Добавить статью
3:45, 1 мая 2013 32426

Түрктөрдүн тарыхый тагдырына бурулуш киргизген Кыргызстандагы эки окуя (VI-VIII кк.)

(уландысы)

Ушул окуядан кийин согдиандар Истемиге Иранга каршы согуш ачууну сунуштай башташты. Анткени, алар үчүн кандай болбосун жибек жолун ишенимдүү жандандыруу керек эле. Алысты көрө билген Истеми-каган Иранга каршы согуш баштоого макулдугун берген. Анын үстүнө экинчи элчиликтин мүчөлөрүнүн «ууланып калышты» деген шылтоо менен перстер өлтүрүп коюшкандыгы зарыл шылтоо эле. Бирок, ири согуштук аракеттерди баштоо алдында ошол кездеги эл аралык кырдаалды жакшы баамдаган Истемин каган Евразия континентинин негизги ири державаларынын бири болгон Византия менен келишим түзүп алууну чечкен. Бул кадамга эл аралык абал да жакшы шарт түзүп турган. Иран менен сөөк өчтү душман болгон Византия империясы мындай кадамды эчак эле күтүп жаткан болучу.

Түрктөрдүн, кыргыздардын жана ортоазиялыктардын болочок тагдырын чечкен 568-жылкы окуя

568-жылдын жазында Ысык-Көлдүн жээгинен Истеми каган жунан (грек) жерин жана тилин жакшы билген атактуу согдалык көпөс Маниахты баш кылып алыскы Византияга ири элчилик жиберген. Тарыхый булактардын берген маалыматтарына караганда Маниахтын маршруту Ысык-Көлдөн Чүй, Талас аркылуу Арал деңизинин түштүк жээктерин басып өтүп, Түштүк Казахстандын Үстү-Журт талаасы менен Каспийдин түндүк жээктерине чыгып, Кавказга барган. Анын Кавказ тоолорунун кайсыл ашуусунан өткөн маршруту жөнүндө маалымат жок, бирок ошол эле жылы жай айларында Константинополго ийгиликтүү жеткен. Маниахтын элчилиги баалуу белектер менен кошо «скиф тамгалары менен даярдалган атайын кат» да бар эле.

Элчиликти Византия императору Юстин II зор ызаат менен тосуп алган. Падыша Истемиден келген катты котормочулардын жардамы менен окутуп уккандан кийин элчилерден эфталиддер, аварлар жөнүндө, Түрк каганатынын ээликтери жөнүндө кеңири сураган. Аңгемелешүүнүн акырында Маниах Истеми кагандын Византия империясы менен келишим түзүүгө ынтызарлыгын билдирип, ромейлердин ички жана тышкы душмандарына каршы турарын тастыктаган. Византиялык тарыхчы Менандр ушул сөздөрдөн кийин Маниах ордунан туруп, колун көтөрүп “бул айтылган сөздөр чын экендигин ант бергендей тастыктап, эгер калп болсо ант урсун деп Дизавулдун, өздөрүнүн жана түрк элинин атынан” айтылып жаткандыгын ырасташты, ошентип түрктөр ромейлер менен достошушту деп жазат.

Бул достошуу келишими жөн эле тынчтык келишими болгон эмес, чындыгында Иранга каршы согуштук келишим болучу, келишим түзүлгөндөн кийин эки тарап тең антташкан деп тастыктайт изилдөөчүлөр.

Ийгиликтүү аяктаган сүйлөшүүлөрдөн кийин бир нече жума эс алышкан элчилер 568-жылдын август айында аман-эсен кайра жолго чыгышкан. Юстин II жооп иретинде Византиянын чыгыш шаарларынын стратеги киликиялык Земарх башында турган жоон топ элчиликти кошо аттандырган. Кайра кайткан элчилердин маршруту Маниахтын сапарынын жолу менен болуп, элчилер согдианага келгенде түрктөр гректерге темир жана темирден жасалган буюмдарды сатып алууларын сунушташат. Муну менен түрктөр темирдин кени бул жерде көптүгүн жана түрктөр темирди чеберчилик менен иштете ала тургандыгын билдиргиси келген деп жазат ошол кездеги булактар.

Земархтын элчилери андан кийин Эктаг деген жерге келишкен. Грек булактарында бул жай “алтын тоо” деп аталып, каган ошол жерде элчилерди күтүп жатыптыр. Эктаг (Ак-Тоо) деп аталган топоним кай жерде жайгашкындыгын азыркы тарыхчылар так айтыша элек. Айрымдары Эктаг Теңир-Тоодо жайгашкан десе, айрымдары Чүй өрөөнүнүн түштүгүндөгү Кыргыз кырка тоосун (Александр кырка тоосу), кай бирлери Таластын кайсыл бир тоосун, айрым казак окумуштуулары Түштүк Казахстандагы тоолордун бирин элестетишет. Грек жана кытай булактарында Эктаг тоосунда алтын кени мол болгон деген маалыматтарды эске алсак, анда Эктагды Таластын Ала-Тоосунун ортосунда жайгашкан Жерүй алтын кени, же Чүйдүн Кемин районунун түштүк аймагында Кыргыз кырка тоосунун койнундагы Талды-Булак алтын кени, же болбосо ички Теңир-Тоо койнундагы Кумбел, Солтон-Сары алтын кендери сыяктуу алдынга бай аймактардан издөө керек.

Эктагда Истемин каган элчилерди алтын, күмүш буюмдар менен кооздолгон түрдүү түстөгү жибек кездемеден тигилген жол чатырда кабыл алган. Чатырдын түрдүү жибек кездемелер менен кооздолушу, Истеминин эки чыгырыгы бар атайын күчтүү ат сүйрөп жүргөн алтын такта олтурушу, каган колдонгон алтын жалатылган кооз идиш-аяктар жана башка буюмдар Земархты жана анын жолдошторун өтө таң калтыргандыгын Земарх өзүнүн жол дептеринде, византиялык тарыхчы Менандр жазып калтырышкан. Эл аралык этикет менен Земарх Истемин каганга салам айтып, император Юстин жиберген белектерди тапшырган. Земарх баштаган элчилер ошол эле чатырда кечке сыйда болушуп, белгисиз бир ичимдик ичишкен. Бирок ал жүзүмдөн эмес экен деп жазышат булактар. (Мүмкүн ал кымыз же кымыздан тартылган арак болушу мүмкүн). Бир күн эс алган элчилерди эртеси өтө кооз жасалгаланган башка бир чатырда дагы эсин оодарганча сыйлагандан кийин үчүнчү күнү жыгачтан курулган бир үйгө алып барышып телеганын (эки кылдыректүү арабанын) үстүнө коюлган алтын-күмүш буюмдардан жасалган түрдүү белектерди көрсөтүшкөн. Алардын кооздугу жана жасалыш чеберчилиги Византиядагылардан кем калбагандыгын элчилер даана байкашкан.

Сыйлоо аяктаган соң Истеми каган Земархты жыйырмадай жолдоштору жана кызматчылары менен перстерге каршы жүрүшкө катышып кетүүсүн өтүнгөн. Калган римдиктер холиаттардын (хорездиктердин) өлкөсүна карай жол тартып, Земархты ошол жерден күтүп туруусун буйруган да белек-бечкектерден мол берип, узаткан. Земархтын өзүнө кыргыздардан чыккан бир сулуу кызды тартуулагандыгын Менандр маалымдаган. Орус тарыхчысы Н.М.Карамзин да ушул маалыматты келтирип, «Хан Земархка бир жаш кыргыз сулуусун белек кылды. Ал Дегин жазгандай черкес кызы эмес эле. Ошентип, кыргыздар 569-жылы жылнаамага жазылып, белгилүү болуп калышты” деп жазган. Немец окумуштуусу А.Гумбольт өзүнүн 1843-жылы жарык көргөн “Asie Centrale” деген эмгегинин 2-томунун 131-бетинде «Ménandre de Byzance, le premier parmi les ecrivains de ľoccident, fait mention ďune concubine de race Kirghize (Κερκις)» деп жазып калтыргандыгын азыркы тарыхчылар белгилешет.

Истеми каган перстерге каршы жүрүшүндө Земархты ала кетип, алар алгач Таласка токтошкон. Ал жерде Истемини Ирандын элчилери күтүп турушуптур. Истеми бул жерде перс элчилерин кабыл алып, бирок алардан жогорку ардактуу орунга римдиктерди олтургузууга жана өзгөчө ызаат көрсөтүүнү буйруган. Иран элчилерине орой мамиле кылып, натыйжада Иран элчиси менен айтыша кеткендигине Земарх күбө болгон.

Истеми каган Земарх менен Таласта эле коштошууну чечип, ага белек-бечкек тартуулап, ызаат менен мекенине узатат. Ага дагы бир элчилик тобун кошкон. Бул сапар түрк элчилигин Тагма аттуу түрк тарханы башкарган. Анын жардамчысы болуп, ошол мезгилде о дүйнө кеткен Маниахтын уулу жиберилген. Земарх жолдошторуна Хорезм жеринде кошулат да бир нече айдан кийин Каспий деңизинин түндүгү, Кавказ тоолору аркылуу Византияга кайтып келген.

Түрк-Византия мамилеси кийинки жылдарда дагы бекемделип, бир нече жолу элчиликтер алмашылган. Натыйжада Константинополдо ар кандай мезгилде келишкен түрктөр көбөйгөн. Маселен 576-жылы Валентин баштаган Византиялык элчиликтин курамында эле 106 түрк жоокери коштоп келгендиги маалым.

568-жылы Византия менен ийгиликтүү түзүлгөн келишим Истеми кагандын Иранга каршы ачык согушка киришин камсыз кылган. Истеми Земархты узатып коюп, Иранга чабуулду Кавказ аркылуу жүргүзүүнү чечет да алгач ошол эле жылы утургурлар менен хазарларды талкалайт. Хазарлар түрктөргө кошулуп кетишет. Бул алардын кийинки жылдары өнүгүп жана мамлекет катары бекемделип кетишине шарт түзгөн. Истеми ошентип, Иранга Дербент аркылуу түндүгүнөн басып кирген. Бекем чыңдалган сепилге ээ болуу кыйын болгон. Истеми Хосровдон алман талап кылган. Бирок Хосров 1 Ануширван макул болгон эмес. Экинчи фронт ачууну сунуштаган Истеми Византиядан жардам күткөн, бирок гректер чабуулду баштоону кечеңдеткендиктен түрктөр 569-жылы Согдуга кайра кайтып кетүүгө туура келген.

Иранга каршы согушту жеке жүргүзүү кыйынга тургандыктан жана көп жылдык жүрүштөрдөн чарчаган түрк жоокерлерин аяган Истеми каган 570-жылы Хосров I Ануширван менен тычтык келишимин түзүүнү чечкен. Келишим боюнча Түрк каганаты менен Ирандын чек арасы Аму-Дарыясынын агымы эсептелип, Иран түрктөргө ар жылы 40 миң алтын динар акча алман төлөп тура турган болушкан. Эң негизги ийгилик бул түрктөрдүн Улуу Жибек Жолунун негизги тармактарын өз колуна алгандыгы болучу.

Ошентип, Түрк кагандыгы менен Византиянын ортосунда саясий-экономикалык геосаясаттык өнөктөштүк Түрк кагандыгы Евразиялык маанидеги чоң империяга айланып, анын чөлкөмдөрү Дунай дарыясы менен чектелип, Улуу Жибек Жолун көзөмөлдөөнүн жемиши бүтүндөй Борбордук Азияда түрк насилинин (тилинин, дилинин) биротоло орношун камсыз кылган. Тагдыр чеччү бул окуя кыргыз жергесинде пландалып эл аралык деңгээлде ийгиликтүү чечилгендиктен, кыргыз элинин да бул окуяга салымы бар деп айтууга болот.

Бул континенталдык геосаясттык ийгиликтин дагы бир болочоктуу тарыхый мааниси VI кылымдан баштап Евразия мейкиндигинде Улуу Византиянын таасири улам төмөндөп, ал эми түрк элдеринин дүйнө цивилизациясындагы ролунун жогорулашына алып келген. Кийинки кылымдарда түзүлгөн Түрк мамлекеттери (Көк түрктөр каганаты, Төргөш, Карлук, Хазар, Булгар, Кыпчак, Карахандар жана башка мамлекеттик биримдиктер) улам жогорулап олтуруп, Анадолуга селджуктардын X-XI кк. жана осмон түрктөрүнүн XII-XIII кк. жайгашышына, Византиянын түрктөр тарабынан сиңирилип кетишине шарт түзгөн. Акыр аягында 1453-жылы Византиянын борбору Константинополь алынып, грек таасири биротоло орто кылымдар тарыхынан өчүрүлгөн. Бул тарыхый жараян түрктөрдүн дүйнөлүк аренага чыгуусун камсыз кылган Кыргызстандан башталган биринчи окуянын тарыхый эпилогу катары саналып калды.

751-жылкы Талас салгылашуусу - Кыргызстандын элдеринин, кыргыздардын тарыхый тагдырына багыт берген экинчи окуя

Экинчи тагдыр чеччү маанилүү окуя VIII кылымда болгон. Ал мезгилдеги Борбордук Азиянын тарыхый тагдырына карата “Чоң оюндун” негизги оюнчулары Евразиялык ири мамлекеттер Араб халифаты, Кытай империясы жана Улуу Талаадагы түрк кагандыктары болучу.

Араб халифатынын Орто Азиядагы саясий-экономикалык, өзгөчө диний таасиринин жылдан-жылга күч алып бара жатышы жана мусулман аскеринин ийгиликтүү чабуулдары Тан империясына (Кытай) геосаясаттык олуттуу коркунучту пайда кылган. Бай жана өнүккөн регион эсептелген Тураниянын кайсыл бир бөлүгүн ээлеп алуу - Тан императорлорунун мурунтан келе жаткан максаты эле. Бул максатты ишке ашырууга 552-жылдан баштап түзүлгөн күчтүү Түрк каганаты, андан кийинки Чыгыш жана Батыш түрк каганаттары, Экинчи Чыгыш-Түрк (көк түрк) каганаты, Жети-Суудагы Төргөш каганаты жол беришкен эмес.

VIII кылымдын ортосундагы Орто Азиядагы жана Жети-Суудагы эл аралык кырдаал, Төргөш кагандыгынын алсырап, карлук уруу бирикмеси менен атаандашып жатышы Тан империясынын алдына Түркстанга жортуул уюштурууга эң оңтойлуу кырдаал түзүп берген. Анын үстүнө Орто Азиянын басымдуу бөлүгүн ээлеген арабдар бул мезгилде Жети-Суунун чегине келип калган болучу. Бул кырдаалда Тан империясы, анын биринчи министри Ли-Линь-Фу корей элинин тукумунан чыккан Тань империясынын таланттуу генералы, Батыш аймактын (Западный край) башчысы (наместниги) Гао Сяньчжи баштаган чоң аскерди Жети-Сууга карай жортуулга аттандырган. Кытай армиясы көп тоскоолдуктарга учурабай 748-жылы Суябды талкалап, кийинки жылы Чачты (Ташкентти) ээлеген. Анын башкаруучусу Мохэду туткундалып, өлтүрүлгөн. Ал эми 751-жылы болсо Тан армиясынын айрым отряддары Талас өрөөнүнө чейин басып кирген. Кытай армиясы бул жерлерде шаарларды, кыштактарды тоноп, элге оор салык салуу менен бирге өздөрү менен кошо түрктөрдүн ак сөөк уругу жана падышалык улуу дөөлөтү аталган ашина түрктөрүнүн урпагы Ашина Сянды марионет каган катары ала келишкен эле.

Ал мезгилде арабдар Мавереннагрдагы көтөрүлүштөрдү негизинен талкалап бүткөн болучу. Ошондуктан, Араб Халифаты чыгыштан каптап келе жаткан Тан империясынын экспансиясына каршы турууну чечкен. Анын үстүнө Тараз (азыркы Шымкент) шаарында кытайлардын авангарды менен согушуп жаткан арабдардын азганакай отрядынын башчысы Саид ибн-Хумейд, ошондой эле Чачтын Тан аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн башчысынын уулу Хорасандын акими Абу Муслимден жардам сурап, расмий кайрылышкан болучу. Натыйжада Абу Муслим өзүнүн кол алдындагы йемен арабдарынан чыккан таланттуу аскер башчылардын бири, Зияд ибн-Салихтин башчылыгында ири кошуунду Таласка жиберген. Арабдардын армиясынын курамында ислам динине кирген Мавереннагрда, Чачта, айрыкча Ферганада турган түрктөрдүн башында Үтөмбек, Туранташ сыяктуу аскер башчылары бар чакан отряд да кошо келген

Бул кырдаал Гао Сяньчжини Таласка карай кайрадан аттанууга мажбур кылып, анын 100 миң солдаттан турган армиясы Суябдан Чүй өрөөнүнүн түздүктөрү аркылуу Таласка жөнөп кеткен. Кытай армиясынын курамында Тан империясына вассал болуп эсептелген түрк отряддары, кучалыктар, кашкарлыктар жана азыраак ферганалыктар да болгон. Алардын саны 30 миңдей болгон делинет булактарда.

Ошентип, 751-жылдын июль айында Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанында эки зор армиянын тарыхый салгылашуусу болуп өткөн. Булактарда Талас суусунун эки жээгинде эки цивилизациянын кызыкчылыгын көздөгөн эки зор армия бири-бирине даай алышпай 4 күн турушкан делет. Салгылашуунун тагдырын бешинчи күнү кытайлардын тылынан капыстан сокку урган карлуктар чечти. Жети-Суунун түндүк чектеринде жашап жаткан карлук урууларынын башчысы Жабгу кытай баскынчыларына каршы күрөштөрдө азырынча алсыз болуп, ошондуктан карлуктар арабдарга жардам берүүгө кам уруп жатышкан эле. Карлуктар кытайлардын тылында Талас салгылашуусунун башталышына чейин эле жашыруун чоң кошуун топтоп коюшкан болучу.

Кытай аскеринин тылынан сокку урууда чигилдерден чыккан Ябгу өзү баштап согушка кирген. Капыстан урулган соккудан кытай армиясы солк этип, бирок кытай кол башчылары баш командачы генерал Гао Сяньчжи, экинчи генерал Чжан Лао башаламан түшүп кача баштаган солдаттарды карлуктарга каршы кайрадан катарга тургуза алды. Бирок, ошол мезгилде Талас суусунан араб аскерлери өтө баштап, кытайлардын фронт жагынан чабуулга кирди. Гао Сяньчжи өзү да кармашка аралашууга мажбур болгон. Арабдардын ири аскер башчыларынын бири ибн-Саббахты, арабдар тарабында согушкан Туранташты өлтүрүүгө жетишкени менен кытай аскерлеринин тагдыры чечилип калган болучу.

Натыйжада Тан империясынын армиясынын таш-талканы чыгып, алардан 50 миң жоокер каза таап, 20 миңи колго түшкөн. Гао Сяньчжи бир аз гана отряды менен качып кетүүгө үлгүргөн. Кытай армиясынын ири генералдарынын бири Чжан Лао туткунга түшүп, төргөштөрдүн баатыры Байташ Тегин курман болгон. Тарыхый маалыматтарга караганда чачыла качкан кытай жоокерлеринин азыраак гана бөлүгү Ысык-Көл ойдуңунан ары өтүп, Кучага (Аньси) жете алган, көбү тоо-таштын арасында өлгөн делет. Кыргыз элиндеги “кытай, кытай кырылгыр, кырк дөбөгө жыйылгыр” деген тарыхый макал мүмкүн ошол окуяны чагылдырып тургандыр.

751-жылы болгон Талас салгылашуусунун тарыхый мааниси зор. Анткени, анын натыйжалары Борбордук Азияда жашаган түрк элдеринин кийинки кылымдардагы тагдырында этно-маданий өнүгүүнүн багыттарын биротоло аныктап, ислам цивилизациясынын нугуна бура алган. Талас салгылашуусунун тарыхый маанисин бир нече белгилерге бөлсө болот.

Биринчиден, салгылашуунун жыйынтыгы Тан (Кытай) империясынын Кыргызстандын аймактарына болгон саясий экспансиясын жана “Күн чыгыш” өлкөсүнүн Борбор-Азиянын ички иштерине кийлигишүүсүн миң жылга чейин токтоткон.

Экинчиден, Араб Халифатынын да аскерий жортуулдары токтоп, ушул окуядан кийинки жылдары түрк элдерин ислам динине киргизүү жараяны негизинен тынчтык-миссионердик жолго багыт алган. Кыргыз элинин “мусулманчылыкты тажиктер менен сарттар (өзбектер) кылычтын мизи менен, ал эми кыргыздар өз макулдугу менен алган” деген ылакап сөздүн кайсыл бир деңгээлде чындыгы бар экендигин кийинки кылымдардагы окуялар ырастап турат.

Үчүнчүдөн, бул окуя бүтүндөй Орто Азия элдеринин кийинки тагдырына Ислам цивилизациясынын андан ары өнүгүшүнө жол ачып берген. Мындан кийин 120-130 жыл мурун калыптана баштаган араб цивилизациясынын өнүгүшү саясий-согуштук мүнөздөн социалдык-маданий жана руханий багытка трансформациялана баштаган. Чынында эле Хорасанды, Мавереннагрды, Фергананы жана Чачты каратуу негизинен араб жоокерлери тарабынан шаарларды, айыл-кыштактарды талап-тоноо, жергиликтүү тургундарды кулдукка алуу, каратылган аймактарга чоң суммадагы алык-салыктарды салуу, административдик-аскерий түзүмдөрдү уюштуруу менен коштолсо, эми Кыргызстандын жана Казахстандын аймактары Араб халифатына административдик бирдик катары кирбестен, ислам динине өтүүчү субьект катары гана эсептелип калган. Ошону менен бирге араб цивилизациясынын руханий баалуулуктары жаңы кыртышка сиңип, андан ары өнүгүүгө багыт алган.

Ошентип, VI-VIII кылымдардагы Евразия континентинин тарыхына улуу бурулуш жасаган эки зор окуя Улуу Талаанын чордону болгон так ушул Кыргызстандын аймагында болуп өткөн. Геосаясаттык бул окуяларды ар тараптуу изилдөө түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын дүйнө тарыхындагы ордун жана ролун тастыктоого зор салым кошо алат.

Жыйынтыктап айтканда, Улуу Көчтүн ири өкүлдөрүнүн бири сельджук жана осмон түрк насилдери Кичи Азияны ээлеп, европалыктардын “крестүүлөр жортуулун” токтоткон. Анатолияда бабабыз Өгүз кагандын улуу рухун орнотуп, Осмон дөөлөтүн түптөгөн. Алардын улуу жолу так ушул Теңир-Тоодон, Кыргыз-Ата мекенинен башталган. Ала-Тоо “ата мекенинин” улуу руху баатырларына дем берип, натыйжада Анадолу жеринде “эне мекенди (анэ-ватан)” калыптандырган. Азыркы Түркия жумурияты - Чыгыштын, Теңир Тоонун урпагы, насили.

Азыркы Түркия Чыгыш менен Батыштын көпүрөсү сымал Евразия континентинин чок ортосунан, жүрөгүнөн орун алып, Байыркы менен Азыркынын, Чыгыш менен Батыштын, Кыргыз менен Көк түрктөрдүн тарыхый байланышын чагылдырып турат. Ошону менен бирге ал Улуу инсаныбыз Тургут Озал “XXI кылым түрк элдеринин кылымы” деп белгилегендей азыркы Түркия келечектин символу, түрк элдеринин биримдигин туткасы.

Кыргыз эли эки миң жылдан ашык мезгилде элдигин жоготпой тарыхтын татаал өнүгүүсүндө башка түрк элдери, анын ичинде азыркы Түркия түрктөрү менен кол кармаша XXI кылымдын сересине, азыркы цивилизациялык өнүгүүгө кирип келди. Бул жараянда кыргыздарды түрк элдеринин бузулбас бир туугандыгы, дили, тили жана дини сактап келген. Кыргыз эли келечектеги Улуу Көчтүн төртүнчү толкунунун активдүү дагы бир мүчөсү катары дүйнө тарыхына салым кошо бермекчи.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2013
Түрктөрдүн тарыхый тагдырына бурулуш киргизген Кыргызстандагы эки окуя (VI-VIII кк.)
35471

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×