Добавить статью
11:43, 23 октября 2012 33193

Азыркы кыргыз адабий тилинин калыптануусунун айрым маселелери

Автор: А.Боронов
Ачык эле айталы, бизде, кыргыз адабий тили жөнүндө эки – үч кишинин кол менен саналчуу айрым эмгектерин эске албаганда, ушул кезге чейин али жарытылуу эч нерсе жок. [ 1 ] Чындыгында бул тилде көркөм чыгарма жазышкан жазуучулар да, ушул тилде сүйлөгөн ар бир билимдүү кыргыз интеллигенти да аталган тилдин эмне деген тил экенин, анын кантип пайда болуп, кандайча өнүгүп, кылыптанып жатканын так билбейт. Болгону ал жөнүндө жалпы түшүнүккө гана ээ. Тактап айтканда: кыргыз адабий тили жалпы элдик тилдин негизинде түзүлгөн, анын тарыхы 1924 – жылы “Эркин Тоо” газетасынын чыгышынан башталат, кыргыз адабий тили кыргыздын улуттук тилинин нормага салынган, иштелип чыккан эң жогорку формасы, ал эл турмушунун бардык тармагында колдонулат деген өндүү хрестоматиялык эрежелер менен тигил же бул сөз жана сөз формаларынын адабий тилге жатар-жатпасы жөнүндөгү нормативдик маалыматтар.

Эгерде биз өзүбүзгө 1) адабий тил деген эмне, анын илимий аныктамасы, сын-сыпаты кандай; 2) адабий тил болуш үчүн жазуунун болушу зарыл шартпы же анча зарыл эмеспи; 3) кыргыз адабий тилинин тарыхы кайсы мезгилден башталат жана анын калыптануу жолу кандай; 4) адабий тил менен жалпы элдик тилдин, диалектилердин, оозеки, жазма, китептик тилдердин, азыркы көркөм адабий жана фольклордук чыгармалардын тилинин ортосунда кандай айрыма – жалпылыктар бар, алардын бири – бири менен болгон алака – катыштары кандай; 5) адабий тил өз өнүгүүсүндө кайсы булактардан суу ичет; 6) адабий тилге түрдүү таланттардын, илимий, маданий кызматкерлердин, жалпы эле интеллигенциянын тийгизген таасирлери канчалык деген өңдүү толгон – токой суроолорду берчүү болсок, анда алардын бирине да илимий жактан негизделген толук жооп таба албайбыз. Анткени бул жана буга окшогон суроолордун жооптору бизге али анча белгисиз.

Абалдын мындай болушу негизинен төмөндөгү үч нерсеге байланыштуу: 1) адабий тил жөнүндөгү проблеманын өтө татаалдыгы жана ошондон улам ал тууралуу талаш – тартыштын көптүгү, окумуштуулар арасында ушул кезге чейин адабий тил, анын пайда болушу, өнүгүшү, ал тилдин мүнөзү, маани – маңызы, негизги белгилери, формалары, кызматы,тилдин башка форма, түрлөрү менен байланыш – катнашы жөнүндө бирдиктүү көз караш жок; 2) бул маселенин мурдагы жалпы союздук, андан кийин жалпы түркологиялык өлчөмдө көпкө чейин дурустап колго алынып, иштелбей келиши; 3) кыргыз тил илиминин абдан артта калышы.

Баарыга белгилүү: акыркы кездерде адабий тил жөнүндөгү далайдан берки илимий – теориялык талаш – тартыштардан улам орус жана чет өлкөлүк тил илиминде көптөгөн илимий эмгектер жаралды Бул илимий иштердин басымдуу бөлүгү айрыкча славян, роман – герман адабий тилдерине тиешелүү. [2].Мына ушул эмгектер менен тааныш киши адабий тилдин пайда болушу, калыптанышы, өнүгүшү жөнүндө окумуштуулар арасында кийинки учурда негизинен эки көз караш калыптана баштаганын сезбей койбойт.

Биринчи көз караш боюнча адабий тил жалпысынан төмөндөгүчө мүнөздөлүп аныкталат: 1) адабий тилдин жалпы элдик тилдин башка түр, формаларына салыштырмалуу иштелип чыккандыгы (обработанность), ирет, калыпка салынгандыгы (упорядоченность); 2) тилде колдонулган бүткүл каражаттардын (бардык варианттары менен) коом тарабынан белгилүү бир норма, калыпка салынган үлгүдө колдонулушу; 3) туруктуу, үзүлтүксүз салт, традициянын болушу жана анын негизинде тилде дайыма жүрүп туруучу көптөгөн өзгөрүүлөрдүн узак убакыт бою адабий тилдин негизин буза албастыгы (ар мезгилдин өзүнүн гана идеалдуу нормалары болот, ага ошол учурдун билимдүү бардык адамдары умтулушат); 4) адабий тилди колдоно билген коомдун бардык мүчөлөрү үчүн анын нормаларынын милдеттүү түрдө бузулбай сакталышы, адабий тилдин нормаларына туура келбеген диалектилик өзгөчөлүктөрдөн качуу, б.а. адабий тилдин диалектилик өзгөчөлүктөрдөн жогору турушу; 5) стилдик жактан өнүккөндүк, стилдик жиктелүүлөрдүн көп түрдүүлүгү, алардын бири – бирин толуктап туруусу жана анын негизинде көркөм сөздүн мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши; 6) жашоонун бардык багыты боюнча пикир алышууну тейлөөдөгү универсалдуулук ( б.а. өндүрүш, илим, техника, саясат, жеке субъективдүү сезим – тую, коомдук маданий – социалдык турмуш ж.б., ж.б. туурасында пикир алышууларда адабий тилдин ар тараптуу колдонулушу ); 7) адабий тилдин ооз эки жана жазма түрүнүн болушу, алардын бири – бири менен байланышта болуп, толуктап турган абалда колдонулушу; [3]

Бул көз карашты жактоочулар жазууну адабий тилдин пайда болушундагы эң негизги шарттын бири катары эсептешет. Алардын ою боюнча адабий тил, сөздүн чын маанисинде, жазуу пайда болгондон кийин гана түзүлүп калыптанат. Ал эми өнүккөн жазуу системасы болбой туруп, адабий тилдин пайда болушу мүмкүн эмес. Албетте, бул көз карашты жактоочу окумуштуулар адабий тилдин башка мөнүздүү белгилерине да көңүл буруп , маани беришет. Мисалы, адабий тилдин нормага салынышы, анын ар түрдүү өнүккөн стилдерге ээ болушу, коомдук турмуштун бардык тармактарында колдонулушу ж.б. у. с. Бирок, антсе да, алар үчүн жазуу адабий тилдин пайда болушундагы эң негизги чечүүчү шарт. Айта кетүчүү нерсе, бул көз карашты жактоочулар адабий тил менен жазма тилди же китептик тилди бир деп түшүнүшпөйт. Булардын ою боюнча адабий тил түзүлгөнгө чейин эле ар кандай китептер чыгып, жазма тил пайда болот, а адабий тилдин өзү болсо мындан алда канча кийин түзүлүшү мүмкүн.

Экинчи көз караштагылар. Булар, тескерисинче, адабий тилдин түзүлүшүндөгү жазуунун ролуна анча маани беришпейт. Алар үчүн жазуунун бар – жогу адабий тилдин пайда болушунда анча мааниге ээ эмес. Адабий тил бул көз караш боюнча жазуу пайда болгонго чейин эле түзүлүп калышы мүмкүн. Дал ушул ойдон келип экинчи көз карашты жактаган окумуштуулар элдик оозеки поэзиянын айрым үлгүлөрүн, айрыкча эпикалык поэзиянын тилин, адабий тилдин оозеки түрү катары карашат. [4] Бул көз караштагылар адабий тилдин мүнөз – белгилерин аныктоодо, өзгөчө анын функционалдык жагына көбүрөөк күңүл бурушуп, ал тилди диалектилик тил менен карама – каршы коюп изилдеп көрсөтүшөт. Адабий тил булар үчүн улуттук тилдин чегинде жашап, анын түрдүү формалары менен (мисалы территориялык, социалдык диалектилер, күндөлүк турмушта колдонулуучу жалпак тил, көркөм адабият тили ж.б. у. с.) дайыма карым – катышта болот. Арийне, жазууну адабий тилдин мүнөздүү белгиси катары карашпаганы менен бул көз караштагылар да анын адабий тилге тийгизген таасирин таптакыр танышпайт. Жазуу алардын ою боюнча болгону адабий тилдин мүнөзүн бир топ өзгөртөт, анын мүмкүнчүлүктөрүн өстүрөт, колдонуу чөйрөсүн кеңейтет. Антсе да жазуунун бар – жогу адабий тилдин жаралышы үчүн чечүүчү нерсе эмес. Экинчи көз караштагылар адабий тилди жалпы улуттук тилдин белгилүү бир абалы, анын көптөгөн жашоо формаларынын бир түрү, компоненти катары карашып, ага тиешелүү өзгөчө белгилер деп төмөндөгүлөрдү эсептешет: 1) улуттук тилдин башка түр, формаларынына салыштырмалуу адабий тилдин азбы – көпбү белгилүү өлчөмдө иштелип чыккандыгы (обработанность) жана ушундан улам селективдүүлүгү; 2) анын азбы – көпбү полифункционалдуулугу, ушуга байланыштуу адабий тидин стилдик көп түрдүүлүккө ээлиги, ал стилдердин бири – бири менен айкашып колдонулушу; 3) белгилүү бир тилдик нормага, ирет – калыпка умтулуу; 4) кайсы бир деңгээлде гомогендүүлүк (адабий тилдеги гомогендүүлүк - анда территориялык жана социалдык жактан тилде пайда болгон өзгөчөлүктөр колдонулбайт дегендик эмес); 5) диалектилик өзгөчөлүктөрдөн түрдүү формада обочолонуу, б. а. диалектилерден жогору туруу (наддиалектность) [5].

Белгилей кетүүчү нерсе, көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөр түгөлү менен адабий тилдин бардык мезгилдери үчүн бирдей мааниге ээ эмес. Алардын кээси бир учурда өтө маанилүү болсо, экинчилери ошол эле кезде анча мааниге ээ болбой калышы ыктымал. Экинчи көз караштагы окумуштуулар адабий тилдин мүнөздүү белгилери катары көрсөткөн өзгөчөлүктөрдүн ичинен эң маанилүүлөрү деп биринчи жана экинчи белгилерди эсептешет, башкача айтканда 1) адабий тилдин азбы – көпбү белгилүү өлчөмдө иштелип чыккандыгы, ошого байланыштуу анын селективдүүлүгү; 2) адабий тилдин кандайдыр бир даражада полифункционалдуулугу (поливаленттүүлүгү) жана ушундан улам анын стилдик көп түрдүүлүккө ээлиги, ал стилдердин бири – бири менен айкаша колдонулушу. Ал эми адабий тилдин бешинчи мүнөздүү белгисине келсек (адабий тилдин диалектиден жогору тургандыгы б.а. наддиалектность), анда бул белги, экинчи көз караштагылардын ою боюнча эки жол менен ишке ашат: 1) диалектилерге мүнөздүү регионалдык белгилерден арылуу, аларды колдонуудан качуу же тескерисинче ар кайсы диалектилерге тиешелүү болгон белгилерди бириктирип пайдалануу, 2) адабий тилге гана таандык лексикалык өзгөчө пласттын, багыныңкы байланыштагы синтаксистик татаал сүйлөмдөрдүн ар кандай типтеринин колдонулушу, ушундан улам тилдин башка формаларынан стилдик – функционалдык жактан обочолонуп айрымаланып туруусу [6].

Көрүнүп тургандай, адабий тилдин мүнөз, белгилери жөнүндө эки көз караштын ортосунда чоң айрымачылыктар бар. Мындай дал келбөөчүлүк жалгыз эле адабий тилди тилдин башка формаларынан айрымалап туруучу жогорку белгилерден гана эмес, бөлөк маселелерден да көрүнөт. Мисалы адабий тилдин негизин түзүүчү элементтер кайсылар, анын кандай формалары, типтери, түрлөрү бар, адабий тил качан , кантип пайда болот, ал улут калыптанга чейин түзүлөбү же улутка чейинби, жазма тил адабий тилди ичине кымтыйбы же тескерисинче адабий тил жазма тилди ичине камтыган категориябы деген өңдүү проблемалар.

Арийне, адабий тилдин статусу, анын мүнөзү, белгилери жөнүндөгү тил илиминдеги мындай теориялык талаш – тартыштар, ойлордун ар түрдүүлүгү кыргыз адабий тили туурасындагы изилдөөлөр менен ой- түшүнүктөрдүн туура калыптанышына өзүнүн оң-тескери таасирлерин тийгизери бышык. Бирок, ошондой болсо да, биз мында бул талаш – тартыштардын бардыгына токтолуп отурбай, төмөндөгүлөрдү белгилемекчибиз. Биринчиден, адабий тил жөнүндөгү талаш – тартыштардын канчалык арбындыгына карабастан, ал турасында жогоруда айтылгандай, негизинен эки теориялык көз караштын кылыптанып бара жаткандыгы жана алардын ар биринин өздөрүнө тиешелүү оң жана терс жактары бар экендиги. Экинчиден, адабий тил – бул тарыхый категория, ошондуктан аны изилдеп мүнөздөөдө аны ошо тарыхый чен - өлчөм менен караган максатка ылайыктуу. Үчүнчүдөн, адабий тил көп баскычтуу татаал көрүнүш. Демек, адабий тилдин ар мезгили, ар түрү, формасы үчүн анын ошол бөтөнчөлүктөрүн эске алган өзгөчө критерий – мүнөздөмөлөр керек. Эгерде биз мына ушуларды дайыма көңүлдүн борборунда тутсак, анда адабий тилдин түрдүү формалары, типтери, подсистемалары бардыгын, алар ар качан улуттук тилдин бөлөк формалары менен (айталы диалект, говор, күнүмдүк оозеки жалпак тил ж.б.) татаал карым – катышта жашап, өмүр сүрөрүн да моюнга алабыз.

Сөз жок, адабий тил бир нормага салынып катып калган сенек нерсе эмес. Ал тилдин башка формалары сыяктуу эле дайыма өсүп - өнүгүп, өзгөрүп турган динамикалуу көрүнүш. Мисалы анын азыркы нормасы мындан жүз жыл өткөн соң да дал ушул бойдон эч өзгөөрүсүз сакталат деп айтуу жаңылыштык болор эле. Демек, адабий тилдин бир нече баскычтары, типтери, түрлөрү (формалары) болушу талаш туудурбоосу зарыл. Мындай болгон соң , биздин оюбузча, адабий тилдин улутка чейинки жана улуттук адабий тил деген эки тиби бар. Адабий тилдин бул эки тиби тең оозеки жана жазма формаларына ээ болушу же тескерисинче алардын бири оозеки же жазма формага ээ болбой калышы толук ыктымал. Арийне, мунун бардыгы биринчи ирээтте тилдин белгилүү коомдук шарттардагы жашоосу менен байланышкан. Ошондуктан адабий тилдин аталган типтери менен формаларынын пайда болуу мезгилдери да ар түрдүү. Алсак, кээде улут түзүлгөнгө чейин эле жазуу пайда болуп, ал аркылуу түрдүү тексттер жаралып, адабий тилдин жазма жана оозеки түрү жашайт. Айталы буга тээ байыртан бери жазуусу бар элдердин тарыхы эң жакшы күбө. Ал эми айрым убактарда мунун бардыгы улут түзүлүлгөндөн кыйла мезгил өткөн соң гана ишке ашат. Мисалы Октябрь революциясынан кийин жазууга ээ болгон СССРдеги айрым улуттарды алып көрүңүз. Башка бир учурларда улут түзүлгөнгө чейин жазуу болбогондугуна же болсо да ал аркылуу жаралган мыкты жазма тексттердин жоктуугуна байланыштуу улутка чейинки адабий тилдин оозеки формасы гана жашашы мүмкүн.

Албетте, адабий тилдин аталган ар бир тиби жана түрү (формасы) өзүнө тиешелүү мүндөздүү өзгөчөлүктөргө ээ. Ал өзгчөлүктөр, алардын пайда болуу себептери, шарттары туурасында кийинчерээк сөз кылалы. Азыр сөз мына бул жөнүндө.

Жогоруда экинчи көз караштагы окумуштуулардын адабий тил жазуу пайда болгонго чейин эле түзүлөт деп, ушундан улам элдик оозеки поэзиянын айрым үлгүлөрүн, айрыкча эпикалык поэзиянын тилин, ошол жазууга чейинки оозеки адабий тилдин негизи катары карагандыктары туурасында айттык. Менимче, бул ойдо чындыктын үлүшү бар. Анткени адабий тилди аныктоонун башкы критерийи катары бир гана жазуу жана ал аркылуу түзүлгөн жазма тексттер эсептелинбеши керек. Себеби ар кандай эле жазма тексттер адабий тилдин негизин түзө бербейт. Кээде тилде айрым шарттарга байланыштуу жазма тексттерге караганда мыкты түзүлгөн оозеки тексттер көп жаралып, ошолор адабий тилдин негизин аныктап калышы мүмкүн. Алсак, жетиштүү билими жок адамдын жазган жекече каты, арызы же анын дагы башка бир турмуш – тирчиликке байланыштуу жазган жазмалары адабий тилге мүнөздүү эч кандай белгилерди сактабайт. Болбосо, мурда мыкты жазма тексттерди түзүү боюнча традициясы, турмуштук тажырыйбасы жок, а бирок пикир алмашууда жазууну көп убакыт бою коомдук турмуштун эң төмөнкү баскычында колдонгон тилдердеги түзүлгөн тексттер да адабий тилдин пайда болуусу үчүн негизги ролду ойной албайт. Буга караганда өзүнчө ички чен - өлчөм, нормалары бар (скрытая коддификация) мыкты түзүлгөн оозеки тексттер ошол тилдеги адабий тилдин пайда болушунда чечүүчү кызмат аткарышы толук абзел. Демек, адабий тилдин пайда болушу үчүн жазууну жападан жалгыз критерий тутуу да анчалык ынанымдуу эмес. Айрым убактарда жазуунун бардыгына карабастан өнүккөн адабий тил түзүлбөй калышы ыктымал. Менимче, адабий тилдин пайда болушу үчүн кайсы гана тибин же түрүн албайлы, биринчи иретте бардык жагынан иштелип чыккан мыкты тексттердин болушу зарыл. Ал эми андай тексттер кээде жазуу пайда болгонго чейин эле оозеки түрдө түзүлүп калышы мүмүкүн.

Ошентип, жанатан бери биз адабий тил жөнүндө бир топ теориялык жоболорду ойдон өткөрдүк. Эми ушуларды эсте кармоо менен кайрадан өз очогубузга кайрылып, макаланын башында берилген суроолорго жооп издеп көрөлү. Башкача айтканда, кыргыз адабий тилинин тарыхы кайсы мезгилден башталат жана анын калыптануу жолу кандай; анын пайда болуу жана өнүгүүсүндө “Манас” баштаган элдик оозеки чыгармалардын тийгизген таасири, ролу канчалык; “Манас” эпосунун, макал – лакаптардын, айрым чечендик сөздөрдүн тилин кыргыздардын революцияга чейинки оозеки адабий тили деп кабылдоого болобу, деги кыргыздарда революцияга чейин жазма же оозеки адабий тил болгонбу деген өңдүү суроолорго жооп издейли.

Сезип турам: бир макаланын алкагында мындай олчойгон суроолорго ар тараптуу толук жооп берүү мүмкүн эмес. Бул үчүн ушундай эле олчойгон монографиялык изилдөөлөр керек. Экинчиден, улуу Ленинди, Октябрь революциясын обу жок мактап, улуттук сезимди, улут тарыхы менен маданиятын басмырлаган тоталитардык системанын тушунда адабий тилдин жаралышын жакшылап изилдеп түшүнбөй туруп, кыргыз адабий тили революциянын жарык нуру астында пайда болду деп ай, жылынан бери белгилеп алгандар үчүн бүгүн революцияга чейин кыргызда адабий тил болгонбу деген суроонун өзүнүн коюлушу туура эмес көрүнөрү да маалым. Бирок, антсе да, бул өңдүү аксиомалар мезгилдин агышы менен кайрадан текшерүүдөн өтүүсү зарыл экенин башкалар да түшүнөт деп ойлойм.

Чындыгында эле, Октябрь революциясына чейин кыргыздарда эч нерсе болгон эмеспи же ага чейин да бир нерселер бар беле? Болсо алар эмнелер жана алар азыркы кыргыз адабий тилинин пайда болуу, өнүгүүсүндө кандай кызмат аткарышты?

Шарт эле айталы: биз азыркы кыргыз адабий тилинин түзүлүшүн бүт бойдон жалаң гана Октябрдын жеңиши менен байланыштырып, ага чейинки болгон маданий, руханий башка байлыктардын ролун төмөндөтүүгө каршыбыз. Ошол эле учурда кыргыз маданиятындагы революциянын маани – маңызын да басаңдатууга өтө каршыбыз. Арийне, кыргыз адабий тилинин түзүлүшүндө Октябрь революциясынын ролу эбегейсиз чоң. Бирок бул “кыргыз адабий тили жалгыз гана Октябрдын жемиши” деп жар салууга, анын пайда болуусундагы бөлөк булактардын маани - маңызын төмөндөтүүгө, азыркы кыргыз адабий тилинин түзүлүшүн жөнөкөйлөтүп, бир жактуу кароого негиз бербейт.

Сөздүн чын маанисиндеги толук кандуу адабий тилдин пайда болушу татаал көрүнүш, узак убакытты талап кылат.Ал үчүн экстралингвистикалык жана тилдик белгилүү шарттар болушу зарыл. Адабий тил кыска мөөнөттө,беш-он жылда жарала койчу оңой нерсе эмес. Мындан башка ал өзүнүн жаралып, өнүгүп-өсүүсүндө көп баскычка, формага жана типтерге ээ экенин жогоруда айттык. Азыркы кыргыз адабий тилинин жаралышындагы Улуу Октябрдын ролун төмөндөтпөй туруп,ушул чен-өлчөмдөн алып караганда, анын түзүлүп калыптанышын кыргыз элинин башка маданий,руханий булактарынан механикалык түрдө бөлүп, революциянын гана жемиши катары көрсөтүү, бери болгондо бул тилдин пайда болуусун, мүнөзүн өтө эле жөнөкөйлөтүп түшүнүүгө жатат.

Уландысы бар

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-10-2012
Азыркы кыргыз адабий тилинин калыптануусунун айрым маселелери (уландысы)
23107

20-10-2012
Манастын Кумайыгы итпи же кушпу?
24527

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×