Добавить статью
3:40 16 Августа 2012

Улуттун баатыры Бердике берендин урпагы Шүкүр бийдин баяны (уландысы)

Отуз Тогуз жасоол көмүлүп ичиңен бирөө жок болуп чыкты. Кичинекей бойлуу бир жасоол шарап ичпей жолдошторуна көп аралашпай четте жүргөн. Окуя башталганда боз үйдүн керегесинен качып чыгып, кошуна тигилген боз үйдөгү жалгыз кемпирдин үстүнө кирип мени сактап калың, мен бир жетиммин, эч кимим жок деп жалдырай баштады. Жаш балага боор тарткан кемпир боз үйдүн капшытындагы кырк кулактуу чоң казанды көмөрүп жасоолду жашырып койду. Отуз тогузун көмүшүп бирөөнү таппай калган Чоко баш болгон жигиттер Шүкүрдүн алдына келишип болгонун төкпөй чачпай айтышты. Жигиттер чеки иш кылыпсынар, хандын каарына калдык эми бешиктеги балаңдан, казан аскан катуу тулгаңдан эч теме калбайт. Хан баарыбызды аябайт, эми элди тез топтоп, тиги жасоол Коконго кабар жеткиргенче бул жерден көчүп кетебиз. Элди топтоп малды алдыга салып айдап Шүкүр баш болгон эл арканы көздөй качып көчүп жөнөштү. Жолдо Өзгон аралап, Көк Артын белин ашып Тогуз Тороого жетип келишти. Алдынан айдалган көп жылкы, бодо мал жандык, артынан көп төөгө жүктөлгөн жүктү аркалаган көч, беш күн жол жүрүп Тогуз Торонун жайлоосуна келип түшүштү.

Осмон датканын ак өргөөсүнө жете келген көчтүн алдын, байдын бир топ жигиттери тосуп чыгышты. Мурдатан Көк Артын белин ашып, Тогуз Торого жете келгенде эле, Шүкүр өзү баш болуп, жанына бир туугандарын, чоң атасы Аликенин инилеринин балдарын алдыртып кеп кеңеш курган. Бөтөн эл бөтөн жерге келдик, эми мындан ары ушул жердин элинин ыңгайы менен болуп, аша чаппастан алдыбыздагы биз билбеген табышмактуу ары сырдуу оңой эмес, катаал күндөр бизди алдыда күтүп турат. Бөтөн эл менен жуурулушуп, алардын жашоо шартынын ынгайына дароо эле аралашып күн өткөрүү оңой олтоң иш эмес. Биз бул элге аралашып, алардын айтканы менен болуубуз зарыл. Ушундай чечимге келген Шүкүр мурдатан камдатып койгон белек бечкектерин алдыртып, Тогуз Торонун керемет жайлоосу Жыңалач бугунун төрүнөн орун алган Осмон датканын айылына жете келди. Алдыларынан тосо чыгышкан байдын жигиттери менен учурашышып, ал жайды сурашты. Күтүлбөгөн жоон топ меймандарды, эрчитишкен тигил жигиттер, алдыга түшүшүп жол баштап, өзөндүн имериле бериш жериндеги кең жайыктан орун алган ак өргөнү көздөй жөнөштү. Боз үйдөн чыккан узун бойлуу, чап жаак кызыл жүздүү жашы отузга барып калган жигит аа келиңиздер деп Шүкүр баш болгон жолоочулар менен жылуу учурашышты да, кана үйгө кириңиздер деди. Салам айтып кирген Шүкүрдү, боз үйдүн, оң капшытына салынган аю талпактын үстүндө отурган, жашы элүүлөргө барып калган, көк ала сакал бүркүт кабак, үстүнө кийген жоо кийими келишип, буудай ыраң, киши белиндеги жоо кылычын оңдой салып ордунан туруп келип кучак жайып жылмая учурашты. Айтылуу Тогуз Торонун мал киндиктүү кең жайлоолорунун бири болгон Жылаңач бугу жайлоосу, тээ төрүндө арча аралаш өскөн карагат чердин арасындагы көрүнгөн чоң айылдын эли жыйын өткөрүүгө чакырылып элди топтоого Осмон датка буйрук берди, Шүкүр менен жылуу маанайда сүйлөшүшүп отурду. Эми баятан бери карап отурсам сиздер бизге жамааташ эл болуп биз менен убактылуу болсо да бирге жашоого туура келип турат. Ооба элиң эмне болсо ошол эл менен бирге болуп, башка түшкөн оор ахывалды жеңилдетүүгө силерге көмөк көрсөтүүгө биз даярбыз. Азыр чогулган элдин алдында биз силердин азыркы ахывалыңарды түшүндүрүп чогуу жашоого ынандырабыз. Муну уккан Шүкүр жаратканга ичинен ыраазы болуп, жигиттерине алып келген белек бечкектерди алып келүүгө буйруду. Осмон датканын үстүнө суусар ичик жаап, алдына үч дана алтын менен күмүштүн жамбысын тартуу кылды. Мурдатан даярдалган, атайын секичеге Осмон датка баш болгон эл жакшылары, үстүнө кызыл кымкап чепкен башында чекеси суусардын териси менен жээктелген төбөсү кызыл кымкап бөрк кийген, белинде каухар кемерге тагылган кынына алтындын буусу жалатылган кош миздүү албарс кылыч, тагынган Шүкүр, бир нече өзүнүн жан жөөкөрлөрүн эрчитип бийик атайын жасалган жайга чыгышты. Күн ысык болгондуктан кызматчылар мурдатан даярдалган чаначтардагы кымыздарды чоң чоң кеселерге куюп утуру келген конокторго сунуп турушту. Эл толук келип бүтүп, Осмон датка элге кайрылды. Урматуу калайык биз сиздерди бул жерге чакырганыбыздын себеби, тиги Кокон бийлигинин адилетсиз зордук зомбулугуна чыдабай, аларга каршы өз ойун айтып, керек болсо чабышканга чейин барган айтылуу Бердике берендин урпактары Берен баатырдын чөбүрөсү Шүкүр бий баш болгон Улук катын элинен бир жүз элүү түтүн эл бизге убактылуу баш калкалаганы келип отурат. Кимибизди кандай тагдыр күтүп турат, буну кудайдан башка эчким билбейт. Ошондуктан сиздерден суранаарым ушул келген өзүбүздүн, түштүктүк туугандарыбызга кенен койнубузду ачып жеңилин жерден көтөрүүгө, оорун колдон алууга көмөктөш болуп, убактылуу болсо да чогуу ынтымакта жашоого уруксат сурап сиздерге кайрылып жатабыз. Баятан бери тунжурашып унчукпай угуп турган калайык, бир убакта уйкудан ойгонгонсуп, бири бирин карап акырын шыбырашышып, булар жүз элүү түтүн болсо биз деле ошого чамалаш калкпыз, эмне демек элек кудайдын жери кенен тиги Уйдун башын жайлашса ал кереметүү жер миң түтүн элди батырып багат ко, дешип өздөрүнчө кужураша башташты. Элдин арасынан суурулуп чыккан көкчөгөз уруусунун бийи Акан Осоке, кудайдын алдында, кылгын жакшылыкты бирөөлөргө көрсөткөн жардамыңдын, тигил дүйнөгө барганда гана үзүрүн көрөсүн деп молдокелерибиз айткандай, сиз айткандай эле болсун тиги Уйдун башы жайлоосун жайласа биз маакулбуз деди. Андан кийин тигил көчүп келгендердин башында турган бийге бир элдин атынан сурообуз бар. Эми туугандар илгертен кыргызда макал бар «Элдин атын эр чыгарат», араңарда биздин угушубузча, сиздердин бийиңер Шүкүр көз ачык олуя, анча мынчаны алдын алып боолгоп билген, кудай берген оруу сыркоону, дубанын күчү менен сакайткан, дин исламдын аки чүкүсүн жакшы билет деп угабыз. Ошол бийиңердин биздин элге да пайдасы тийсе да, анча мынча ооруп сыркагандардын сакайышына себеп болор бекен. Муну укан Осмон датка анда мен кезекти ошол силер сураган Шүкүр олуяга берем деди. Ордунан акырын козголуп элдин алдына жакыныраак келген Шүкүр бий, - Урматуу калайык, тагдырдын жазмышы туулуп өскөн айтылуу Ноокатын күн чыгышында жайланышкан, кичи мекенибиз Жар коргон жеринен ушул силердин Тогуз Торо жерине баш калколоого келип калдык. Сиздердин баятан берки жылуу сөздөрүңүздөр, бизди кубантып, күчүбүзгө күч, кайратыбызга кайрат кошуп, илгертен кыргыз бир эл болуп, башына оор иш түшкөндө бири бирине жөлөк болуп келген. Сиздердин бул кылган жакшылыктарыңар эч эгерим элдин эсинен чыкпайт. Кудай сунган дин исламдын пайдалуу эл үчүн зарыл керектүү жактарын, сиздерге үйрөтүүгө «канымды азык кылып, каруумду казык кылып» кызмат кылууга мен даярмын деди. Муну укан эл, аа бали мына тууган ушундай болсо, элге пайдасы тийсе ушул эле жерде жүрө беришсин дешти. Ошентип эки эл бири бири менен кучак жая таанышышып, Уйдун башы жайлоосунун төр жагы Улук катындыктарга тийип эки эл жааматаш болуп бири бирине эриш аркак күн кечире башташты. Күндөр өтүп арадан бир топ жыл өттү. Күндөрдүн биринде Шүкүр бийдин алдына Осмон датканын катуу ооруп жатканын айтышты. Ооруган датканынн абалын сураганы барган Шүкүрдү эшиктеги кызматчылар датка жаткан үйгө кийиришти. Датка төрдө жаткан экен. Салам айткан Шүкүргө акырын жооп берди. Ии даткам эмне болдуңуз качантан бери сыркоолоп калдыңыз, эмнеңиз ооруп жатат деди. Мурда мындай ооруган эмес элем. Башым айланат, тамака табитим жок. Түнү да уйкум качат, күндөн күнгө абалым оорлошуп ордуман кечетен бери туралбай калдым. Шүкүр акырын датканын билегин кармап сол колунун тамырын текшерди. Бир азга унчукпай турган Шүкүр, эмнеден чоочудуңуз, айтмакчы сиздин жакшы көргөн эмнеңиз бар, ошону мага айтыңыз деди. Бул суроого таң калган датка, ооба мындан бир жума мурун тигил Орошон сайды өрдөп келе жатып, сайдын берки башына жете берерде, атым бир нерседен үркүп ала салып мени жыгып кете жаздады. Мындай адаты жок эле деп, ачуу менен атты камчылап, алды жагымды карасам, көргөн көзүмө ишенбейм бир аябай чооң жылан атын жолунда жатыптыр. Эмне кыларымды билбей, канча турганымды билбейм, бир оокумда өзүмө келсем атым кара тер болуп тердеп кашайып ордунан жылбай койду. Баягы мен көргөн жылан жок көрүнбөйт, акырын аттан түшүп атты жетелеп, тиги жерден өттүм. Үйгө келип сизди сураштырсам, Көк Артты ашып Жалалабадка кетти дешти. Ошондон бери сыркоолоп калдым. Анда мен сизди окуп дем салып койоюн, андан кийин дагы сүйлөшөбүз деп дем сала баштады. Бир жумадан бери жакшы уктабаган датка Шүкүр бийдин окуганына мемиреп уктап кетти. Дем салып бүткөн Шүкүр акырын ордунан туруп сыртка чыкты. Датканы караган кызматкерлерге, тигил кишиге эч кимди киргизбегиле, эртең ойгонгондо мага кабар кылгыла деп үйүн көздөй жөнөдү. Буга чейин бир нече ооруп сыркагандарга дем салып кудайдын жардамы менен сакайткан Шүкүр олуяны эл кадырлап, олуя ата деп ызаатап калышты. Эртеси күнү чашке ченди, Шүкүр ата сизди чакырып жатышат дешти. Датканын ак өргөсүнө келген Шүкүр ары бери чуркап жүргөн адамдарды көрүп бир деме болгонго даткага, тигилер жөн жерден чогулган жок деп боолгоп баратты. Датканын үйүнө кирген Шүкүр ордунан туруп төшөгүндө отурган даткага салам айтты, аа келиңиз мындай өтүңүз деп төр жакка өткөрдү.

Кандай ахвалыңыз? Ооруган жерлериңиз эмне болуп жатат деп суроо узатты. Ии жакшы сиз кеткенден уктап жанаарак турдум бүт денемдин ооруган жерлери орубай жеңилдеп калыпмын. Өзүм ордумдан туруп сыртка чыгып келдим. Табитим ачылып тамак жегим келип калыптыр деди. Анда эмесе мындай даткам, тамакты мүнөздөп ичиңиз, азырынча кымыз ичпең, жөнөкөй гана суу кайнатып ичиң, эч нерсени ойлобоң, күчтүү тамак жебең. Анан баягы сиз жылан көргөн жерден бир уч топурак алып келдириңиз, мен топурака дем салып үйдүн айланасына чачтырып коем деди. Дагы бир нерсе сиз эмнени жакшы көрөсүз, ошону мага бериңиз. Мен кудайдан сиздин ден соолугуңузду, өмүрүңүздү сурайм дегенде жылмайган датка, мен эмнени жакшы көрөрүмдү сиз билесиз, тиги короодогу байланып турган торуну мен эч кимге берберимди да билесиз, деги эмне болгон өзү мага сыр болбосо жашырбай айтыңыз деди. Муну айтууга болбойт. Мен ортодогу арачы адамын, билгенимди колдоном калганы кудайдан деди. Кызматчылардын бирөөсүн чакыртышып баягы жылан көргөн жерден бир ууч топурак алып келүүсүн, ал жер кай жерде экендигин түшүндүрүп айтып жөнөтүштү. Топурака кеткен кызматкер, тигил айткан жерге жетпей эле, башка жерден бир ууч топурак салып алып келди. Топурака дем салган Шүкүр, үйдүн айланасына топуракты чачтырып койду. Датка менен коштошуп жатып дагы бир жолу даткам дартыңызга дабаа өзүңүздүн колуңузда, мен колумдан келгенин кылдым деп уруксат сурап сыртка чыкты. Шүкүр кеткенден кийин датка өзүнүн ишенген адамы Кыдырмышты алдыртып, Шүкүр айткан оорумдун дабасы өзүмдүн колумда экен, ал менин жакшы көргөн Тору кашканы сурап жатат деди. Муну уккан Кыдырмыш сиздин ооруганызды шылтоолоп Тору кашканы алгысы бар экен да, даткам атты эч кимге бербең, берсеңиз сизден оомат кетет деп датканы ынандырды. Андан бир күн өтүп, Шүкүрдү датканын кызматкерлери дагы чакырып жатат деди. Датканын үстүнө кирген Шүкүр, датканын жанында отурган Кыдырмышты көрүп, көзүнө баягы жыланды көргөндөй болду. Астапыралла, Астапыралла деп келме келтирип Шүкүр датканын ахвалын суроого өтту. Кандайсыз, эмне болду, ооруп турасыз го, айтыңыз деди, ии кече күндөн бери дагы ооруп калдым. Эми даткам кудай өзү берген сыркоосуна өзү дабаасын кошуп берет. Мен сизден сураган нерсени бердириңиз. Сиздин өмүрүңүзгө арачы болгонго мен даярмын, дүнүйө мал мүлк табылат, ал эми өмүр бул керемет жашоону табуу кыйын. Алла таалам миңден бирин жакшы көрүп сизди бул ааламга жаратты. Сизге акыл ой берип, өң келбет, ченемсиз байлык, эл арасында атак даңк, бардыгын маарттык кылып берди. Эми сиз сыноонун алдында турасыз. Ошондон өтсөңүз жашоо уланат. Эгерде бирөөлөрдүн тилине кирип, жолдон чыксаңыз дартыңызга дабаа таба албайсыз деди. Баятан бери Шүкүргө таң кала отурган Кыдырмыш, уккан кулагына ишенбей мунун ою атты бир деме кылып алса, андан кийин, датканын оорусу муну кызыктырбайт деп түшүндү. Шүкүр бир аз отуруп сыртка чыкты. Сыртта байланып турган Тору кашка, өзүнчө эле туйлап ордунда туралбай, кишенеп булкунуп бошонууга аракет кылып жатты. Үйгө келген Шүкүр көпкө ойлонуп отуруп, кызматчы жигитти чакыртып мен датканын өмүрүн арачалоого чамам жетпей калды эми эмне кылсам. Ал адам атты мага бергенде аттын жанын датканын жанына алмаштырып, ат өлөт эле дагы датка оорудан сакайып кетет эле деди. Көп узабай датка дүйнөдөн кайтыш болду. Анын артынан тигил Тору кашка дагы мертинди. Баягы кызматкер жигит датканын жалгыз уулу Сагынга Шүкүрдүн айткандарын түшүндүрүп айтты. Эр жетип калган Сагын Кыдырмышты алдырып максатына жетиңби, эмне үчүн Шүкүр олуянын айткандарын мага айткан жоксуң, сен атамдын жанындагы душманы экендигиңе эми көзүм жетти, мурда атама айтсам мени раматылык кагып койчу. Экинчи менин көзүмө көрүнбө, бүгүндөн баштап жогол. Сени бул жерден көрбөйүн. Атамдан да аттан да сен айрылттың мени деп көпчүлүктүн көзүнчө үйдөн кууп чыкты. Тогуз Торого көчүп келгенден эле, датканын жылкысын кайтарган жылкычылардын ичинен бирөө, Шүкүрдүн көзүнө жылуу учурап негедир, ошол жылкычы бала менен сүйлөшкүсү келип эч убакыт болбой, дайыма жылкы четинде жүргөн жылкычыны, көргөндө кандай балам, иштериңде кыйынчылыктар жокпу, караган малыңдын башы аманбы деп сурашып коюп кана тим болчу. Бир күнү күн бүркөөлүп, жаан жаап айлана чөйрөгө туман түшүп, жылкы четиндеги жылкычылар жылкыны топтоп ачык жерге айдап келишти, ортого чооң от жагылып, суу болгон киймдерин кургактап отурушканда, жол жээгиндеги суу бойлоп өскөн бийик камыштын арасынан кулагынын учу чыгып турган үстү ала темгил куйругу чамгарактаган жаныбарды Шералы байкап калды. Жанындагы шериктерине айтпастан бутуна чокойун коңултак салып, ордунан акырын турган Шералы тигил камыш өскөн жакты карай колуна, укуругун кармап жөнөдү. Шералыны көргөн тигил жаныбар, адам баласы жакындап келгенге чейин карап туруп оозуна тиштеген эликтин баласын сүйрөп акырын бурулуп койуу камыштын ичине кирип көрүнбөй калды. Көргөн көзүнө ишенбеген Шералы, кайтып келип кургаган чулгоосун бутуна ороп чокойун кийип, тамактанып жаткан шериктеринин жанына барды. Эртеси күнү жаңы туугандар отурукташкан Уйдун башы жайлоосуна келип тушкөн Шералы, Шүкүр бий турган ак өргөөгө келип түштү. Атын байлаган Шералы, үйдү көздөй жөнөгөндө үйдөн чыккан Шүкүр өзү тосуп алып үйгө алып кирди. Ал ахвалдар суралып дасторкон жайылып тамак тартылды. Ии балам жөн жай эле би, деген суроого Шералы бий ата мен сиз менен көптөн бери сүлөшөйүн деп убакыт таппай, мына эми бүгүн сүйлөшөм го деди. Ии айта бер балам эмне дейин дедиң эле, Шүкүр келген меймандын үстү башына бир сыйра көз жүгүртүп, жашы жыйырмага барып калган жигиттин бешенеси жайык, бүркүт кабак, көзү кара, койуу кара каштары көздөрүн жаап, оң колунда сырт жагында, билектен төмөнүрөөк жерде көрүнгөн тоголок кызыл меңди байкаган Шүкүр бул баягы көзүнө жылуу учурап жүргөн жылкычы бала экендигин эстеди. Бий ата мен сиз менен таанышууга көптөн бери далалат кылып мына бүгүн сиздин мандайыңызда баарлашып отурам. Мен бул элге жээн болом. Менин атым Шералы тегимди сурасаңыз, мен тектүү жердин кулунумун. Менин ата бабам эл бийлеп ,ал эле эмес журт сураган хан тукумунанмын дегенде, Шүкүр бий түндө көргөн түшү эсине түшүп, тооба түшүмдөгү бала ушулбу деп өзүнө өзү суроо берип, аа айта бер балам деп балага кайрылды. Эми олуя ата сизден сурайын дедим эле, илгертен элден калган кеп бар хандын тукуму үзүлбөйт эртедир кечтир элин сурап хан тактысына отуруп элин башкарат деп калышат. Мен ошол деңгээлге качан жетем сиз билесизби. Ооба балам айтканыңда калет жок. Убагы келгенде хан тактыңа отурасын деп жигиттин суроосуна жооп берди. Эгерде айткандарыңыз келип мен ордумду тапсам, сиздерди кичи мекениздерге ээ кылат элем деп Шералы Шүкүргө тигилди. Кудай буйруса аз калды балам, аз калды ал күнда келет. Шүкүр түндө көргөн түшүн өзү жооруй баштады. Ак боз ат минген жаш жигит колундагы кондурган боз Шумкарды шилтегенде айланып учкан боз Шумкар Шүкүрдүн ак өргөөсүнүн үстүн айланып учуп, түндүккө конду. Түндүктөн түшкөн жарык шоола үйдүн ичин кадимкидей жарык кылып турду. Бул көргөн түшүн азыркы келген жигит жөнөкөй адам эмес аллаанын көлөкөсү түшкөн, келечекте эл сураган ханзада экендигин, анын жарык шооласы жакында баардык элге бирдей тийип, эл сураган ханзада үйүндө конок болгонуна өзү ишенбей турду. Арадан бир жыл өтпөй, Кокондо мурдагы бийлик кулап Аксыдан чыккан Нүзүп баш болгон эл билермандары Шералыны издешип Тогуз Тородон табышты. Эл чогулуп ак кийизге отургузуп Шералыны хан көтөрүп Коконго алып барышып бийликти алып беришти. Күндөрдүн биринде баягы Шүкүр олуя эсине түшкөн Шералы Тогуз Тородон Шүкүрдү Коконго алдырды. Шералы Шүкүрдү өзү тосуп алып жакшылап коноктоп, кайтарында Шүкүр ата сизге берген убадамды аткарайын. Алике атаңыз жайлаган жерлерди сиз кайтарып алың деп кагаз чийдирди. Кетеринде бий ата мен сизден бир нерсе сурайын,уруксат берсеңиз. Ии балам сура деди. Мен канча жыл эл сурайм ушуну мага айтып берсеңиз. Эки колунун алаканын бириктирип туруп бешенесине алып барган Шүкүр, чөк түшүп кыбыланы карап көзүн жумуп отуруп бир аздан кийин эки колун түшүрүп, балам жакшы болсоң он эки жыл эл сурайсың, эгер жаман болсоң тез эле жок болосуң деп ордунан туруп коштошуп сыртка жөнөдү. Тогуз торого кайтып келген Шүкүр, элге жакшы кабар жеткирди. Этек башыңды жыйнап, көчүүгө камдангыла элибизге Шералы хан кайтууга уруксат берди деди. Тез эле көч жолго чыгып жөнөөр алдында Тогу Торо эли менен коштошуп, алар Көк Артка чейин узатып келишти. Көпчүлүк эл акыркы күнү Шүкүргө сиздер кетип жатасыздар, ушунча жыл чогуу жашап көнүп калдык эле, бирөө жарымды таштап кетпейсиздерби дегенде, Шүкүр элине кайрылып кана кимиңер каласыңар деди, элден жооп болгон жок, бир оокумда элдин арасынан арык чырай бир жигит суурулуп чыгып мен калам ата деди. Ээ айланайын Ажыбек ырас эле болбодубу, кана уулум тегиң таза Айдаргазынын урпагысың, Айдаргазы авабыз да кезегинде эл сураган буваңдай болуп эл сура, тегиңден эл башкарган эр азаматтар чыксын кана оомин, эсен бол деп Ажыбекке батасын берип Тогуз Торолук туугандар менен коштошуп көч сапарын улап бир жума дегенде ата конушка жетишти.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
X
Для размещения комментария авторизуйтесь

×