Добавить статью
9:46, 1 марта 2012 19881

Кыргыздын башын кошкон Айкөл Манас

Касташып бир улут эл оз ич ара

Кам корбой, тил табышып жарашууга,

...Озунон корбой куноо – ким-бироого Оодарам дегендиктин, озу, куноо!

Жайсан Умот уулу «Айкол Манас»

2 китеп, 10 бет, Бишкек «Бийиктик» 2009ж.

Манас дегенде ар бир кыргыздын каны, жаны козголуп Манас учун кара башын курмандыка чалып салганга даяр экенибиз шексиз. Бул кашкайган чындык! Бирок, эмнегедир, манасчыларга келгенде, кээ бир «патриотторубуз» тактыкты, чындыкты туу которуп, бир манасчыны «нукура манасчы» кылып, экинчисин «туура эмес манасчы» деп журуп, далай бычака сап боло турган кыргыз эр-азаматтарын аттырып же турмого чиритип жибергенибиз жалганбы?

1937-жылы Сагынбайдын «Манасын» жаздырган Ишеналы Арабаевди, эпостун изилдөөчү-адабиятчылар Токчоро Жолдошевти, Касым Тыныстановту, Евгений Поливановту, «улутчул, пантюркист, панисламист, эл душмандары” деген жалаалар менен аттырып жибердик.

1949-жылдары «Манас» эпосунун туркун варианттары изилденип элдин улуу мурасын тарката баштаган Т.Байжиев, З.Бектенов, Ж.Шүкүров, Т.Саманчиндиндерди “буржуазиялык реакциячыл” манасчыларды даназалап атат деген жалаа менен каматтырып салдык.

1958-жылы Саякбайдын вариянты жарык коруп, Сагымбайдын варинты советтик доорго туура келбейт экен деген шылтоо менен жолун богоп койдук.

1980-жылдары Айтматовдун кадыр-баркы менен Сагынбайдын вариянты жарыка чыкса, 1987 жылы Аалы Токомбаев, бул вариянттын кээ бир эпизоддору саясий жагынан туура эмес деп сын айтып чыкты.

Ошол эле жылы Аалыкемдин жообуна жазуучулардын, академиктердин жоон тобу кезиттерге “кыргыз элинин душманы” деген куноо коюп, кыргыз поэзиясынын патриархын жутуп алдык.

Ал эми 2012-жылдын 16-17 февралында, атту, баштуу аксакалдарыбыз Бубу Мариям Муса кызы эжебиз 1996 жылдан бери элибизге тартуулап келе жаткан Жайсан Умот уулунун «Айкол Манасына» доомат коюп, Сагымбай менен Саякбай аталарыбыздын «Манасын» коргоп алуу демилгеси менен ачык кат жарыялап, мамлекет башчыларына бир нече талаптар коюлуптур.

Тобоо! Баягыл эле жаргылчак!

Жайсан Умот уулунун “Айкол Манас” вариантына койгон кунолорду цитаталап береин: «калмак ырчы Жайсан», «болуп корбогондой бурмалоо», «уятсыз фальсификация», «тескери маани-манызы бузук», «айлакерлик», «сырты жалтырак, ичи калтырак», «иритип чиритуу багытында», «атуулду мазактоо, келеке кылуу», «уурдап алган», «сандырак философия», «мыкты каржыланган секталык аракеттер», «окум зордук менен тануулануу», «бузук идеяны колдогон чонтоктуу атуулдар», «корунгон секталык муноздогу оккультттук, эзотерикалык, мистикалык, тенирчилик, исламдык, индуисттик, касиет, кут, нур создорун жамынган», «тантык окуу», «казаны кайнабаган калптар», «шылдын, мыскыл кошулган арам ой, кыянаттык», «бет тырмаар жана уятсыз, жалган идеянын астында калуусуна эч убакта жол берилбеши керек» жана у.с.

Урматтуу аксакалдар!

Эл баатырлары!

Тобосу кокко жеткен окумуштуулар!

Элдин кадырына ээ болгон тарыхчылар, журналисттер! (баардыгы болуп 47 кыргыз)

Мынчалык муноздомого себеп боло турган, айтылган дастандын кайсыл жеринен мындай шумдуктарды коро калдыныздар? Жок дегенде бир мисал келтирип анан жазсанар болот эле ко?! Же бул жаны илимий методикалык терминдерби? Жайсан Умот уулу калмак болгондо, Сагымбай аны «Жалан уйдун порумун, жарым куну ырдаган» деп даназалабайт эле ко, кырк чоронун бири кылып айтпайт эле ко!? Деги бул дастанды ачып окуп кордунуздорбу?

«Чон казаттын» бир чымчым узундусун уч манасчы кантип айтканын салыштыруу учун эле келтирип кетеин:

Саякбайдын вариянтында Бакай батасын берип Алманбет менен Сыргакты чалгынга узатаары менен, чоролордун башчысы Кыргылчал оорукта калган Чубакты калмакты чалгынга узатып коюп жатасын деп намысына тиет:

Арак ичпей таш ичкин,

Аздык кылса арагын

Атандын канын кошо ичкин!

Алмамбет чалгын чаларбы?

Кенеште жок, кепте жок,

Келбериген эр Чубак,

Кошко жатып калабы,

(Саякбайдын вариянты, «Манас», 2 китеп, 87 бет. Фрунзе , «Кыргызстан» – 1986)

Сагымбайдын вариантында Бозуул Алмамбетти мактап Ырчуулду мазактап койгондо, ачууланган Ырчуул оорукта жаткан Чубака барып арызданат:

Кыргыздын журтун бул алды,

Кылчуу онордун баарысын

Кытайдан келген кул алды.

Жол окумун алганы,

Кол окумун алганы,

Аз келгенсип алары

Чалгынды кытай чалганы,

Акыл, кенеш кепте жок

Акбалтанын Чубагы

Оорукта жатып калганы.

(Сагымбайдын вариянты, «Манас» 4 китеп, 186 бет, Фрунзе, «Кыргызстан» - 1982)

Жайсан Умот уулунун вариянтында Ырчуул Санжынын дасторконун мактап ырдап жатканда, Чубак анын ырын, кыргындын баарын баштаган митаам Санжынын (азыркы ферганалык озбек туугандардын ата теги) дасторконун кайсыл арына мактайсын деп, орой токтотуп басып кететет. Ызаланган Ырчуул артынан барып Алмамбетке кайраштырып минтип кокутот:

Сени албай жолдоштука атайы эле,

Сыргакты такшалбаган алды неге?

Чегине эл, жеринин жетер замат,

Чынжырлап Сыргагынды орго салат....

Уу жатын шуркуяга кыйып аны,

Уругун Сыргагындын алат дагы,

Андан сон башын кесип шарап куйган,

Аякка айлантарын билгин тууган!

(Жайсындын вариянты, «Айкол Манас», 8 китеп, 146 бет, Бишкек, «Бийиктик» - 2009)

Саякбайда Кыргылчал, Сагымбай менен Жайсанда Ырамандын Ырчуулу, Алмамбеттин зоболосуна ичи тарып, озу алы жетпей, калмака бийликти кармата бердинби деп Чубакты тукуруп турган жери. Жогорудагы ачык каттын маани мазмуну ушул эпизоддон эмнеси менен айрымаланып турат? Же «кыргызды тып тыйпыл кылса да кыргыз кырсын, Манастын атын башка улуттарга даназалатпайбыз» деген ураан бы?

Багыбыз бар экен! Журтубуз, коомубуз бул Жайсандын дастанын татынакай эле кабыл алып, жаштарыбыз ушул варианттын негизинде Манас Атабыздын дуйносуно сунгуп, кыргыздын тегин таанып, батыштын экономикалык, исламдын саясий тануулоолоруна туруштук берип келе жатат.

Кеп варианттардын бар-жогунда же анык-жалгандыгында эмес ко дейм. «Манасты» эптеп жаттап алып айткандарды деле кадырлап жатпайбызбы! Кеп Манастын Рухунда го?! «Манас» дастаны улуу болуп айтылабы же жупуну айтылабы, таамай айтылабы же кыйшык айтылабы, кулук болуп айтылабы же кашан айтылабы, немиси айтабы же «калмагы» айтабы, баары бир Манастын Аалмы айтылып жатат ко!

Ал эми Бубу Мариямдын касиетине ишенбегендер эч качан КЫРГЫЗДЫН КАСИЕТИНЕ ишенбейт! Алар учун «МАНАС» кадыресе эле жомок. Советтик-атеистик доорго жуурулушуп калган агаларбызды АЙКОЛДУК менен кечирип коелу!

Кыргызды сактап келген, кыргызды данктап келген,

КЫРГЫЗДЫН БАШЫН КОШУП КЕЛГЕН - АЙКОЛ МАНАС эмеспи!

«Кылым кочу» коомдук бирикмесинин мучосу, кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×