Добавить статью
10:23, 11 апреля 2012 60288

Белгилүү инсандар «Мезгил жана Алыкул» тасмасы тууралуу

Режиссер Айдай Чотуеванын эмгегине таандык "Мезгил жана Алыкул" кинотасмасы тууралуу белгилүү инсандардын пикирлери.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев: Фильм Алыкулду кадырлап билген ар бир кыргызды кайдыгер калтырбайт

-«Мезгил жана Алыкул» фильми сизге жактыбы?

-«Жакты», «жакпады» деп айта салсак, жообубуз калпыс болуп калат го. Биринчиден, Алыкулдай поэзиянын эмоциялык, философиялык, көркөмдүк таасири терең ойчул акындын талантына тамшанып эле жүрө бербей, аны элге таркатуу, кино аркылуу өмүрүн, чыгармачылыгын жаш-карынын жашоосуна аралаштырып, кызыктыруу далалаты Алыкулду кадырлап билген ар бир кыргызды кайдыгер калтырбайт. Мен ошондой кыргыздын биримин. Экинчиден, Алыкулдун керт башынан өткөн окуяларды болгонун болгондой, айрым ырларынын маанисинин жаратылышка айкалыштыра жеткиликтүү берилгенин баамдап, өзүмчө толкунданып отурдум. Мен бирөөнүн чыгармасын окуганда, көргөндө, укканда, кемчилигин издебейм, ийгилигин гана байкоого аракет кылам. Бирок бул кемчилигин көрсөм, айтпай коём дегендик эмес. Кемчиликти жашыруу, калп мактоо чыгармачылыкты, талантты өлтүрөт. Алыкулдун оорукчан өмүрү, кыйналуусу, чыгармачылыктагы изденүүсү, бут тосуулардын чет –бучкагы даректүү фиабындагы көркөм образдуу боёктор аркылуу көрсөтүлбөгөнү, албетте, өкүнтөт. Фильмдеги дагы бир өкүнүчтүү жагдай: Алыкулга замандаш далай жазуучунун атын атап, үч-төртөөнү гана чала-була көрсөтүп тим болбой, Алыкулдун тагдырына, жашоосуна түздөн-түз тиешеси болгон Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Гапар Айтиев, Мидин Алыбаевдердин ролун ачып берсе болмок. Бул менимче, жогоруда айтылган даректүүлүктүн оң таасири эмес, кемчил жагы. Болгонду болгондой көчүрүп коюнун кесепети катары наристенин чарчап калганын эстетсек болот. 

index-Актёр Чыңгыз Мамаев Алыкулдун образын канчалык деңгээлде ачып бере алды?

-Фильмдин ошол деңгээлине жараша ролун аткарды да. Актёрдун экранда жашай билгени жакты. Ушундай эле баамдоону Айдай менен Зейнептин ролдорун аткарган кыздар жөнүндө да айтмакмын. Үчөө тең жөндөмдүү, келечектери кенен деген үмүттөмүн.


Эрнест Абдыжапаров: Тасмада Алыкулдун арбагы ак куулар менен берилип, духу турат

Кинонун өзүнүн үч катмары болот. Биринчи катмар окуя жагдайы,экинчи катмары актердук катмар, үчүнчү катмар тасманын табити болуп эсептелинет. Үч катмардын ичинен окуясын алсак, 30-50-жылдар аралыгындагы интеллигенцияны элестете турган кино бүгүнкү күндө жокко эсе. Мен андай кино бар экенин элестете да албай койдум. Бул биздин Айдай деген кызыбыздын Алыкулга батынганы, дааганы чоң эрдик. Эрдигинен дагы ошол доорду көрсөттү деп айта албайм, бирок ошол доордун сырткы дуйносун эмес, ички дүйнөсүн кадимкидей ачып берген. Ал доорго барыш үчүн, өтө көп каражат керек болчу, себеби ошол кездеги «Победа» машиналар, ошол кездеги балбактаган костюмдар болуш керек болчу. Аябай тыкан көз караш менен карай турган болсок, кемчиликтер байкалат, кээ бир эпизоддор узарып кеткен. Мына ушу жагынан бир аз жупунураак болгону менен Айдай кызыбыз, советтик доорду, интеллигенциянын ички араздашкан мамилелерин кадимкидей көрсөттү. Экинчиден, актердук жагын ала турган болсок, Алыкулдун ички дүйнөсүн, поэзиясын даана чагылдырып, үч башкы каарман Алыкул, Айдай жана Зейнептин образдарын так бере алган. Мисалы Алыкулдун сүйүүсү Айдайды акындын арманы деп ишеничин жана ичине сүнгүп кетесин. Айдай менен Алыкулдун сүйүү мамилеси фильмдин башынан аягына чейин үзүлбөй келген. Экөөнүн мамилесин жөнөкөй нерселер менен, бирок таасир эте турган ыкмалар менен тартылган. Драматургиясы жакшы коюлган. Үчүнчү катмар болуп, кинонун табити болгон көркөм кадрдын түзүлүшү, монтаждык, музыкалык боектор, көп-көп техникалык процесстер менин көз карашымда абдан жакшы берилген.

5index Азыркы учурда баары эле Айдайга окшоп эки-үч миң долларын көрөтүп атайы кино үчүн музыка жаздырышпайт. Жэ болбосо даяр музыканы коюп коюшат. Музыкасын жазган Мурзалы Жээнбаев музыкасын жеткиликтүү берип, сүрөтчүсү Ороз Абсаттаров аябай жакшы иштеп койгон. Ал эми Санжар Абдыжапаров жаратылышты тирүү ойнотуп берген. Мен тасманын башынан аягына чейин көрүп олтуруп, кээ бир жэрлеринде ыйлап да жибердим. Суктанганымдан, тасманын кооздугунан, таасиринен көздөрүмдөн жаш тамчылап жатты. Санжар менин уулум же Айдай менин окуучум болгондуктан эмес, көрөрман катары доорго сүнгүп, боорум ачып, поэзиянын денгеелине суктанып, таңданып көз жаштар тамчылап жатты. Тасмада үч орчундуу катмар жакшылап камтылган. Менин оюмча, бул тасма Алыкул Осмоновдун руху менен жуурулушуп тартылды деп эсептейм, анткени тасмада Алыкулдун арбагы ак куулар менен берилип, Алыкулдун духу турат. Тасмада Алыкулдун замандаштары болгон жазуучулардын образын ачуу максат болуп коюлган эмес. Алгачкы орунда Алыкулдун образын ачуу максаты коюлгандыктан тасма өз максатына жете алган. Кыргыз киносунда бул тасманын өз орду бар. Жазуучулардын образдары ачылбай калган дегендерге кошулбайм. Себеби, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбековдун образдары үчүн өзүнчө кино тартуу керек. Алардын образдары Алыкул ким менен сүйлөшкөн, Алыкулду ким колдогон деген гана фон, жазуучулар Алыкулга фон болуп гана берген. Айдай профессионал актерлор менен иштешкен экен, ошол профессионал актерлор тасманын талаптарын ачышкан.

-Режиссёр Жаныш Кулманбетов: Режиссер актерлорго багыт бере алган эмес

-«Бышкан ашты жечү көп, тузу өткүр дечү көп же бүткөн ишке сынчы көп» деп айтабызбы, «Мезгил жана Алыкул» фильми тууралуу эмнелерди айта аласыз?

-Мен башкаларчылап көзүнчө мактап, башка жерде ой ушул да фильмби дегенден алысмын. Өзүмдүн оюмду ачык айткан адаммын. Драматургия жагынан сценарий түзгөндө аксап жатканы көрүнүп турат. Драматург катары айта кетсем, драматургиянын да өз мыйзамдары бар. Окуянын өсүп өнүгүшү, кульминациясы, акырында окуянын чиелениши. Режиссёр айдай Чотуева атайын өз ишин билген адистерден консультация алса болмок. Чыгармачылыкта дагы көркөм жалпылоо деген принцип бар да. Окуядан эмнени көрүүчүлөргө түшүндүргүсү келди мына ошол сыяктуу. Өсүп өнүгүүсү жетишсиз болуп калса, жалпылоо жагынан дагы иштеп оңдой турган жактары бар. Көбүнчө профессионал актёрлор катышканы жакшы, бирок аларга да багыт берип турушу керек болчу. Режиссёрдун эң чоң катачылыгы - актёрлорго багыт бере алган эмес. Актёрлор менен иштеп жатканда көзгө көрүнбөгөн бирок сөздүн жанында жашынган ойду да жеткире билиш керек.

3index -Баш каармандарды аткарган актёрлор жөнүндө ой-пикириңиз?

-Менин түшүнүгүмдө үч кейипкердин ичинен актёрдук милдетин толук аткарган Назира Бердигулова болду. Чыгармачылыкта көбүнчө сырткы окшоштугуна басым жасаганыбыз жаман нерсе да. Алыкул менен Чыңгыз Мамаевдин келбетиндеги сырткы окшоштугу жок. Сүрөттөрүн китеп бетинен көрүп жүрөбүз Алыкул мурду келте, кыргыздын кара томолок баласы болгон. Чыңгыздын түспөлү таптакыр башка, бул жерде портреттик окшоштукту издештин кажети жок болчу. Гүлнур Асанова актрисалык жаатта мени такыр канааттандыра алган жок. Ар бир актёрго тапшырма бериш режиссёрдун милдети да. Бул актрисага тийиштүү милдет жүктөлбөптүр. Кичинесинен бери фильмге аралашып жүрсө да, актёрдук даярдыгы жок экени көрүнүп турат.

-Тарыхый маалыматтар так болгонбу же көркөмдөлүп берилгенби?

-Мезгил дегенди көрсөтүш өтө кыйын нерсе. Ошол мезгилди чагылдырып бериш үчүн ошого ылайыктуу пафильон куруш абзел. Албетте ага көп каражат жумшалат, ошондуктан айрым бир символдор аркылуу эле көрсөтүлүптүр. Метафора аркылуу көрсөтүүгө аракет кылышы керек болчу. Окуялар бири-бирине байланышы жок да. Актёр Муратбек Рыскуловдун Отелло ким деп сураганын ошол актёр эмне себептен сураганын аягына чейин чагылдырып бере албаптыр. Мүмкүн болушунча себебин айтып бериш керек эле. Бир гана жакшы жагы бар, ал мектеп окуучулар үчүн жакшы маалымат.

"Айтыш" коомдук фондусунун төрагасы Садык Шер-Нияз: Чынгыз Алыкулдун образын ача алды

-«Мезгил жана Алыкул тасмасы тууралуу сиздин пикириниз?

-Биздин коомчулукта улуу акын Алыкул Осмонов жөнүндө көркөм фильмдин тартылышы абдан кубантарлык жагдай. Себеби, совет мезгилинен кийинки тарыхый фильмге кайрылган биринчи фильм десем жаңылышпаймын. Мени абдан кубандырган нерсе ошол доорду чагылдырганга күч жумшаган. Азыркы жаш муундар Аалы Токомбаев, Темиркул Үмөталиев, Мидин Алыбаев ким экендигин чындыгында жакшы билишпейт. Менин оюмча жаш муундарга дагы,ал эле эмес биздин муунга дагы жакшы жөрөлгө болду. Ошолорду таанытууну жүзөгө ашырган бул режиссёр Айдай Чотуеванын утушу деп ойлойм. Киноматографисттерде фильм жакшыболуптур жэ болбой калыптыр деген сөз бар. Мен фильм жакшы болуптур деп айтат элем.  4images

-Режиссер тасмада Алыкулдун заманын бере алганбы?

-Айдай Чотуеванын дебюттук картинасын ала турган болсок, аябай эле чоң жеңиш. Албетте кээ бир тарыхый эпизоддор мындан да жакшы берилсе болмок. Бирок, мен режиссерду да, кино группаны да , декорацияны да, актерлорду да жакшы түшүнөм. Мурунку союз убагындагы фильмдердин деңгээлине жетиш абдан кыйын. Бүгүнкү күндө жөнөкөй фильмге 500 миң доллар каражат кетет. Ошого карабай бүгүнкү жаш киноматаграфистердин кайраты күч экенинде. Тасма майданында тасма жаратышында сөз жок. Тарыхый эпизоддорду чагылдырганы чоң ийгилик. Биз тарыхый денгээлдеги орусия сериялдарын коруп атпайбызбы. Ошол россия сериялдарындагы денгээлден да «Мезгил жана Алыкул» тасмасы бир топ жогору турат. Режиссердун ойлоп тапкан мезанценалары аябай жакты. Биз бет ачаар аземинде «Мезгил жана Алыкул»тасмасынан көңүлүбүз көтөрүнкү, абдан жакшы маанайда чыктык.

-Алыкулдун образы ачылганбы?

-Актер Чыңгыз Мамаев Алыкулдун образын элестүү ачып бере алды деп эсептейм. Алыкулдун образы өтө татаал образ, бирок режиссер аябай образдын үстүндө иштегени көрүнүп турат. Негизинен оңү жагынан да, келбети жагынан да туура келген. Алыкулга түспөлдөштүрүп тапканы режиссердун көрөгөчтүгү деп ойлойм. Бул жерден режиссер жаңылган эмес туура тандаган. Алыкул чынында эле ооруп, ошол дартты көтөрүп чыдамкайлыгы ишеничтүү тартылыптыр. Чөп чөмөлөп жаткан жери бир аз театр жыттанып турбаса ошол жери да жакшы болуптур.

-Алыкулдан башка актерлор кандай аткарышкан?

-Зейнеп Алыкулга каршы болгон ички туюмун мыкты жеткире алыптыр. Зейнептин эпизоду кыска болгон, бирок кыска болгонуна карабай, жакшы ачып ойноп берген. Тасманын башкы каармандары болгон Чынгыз, Назира, Гулнур үчөө тең жаңы чыгып келе жаткан жаш актер актрисалар. Эгер дагы такшалып каныгып калышса кыргыз киносун келечекте таанытат деген үмүтүм зор. Ал эми Айдайдын ролун аткарган Назира айым да абдан элестүү аткарып койгон. Назира Бердигулова Бүгүнкү күндө жаш актрисалардан кыргыздын киносун таанытат деген ой.

-Тарыхый маалыматтар так берилгенби?

-Тарыхый маалыматтардан албетте жакын жүргөн кишилерден сурап изденсе мындан да жакшы ачылмак. Чакан топтун өздөрүнүн капчыгынан тартылды. Мен ыраазымын. Чыныгы каражат берилсе режиссёр мындан да мыкты дэнгээлде алып чыкмак. Жакшы ой менен тартылган тасмага жаман сын айткандан алысмын. Өздөрүнүн эмгеги менен жаралып турган фильмге сын көз караш менен карап алардын шагын сындыруу да болбойт, алардын эмгегинин жакшы жагын көрүп, жакшы жагын айтышыбыз керек.

Режиссёр Рустам Аташов: Кызын ооруканага көрсөтүп койсо болмок

-«Мезгил жана Алыкул» фильми тууралуу эмнелерди айта аласыз?

-Биринчиден режиссёр Айдай Чотуевага ыраазычылык билдириш керек. Тарыхый фильмди тартыш өтө оор, ошого карабастан ушул фильмди тарткан Айдайдын эрдиги деп ойлойм. Азыркы муун адабияттан такыр алыстап кетишти. Башка акын, жазуучуларды айтпай эле коёлу, жадакалса алп акыныбыз Алыкулду билбегендер да бар. Азыркыларга Алыкул ким экендигин таанытуу иретинде ушул фильмди тарткан режиссёрдун жеңиши деп эсептейм. Албетте Алыкулду гана эмес, башка акындардын да образын тереңдетип ачып берсе жакшы болмок. Театрды көбүрөөк көрсөтүп койгону ашыкча болуп калган.

1images  -Ошол мезгилди кандай чагылдырып бере алган?

Фильмди көрүп жатып, ошондогу доорго барып келгендей болдум. Сүрөтчү постановщик Ороз Абсаттаров жакшы иштептир. Тарыхый фильмди ошол доордогудай кылып экрандаштыруу кыйын нерсе да. Бирок, жаңы технологиянын көзү менен караганда динамика азырак. Айдайдын образы жакшы ачылбай калган. Алыкулга жетпей калып, үйдөкүлөрдүн мажбурлоосу менен башка бирөөгө чыгып кетти дейли. Эртеси күнү эле Алыкул Зейнеп менен тааныша калып, мага турмушка чыгасыңбы дегени Алыкулду жеңил көрсөтүп койгон. Арасында бир несе айлар өткөрүп койсо болмок. Же монтаждаганда ката кетирип алышкан. Мындай эпизодду кызына ат коёр замат, көз ачып жумгуча кызы энесин эмип жатып, жакшынакай туруп эле чарчап калганы да түшүнүксүз болуп калган. Жок дегенде ооруканага көрсөтүп. Бир-эки күн өткөрүп койсо болмок.

Кыргызфильм киностудиясынын башкы директору Таалай Кулмендиев: Кыргызга керектүү тасма тартылды

-Режиссердун айтымында, «Мезгил жана Алыкул»тасмасын «Кыргызфильм» киностудиясы менен биргелешип тартыптыр. Мына ушул жаатында айтсаныз?

-Негизинен мен конкурстун негизинде жетекчиликке келгенмин. Биринчиден мен жетекчиликке келгенде кыргыз киносу КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИ деген атка жетиш учун эмне кылыш керек деген нерсени алдыга коюп, жаш осүп келе жаткан, аракет кылган режиссерлорго жардам берели деген демилгени алып чыккам. Ошентип демилгени кабыл алганбыз. Кабыл алынган демилгенин жыйынтыгында бир топ кыска метраждуу жана толук метраждуу тасмаларга «Кыргызфильм «киностудиясы өз жардамын берип келе жатат. Анан, Айдай Чотуеванын аракетин көрүп, «Кыргызфильм» киностудиясы «Мезгил жана Алыкул» тасмасына кийим-буюмдарынан тарта монтаж, үн жазуусуна чейин жардам бердик.

-Сиздин оюнузча, маалыматтар кандай берилген такпы же көркөмдөлүп калганбы?

-Негизинен даректүү фильм менен көркөм фильмдин айырмасы бар. Көркөм фильм болгондуктан, режиссердун автордук ою болуш керек. Ошондуктан биз фильмдин мазмунуна кийлигишкен жокпуз. Менин оюмча, тастыкталган нерсе болбош керек, Алыкулду инсан катары, акын катары элин жерин сүйгөн, патриот адам катары бере алдыбы деген тема туруш керек. Андай тактыкка бара турган болсок, анда образ ачылбай калышы мүмкүн.

-«Мезгил жана Алыкул» тасмасына кандай сын пикир айтасыз?

-Биздин студия «Мезгил жана Алыкул» тасмасы менен биргелешип иштегендиктен, тасма биздин да продукция болуп эсептелинет. Ошондуктан мен эч кандай сын пикир айта албайм. Чындыгында Айдайдын ушул Алыкул жөнүндөгү теманы алганынын өзү эле чоң эрдик, ошондой эле Айдайдын чон жетишкендиги деп ойлойм. Бул иш-чара кыргыз кино дүйнөсүндөгү чоң жаңылык. Акыркы мезгилде айтып айтышпайбы,эмне үчүн режиссерлор фестивалдарга же руханий байлыкка тиешелүү тасма тартышпайт деп. Мына мен айтаар элем, кыргыз элине керекүү тасма тартылды деп.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×