Добавить статью
5:58, 6 апреля 2012 44044

Айкөл Манастын жанында кырк чоросу жетишпей турат

Жедигер СААЛАЙ,

акын, журналист, юрист.

“Биз мамлекеттик эгемендүүлүккө

“Манас” деген эпикалык байрак менен келдик...”

Чыңгыз Айтматов

(Саякбай Каралаевдин “Манасына” баш сөз катары

кеткен “Асман жана сөз” деген макаласынан)

Ошентип көптөн күткөн тилегибиз да келип, ордо калаабыздын чок ортосунда “кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып журт кылып”, кыргыз элин улут, кыргыз өлкөсүн мамлекет катары түптөп кеткен (байыркы кыргыз элинин бай тарыхындагы башка инсандарды эске албаганда) айкөл Манас атабыз менен XX кылымда кыргызды ааламга андан кем эмес таанытып кеткен Чыңгыз атабыздын айкелдери туруп калды. “Бүткөн ишке – сынчы көп” дегендей, эл арасынан “Манастын эстелиги андай болуп калыптыр, Чыңгыздын айкели мындай болуп калыптыр...” деп сынтагып чыккандар да болду. Орустар “о вкусах не спорят” дегендей, элдин бардыгына жагуу эзелтен эле мүмкүн эмес тура. Анын үстүнө “Манасыбыз” – кыргыз элине жалпы таандык, андыктан ар бир кыргыздын жүрөгүндө өз Манасы бар. Ар бир кыргыздын канында, жанында, аң-сезиминде, эс тутумунда, дилинде эне сүтү менен кошо берилген, ата-бабабыздан бери келе жаткан өз Манасы, Манастын духу, руху бар. Ар бир кыргыз Манас атаны өз алдынча элестетет. Анткени “Манастын” өзүндө айтылгандай:

“... Көбү төгүн, көбү чын,

Көпчүлүктүн көөнү үчүн.

Көрүп келген киши жок,

Көбөйткөн менен иши жок.

Жарымы төгүн, жарымы чын,

Жарандардын көөнү үчүн.

Жанында болгон киши жок,

Жалганы менен иши жок...”

бул дастан кылымдарды карытып, кыргыз элинде атадан-балага, укумдан-тукумга ооздон-оозго айтылып, оозеки жашап келди. Манасты манасчылар гана, ошондо да алардын айрымдары гана түшүндө даанараак көргөнү болбосо, эч ким өмүрүндө көргөн эмес.

Азырынча бир гана кайыптан дастандан биз билген Ырамандын ырчы уулуна (өз аты-жөнү Токчоро уулу Токтогул) ээрчитип жүрүп “Манасты” үйрөтүп, кайра көрө албастык, пендечиликтин айынан анын колунан мерт болгон, арбагы тирүү, бул улуу дастанды биринчи болуп айтып чыккан кырк чоронун бири, Каныкей апабыздын эркелеткени боюнча “Бал таңдай” атка конгон, тубаса терең акын Жайсаң атанын өз оозунан жазып алып, “Манастын” 10 томдугун (түп нускасын) жарыялаган, Жумгалдан чыккан Бүбү Мариям Муса кызы гана Тогуз-Торо тоолору тарапта жайгашкан “Жылаңач Бугу” мазарында ант уйкуда жаткан Манас Атабыз менен транценденттик абалда бир нече ирет жолугуп, насаатын укканын жазып чыкты. Ал кишинин Манас Атабызды, Каныкей апабызды баш кылып, “Манастын” каармандарынын портреттерин транс абалында өз колу менен кагазга чийип түшүргөн учурлары да бар. Андыктан Бүбү Мариям Муса кызы гана ачык элестете албаса, ар бир кыргыз Манастын арбайын өз алдынча элестетет. Бир архитектор-сүрөтчүнүн (Базарбай Сыдыковдун) фантазиясынан жаралган айкел албетте, ар бир кыргыздын элестеткен Манасына окшош чыгышы кыйын экени турган иш эмеспи. Кандай болгон күндө да биз ордо калаабыздын борбор аянтында Манас атабыздын, эч кандай Есенинге окшобой, өзүндөй эле болуп турган Чыңгыз атабыздын (сүрөтчү Ажиев Саадабектин фантазиясынан жаралган) айкелдери туруп калганына абдан кубанып жүргөн кезибиз. Европадан ооп келген канатчан аялга түндүк карматып койгонубуздан көрө, Манас Атабыздын айкели борборубузга жарашып эле калбадыбы!

Бул айкелдер элибизге кут, биримдик, ынтымак, өлкөбүзгө бакубаттык-байгерчилик алып келерине мен толук ишенем. Кытайлардын байлык, бардар жашоо алып келет деген ишеним менен жаралган “Фэн Шуй” илими менен шугулдангандар кыргызстандыктар арасында да көп экени белгилүү. “Фэн Шуй” системасында символдор абдан чоң мааниге ээ. Мисалы, жашаган үйүңдөн башкача үйгө же уктоо бөлмөсүнө ээ болгуң келсе, азыркы шартың ага окшобосо, ошол үйдүн кичинекей макетин, жубайың экөөңөрдүн сүрөтүңөрдү же куурчактарды керектүү жерге, керектүү абалда коюп коюу жана убагында аларга карата тийешелүү тилектерди айтып, Жаратканга кайрылып туруу жетиштүү. Бул көз караштан алып караганда борборубузга Айкөл менен Чыңгыздын символикалуу эмес, бакыйган айкелдери куп гана жарашты. Эми алар элибизге чындап эле кут алып келет. Бирок, бир бирок бар. Айтматов го жалгыз эле – аалам алпы, ал эми Манас эч качан жалгыз жүрүп Манас болгон эмес. “Чоң казаттын” алдында Бээжинге чалгынга кеткен Алмамбет менен Сыргактын артынан кылтыйтмасын кыйытып, кырк чоронун улуусу, жөн жүрбөгөн куусу, Кыргылчал “Манастан Чубак кем бекен?” деп жүргөн Чубакты Алмамбетке айдактап, кайраштырып, артынан чаптырганда аларга арачы болгону аргасыз жөнөп, жете келген Манаска Чубактын айткан:

“Жоону сайса ким сайды,

Аты калды Манаска?”

деген сөзү ылакап болуп, бүгүнкүгө чейин айтылып келе жатпайбы! “Манас” дегенде элдин бардыгы аны менен кошо жүргөн кырк чоросун, акылман Бакай карыясын, Катагандын кан Кошойун, касиеттүү Каныкей апабызды бирге элестетет. “Манас” дегенде биз аны кырк чилтен, ак жолборс, ак шумкар, кабылан, ажыдаар сыяктуу кайыптан коштогон колдоочулары менен бирге элестетебиз.

Андыктан кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев баш болуп, көптөн бери борбор аянтка Манастын айкелин кырк чоросу менен бирге коюу керек деп айтып келе жатышкан көркөм интеллигенция тобунун сунушун мен да колдогум келет. Анын үстүнө “Манас” эпосунун баатырларынын айкелдерин борбор аянттагы фонтандар менен гүл аянтынын эки тарабын курчай “Агропром” имаратынын алдына койгон тажрыйба Бакиев бийлиги тушунда башыбыздан өтпөдүбү! Бул ишти Бишкек шаарынын андагы мэри, Бакиевдин камчы чабарларынын бири, эң таңкалыштуусу ошол Бакиевдердин командасынын колунан Ала-Тоо аянтында, 2010-жылдын 7-апрелинде эркиндик деп, мекеним деп жандарын кыйып, шейит кетишкен азаматтарыбыздын атынан чыккан “7-апрель жаштар кыймылы” партиясынан (?) кийин кайра президенттикке талапкерлигин коюп чыккан Нариман Түлөев аткарган. Анда да бүгүн да парадокс болбосоң коё кал! Кечээги эле соңку жаңы тарыхыбызды унуткан “7-апрель жаштар кыймылынан” ушундан кийин эмнени күтүүгө болот?

Анда, 2009-жылы Бишкектеги Ала-Тоо аянтына эс алууга сейилдеп чыккан кыргызстандыктар күндөрдүн бир күнүндө “Манастын “ башка каармандары менен бирге калгандарынан артыкча көлөмдүү, көрктүү, бой-келбети келиштирилип жасалган Манас Атабыздын, жалпы кыргыз элинин душмандары: “калмактын каны дөө Жолойдун”, “манжуу каны Нескаранын”, “көк букачан Мадыкандын”, “Кара жой уулу Шыпшайдардын” эстеликтерин көрүп, таң калгандан ооздору аңырдай ачылган. Бул ырасында эле ошондо кээ бир мекендештерибиз жазып чыккандай, Кремлдин алдындагы Кызыл аянтка Наполеон менен Гитлердин айкелин орнотуп койгондой кеп эле! Ойлору ордунан чыкпай калган бийлик, калктын кыжырынан корккон Бишкек мэри Түлөев ал эстеликтерди кайра алганча шашып, күнөөнү орун басарларына оодара салып, “бул эстеликтерге бюджеттен кеткен чыгымдарды орун басарларым кайра ордуна коюшту, сөгүш, жазаларын алышты...” деп кутулуп кеткен эле.

Менин оюмча душмандардын айкелдерин алып, Кыз Сайкал баштаган башка кейипкерлердин эстеликтерин калтырып деле койсо азыркыга чейин шаарыбызга көрк берип турар беле?! Мэр го мэр, ал эми бул айкелдердин заказчылары жана авторлору кимдер, алар эмне деп жооп кайтарды дебейсизби? Авторлор тобу: Кыргыз Республикасынын Баатыры, өлкөбүздүн башкы скульптору, жамы журт текши сыйлаган Тургунбай Садыков жана анын шакирттери. Басма сөздөгү тике суроолорго ал киши “заказды аткаргандыгын” айтып кутулду. Ушул да Эл Баатырынын жообубу? Эл баатыры деген биринчи кезекте өз элинин чыныгы атуулу, патриоту болбойбу? Садыков агайыбыз эч качан “Манасты” окуган эмеспи, же бул атайылап жасалган ишпи? Ал эми бул айкелдердин заказчылары болушкан Бакиев жана анын жөөкөрлөрү жөнүндө го сөз башка! Аларың аман эле болушсун! Башкасын билбейм, Курманбек Бакиевдин жеке өзү “Манас” тургай, кечээки Чыңгыздын бир чыгармасын окубагандыгы Чыкеңдин 80 жаш мааракесинин алдында Айтматовду айласы жок кабыл алып жатып, “жанындагылардан” “бул киши эмнелерди жазды эле, айтып койгулачы?” деп сураганынан улам элге-журтка билинип калбадыбы! Андыктан мындай эл душмандарына өздөрү аянтка эстеликтерин койдурган, кыргыздын жогоруда аты аталган душмандары жөнүндө азын-оолак “ликбез” өткөрүп коюунун өңүтү келип турат өңдөнөт.

Дастанда “кыргызда “Манас” деген төрөлүп, кытайды кырып, чоң Бээжинге хан болуп, эл сурайт экен” дегенди “бичик”, “даңза” деген аттар менен аталган бал китебинен кытайдын аярлары – аалымдары окуп алып, кытай ханы Эсенканга жеткиргенде, ал “Манасты таап, жаштайынан жайраткыла!” деп Нескара дөө менен Жолой дөөгө нечен колду кошуп берип, Алтайга жөнөтөт эмеспи. Кадимки бала Манасты “чоң жинди” деп атап алган кыргыздардын амалына алданып, алар алп мүчөлүү, балбан билек, кыргыздарды суроо-сопкутсуз кырып жаткан бул экөөнө туруштук берип, кытай-калмактын көбүн кырган он эки жашар Айкожо уулу Билерикти (бир вариантта ЖарМанас аттуу баланы) кармап кетип, зынданга салчу эмес беле!

Ал экөө кыргыздан салык жыйнап, бере албаганын кырып-жоюп, кийинки келишинде ал кезде он экиге келип, найза кармап калган бала Манас:

“Эр Дөңгөсүн баш кылып,

Келген колдун баарысын

Такыр кырып таштады...

Калмактын каны дөө Жолой,

Кайчы кулак Каман алп,

Жору куйрук Жоон алп,

Карачоюн балбаны

Он эки жайсаң ээрчитип...”

Жоон алпы да Манастын чокморунан өлүп, калгандары канжалап, кайра качканы айтылат. Аларды кууп, аягына чейин кырып салбай Манас жөн коёт. “Көкөтөйдүн ашы – көп чырдын башы” дегендей, ошол улуу ашта да Манастын жоктугун байкап калып, “кыргызды эми кырып кетели!” деген ой менен Манаска чакыруу жибербеген Бокмурунга опурулуп, чыр чыгарыш үчүн кыргыздын маңдайына бүткөн айтылуу “Мааникер” тулпарды доолаган да ушул Нескара эмес беле!

Аны Саякбай залкар минтип баяндайт:

“... Манжуу каны Нескара,

Нескара каары төгүлүп,

Жеп ийчүдөй көрүнүп,

Бокмурунду чакырды:

Мааникер тулпар атыңды

Мага бер! –деп бакырды.

Айкөлдүн айкөлдүгүн караңыз! Ошол эле колунан кийин өзү ажал тапкан Коңурбайды “Көкөтөйдүн ашында” эрөөлдө ыргыта сайса да өлтүрбөй жөн коюп, башка учурларда да канча жолу коё бергендей, Нескараны “Чоң казатта” экинчи жолу да өлтүрбөй коё берет. Алгачкы оор кырылыштан кийинки тыныгуу учурунда Чубак жоголуп кетет. Анын “өлүү-тирүүсүн билбей”, Манас баш болуп баары кайгырып жатканда:

“... Тараза жылдыз батканда,

Таң кылайып атканда,

Манжуунун каны Нескара,

Нескараны баш кылып,

Кырк төрөсүн каңгайдын

Эки-экиден кошоктоп,

Акбалтанын Чубагы

Жалгыз айдап алыптыр”.

Эсенканга элчиликке суранган Нескараны алдап жатканын түшүнбөй, айкөлүң мында да аман-эсен коё берет.

Арстаның Манас арстандарынын көбүнөн айрылып, кыргыздар тыптыйпыл кырылчу ошол “Чоң казатта”, дастанда баяндалгандай:

“... Кыргыз, кытай эки журт

Кырылышты салды эми.

Көк букачан Мадыкан,

Маңдайда жалгыз көзү бар,

Майданга келип калды эми...

Кытайдын колу Манас, Чубак, эр Сыргакка туруштук бере албай, жапырылып качса да, Көк букачан Мадыкан көпчүлүккө ээ бербей, Манаска такаат кылып, кыргыздын бир тобун кырып жиберген. Аны албетте, үч баатыр дароо катыгын берип, бука-сукасы менен тоголото сайып, башын кесип алышкан. Ошондой эле “Көкөтөйдүн ашындагы” балбан күрөштө карып калган Катагандын кан Кошойунан жыгылып, шылдың болгон дөө Жолой да Саякбайдын айтымында

“...Камандай болгон Жолойго

Чубак баатыр жетти эми.

Жеткен жерде Жолойдун

Башын кесип кетти эми...”

деп баяндалып, Жолой “Чоң казатта” курман болот.

Ал эми Бүбү Мариям Муса кызы жазып алган үйшөңдөрдүн Үмөт уулу Жайсаңдын “Айкөл Манасы” боюнча Жолой “Көкөтөйдүн ашында” балбан күрөш учурунда Катагандын кан Кошойунан жыгылганда эле кара кушу менен ташка тийип, жантаслим болот.

Эми эң өкүнүчтүүсү ошол “Чоң казатта” кыргыздарга алы жетпеген кытайлар кабарчы чаптырышып, казыналык мергенди алдырып жатпайбы! Ал мергенчи сырттаның Алмамбет менен Көйкаптагы “Барса-келбесте” бир окуп, 20 жылдан кийин эс-тутуму ордунда кезинде ал жерден зор кыйынчылык менен качып кутулуп кеткен Алмаңдан айырмаланып, дагы алты жыл окуп, согуш өнөрүнүн “толук курсун” аяктаган, кожоюну шилтегенин жок кылган “зомби-робот” болуп калган, канаттуудай калкып учуп, душманга асмандан ок жаадырганды үйрөнгөн, көзгө атар мерген Кара жой уулу Шыпшайдар болуп жатпайбы! Ал келсе кыргызга кыйын болорун билип, Алмакең “бардыгыбыз жер жазданабыз!” деп керээзин айтып жатпайбы!

Чындап эле Шыпшайдар ишке киришкенде адегенде эр Көкчө, анын артынан эр Үрбү, Шууту, эр Сыргак баш болуп, биринин артынан бири окко учуп, Алманбетиң өзү да болуп, Айкөлүңдүн арстандарынын 13ү жер жазданып калып олтурбайбы, кокуй! Шыпшайдарың Алмамбетке берген антынан жана албай казатка “Тал чокудан” көз салып олтурган Айкөлүңдү да жөн койбой, “аны аткан менен ок өтпөйт” деп, жөө калтыруу үчүн арстан шердин канаты – Манасыңдын Ак куласын кокосун үзө атып, сулатып жатпайбы! Анан эле ошол Шыпшайдарыңдын элеси айкелге айланып, шайтандай болуп, Ала-Тоо аянтында туруп калса жаның кашаябы! Манас атабыз ачуусу менен “Аккелтесин” “Ак олпоктун” жакасына катылган кайыптан берилген касиеттүү болот ок менен октоп туруп, Шыпшайдарына кошуп, катары менен турган кытайдын 8 аскер башынын баштарын үзө атып, жаралуу экенине карабай, Бакай убагында келип мингизе салган Койкүрөң менен Коңурбайын баш кылып, кытайларды кокуйлата сепилине киргизе кубалап кырып, “Чоң казаттын” аягына “кыргыздардын жеңиши!” деген чоң чекитти коюп туруп кеткендей, Манастын урпактары да кыргыздын ал душмандарынын эстеликтеринин башын жулуп, талкалап жиберишпедиби!

Жазуучу Асыкбек Оморовдун “Алтай – Ала-Тоо: Айкөл Манастын түбөлүк жолу” аттуу китебинин бет ачарында ушундай аталыштагы долбоор менен 2010-жылдын 28-июлунан 23-августуна чейин кыргыздын эмики кырк чоросунун катарында Манас атабыздын туулган жери Алтайга, Хан тоосуна барып келишкен жигиттердин бири, долбоордун чарбалык уюштуруу координатору Ыбыш чоро – Ыбышов Ажыбек мырза минтип айтты: Алтайлык аяндуу жигит, Манастап ураан чакырган, эл-жерин сүйгөн кыргыздын чыныгы патриот кулундарынын бири Акай Киненин жана башка аярлардын айтуусунда 2009-жылы аянтка тургузулган душмандарыбыздын ал эстеликтерине кыргыз өлкөсүнө каршы кара дуба окулган. Азыр ошол эстеликтер кай жерде катылып жатса да таап, таш талканын чыгарып, талкалап салуу керек экен.

Мына эми, катаны түзөтө турган учур келди! Жогоруда келтирилген мисалдан көрүнүп тургандай, бүгүн Манас атабыздын арбагы козголуп, “Алтай – Ала-Тоо: Айкөл Манастын түбөлүк жолу” долбоорунун катышуучулары Алтайдагы Манастын туулган жери “Бөйрөктүү” жайлоосунун топурагынан ала келип, Таластагы Манас Атабыздын Кароол-Дөбөсүнө чачышты. Алтайдагы Манастын көлүнөн суу ала келип, Ысык-Көлгө куюшту. Алтайдын кыдыр (орусча кедр) карагайынан алып келип, Ала-Тоого, Ат-Башыдагы кан Кошойдун коргонунун жанына тигишти.

Мунун бардыгы жакшы жөрөлгө деңизчи! Бизди күйдүргөнү Ала-Тоого душмандардын эстеликтери коюлуп жатканда, чет элдиктер келип, Манас атабыздын Хан ордосунун кенчин издеп, кыргыздын укум-тукумуна жете турган алтын-күмүштү Айкөл атабыз мурас кылып көөмп кеткен дешип, Манастын урпактарынын көз алдында анын Кароол-Дөбөсүн казып жатканда атайын кызматтар, андагы коопсуздук кеңеши кай жакты карап олтурду эле? Коопсуздук кеңешинин андагы катчысы – кийин Президенттикке талапкерлердин бири болуп шайлоого катышты. Демек, эртең деле өзөгүбүздөн өрт чыкпасына, азыркынын Абыке-Көбөштөрү, Көзкамандары тынч жатарына ким кепилдик берет! Ошондуктан ар кандай бөөдө кырсыктан эли-журтун эзелкисиндей эле коргоп-сактап туруусу үчүн эми Айкөлдүн жанына, ошол эле “Агропром” имаратына мурда коюлган кытай баатырларынын эстеликтеринин ордуна кырк чоронун айкелин, Бакай, Кошойу менен кошо тургузуу керек!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×