Добавить статью
8:35, 17 февраля 2012 72741

Кыргыз маданиятынын “паттуу” абалы

Маданият алгоритми

Дүйнөдөгү көп маданияттардын ар биринин өзүнүн кайталангыс өзгөчөлүгү бар, мунун өзү алардын бирин экинчисинен айырмалап турат, бирок жалпы маданияттардын уникалдулугу менен кыргыз маданиятынын уникалдуулугу жөнүндө айтуунун алдында маданияттардын бардыгына тиешелүү жалпылыктарга токтоло кетели.

Ар бир маданият, канчалык парадокстуу угулбасын, өзүнүн жаратканына окшош, тагыраак айтканда, адам өзүнө окшош дүйнөнү жаратат. Анан ушул адамзат дүйнөсүнүн жаратылыш себептүү натыйжага ээ болбогондугу (недетерминизм) ал дүйнөнүн талуулуулугун (уязвимость) шарттайт. Бирок ушунун өзү жаратылыш дүйнөсүнөн айырмалуу өз дүйнөсүн куруудагы адамзаттын артыкчылыгы болуп саналат. Тагыраак айтканда, адам эркиндикке ээ болуу менен бизди курчаган жаратылыш дүйнөсүнө карама-каршы же шайкештикте болгон өзүнө гана таандык, каалаган дүйнөсүн жаратат.

Маданияттын өсүп-өнүгүшү анын башатында берилген алгоритмден көз каранды. Тура эмес берилген алгоритм коомдун ичиндеги карама-каршылыктарды жаратат. Ошондой эле ал адам менен жаратылыштын ортосундагы карама-каршылыктын негизи болот. Туура табылган алгоритм адамдын бар болушуна позитивдүү багыт берет. Мисалы, адам өзүнө гана эмес, аны курчаган жаратылыш дүйнөсүнө жоопкерчиликтүү (көчмөндөрдүн турмуштук жол-жобосу).

Позитивдүү же негативдүү болбосун, алгоритмдүү кыймыл өз негизинде руханий же руханий-материалдык же материалдык кандайдыр бир башталыштарга ээ. Бул негиздерди билүү адамзат рухунун негизиндегилерди билүү дегенге жол ачат. Билим бизди башаламан кадамдардан сактайт, бизге рух буюмдун ээсинин каардануусун жаратышы мүмкүн, биз билип-билбей аларды бир калыптуулуктан чыгарышыбыз мүмкүн. Билип-билбей ыйык буюмдарды демонстративдүү түрдө мазакташыбыз мүмкүн. Буга Будда статуеткасын жаңгакты жарганга колдонгон мисалды айтсак болот. Же жаңыраак мисал катары көз карандысыз Кырызстандын азыркы тарыхына кайрылсак, Бакиев-Кулов тандеми ураганда Кулов элди “Ала-Тоо” аянтына алып чыгып, боз үй шаарчасын курган. Бакиев болсо демонстрацияны таркатуу үчүн түштүк-түндүк принцибине идеологиялык жактан даярдалган түштүктүк укук коргоо кызматкерлерин атайын алып келген. Келгендер аша чапкандык менен кыргыз элинин ыйык нерселеринин бирин – кыргыздардын ата-тегинен келаткан турак-жайы болгон боз үйдү мазакташты. Алар элди гана таркатпай, боз үйдү дагы көңтөрүп, сындырганы аз келгенсип, боз үйдүн түндүгүн тепкилеп, ыйыктыкка шек келтиришти.

Өткөн мезгилдерде кыргыз элинин душмандары гана ушундай кылык- жорукка барышчу. Бул көрүнүш, тагыраак айтканда, бакиевдин командасынын кылык-жоругу аны автоматтуу түрдө кыргыз элинин жана кыргыз маданиятынын биринчи душманына айландырды. Даанышмандыгы бар аксакалдар президент Бакиевдин башкаруусунун тагдыры кандай чечилээрин ошондо эле алдын ала айтышкан. Учурунда Бакиевдин башкаруусунун таш-талканы чыгып, жакында кыйрай тургандыгы жөнүндөгү пикир абсурд көрүнгөн. Мындай ишенимди аларга бийликтин негизи болгон аскер күчтөрү менен материалдык байлык Бакиев менен анын командасынын колунда экендиги туурасындагы чындык берген.

Ошон үчүн бакиевчилердин ою боюнча тынчсыздануунун деле кажети жок болчу. Бирок, алар ар бир бийликтин башкы негизи элдин ишеними жана колдоосу экенин эстен чыгарып коюшту. Ушундай ишеним жана колдоо жок болду. Укук коргоо тармагындагыларда жана жалпы аскер түзүмдөрүндө бакиевдик башкарууну коргоюн деген биримдик каалоо деле жок болчу. Анткени ал жакта ошол эле кыргыздар кызмат аткарчу, алардын жан дүйнөсү Кыргыз Республикасынын башкы аянтында боз үйлөр менен кошо тепселип, тебеленген. Аларга да кыжырды кайнатуучу бакиевдик режимди текке кетирүүгө шылтоо керек болчу.

Бул мисалдан мындай жыйынтык чыгарса болот: элдеги руханий негизи бар баалуулуктарга түздөн-түз сый-сыпаты жок кол салуу сөзсүз түрдө өз аркасынан жазалоону, өч алууну апкелет. Руханий башатка жымсалданган жашыруун кол салуу келишпестиктерди жана кризистерди жаратат, булар коомдун рух башатын бара-бара ичинен кыйратат. Алардын жол көрсөтүүчүлөрү болуп өзүлөрүнүн бийлигин сактоо үчүн каалаган ыйык идеяны жамандоону жана мазактоону каалаган саясатчылар менен пайдубалдуу билимдери жок, бирок Кыргызстандын жаңы тарыхында из калтыруу үчүн бирдеме жасоого даяр, атак-даңкты самаган патриот-дилетанттар саналат. Бул жерден Фридрих Ницшенин: “Ар нерсени кылгандан көрө эч нерсе кылбоо жакшыраак” деген таамай оюн эске салуу орундуу болоор. Буга мен “жана ар кандай нерсени кылгандан” деген кошумчаны киргизээр элем. Биздин Кыргызстанда көп иштер ушундай багытта жасалат.

Айкөл Манастын айкели

Шайлоонун алдында кошумча дивидентти алуу үчүн же Кыргыз Республикасынын жаңы руханий тарыхынын куруучуларынын арасында болууну көздөө аркыларын да, беркилерин да айкөл Манаска жана азыркы замандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовго айкел коюуга түрттү.

Айкөл Манас - кыргыз элинин куту, деми. Ошон үчүн айкөл Манаска айкел коюу чечими жана тандалган орду мени чын жүрөктөн сүйүндүрдү. Эркиндик монументинин ордуна айкөл Манаска айкел коюу чечими сүйүнүчкө сүйүнүч кошту. Бирок сүйүнүчүм көпкө узабай эле артынан кайгы-капа апкелген иш болду.

Айкелдин жасалышы анын авторунун катачылыгы менен сабатсыздыгын, жоопкерсиздиги менен үстүрт мамилесин айтып турат.

Каталарды элементардык жана концептуалдык деп эки деңгээлге бөлсө болот:

Элементардык деңгээл:

Аттын жалы жана атчандын кийими шамалдан желбиреп турат, аттын куйругу болсо жок. Мындай иш үчүн сүрөт академиясында эмес, жөнөкөй мектептеги сүрөт сабагында эки деген баа коюлмак.

Концептуалдык деңгээл:

Айкелдин пастоментинин бийиктиги жана айкелдин көлөмү тегеректеги имараттардын интерьерине шайкештикте жасалган, бирок аны дисгармонияга негиздеп койгондо туурараак болмок, себеби ал жөнөкөй адам эмес, ал - аян дүйнөсүнө тиешелүү айкөл Манас.

Айкөл Манас болгон үчүн, өз убагында “Манастын ааламы” кинотасмасын жараткан ыраматылык Мелис Убукеевдин кейипкерине окшотуп, келбетин маска менен жаап койгон туурараак болмок.

Аттын тизгинин колго карматып койгон туурарак болмок, эмнеге дегенде ал бийликтин, башкаруунун символу да.

Кыргыз Республикасынын борбор аянтында аттын турпаты кыймылдуу катары берилген, анын төрт буттап так турган турпатын бергенде борбор аянтка ылайык болот эле.

Тулпардын желип баратканы жана колдогу кылыч анча деле жакшы белги эмес. Бул согушка даярдыктын белгиси. Күч менен өзүнө болгон ишенимдүүлүктү башкача ыкма аркылуу көрсөтсө деле болмок. Борбордук аянт бул согуш аракетинин орду эмес, бул кыргыздардын жана кыргызстандыктардын руханий биримдигинин символикалык ордосу болуш керек.

Билимсиздиктен гана эмес, жоопкерчиликтин жоктугунан дагы каталар болгон жана болуп келе жатат. Бүт тармактагы жазаланбоолор жопкерчиликсиздик сезимди жаратат. Жазаланбооочулук ишеним жоопкерчилик менен өзүнө жана жасаган ишине болгон талапты кемитет. Бул өйдөдө айтылып кеткен каталыктардын гана себеби болбостон, боло турган каталыктардын да негизи болуп саналат.

Ушундай жоопкерчиликсиздик сезим жана жазаланбоочулук айкөл Манастын айкелинин эскизин адистер (адис скульпторлор, философтор, тарыхчы-этнографтар жана кыргыз баатырларынын аттарынын турпатынын кандай болгонун так билген адистер) менен талкуулоону эп көрбөгөн аракетти жаратты. Айкел коюлаар алдында атайын кеңешилип, экспертизадан өткөндө, анын-келбет-турпаты ойдогудай болмок. Өз убагында борбор калаадагы “Манас айылы” комплекси курулуп жатканда дагы дал ушундай катачылык кетирилген.

“Манас айылы” комплекси

Архитекторлордун ою боюнча “Манас айылы” кыргыздардын жана кыргызстандыктардын маданий Меккеси болушу керек эле. Бирок ал андай болбой калды. Айтканыбызды мындай факты далилдейт, азыркы убакта “Манас айылына” кокусунан барып калган адамдар болбосо, эч ким деле атайылап барбайт. Себеби эмнеде? Себеби ал кыргыз маданиятынын чыныгы башатын чагылдырбайт. Жогоруда айтылгандай, ал кыргыздын дүйнө сезиминин, дүйнө түшүнүгүнүн жана дүйнө таанымынын негизги онтологиялык символу катары курулган. Кыргыздардын дүйнө таанымынын негизи катачылык болуп боз үй деп аталып калган турак-жайында бар.

Комплекстин “Манас айылы” деп аталышынын себеби, анда кыргыз маданиятынын ыйыктыгын көрсөткүсү келишкен. Ыйык жана таза ой иш жүзүндө таптакыр башкача болуп калды. Эмне үчүн дегенде курулушту башкарган адамдар маданият жана кыргыз маданий мурас тармагында дилетенттар болушкан, дегеле көчмөн болуунун ыкма-өзгөчөлүгүн түшүнүү тармагында дилетенттар болушкан. Мындай болбогондо “Манас айылынын” жалпы өңү кичине эмес, таптакыр башкача болмок. Тагыраак айтканда, ал басымдуу түрдө бетон менен темирден болбойт эле, көк чөптүү аянт менен мейли башка жактан түтүкчө аркылуу болсо да булактын суусу алынып келиниши керек эле. Эмнеге дегенде көчмөн адам бетондук конструкцияны эмес, суунун жандуу күчүн, арчаны жана аларды курчаган көк чөптүү кызыл-тазыл гүлдөгөн жерди баалаган. Ушундай жерлерди алар руху бар жер деп кабыл алышкан, жана алардын ою боюнча ушундай жерди жаратуу менен жердин үстүндөгү жандуулардын жашоосун узарткан ыйык жер деп саналган. Кыргыздардын бирден бир кудайынын Жер-Суу деп аталышы да бекерден эместир. “Манас айылы” деп аталган этнографикалык комплекс көчмөн адамдын урпагына жат жандуу символдук касиети жок учтуу жана сынык конфигурациялуу бетондук конструкциялары менен толтурулган. Ушундай жер ыйык эмес, баалуу да боло алат бекен? Албетте, жок.

Жогортон айтылган кемчиликтерге “Манас айылы” комплексинин жайгашканын белгилеп кетсе болот. Анын босогосу түндүктү карап калган. Кыргыздын салттуу маданиятында босого чыгыш менен түштүктүн ортосунда 90 градустук өлчөмдө жайгашышы керек. Башка тарапка багыттуу босого ички мейкиндиктин уюштурулушун бузат, кыйратат (Урманбетова Ж.К., Абдрасулов С.М. Истоки и тенденции развития кыргызской культуры. – Бишкек: Илим, 2009).

Төрдү уюштуруп жатканда архитекторлор абдан чоң катачылык кетиришкен. Төр бийиктикте тоголок форма иретинде уюштурулган. Ошонусу менен кыргыз дүйнө түзүлүшүндө очок турган ордодон төргө көңүл бурулуп калды. Мындай көрүнүш “Манас айылы” комплексинин конфигурациясын өзгөрттү. Бүт “Манас айылы” комплекси – босогонун үстүндөгү куш, кырк жигит, кырк кыз, очок жана Манастын мунарасы төрдүн босогосунда болуп калды. Ошондуктан ал мифологиялык арабага куш, кырк жигит, кырк кызды салып алып, түндүктү көздөй айдап бараткандай болуп калды. Байыркы кыргыздардын салттуу көз карашында түндүк тарап тиги дүйнөнү билгизет.

Ушуну менен архитектор адистердин ишин талдоону токтотсок болмок. Бирок алардын дагы бир катасына коңүл буралы. Кыргыз универсуму эки жартыга бөлүнөт: ыпча (эр жак) жана эпчи (аял жак). Так ушундай ыпча (оң жак) менен эпчиге (сол жак) боз үйдүн ички мейкиндиги бөлүнөт. Оң жана сол жактар төр тараптан аныкталат (Урманбетова Ж.К., Абдрасулов С.М. Истоки и тенденции развития кыргызской культуры. – Бишкек: Илим, 2009).

“Манас айылы” комплексинин сол, эпчи (аялзат) тарабында авторлор Манастын мунарасын жайгаштырыптыр, оң, ыпча (эр) жагында “Ысык-Көл” мейманканасы турат. Өзүнөн-өзү суроо жаралат, аялзат тарабында Манастын мунарасы эмне кылып жүрөт? Бул өз кыргыз маданиятын билбегенден эмес, атайын жасалса, анда муну менен жалган этнографиялык комплекстин жаратуучулары эмнени айткысы келди?

“Манас айылы” комплекси жөнүндө мисалды мен жөн эле келтирип турган жокмун. Бул биздин адис архитекторлордун айыбын ачуу үчүн гана аракет эмес. Менин оюмча бул комплекс-химераны сактап жана кайтарып гана тим болбостон, ал жакка балдарды, студенттерди, өкмөт кызматкерлерин экскурсияга алпарып, маданий дилитантизимдин жана маданий сабатсыздыктын уникалдуу айкели катары “Манас айылы” комплексин көрсөтүү, мисалга тартуу, аны менен кыргыздын салттуу баалуулуктарына жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгын туюнтууну максат кылуу керек.

Кыргыз Республикасынын жыңы желегин кабыл алаарда “эптеп-септөө” мезгили уланат го деген коркунуч менде жаралуда.

Конкурс жана Кыргыз Республикасынын жаңы желегинин эскиздерин тандоо комиссиясы

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символдорун кайра кароо чечиминин арасына Кыргыз Республикасынын герби кирбей калганы таңгалыч жаратты. Эмнеге дегенде Кыргыз Республикасынын гербинде так руханий багыт жок, анын ордунда материалдуу багытка арбын маани берилген.

Желекти кайра кароо фактысынын өзү сүйүнүчтү жаратып турган менен, кайра эле эл тарабынан шайланымыш болгон депутаттар тарабынан кыргыз элинин чыныгы рухун көрсөтө турган нерселер тандалбай, дагы ага эч тиешеси жок же рух менен кыргыз маданиятынын чыныгы негизине жат нерселер, кыргызды кайрадан иренжите турган көрүнүштөр киргизилип калабы деген ой тынчсыздандырат. Ушундай чочулоонун негизи бар – конкурс иретинде кыргыз мамлекеттүлүгүнүн символун тандап ала турган комиссиянын компетенттүүлүгү, кыргыз маданиятынын символикасын жана геральдика илимин билээри кандай деңгээлде болот? Шайланган өкүлдөрдүн ушулар жөнүндө билимдери барбы?! Анткени документте ар бир партиялык фракциядан үчтөн өкүл, андан тышкары чыгармачыл интеллигенциядан өкүлдөр жана мурунку желек менен гимндин авторлору комиссиянын мүчөсү болуп катталыш керек деп көрсөтүлгөн. Бул документте эң негизги нерсе – шайланган комиссиянын мүчөлөрү ушул тармактын адистери болушу керектиги айтылган жок. Эгерде бул өңүттө так талап коюлса, шайланган комиссиянын мучөлөрүнүн компетенттүүлүгү эске алынмак. Так талаптын жоктугу шайланып жаткан комиссиянын мүчөсүнүн кыргыз маданияты жана геральдика тармагындагы адистик деңгээлин эске алууга мүнкүнчүлүк бербейт, демек ал бир партиянын фракциясына таандык өкүл болгон депутатты тандоого мүмкүнчүлүк берет. Муну хирургиялык операцияны жасоону адистиги бар докдурга эмес, жакшы, чынчыл жана сыйга татыктуу фракциянын өкүлүнө тапшыруу менен салыштырса болот. Ушундай жакшы адамдар кишини өлтүрүп алышы мүмкүн же ойго келбеген макоолук иштен экинчи ирет баш тартууга мажбур болот, себеби жаман иштин жыйынтыгы дароо эле билинип калышы мүмкүн. Желекти тандоонун жыйынтыгы дароо көзгө көрүнбөгөнү менен бир топ убакыт өткөндөн кийин билинет, аны акырындык менен кыргыз элинин рухуна терс таасир тийгизе турган минага же ууга теңесе болот. Мунун ушундай экендигин азыркы желекти чечмелөөдөн гана эмес, анын биздин күндөгү материалдашуусунан билсек болот. Кыргыз Республикасынын желегинин символикалык негизин чечмөлөөнүн астында төмөнкүгө токтолуп кетейин, кабыл алынган желек кыргыз маданиятынын руханий багытына шайкеш келбей калышына менде терең ишенич бар. Ушундай ишеничти мага жогортон жазгандарым гана эмес, комиссиянын өкүлдөрүнүн иш уюштуруу шарты дагы берди.

Июнь айында комиссиянын бир отурумуна Кыргыз Республикасынын жаңы желегинин эскизин тарткан авторлордун бири катары катышкам, ошол жерде комиссиянын жетишсиз адистигин жана, кийин билингендей, өңдү көрсө, жүз таят болуп, тандоо комиссиясынын өкүлдөрүнө тиешелүү кээ бир эскиздерге өзгөчө мамиле жасагандарын өз көзүм менен көрдүм. Мени таңгалдырганы:

1) Кыргыз Республикасынын желегинин эскиздерин тандоо комиссиясынын башчысы кылып азыркы Кыргыз Республикасынын мазмуну начар желегинин авторлорунун бири Сабыр Иптаровду тандап алышыптыр;

2) Сабыр Иптаров жана бир топ депутаттар өздөрүнүн Кыргыз Республикасынын желегинин эскиздерин тандоо комиссиясынын мүчөсү экендигине карабай, конкурска катышып, он чакты эскиз беришиптир. Албетте, алар Кыргыз Респуликасынын жараны катары конкурска катышуу укугуна ээ, бирок мындай шартта комиссиянын мүчөсү катары отуруу укугуна ээ эмес (ал эми Сабыр Иптаров комиссияда болбоого тийиш). Алар экөөнүн бирин тандап алышы керек.

Мамлекеттүүлүктүн символдорун кабыл алуу процедурасы

Мамлекеттүүлүктүн символдорун кабыл алуу процедурасы үч баскычта өтсө болмок:

1) Адискөй комиссия, фракциянын жана интеллигенциянын өкүлдөрү желек менен гербдин эскиздерин тандашат;

2) Адискөй кеңейтилген комиссия тандалган эскиздерди экспертизадан өткөрөт;

3) Кыргыз Респуликасынын жогорку кеңешинин депутаттары талкуудан өтүп, тандалган желек менен гербдин эскиздерин кабыл алышат.

Кыргыз Республикасынын азыркы желеги жана анын материалдашуусу

Азыркы Кыргыз Республикасынын желегинин авторлору кыргыз маданиятынын салттуу көрүнүштөрүн – түндүктү жана 40 уруу же 40 чоро деген символдорун тандашты, бирок аларды сүрөттөп көрсөтүүсү өтө эле туура эмес болуп калган. Күн менен нур боло турган нерселер күн карамага, күндүн артынан ээрчимеге окшоп калган. Кыргызстан күн карама болуп калгандан кийин, башка өлкөлөр ал үчүн күн болушу мүмкүн. Мисалы, Аскар Акаев ата-бабалардан келаткан Кыргызстанды өстүрүп-өнүктүрүүнүн ордуна экинчи Швейцарияны кургусу келген, өз үйүн куруунун ордуна жалпылык үй, жатакана кургусу келген. Акырында ал аны курду, эми биздин өлкөдө жатаканадагыдай болуп баары биздики эмес болуп калды. Жалкоолонбогондордун баары ыгы жок жаткан нерселердин баарын же өз ордунда турган нерсени уурдаганга ылайыктап коюп, уурдап, сатып байыганга арекет кылса болот.

Мындан тышкары башка көркөмдүү мисалды да келтирсек болот. Шайлоонун астында бүт партиялык фракциялардын лидерлери парламенттик шайлоого баратканда өзүлөрүнүн сырткы колдоочулары менен мактанып жатышты, бирок мунусу менен алар утушка ээ болгондо кимдин кызыкчылыгын коргоору айдан ачык билинип турбайбы, сиз менен биздин кызыкчылыгыбызды эмес, өзүнүн жана ага “күн” болгондордун кызыкчылыгын коргойт.

Желектеги күндүн 40 нуру, күч-кубаттын элди коргой турган символу күн караманын назик гүлүнө айланып, элдин кызыкчылыгын коргой турган сүрү жок. 20 жылдан бери Кыргызстанда бул символдун астында далай кылмыш иштери козголгон, бирок бири да логикалык жыйынтыгына жеткен жок. Муну символдун ишке ашышы десек болот.

Символдун материалдашуусунун дагы бир мисалы, 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракеси өтүп жатканда Аскар Акаевдин калпагында аялзатка таандык эки “Умай эненин” оюму өзүлөрүнүн жалбыракчалары менен эр жигитке таандык “эр оюмдун” келечегин бууп койгон. Балким кимдир бирөө муну кокусунан түшүп калган оймо болсо керек деши мүмкүн, бирок мен адамдын жан дүйнөсүнө таасир тийгизе турган символикалык оймо-чийме өлкө башчысынын калпагына атайын түшүрүлгөн деген пикирдемин. Чынында эле Аскар Акаевдин бийлик башкаруусуна эң жакын адамдары тоскоол болду – бул эки аял заты: жубайы Майрам Акаева жана кызы Бермет (акыркынын артынан былык иштерди жасаган анын күйөөсү Адил Тойгонбаев (тойбогон бай) өспүрүм Айдар Акаевге үлгү көрсөткөн). Ушул эле катарда борбордук аянтта андижан полькасын буту сынгыча бийлеген Курманбек Бакиев, кыргыз элинин эпикалык душмандарынын айкелдерин Кыргыз Республикасынын борбор аянтына коюуга уруксатын берген Нариман Түлеев, жакында демонтаж болгон Тургунбай Садыковдун “Эркиндик”, тагыраак айтканда, “Шермендечиликтин монументи”, борбордун ордосундагы тарыхый имаратты Борбордук Азиядагы Америка университетине берип коюу, архитекторлук чеберчиликтин антишедеври – “Манас айылы” комплекси, достук паркынын “Манас”, же Барсбек, же Тагай бий паркы эмес, “Ататүрк паркы” аталып калышы, Кыргыз тоолорунун чокулары байыркы кыргыз элинин ысымдарын алууга татыктуу эмес болуп калышы жүрөк оорутат (Урманбетова Ж.К., Абдрасулов С.М. Истоки и тенденции развития кыргызской культуры. – Бишкек: Илим, 2009).

Бул өндөнгөн ондогон мисалдарды өзүңүздөр деле таба ала турган болгондон соң, мен өз мисалдарымды токтотоюн.

Сөз менен символ, жана алардын материалдашуусу

Символдордун гана эмес, сөздөрдүн да күч-кубаты бар. Мисалы, балага жаш кезинен аны жиндисиң, макоосуң дей берсе, ал ошондой болуп чоңоет. Ой материалдашты!!! Албетте, бала башында иренжийт, капаланат, кийин шектенет, аягында ал жинди деген ойго көнүп, башкача болууга каалоосу да, руханий күч-кубаты да жок болот. Ушундай жат ишти биз өз элибиз менен жүргүзүп жатпайбызбы, балдарга “сен жалкоосуң”, “таланттуу эмессиң” дей берип. (Өзүңөр ойлонуп көрсөңөр, кыргыз эли чын эле жалкоо, таланттуу эмес болсо ХХI кылымга чейин байыркы “кыргыз” деген этнонимин сактап жана өзгөртпөй кантип жашап келе жатат?!!!).

“Пенденин оозунда, Алланын кулагында” дегендей, тамашалоо иретинде же ачуулануу кезинде болбосун, мындай кептерди айтууга болбойт, ким атайын ушундай ишке барып жатса, андай адам сөзсүз түрдө жазаланууга татыктуу, себеби ой материалдашышы мүмкүн. Жакшылык муштумдуу болуш керек, себеби аны коргой тургандар жок болуп калса, ал өзүн-өзү коргошу керек.

Совет доорунда өз ыктыяры менен эшекке айланган арстан жөнүндө гениалдуу анимациондук (мультипликациялык) тасма тартылган. Бул тасмада арстан таң атпай ойгонуп, “эшек” деген мөөрү бар жазууну өзүнүн куйругуна чапталган кагаздан көрөт. Мөөрдөн корккон жаныбарлардын падышасынын ошол кагазды үзүп ыргытканга ички күч-кубаты жетпейт. Арстандын ички дүйнөсү өзүн эшек сымал алып жүрүүгө жол ачат. Бара-бара ал эшек сымал болуп калганда, жаныбарлардын баары ага жаныбарлардын падышасы катары эмес, эшек катары мамиле кылып башташат. Символ ишке ашты. Ой материалдашты.

Өзүнүн тарыхын жана маданиятын сыйлаган ар бир эл желеги менен гербине өздөрүнө таандык символдорду тартуу менен аларга келечекке позитивдүү, өсүп-өнүгө тургандай багыт беришет. Дагы бир ирет белгилей кетейин – аларга келечекке позитивдүү, өсүп-өнүгө тургандай багыт беришет. Гимн болсо ушул багытты даңазалайт, аны элдин эң бийик руханий баалуулугуна айлантат. Ушундай гана руханий баалуулук элдин биримдикке умтулуусу менен башка маданияттын өкүлдөрү менен ынтымакта жана шайкештикте жашоону ишке ашырууга руханий күч-кубат берет.

Өлкөнүн желеги, герби жана гимни кандай болушу керек?

Символдордун тартылганы жана желек менен гербдин өңдөрүн тандоонун негизги багыты – бул кыскалык, жөнөкөйлүк, тактык жана формалык оңойлугу, бирок алардын мазмуну терең, кең жана символикалык туюнтмасы бай болуш керек. Гимн жан дүйнөнү ээлей турган жана ыйыктык дем бере турган болушу керек, ан үчүн анда элдик музыкалык мотивдер колдонушу керек, гимндин сөздөрү жаттаганга жана ырдаганга ыңгайлуу, бирок мазмуну терең, бийик жана өзөктүү болушу керек.

1 Кыргыз Республикасынын желегинин эскизи

Желектин өңү байыркы кыргыздар ыйык туткан өңдөрдөн тандалышы керек. Илгертен кыргыздар төрт өңдүү желектерди колдонуп келишкен: ак, көк, кызыл жана кара. Ар бири элге тиешелүү кандайдыр бир абалды билдирген. Кыргыз эли:

кара өң менен азаны;

кызыл менен – канды (жашоону), сулуулукту (“кыздын көзү кызылда”), эрдикти, каармандыкты жана бийликти;

көк менен – асманды, жараткандын чындыгын, рух бийиктигин, асылдуулукту, айкөлдүктү;

ак менен – тынчтыкты, биримдикти, жараткандын акыйкатчылыгын жана рух тазалыгын белгилешкен.

Кыргыздар бирөөлөрү кайтыш болгондо жана жоготуудан кайгы-капага баткан абалын кара өң менен белгилеген, кийин бул өң азанын өңү болуп кабыл алынып калган. Согуш майданында намысын коргоп жатканын эки өңдүү желектер менен билдирген – бул көк жана кызыл, көк өң аркылуу асылдуулугун, айкөлдүгүн жана жараткандын чындыгы анда бардыгын белгилеген, кызыл менен – эрдиктин, каармандыктын бардыгын жана руханий башат, ата-мекен жана элдин биримдиги үчүн өзүнүн да, душманынын да канын төгүүгө даярдыгын белгилеген. Уруш-талашты токтотуу үчүн сүйлөшүү жолу менен аларды таза дил аркылуу чечүүгө барышкан. Мындай жан-дүйнөлүк умтулууну, багытты акыйкаттыктын жана биримдүүлүктүн өңү, ак желек – руханий тазалыктын желеги - менен белгилеген. Азыркы убакта ак желек кыргыздын ата-бабалары колдонгондой эле парламентёрлордун желеги катары колдонулат.

Менин жеке көз карашым боюнча, желектин өңү ак, көк жана кызылдын ордуна кызгылтым алтын өңдөрдүн айкалышы болушу керек. Көгүш-көк түстөгү туунун борборунда ичи ак фондон турган алтын түстөгү айлана жайгашышы керек. Ал эми ал ак фондо алтын түндүктөн келип чыккан көк-көгүш түстөгү “төрт чарчы” оймосу түшүрүлгөн болушу керек. Көк-көгүш түс – бул чындыктын, асмандык тазалыктын, аруулуктун жана асылзаттыктын белгиси, ак түс – акыйкаттыктын, ынтымактын, тынчтыктын, биримдиктин жана руханий тазалыктын түсү, ал эми алтын түс – турмуштук энергиянын, түшүмдүн жана жыргалчылыктын түсү.

Ак айлана менен эр-оюмдар («төгөрөктүн төрт бурчу» – дүйнөнүн төрт тарабы) – бул универсум, дүйнө. Ак айлана күндү, социумду, элди (журт), байлыкты жана жетишкендикти (дөөлөт) символдоштурат. Мисалга алсак, кыргызда: «Дөөлөт тоголок болот, мээнет жалпак болот» деген макал бар. Алтын түстөгү тышкы айлана жана чекит түрүндөгү алтын түстөгү ички айлана – бул турмуштук энергиянын, түшүмдү көп берүүчүлүктүн, жакшылыктын, жыргалчылыктын жана асылзаттыктын булагы болуп саналган күндүн белгиси. Ушул себептүү кыргыз эли өзүн «Нур эл» деп аташкан жана бүгүнкү күндө дагы аташат. Ошондой эле тышкы алтын түстөгү айлана жана ички алтын түстөгү түндүк – бул боз-үйдүн (жаңылыш аталып калган) учуп бараткан куштун бийиктигинен, жогортон карагандагы көрүнүшү. Тактап айтканда, алтын айлана менен түндүк ак түс менен айкалышканда – бул Ак-Өргөө, Ордо, Руханий булак. Башкача айтканда – бул нур төгүлгөн, руханий жактан таза жана ыйык турак-жай, үй, башат, ата мекен. «Төрт чарчы» эр-оюмдар (ыпча - эркектик символ) турпатында көк-көгүш түстө тышты карай (коргоо – «эр-жигит эл четинде, жоо бетинде») ак түстө ичти карай (биримдик) багытталган. Көк-көгүш жана ак эр-оюмдардын чырмалышы - бул кыргыз элинин руханий биримдигинин белгиси. Алтын түндүктүн (эпчи – аялдык символ) борбордо болушу – руханий тазалыктын баасыз булагы. Эр-оюмдардын жана түндүктүн «төрт чарчы» (тең жактуу крест) таризинде келиши салттуу кыргыз маданиятында туруктуулукту, тартипти жана жыргалчылыкты билдирет. Ыпча менен эпчи – үй-бүлөнү, урууну, элди, түшүмдүн мол болушун жана гүлдөп-өнүгүүнү пайда кылган турмуштук энергиянын булагы болгон Бүтүндүктүн бирин-бири толуктай турган символдук башталышы.

2 Кыргыз Республикасынын гербинин эскизи

Гербде дагы желекте колдонулган түстөр колдонулууга тийиш. Ага ылайык, гербде колдонула турган түстөр – алтын түс, көк-көгүш жана ак. Герб алтын түстө бирдей үч жактуу болушу керек. Анын борборунда ичи ак фондогу алтын түстүү тегерекче тартылып, ак фонго алтын тундүктөн келип чыккан көк-көгүш түстөгү “төрт чарчы” оймосу түшүрүлүүгө тийиш. Алтын түстөгү тең жактуу үч бурчтук – бул кыргыздын тумарынын формасы. Тумардын алтын түсү – бул биримдикти жана гүлдөп-өнүгүүнү сактоо. Кыргыз тумарынын белгиси болуп кыргыздардын (оң канат, сол канат жана ичкилик) биримдиги эсептелет. Алар символикалуу түрдө тоонун үч ак чокусун, алтын Тумардын үч бурчу боюнча кичинекей формадагы үч ак тумарды (биримдикке жана руханий тазалыкка аракеттенүүнү коргой турган тумарлар) чагылдырат. Алтын түстөгү тең жактуу үч бурчтуктун борборундагы ак айлана биримдик менен руханий тазалыкты билдирет жана руханий очокту туюнта турган алтын түстүү очок – бул биримдиктин, руханий өсүштүн жана кыргыздардын (оң канат, сол канат жана ичкилик) жакшылыгынын символу. Ошондой эле ак айлана күндү, социумду, элди (журт), байлыкты жана жетишкендикти (дөөлөт) символдоштурат. (Андан аркы чечмелөө желектин үлгүсүнүкү сыяктуу эле).

Гербдин толук символдук сүрөттөлүшү Тумар иретинде аткарылган. Ушул эле символдук мотивдерди кыргыз элин жана кыргыз маданиятынын руханий баалуулуктарын баалаган жана урматтаган адамдарды коргой турган тумар формасында аткарылган Тумардын ак тегерекчесинен дагы байкоого болот..

Ой корутундусу

Республика эгемендүүлүктү алгандан бери бардык кыймыл системалуу багытта эмес, ич ара бүтүп жаткан жана дагы эле ошондой болуп жатат. Жогорудагыдай мисалдар аны далилдеп турат. Эгерде “Эркиндик статуясы” - жоопкерчиликти билбеген чийинден тыш эркиндиктин, анархиянын символу болсо, күн карама-желек өзүнө кожоюн-күндү тыштан издөөнү жана табууну туюнтат. “Манас айылы” комплекси менен айкөл Манаска коюлган жаңы эстелик дагы дал ушуну туюнтат. Колунда тизгини жок, кылычтын учу менен башкарууну жаңсаган чабандес күн карама-желектин символдук маанисин толуктап, Кыргыз мамлекетинин толук кандуу эмес, өз алдынчалыкка ээ болбогон башкаруусун тымызын туюнтуп турат. Бул жерден көз карандысыздык алгандан кийинки Кыргызстандын жүгөнсүз эркиндиктен, анархиядан тартып салыштырмалуу көз карандылыкка жана башка өлкөлөрдүн Кыргыз мамлекетин башкарууга кийлигишүүсүнө чейинки өнүгүү динамикасын байкоого болот. Көрүп тургандай, Кыргызстандын абалы ал тургай символдук деңгээлде дагы кокусунан чагылып калган, ал байкалбай жаңы желекке түшсө, бул абалды дагы тереңдетиши ммкүн. Ошондуктан биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек – көздөгөн максатыбызга чыныгы жол менен барышыбыз үчүн алгач бул максатты аңдап жана формулировкалашыбыз керек, андан кийин гана башкалардын жолун сокур туурай бербей, өзүбүз ага барчу жолду тандашыбыз керек. Алар жыйынтыгында эч бир жоопкерчиликти тартпай турган кеңештерди беримиш этишет дагы, белгилүү бир акчаны таап алган соң кетчү жагына кете беришет, ал эми бул жерде сиз менен биз жашап кала беребиз.

Өзүбүздүн маданий негиздерибизди тактоого жана кылдат аңдоого убакыт жетти жана эми аларга ылайык иш жүргүзүшүбүз керек, Кыргызстанга руханий сыяктуу эле, материалдык дагы өнүгүү алып келе турган туура багытты көздөгөн системалуу ыкманы колдонуу менен аларды азыркы турмуш шарттарына ылайыкташтырышыбыз керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×