Добавить статью
9:40, 4 апреля 2012 2540

Үрөн себүүдө айтыңыз

Жер курагы жети кат,

Жер иштеткен адамзат,

Күн күркүрөп, жамгыр жаап,

Күлдүр ата колдосун.

Үн атасы камбаркан,

Ай талаага күү чапсын,

Өнүп чыккан үрөнүң,

Өсүп чыксын жүгөрүң,

Суу атасы Сулайман,

Жердин пири Жер Эне,

Кабыл алсын лиңди.

Жел атасы Жел Кайып,

Булут айдап буулуксун.

Дыйкан терин чууртуп,

Ободон жамгыр куюлуп,

Күндүн пири Күн Теңир,

Суу менен бирге нур берсин.

Жарык берип жал берсин,

Чычкан пири Чие Ата,

Жамаатына жар салсын.

Ийип казып жер көөлөп,

Жерге түшкөн үрөнүң,

Жети күндө жарылсын.

Майсалары жарылсын,

Умай эне ак чачсын,

Үркөр Ата тогошуп,

Алас болсун эгиниң.

Көкө теңир жар болсун.

Кызыр Ата даарысын,

Күч өгүзүң кам болсун,

Күткөн көктөм куш болсун.

Оомийин!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×