Сиз сөзүңүздө турсаңыз, бул болмок эмес.

Эгер Сиз тынчтыкты каалап, убадаңызды аткарсаңыз, анда бул ишти Шабдан баатырга тапшырыңыз, биз ошого макулдугубузду беребиз. Шабдан кандай ойлосо ошондой чечилсин. Чынында ал өз ишиңиз.

Анан дагы бир нерсе. Эгер Шабданды Ош уездинде калтырсаңыз, анда ал бул жерде тынчтыкты орнотор эле деп ойлойбуз". (Караңыз: ЦГВИА РФ.—1396-ф.—2-оп.—97-иш.—154-барак.)

Каттын кайсы күнү жазылгандыгы жөнүндө маалымат жок. Аягында Абдылдабектин мөөрү басылган. Каттын мазмуну Абдылдабектин дипломатиялык жөндөмүн, айтылган убаданы мыйзам катары кабыл алган тоолук кыргыздын чынчыл жана убадага бек турган түз мүнөзүн, кырдаалды туура түшүнгөн билимдүүлүгүн, жеңилсе да, элинин келечегин ойлоп, анын тагдырын Шабданга тапшырган тарыхый кеменгерлигин ачык көрсөтүп турат.

Ошол эле күнү М.Д. Скобелев Абдылдабекке дагы бир кат жазган. Анда генерал багынып берүүнү кескин талап кылган. Абдылдабек үмүтсүз болсо да күрөштү уланта берүүнү чечкен. Күч топтоо үчүн Кызыл-Артты ашып, Чоң-Алайга, ал эми 31-июлда Кашкарга кирип кеткен.

М.Е.Ионовдун отряды 29-июль күнү Кашкардан кайтып Ооганстанга өтүп бара жаткан Курманжан датканын көчүн кууп жетип, датка айымды генерал М.Д.Скобелев менен жолугушууга макул кылган. Азаттыкты улуу идея катары санаган Курманжан эне натыйжада бир топ бийлердин коштоосунда, кичүү уулу Камчыбекти жана небереси Мырзапаясты алып, Чоң-Алайдын Арча-Булагында өргүү алып жаткан М.Д.Скобелевдин лагерине түшкөн. Генерал чоң дасторкон жайып, Курманжанга алтын чөйчөк жана парча чепкен жапкан. (Караңыз: Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы.-Б.,1997.-300-б.) М.Д.Скобелев бул жолугушуу жөнүндөгү рапортунда Курманжандын туткун катары абалына карабай өзүн салабаттуу кармап, сүйлөшүүнү жогорку дипломатияда жүргүзгөнүнө ары таң калуу, ары суктануу менен эскерген. Ошол рапортунда ал биринчи жолу Курманжанды “Алай канышасы” деп айтууга татырлык деген пикирин билдирген. (Караңыз: ЦГВИА РФ.—Ф.1396.—Оп.2.—97-иш.-223-барак).

Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Курманжан орус бийликтерине багынгандыгын билдирип, балдарын кайра мурунку жайларына көчүрүп келүүгө, алайлыктарды орус букаралыгын кабыл алууга көмөктөшүүгө мажбур болгон. Алысты көрө билген айым пайдасыз кармаша бергенден көрө орус букаралыгын таанууну туура деп эсептеген. Ошентип, Абдылдабек баштаган үч уулунун Ооган жерине ооп кетиши, баш көтөргөн атуулдардын орус баскынчылыгынан өлүмгө учурашы жана Орусия куралынын күчтүүлүгү эрктүү энебизди тагдырга баш ийип, эми элин бөөдө кыргындан сактап калыш үчүн падыша бийлигине баш ийүүгө мажбурлаган.

”Алай илимий-согуштук экспедициясы” 1875—76-жылдардагы Фергана өрөөнүн Орусияга каратуу кампаниясында олуттуу саясий-согуштук мааниси бар этап болуп калган. Муну менен Түштүк Кыргызстанды Орусияга каратуу аяктады. Падыша өкмөтүнүн толук эмес маалыматтары боюнча 17380 түтүн алайлык кыргыздар (адыгине — 3145 түтүн, ичкиликтер —1225 түтүн, монгуш — 13010 түтүн) орус букаралыгына киргизилди. Алар Гүлчө, Ак-Буура, Ноокат болуштуктарына кирип, Ош уездин түзгөн. (Караңыз: Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы.-Б.,1997.-303-б.)

Абдылдабектин күчтөрү талкаланганы менен тоолуктар бир топко чейин кармашын уланта беришкен. Бул уруулар июлдун экинчи жарымында эле көтөрүлгөн Сох суусунун Дургумак, Кара-Көл, Раут куймаларынын бойлорунда жашаган ичкилик кыргыздардын 800дөй жигиттери болучу. Алардын башында Мамбет бий, Жармамбет, Кудайназар, Маткерим, Муратбай жана Эшмамбет турушкан. Алар өздөрүнчө аракеттенип жатышкан. Молдо Ашырдын тобуна тилектештигин билдирип, ал Кара-Тегинге качканда кабарлашып, күчтөрдү бириктирүүгө аракеттенишкен. Шабдандын отрядынын жардамы менен сентябрда орус аскерлери Молдо Ашырдын көтөрүлүшчүлөрүн талкалаган. Күз айларында алайлыктардын нааразычылыктарын басып, орус бийлигин кыргыздарга биротоло таанытууга көмөк алуу үчүн М.Д. Скобелев Курманжан менен Мадыда жолугушкандан кийин гана толкундоолор токтоп, К.П. Кауфман 1877-жылдын январь айында Петербургга Кокон хандыгынын мурунку чөлкөмдөрүндөгү ”толук жеңиш” жөнүндө телеграмма жибере алган.

1876-жылдын күзүндө Кабулдан Курманжандын Меккеге бара жатып көз жумган тун уулу Абдылдабектен башка балдары Мамытбек, Асанбек, Батырбек келишет да Ошту, Өзгөндү, Кичи-Алайды, Ноокатты башкарып калышкан. Ошентип, кан төгүшүү токтоп, датканын көсөмдүгү менен тынчтык орногон.

Алай тоолорундагы кармаштар өзүнүн саясий-стратегиялык мааниси жагынан Фергананын түздүктөрүндөгү согуштарга тете болгон. 1873—76-жылдардагы элдик кыймыл кыргыздар менен башталып, кыргыздар менен аяктагандыгын, тоолуктардын кыймылдын идеяларына башкалардан тереңирээк сугарылгандыгын баамдоо кыйын эмес. Көчмөндөрдүн кыймылдагы олуттуу ролун орус бийликтери да жогору баалагандыгын ошол учурдун мезгилдүү басма сөз материалдары даана көрсөтөт.

 Уландысы бар

Ташманбет Кененсариев, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-09-2012
Манас баатырдын прототиби жөнүндө
161003

07-09-2012
"Манас” эпосунун өзөктүү окуялары жана аларда кыргыз тарыхынын чагылышы
246212

03-09-2012
Манас баатыр тарыхый инсанбы?
209582

03-09-2012
Манас баатырдын тарыхыйлыгы
202196

31-08-2012
“Манас” эпосунун жаралуу доору жөнүндө божомолдор
202514

28-08-2012
Манас жана тарыхый чындык
261304

04-10-2011
Үчүнчү доор - Курманжан датка дасыккан саясатчы
245215

03-10-2011
Алымбек датка жана анын Курманжанга болгон таасири
219157

03-10-2011
Курманжан датканын феномени
285355

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×