Добавить статью
4:42, 6 апреля 2012 9234

Дават: кыргызстандагы исламдашуунун көп кырдуу багыттары

Совет доору кулашы менен атеистик идеология кыйрап, коомчулугубузда динге анын ичинде ислам динине кайрылуу кенири орун ала баштайт. Бул мезгилдеги кайра исламдашуу процессинетөмөндөгүдөй эки жагдай мүнөздүү:бир жагынан динге берилген эркиндикти элибиз совет доорунда жок кылынган диний тажрыйбаны кайрадан жандандыруу үчүн колдонсо,экинчи жагынан бул мезгил элибибиздин диний жашоосунда мурда болбогон жаны көрүнүштөрдү, жаңы диний кыймылдарды алып келди. Ошондой жаңы көрүнүштөрдүн бири катары- дават эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда да кеңири тарап, коомчулугубузда ар кандай пикирлерди жаратып жатканы белгилүү.

Бул макалада биз даваттын исламдагы мааниси, анын “Таблиги жамаат” кыймылдардагы орду, даваттынКыргызстанда жайылтылышы, дават өткөрүүнүн шарттары, максаттары,даватка карата коомчулугубузда пайда болгон кайчы пикирлер жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Макалада автордун дават боюнча Ат Башы, Талас жана Ош областынын Кара Суу аймагында жүргүзүлгөн этнографиялык изилдөөлөрү учурунда жыйналаган материалдары пайдаланалылды.

Даваттын мааниси

Дават деген сөз араб тилиндеги –“дава” (Dawa’h)дегенсөздөн келип чыгып,Оксфорд Ислам сөздүгүндө (1, 64-б)) анын мааниси “Чакырык” деп түшүндүрүлөт, б.а.“Дава” – бул адамадрды ыйманга, ислам динине чакыруу. Исламда “дава” аркылуу Мухаммед пайгамбар адамдарды ыйман жолуна чакыргандыгы айтылат .Ислам изилдөөчүсү Изатти BA“Исламдын таралышы”деген китебинде (2) даваттын төмөндөгүдөй маанилерин белгилейт: 1)туура жолго (дин жолуна ) түшүп, туура эмес жолго, динсиздике тыю салуу, 2)динге, ыймандуулукка чакыруу ыкмасы, 3)билим берүү, окутуудеген түшүнүк.

Дават Исламда жогоруда белгиленген үч маанисинде тең кеңири колдонулат: ыйман жолуна чакыруу же исламды таратуу ыкмасы катары дават өзгөчө ар кандай диний кыймылдардын иш-аракеттеринде пайдаланылып келсе, ислам окуу жайларында, муфтият сыяктуу диний уюмдарда дават өткөрүүнү, ислам боюнча маалыматты берүүнү үйрөтүүчү атайын окутуу бөлүмдөрү бар.

Кыргызстанада да даваттын ар кандай формалары кездешет. Кээ бир мусулмандар ажылык сапарга барып келгенден кийин жекече дават өткөрүү максатында өзү жашаган жерден башка жерге барып жашап, ал жакта ислам боюнча маалыматка муктаж болгондорго маалымат берип, динди таратат. Биздин изилдөө учурунда Талстын айылдарынын биринде Баткендик ажы90- жылдардын башында 1жылга жакын жашап, элдерге ислам тууралуу маалымат берип, балдарды окутуп дават кылгандыгы жөнүндө маалымат алганбыз. Ал эми дават усул катары ислам окуу жайларынын окуу программаларына да киргизилген. Анда даватты кантип өткөрүү жолдору үйрөтүлөт. Даваттын дагы бир түрү - бул диний кыймылдардын иш – аракеттеринде колдонулушу. Алсак, Таблиги жамаат кыймылында дават эң негизги мааниге ээ болуп,бул кыймылдын мүчөлөрү топ- топ болуп даватка чыгып, исламды таратууда ар кайсы өлкөлөрдө чоң натыйжаларга жетишкен(3).

Кыргызстанда да бүгүнкү күндө дават дал ошол Таблиги Жамаат кыймылыаркылуу таралып, даватчылардын топтору ар кайсы аймактарда жергиликтүү жамааттарды түзүп, коомубуздун исламдашуусунда таасирдүү роль ойноп жатат.

Таблиги жамааттын кыскача тарыхы жана алардын иш - аракеттериндеги даваттын мааниси

Таблиг жамаат кыймылы биринчи 1927 –жылы Индияда белгилүү Ислам аалымы Мухаммед Илияс Кондехлави (1885-1994) тарабынан негизделген. Ал кезде Индия Британиянын колониясында болуп, мусулмандар арасында ислам дининин таасири бошоңдоп турган мезгил болчу. Мухаммед Илиясдын негизги максаты өз динин унутуп бараткан чала мусулмандарды кайрадан исламга чакырып, аларга ыйман жолун үйрөтүү болгон.

Окумуштуулар Таблиги кыймылында дават же исламга чакыруу төмөндөгүдөй принциптер менен ишке ашырылгандыгын белгилешет1) исламга чакыруу аалымдардын гана эмес ар бир мусулмандын милдети 2) исламга чакыруучулар элдердин келишин күтпөй өздөрү аларга чакырык менен биринчи барыш керек 3) исламга чакыруучулар даватка өз каражаттары менен чыгыш керек 4) Таблигичилердин кыймылына бардык коомдук катмарлардын өкүлдөрү катышы керек 5) Мусулмандардын ишенимин бекемдөө негизги максат болгон, ал эми мусулман эместерди мусулман кылуу анчалык манилүү эмес 6)негизги максат- бардык мусулмандарды бириктирүү болгон, топ ичинде пикир келишпестиктерге жол берилген эмес.

Таблигичилер чакан топторду түзүп, өз максаттарын ишке ашыруу максатында жер - жерлерди кыдырып дават кылуу үчүн кетишкен. Алар исламды таратууда жолдо жүрүп ыйманга чакыруу (харудж)ыкмасын колдонушкан. Бир мечиттен чыгып экинчи мечитке токтоп, бир эшиктен экинчи эшикке барып дават кылышкан.

Таблигичилер атайын терең диний билимге ээ болушкан эмес, болгону Курандын негизги сүрөөлөрүн билип жана мусулмандар аткаруучу диний ритуалдарды тура аткара билүүсү шарт болгон. Анткени дават учурунда негизи билимге эмес, практикага басым жасалган. Ыйман жолун элге жеткиликтүү тил менен жана маектешшүү аркылуу жеткирүү абзел болгон. Даватчылар өздөрүнүн ыймандуу жүрүм-туруму,диний ритуалдарды тура аткаргандыгы менен да башкаларга таасир этиши күтүлгөн. Мухаммед Илияс дават кылгандарга атайын жеткиликтүү тил менен жазылган “ Таблиги низаб”китебин жазып берген.

Таблигичилер даватты колдонуп, тез эле Индияда андан кийин башка өлкөлөрдө да Исламды таратууда чоң ийгиликтерге жетишишкен ( 3).

Кыргызстанга таблиги жамаат кыймылы Советтер Союзу кулагандан кийин 90- жылдарда кирип, алгач ислам дини күчтүрөөк сакталган аймактарга, мисалы түштүк жакта тарала баштагандыгын окумуштуулар белгилеген .Таблиги жамаат кыймылынын иш жүргүзүшү үчүн ал кезде ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алсак, элибиз дин эркиндигине ээ болуп, кайрадан өз динин жандандыруу үчүн дин жөнүндө маалыматтарга муктаж болуп турган. Ошондуктан таблиги кыймылы өлкөбүздүн бардык тарабында тез эле тамыр жайып, азыркы исламдашуу процессиндеги эң таасирдүү күчкө айланган. Биз сөз кылганы жаткан дават дадал ошол таблиги жамаат кыймылынын иш – аракеттеринин алкагында кыргызстандагы мусулмандардын жашоосуна кирген.

Кыргызстандагы даваттын мазмуну

Эгерде 90 – жылдардын аягында жер - жерлерди кыдырып элдерди ыймандуулук жолуна үндөп жүргөн даватчылардын иш- аракеттери өөнкөрүнүп, аларды жергиликтүү эл “сакалчандар” же “вахабистер” деп кууп жиберген учурлар көп болсо, бүгүн даватчылык жашообуздун кадимки эле көрүнүштөрүнө айланып калды. Таластагы имамдардын биринин айтышына караганда Кыргызстанадагы даваттын мааниси Изатти өз китебинде белгилеген даваттын мааниси менен дал келип, “коомду ыйман жолуна чакырып, жамандыктан, ыймансыздыктан арылтуу” дегенди түшүндүрөт.

Биз топтолгон этнографиялык материалдарга таянып, кыргыз айылыдырында өткөрүлүп жаткан даватты мындайча сүрөттөсөк болот:көпчүлүгү жаштардан турган чакан топ айылдын мечитине келип токтоп, жергиликтүү жамааттын жардамы менен айыл жашоочуларын ыйман жолуна чакырат. Дават кылган топ даватчылар деп аталып, негизинен кошуна айылдын же райондун, кээде башка областын жашоочуларынан турат. Даватчылар мечитте көбүнчө бир же үч күн конуп, эртеден кечке дин иштери менен алек болушат: беш маал намаз окушат, диний мазмундагы китептерди окушат, пайгамбардын жашоосу туралуу, анын сахабалары туралуу маек курушат,айылды аралап ар бир эшикти каккылап мусулмандарды мечитке баянга чакырышат (гаш), баянда ыйман жолун түшүндүрүшөт, мусулманчылыктын парздарын кантип тура аткарууну үйрөтүшөт.

Даватчылардын ар бир тобунун амир сабыже жетекчисиболот, ал дават өткөрүү боюнча тажрыйбасы бар, ар кандай маселелерди жамаат менен кенешип чече алган киши болот. Даватчылардын иш аракеттери сырттан каржыланбайт жана ар бир даватчы кеткен каражатты : жол кирени, тамак-ашка керектүү акчаны өзү табыш керек. Бирок ашыкча чыгымга жол берилбейт, жолго тамак аштын эн жөнөкөйү, көбүнчө - нан, чай алынат. Анткени жөнөкөйлүкө, жупунулукка умтулуу ыймандуулуктун белгилеринин бири деп түшүндүрүлөт. Элдерди Исламга чакырууда эки ыкма колдонулат: биринчиден элдер менен маектешип, аларды ыйман жолуна өтүүгө ынандыруу, экинчиден дават учурунда даватчылар өз жүрүм-туруму, динге берилгендиги менен башкаларга үлгү болушу зарыл. Дават учурнуда жергиликтүү эл гана эмес , даватчылар өздөрү да Ислам боюнча маалыматын жогрулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Тажрыйбалуу даватчылар пайда болгон суроолорго жооп берип,диний ритуалдарды тура аткаруу боюнча кеңештерин беришет. Жамаатын биримдиги даваттагы эң манилүү маселелерден, топто чыккан ар бир маселе жамааттын кенешинде (машвара) макулдашылып чечилет.

Дават жөнүндө кайчы пикирлер

Дават Кыргызстанга эгемендүүлүк жылдарында келген жаңы көрүнүш болгондуктан ага карата коомчулукта талаштуу пикирлер орун алып келгени жалпыга малым. Кайчы пикирлердин бардыгы негизинен даватчылар алып келген жанылыктарга байланыштуу чыгып жатат.

Эң биринчи кезекте дават кыргызстандагы мусулмандар үчүн Исламды таануунун мурда белгилүү болбогон жаңы жолун ачты. Совет доору учурунда ислам аз сандагы ислам аалымдары үчүн гана ачык билим болгон. Исламга чакырууга, ислам боюнча маалымат берип, аны окутууга атайын диний билими бар ислам аалымдары, молдолор гана укуктуу болгон. Диний билимге ээ болуу үчүн аалымдар өмүрүнүн көптөгөн жылдарын арнашкан. Ушул жагынан караганда даватчылардын иш-аракеттери эл арасында көптөгөн суроолорду пайда кылып келет. Атайын диний билими жок туруп даватчылардын элге ислам туралуу маалымат берип, үгүт жүргүзүшү күмөн пикирлерди жараткан. Биз маектешкен медресе мугалимдеринин биринин айтымына караганда

“…Дават – ыйманга чакыруу ыкмасы катары исламда кенири колдонулат, бирок Кыргызстанда таблигичилер аны туура эмес аткарып жатышат. Даватчылардынкөпчүлүгү динжөнүндө билимижок, ошондуктаналардыниш – аркеттериисламтуралуутескеритүшүнүктүрдү жаратыпкайрабулдингезыяналыпкелипжатат. Элдер даватчылардын жүдөгөн кейпин көрүп, чектелүү билимин көрүп, Ислам артта калган дин экен деген ой кетет да. Чындыгында Ислам заманбап дин, исламды таратуучулар билимдүү, маданияттуу, прогрессивдүү адамдар болуш керек. Бир жолу биз медресеге даватчыларды чакырып, өз ойлорубузду айтып , силер даватты тура эмес аткарып жатасынар дедик, бирок алар биздин айтканыбызга макул болгон жок”.(Медресе мугалими менен Интервьюдан үзүндү).

Даватчылар туралуу эң эле көп сын - пикирлерди жараткан нерселердин бири – алардын сырткы кейпиндеги, жүрүм- турумундагы өзгөчөлүктөр. Даватчылар сакалдарын өстүрүшүп, кара түстөгү чапандарды кийип алышканы , кээде кийимдерин араб , пакистандыктардын кийимине окшотуп тиктирип кийип алганы көпчүлүк эле элдерди иренжитип, алар биздин элдин менталитетине тура келбеген бөтөн исламды таңуулап жаткандыгын айтышат. Улуттук кийимдерди кийип туруп деле мусулманчылыкты аткарса болорун айтышат. өзгөчө сакал коюу кыргыздын салтына тура келбеси жана салт боюнча атасы өлгөндө баласы сакал коюп аза күтүлөрү белгиленет. Экинчиден кара түстүн даватчылардын кийиминде басымдуулук кылганы терс кабылданып, салтыбызда кара аза түсү болгондугу айтылат. Ал эми даватчылар исламда бул түс жөнөкөйлөктү, жупунулукту билдирип, ыйман жолундагы адамдын жупуну жашоого умтулуусун көрсөтөрүн айтат.

Даватчылардын коомчулукту чоочуркаткан дагы бир жагы - алардын тилиндеги өзгөчөлүгү. Ат башыдагы даватчылардын бир тобу менен мактешип жатканда алар бири- бирине өзгөртүлгөн аттар менен кайрылары ачык болгон. Алар өздөрүнүн чыныгы аттарын араб тилиндеги аттарга ылайыктап өзгөртүшкөн, мисалы Алмаз деген ат Абдыразак, Нурбек –Нурулло, Айбек- Абдулло, Сүйүналы-Сулайман ж.б болуп ич ара ошол өзгөртүлгөн аттар колдонулат. Маектешип жатканда да араб тилиндеги сөздөрдү көп пайдаланышат, мислаы бир – бирине таксыр деп кайрылышат,даватка байланыштуу көптөгөн араб тилиндеги түшүнүктөр да алардын тилинде басымдуулук кылат. Мислаы, жамаат, иншалла, ширк, машвара, гашка чыгуу ж.б.

Жогоруда биз даватчылардын өздөрүнүн жүрүм-турумундагы , сырткы кейпиндеги өзгөчөлүктөргө токтолдук, эми болсо даватчылар башкалардын жашоосуна, жүрүм- турумуна өзгөртүү киргизүүгө кылган аракеттери жөнүндө жана ага байланышкан талаштар жөнүндө сөз кылсак.

Даватчылардын жүргүзгөн иштериндеги негизги багыттардын бири – бул исламга каршы келген салттар менен күрөшүү, аларды жок кылууга коомчулукту чакыруу. Алар каршы чыккан салттардын көпчүлүгү кыргыздарда узак жылдардан бери сакталып, алардын жашоосундагы манилүү нерселерге байланышкан, мисалы, өлүм , сыйынуу жөрөлгөлөрү, ыйык жерлер ж.б.

Дававтчылар кыргыздырдын өлүм иштерине байланышкан салттарын исламга каршы келет деп, алардан мусулмандарды баш тартууга чакырат. Андай мисалды даватчылардын киши өлгөндө аткарылуучу кошокко жана өкүрүккө каршы чыгуусу даана чагылдырат. Кошок кыргыздардын салтында жоктоо жөрөлгөсүн билдирип, көзү өткөн адамдын жашоосу, анын кандай киши болгондугу, жашоо-өлүм жөнүндө терең философиялуу маалыматты камтыган ыр түрүндөгү тексттен турат. Даватчылардын түшүндүрүүсүндө өлгөнгө катуу кайгырып, кошок айтып, ызы- чуу чыгаруу кудайдын эркине каршы чыгуу менен барабар. Анын ордуна өлгөн кишинин жакындары кудайдын эркине баш ийип, өлгөнгө куран окуп,сөөктү кармабай өлгөн күнү жерге бериш керек. Биз маектешкен даватчылар өздөрү да киши кайтыш болгон жерге барганда өкүрбөй эле барып, куран окуп коюп кете берерин айтышкан. Даватчылардын, молдолордун таасири менен азыркы кезде көпчүлүк өлүм болгон жерлерде кошок аткарылбай калгандыгы жөнүндө маалыматтар айтылып келе жатат. Бирок бул жаңылыктарга каршы чыгып, кошоктун манилүүлүгүн айткандар үчүн даватчылардын айткандары көп деле ынанымдуу эмес. Ат Башыдагы айылдан келип, Бишкекте мусулманчылыктын эрежелерине ылайык аткарылган өлүм зыйнатына катышкан карыя өз оюн мындайча билдирген:

“Эчким үнчыгарганжок, жаназаокулганданкийинсөөктү алыпчыгыпкетишти, адамдыбир жаныбардын өлүгүндөйкылып үнчыгарбайкөмүпкойгонкантипболсун, “өлүмыйменендейт”, киши өлүпатсакантипыйлабайт?! Адамдын өлүмүн иттин өлүмүнөн айрымалаган ошол кошок да. Кошокту кудайдын эркине каршы чыккан үчүн айтпайт да ”. (Интервьюдан алынды).

Жогордуда келтирилген мисалдар коомубузда жүрүп жаткан кайрадан исламдашуу процесси көп кырдуу, татаал экендигин көрсөтүп, бир жагынан дават сыяктуу жаңы көрүнүштөр коомдун кээ бир катмарлары тарабынан тез кабыл алынынып, тарап жатса , экинчи жагынан анын мани – мазмуну жергиликтүү элдин башка топтору тарабынан сындалып, ал гана турсун кээде жерилип, ар кандай талкуулардын, сын пикирлердин натыйжасында жергиликтүү жагдайларга жараша даватты ынгайлаштыруу, жаңы түзүлгөн кырдаалга карата даваттын маанисин түшүнүү, аны менен кошо исламдын күнүмдүк жашоодогу маанисин түшүнүү аркеттери жүрүп жатканын көрсөтөт.

Даватка карата малекеттик саясат

Таблиги жамаат кыймылы көп мамлекеттерде, анын ичинде кошуна турган Казакстан менен өзбектанда да мамлекеттик коопсуздукка коркунуч туудуруучу кыймыл катары тыюу салынган. Окумуштуулар таблиги кыймылынын террористтер, экстремистик топтор менен түздөн-түз байланышы жок экендигин айтып, бирок анын мүчөлөрүн экстремисттер оңой эле өз иштерине тартып кетиши мүмкүн деп божомолдошот.(3)

Кыргызстандын Дин иштери боюнча комиссиясы да Дават аркылуу экстремистик идеялар таралышы мүмкүндүгүн билдиришип тынчсызданган билдирүү тараткан. өзгөчө дават учурунда көп талкууланаган түшүнүк- ширк даватчылар тарабынан чечмелениши ар кандай күмөндөрдү жараткан. Алсак даватчылар кыргыздардын салтындагы исламага каршы келген жөрөлгөлөрдү талкуулап жатып мусулмандарды Аллага ширк жаратпоого чакырат. Мисалы, даватчылардын пикиринде ыйык жерлерге сыйынуу ширк болуп эсептелет, себеби ыйык жерлер адамга жардам бере албайт, бир гана кудай жардам берет. Ширк чоң күнөө деп эсептелинет, анткени бул кудайдын кудуретинен күмөн саноо менен барабар деп түшүндүрүлөт. Ширк жөнүндөгү ушундай мазмундагы талкуулар көбүнчө мусулмандарды таза исламга , тура исламга чакыруу менен жыйынтыкталат. Мындай идеялардан дин комиссиясы даватчылар менен фундаменталисттердин ортосундагы жакындыкты көрөт.

Дин комиссиясы дават аркылуу экстремисттик идеялар тарап кетпеси үчүн атайын даватты көзөмөлгө алуу иш – чараларын иштеп чыгышкан. Мисалы дават өткөрүү үчүн атайын борбордук же райондук мечиттен урксат кагазын алуу, жергиликтүү мечеттердин имамдары башка жактан келген даватчылардын ишин көзөмөлгө алууга милдеттендирилгендиги ж.б. Насиритдинов Э дават жөнүндө макаласында узак мөөнөттөгү даватка чыгуу үчүн даватчылар жубайынан же үйлөнө элек болсо ата – энесинен уруксат аларын жана милициядан кылмыш иштерине аралашпагандыгын тастыктаган справка алышарын жазган (4).

Таблиги кыймылынын дават кылуу эрежелеринде алардын саясатка аралашпастыгы жана жергиликтүү бийлик менен конфликтке барбастыгы туурасында айтылат. Бул принциптери үчүн таблигичилер пассивистер деп да мүнөздөлүп келген. (1.310-б )

Даватчылардын бири менен болгон маекте дават кылуудагы түтүмдүүлүк жанадаватчылардын бейчатак жүрүүгө ыктагандыгы жөнүндө мындайча маалымат берген:

“даватчы эгер бирөөнүн эшигин кагып мечитке баянга чакырганда үйдүн ээси эшигин ачпай койсо же ачып туруп барбайм десе ал киши жөнүндө жаман ойлобой, ага жаман да айтпай кайтыш керек , тескерисинче кудайым ошол кишиге ыйман жөнөтсүн деп жакшы тилек айтып коштошуш керек”.

Бирок дават учурунда бул эрежелердин бары эле кынтыксыз сактала бербейт.

Даватчылардын иш аркетине карата көзөмөл жергиликтүү эл тарабынан жүргүзүлгөндүгү малым, мисалы башка жактан келген даватчыларды элдер жолдон тосуп документтерин текшерип, кайдан келгендерин аныктаган учурлар, кээде дават өткөртпөй кууп жиберген учурлар да кездешет. Ал гана турсун теңирчилер сыяктуу топтор аларга түздөн-түз каршы чыгып алардын салттарга каршы аркеттерин айыптаган учурлары малым.

Корутунду

Даватчыларга сын канчалык көпайтылганы менен даваттын эларасында кенири тарап, даваткабаргандардын саны улам өсүпжаткандыгын эч ким тана албайт. Мындай натыйжаны эксперттер негизинен эки себеп менен байланыштырып түшүндүрүп келишет: даватчылардын фанаттыгы жана жаштардын жумушсуздугу менен. Бирок, даваттын кеңири таралышын биргана даватка катышкандардын фанаттыгына байланыштуу деп түшүндүрүү анчалык ынанымдууэмес. /тмө мезгилдин катал шарттарында жаштар арасында жумушсуздук күчөп турган шартта, алардын эсебинен даватчылардын санытолукталып жатканы ырас, бирок жумушсуздукту негизги фактор депкароо кыйын.

Ага караганда даваттын тез таралышын азыркы исламадашуу контекстинде карап коомдогу башка мселелер менен байланыштырып изилдөө исламдын азыркы абалы турасында жаңы жагдайларды ачып берет.

Көп жылдар динсиз коомдо жашаган элге дин эркиндиги берилгенде алар бир гана мурдагы диний тажрыйбаларын ганажандандырбастан динди тутунуунун азыркы заманга ылайыкташкан жолдорун да изденуу багытына тушкондугун айтуугаболот. Ал изденуунун кээ бир жагдайлары даватчылырдын тажрыйбасындадабайкалат, мамлекет ошол жагдайда пайда болгон талаптарды канааттандырарлык окуужайларды же уюмдарды түзбөгөндөн кийин , Эл ал суроо талаптарын өз алдынча таблиги сыяктуукыймылдарга катышууа ркылуу канааттандырып атат. Албетте мамлекеттен сырткары түзүлгөн ислам медресе, институттары барболгону менен алардын бары эле таблиги кыймылынчалык таасирге жетти деп айтыш кыйын.

Анткени таблигилердин даватындагы кээ бир усулдар, эрежелер азыркы замандын шарттарына ылайыккелет. Мисалы, дават учурунда исламды жаны үйрөнүп жаткан киши менент ажрыйбалуу даватчынын ортосунда иерархия жок. Дават учурунда ди нжөнүндө билимди өркүндөтүү маалыматты пассивдүү кабылалуу дегенди билдирбейт, тескерисинче ар бир катышуучунун активдүү пикир алышуусу, талкууга катышуусу пайда болгон суроолорду башкалар менен бөлүшүү сыяктуу усулдар менен ишке ашат, карандай билимге Караганда практикага басымжасалат, диний билимди жана диний практиканы өркүндөтүү үчүн динден сырткары турганиш – аракеттерден (светтик) толукбаштартуунун кажетижок, дин менен секулярдуу жашоону айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү пайдаболот ж.б.

Андан сырткары бүгүнкү кезде бир жагынан жакырчылык күчөп, экинчи жагынан арам жол менен байлык топтоо көбөйүп жатканда карапайым адамдар даваттан таптакыр буга крама- каршы турган баалуулуктар жөнүндө - ыйман жолуна түшкөн адамдын жупуну, жөнөкөй , топук жашоосу турасында угуп жатышат.

Ошентип,коомубуздун бир тарабы даватчылар жана алардын иш-аракеттеринен карангылыктын, жат дүйнө таанымдын белгилерин көрсө, экинчи тарабы даватты исламды таануунун жаңы жолу, ыймандуулук, дин турасында баарлашуу мүмүкүнчүлүгү катары кабылдап жаткандыгы байкалат.

Демек дават турасында сөз кылып жатып биз дават жөнүндөгу ушундай карама - каршылыктуу кабылдоолорду чагылдыруу аркылуу азыркы кездеги исламдашуу поцессинин көп кырдуу багыттарына байкоо салып, аларды түшүнүү үчүн диндин жашообуздун башка тармактары менен кандай байланышкандыгын талдаганыбыз жемиштүрөөк натыйжа берет деген ишенимдебиз. Мындай жол даваттын бир гана оң же бир гана терс жагын гана көрүүдөн бизди оолак кылат.

Мукарам Токтогулова, Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинин, антропология факультетинин доценти

Колдонулган адабияттар

1. The Oxford Dictionary of Islaм. 2003.Ed. Esposito John

2. Ezatti. The Spread of Islam. 2003.

3. Алекс Алексиев Таблиги жамаат: невидимый легион джихадаю( перевод с английского Валерия Волкова)

4. Nasiritdinov E Spiritual Nomadism in the practices of Kyrgyz Muslims or the importance of Travel in the Spirirtual Growth

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×