Добавить статью
9:25, 10 мая 2013 148899

Кыргыз элинин келип чыгышы XVIII –XIX кылымдардагы орус тарыхнаамасында

Кыргыз элинин келип чыгышы - кыргыз тарыхнаамасындагы татаал маселелердин бири. Аталган маселеге арналып көлөмдүү илимий эмгектер жазылып, ири конференциялар өткөрүлгөнүнө карабастан бүгүнкү күнгө чейин түрлүү көз караштар тарыхнаамада жашап келүүдө. Элдин тарыхы канчалык узак болгон сайын ар кандай илимий концепциялардын, гипотезалардын жаралашы, өкүм сүрүшү илимдеги законченемдүү көрүнүш сыктуу.

Революцияга чейиин орус тарыхнаамасында кыргыздар жөнүндөгү тарыхый-географиялык, тарыхый-этнографиялык, кыргыздардын жаралышы туурасындагы маалыматтар XVIIIк. экинчи жарымынан тарта орус тарыхнаамасынын айрым өкүлдөрүнүн эмгектеринде чагылдырыла баштаган. Кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды топтоого болгон муктаждык Россия империясынын чыгышка карата жасаган саясатынын күчөшүнө байланыштуу болгон. Орто Азия аймагын келечектеги колониалдык обьект катары караган Россия империясы, оболу бул аймакта жашаган элдердин тарыхын, саясий-экономикалык абалын билүүгө кызыккан. “Илимий-экспедициялык” деп аталып Орус географиялык коому тарабынан уюштурулган саякаттардын түпкү максаты алдын ала чалгындоо, маалымат топтоо максатты коздошкон.

Енисей, Тянь-Шань аймагында жашаган кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар алгачкы ирет илимий экспедициялардын, Батыш Сибирь генерал-губернаторлугунда кызмат өтөгөн аскер адамдар, саякатчылар тарабынан чогултула баштаган. Енисей кыргыздары жөнүндө Сибирь элдерин изилдөөгө байланыштуу жасалган экспедициялар учурунда белгилүү боло баштаса, Тянь-Шандык кыргыздар жөнүндө соодагер адамдар, сурап-билүү ыкмалары аркылуу маалымат топтоло баштаган. Анткени, Казахстандын Россия империясына каратылышы менен Россия менен болгон соода-мамилелер арбып, жекече каттамдар көбөйүп, маалымат топтоого ынгайлуу шарттар түзүлгөн.

Кыргыздардын келип чыгышы туурасындагы алгачкы пикирлер Г.Миллер, И.Э.Фишерге таандык.Түштүк Сибирге жасаган экспедиция учурунда топтолгон материалдарга таянып Г.Миллер “кыргыздар XVIIIк. башында Енисейден калмактар тарапка көчүшүп, ал жакта “бурут” деген ат менен белгилүү боло баштаган” - деп жазган. Демек,автор кыргыздардын Енисейден Тянь-Шан тарапка көчүүсү XVIII к. башталган деген пикирде болгон.Г.Миллерге удаалаш И.Фишер “бурут” деген атты эскерип, “казак ордосу жана Сырта дарыясынын жогорку аймагында жашаганалардын коңшусубуруттар өздөрүн кыргыздар деп аташат” - деп жазат.

Түрк элдери боюнча эмгек жазган авторлордун бири Абулгази Мухаммед-Бахадур хан да Енисей кыргыздары тууралуу жазган. Автор кыргыздардын келип чыгышын Огуз-хандын Кыргыз аттуу баласы менен байланыштырып, кыргыздар жашаган аймак Икар жана Икар-Муран дарыялары болгон деп белгилейт. Болжолу Икар-Муран - азыркы Ангар дарыясы болсо керек. Ошол эле убакта Абулгази кыргыздардын жайыты Кемь жана Кемчук дарыялары болгонун эскерет.

Абулгазинин пикирине каршы болгондордун бири 1804-1811-жж. Сибирь, Кавказ аймактарына саякат жасаган немецтик чыгыш таанучу Г.К.Клапрот болгон. Автор биринчиден, Икар-Муранды - Уйгур-Муран деп атаса, экинчиден, Уйгур-Муран же болбосо, Уйгур дарыясы чынында Енисей дарыясынын өзү деп эсептеген. Анын пикири боюнча Енисейдин жогорку куймасы Кем деп аталган. “Түштүк-батыш тарап жакта Олу (Обь) дарыясы, ал эми түндүк-чыгыш тарапта Юсу дарыясы агып, ал Обь дарыясына куйган, бул аймак орустар келгенге чейин кыргыздардын жайыттары болгон” - деп белгилейт. Жогорудагы автор келтирген фактылар кытай булактары менен тастыкталган. Кытай булактарында Обь менен Енисейдин ортосунда жашаган кыргыздар XVIII к. башында Чыгыш Түркстанга көчүп келишкендиги эскерилет.

Енисейлик, тянь-шандык кыргыздар туурасындагы тарыхый-географиялык маалымат 1768-ж. Сибирь тарапка саякат жасаган И.Г.Георгинин эмгегинде сүрөттөлгөн. Ал: ”Чоң ордо буруттар менен достук мамиледе, аларды бир эл деп кароого болот, болгондо да теги бир, алардан орто жана кичи ордо келип чыккан” - деп жазган. Тексттен көрүнүп тургандай, автор кыргыздар менен казактарды бир эл катары караган. Автор тянь-шандык кыргыздар туурасында да маалымат топтоого жетишип, калмактар кыргыздарды багындырууга аракет жасашкан, бирок алардын баатырдыгы, бийик тоолордо жашагандыгы алардын көз карандысыздыгын сактап калгандыгын белгилеген. Автордун пикиринде бул кыргыздар «Ташкент тарапта, Сырттын жогорку жагында, Түркстанга жакын көчүп жүрүшөт. … алар 30000 жакын атчандарды куралдандырууга чамасы жетет...”. И.Г.Георги кыргыздар Енесей тараптан көчүп келишкен, деген пикирди колдоо менен бул процесс XVII –XVIII кк. аралыгында жүргөн деп эсептеген..

Тянь-Шандык кыргыздар туурасындагы алгачкы тарыхый-географиялык, тарыхый-этнографиялык материалдар Ф.Беневени, И.Унковский, Ф.Е.Ефремов, И.Г.Андреевдин сапар күндөлүктөрү, эскерүүлүрү аркылуу белгилүү боло баштаган. Бирок, аталган авторлор кыргыз элинин теги туурасындагы маселеге түздөн-түз кайрылышкан эмес.1813-1814-жж. Петропавловскийден Кокон аймагына саякат жасап келген Ф.М.Назаров Кокон хандыгы түштүк аймакта “кара кыргыздар менен чектешет”, - деп эскерип кеткен. “Анжыян, Кашкар менен чектешип, айланасын көптөгөн кыштактар курчап, түрлүү жер-жемиштерге толгон; тоолордун ары жагында жашаган кара кыргыздар менен соода кылышат, алардан малдардын көп түрлөрүн сатып алышат”, - деп жазган. Демек, автор XVIII к. башында кыргыздар Анжыян менен Кашкардын ортосунда жашаганын белгилеп жатат.

Кыргыздардын этностук тарыхына салым кошкондордун бири А.И.Левшин болгон. 1820-1822-жж. Оренбург крайында дипломатиялык кызматта жүрүп кыргыздар, казактар туурасында ири материалдарды топтой алган.

А.И.Левшиндин көз карашы боюнча. XVII к. аралыгындагы Сибирь жылнаамаларда кыргыздар эскерилет. Ал мезгилде кыргыздар Том менен Енисейдин ортосунда, ... Абакан жана Саян тоо кыркаларынын жашап, жүз жылга жакын коңшулаш орус кыштактарын, монголдук Алтын ханды, кээде Жунгар ээликтерине тынчтык бербей, талап-тоноп турушкан” . Кыргыздардын Енисейден Фергана өрөөнүнө көчүп келишин Жунгардын ханы Хунтайши менен байланыштырат. Россия мамлекетинин макулдугу менен Хунтайши Анжыян менен Кашкардын ортосундагы аймака көчүүгө мажбур кылган.

Белгилей кетчү нерсе, А.И.Левшиндин XVII-XVIIIкк. кыргыздар Андижан менен Кашгардын аймагында жашап турушкан деген пикири, XIXк.айрым орус тарыхнаамасынын өкүлдөрү тарабынан колдоого алынган. А.И.Левшин аягында төмөнкүдөй жыйынтыка келген “ бардык айткандардан төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот: буруттар V-VI кк. азыркы жашап турган жеринде эле жашашкан (“Сибирь аймагында” деп жатат автор). Алар Сибирь тараптан куулгандан кийин гана буруттар менен аралашкан”, - дейт. Анын пикиринде кыргыздар жана буруттар эки башка эл болушкан. Алгачкы мезгилде кыргыздар Түштүк Сибирь аймагында жашашса, буруттар болсо Чыгыш Түркстандын аймагында жашаган, XVIII к. аралыгында гана эки эл өз ара ассимиляцияланышкан деген бүтүмгө келген. Чындыгында, А.И.Левшиндин бул пикири тарых илиминде колдоо тапкан жок.

Кыргыз элинин теги маселесине кайрылгандардын бири катары белгилүү синолог И.Я.Бичуринди атоого болот. Автор XVII- XVIII кк. енисейлик кыргыздар Тянь-Шанга көчүп келишкен деген пикирге каршы турган. Анын пикиринде тянь-шандык кыргыздар “мурунтан баштап эле Хотан тоолорунун түштүк бөлүктөрүндө, Тибеттин түндүк жака-белдеринде жашап, IVк баштап кытайча: болу, буллу, болюй деген аталышта азыркы аймагында белгилүү болушкан. Ал болу, жэ буллу деген аттар кыргыздардын байыркы эле кытайлыктар тарабынан берген аты болгон деп белгилеген. Демек, И.Бичуринди кыргыздарды жергиликтүү эл деген пикирди сунуштагандардын бири катары кароого болот.

Кыргыз элинин келип чыгышы туурасындагы маселеге ири салым кошкондордун бири казак окумуштуусу Ч.Ч.Валиханов болгон. Автор “Записки о киргизах”, “Очерки Джунгарии” аттуу эмгектеринде Кыргызстандын түндүк аймагында болгон учурда, өзүнүн жеке сурамжылоосу, жана жазуу булактарына таянуу менен кыргыздардын жаралышы жөнүндөгү маселеге кеңири токтолуп кеткен.

Ч.Валихановдун “Записки о киргизах” деген эмгегинде белгилегендей, XIXк. ортосунда кыргыздар Орто Азиянын чоң аймагын ээлеп турушкан. Кыргыз уруулары Ысык-Көлдөн Гиссарга жана Бадакшанга, Сузактан Аксууга жана Үч-Турфанга чейинки аймактарда таралган деп белгилеген. Ч.Ч.Валиханов кыргыз элинин теги боюнча жазышкан Абулгази, И.Е.Фишер, Г. Клапроттун кыргыздар XVII кылымда Енисейден Тянь-Шанга көчүп келишкен деген пикирлерин колдогон эмес. “Кыргыздар өздөрү бурут деген атты билишпейт, качан кайдан көчүп келишкендерин да билишпейт, алар Андижан тоолорунун аймагында эзелтен бери эле жашап келишкен”, - деп жазган. Ч.Валиханов кыргыздар автохтондуу эл болгон деген теорияны баштагандардын бири болгон, анын пикири айрым окумуштуулардын арасында колдоо тапканы белгилүү.

Ал эми озүнүн“Очерки Джунгарии” аттуу көлөмдүү эмгегинде кыргыздардын келип чыгышы туурасындагы ойлорун толуктап, Валиханов мындай деген жыйынтыкка келген: а) кара кыргыз деген ат менен белгилүү болгон эл өздөрүн жөн эле кыргыз деп аташат. Калмактар же кытайлыктар тарабынан берилген “бурут” деген ат аларга таптакыр белгисиз. б) кыргыздар өздөрүн түпкү мекенин Анжыян деп эсептейт; в) Түштүк Сибирден көчүп келгендиги туурасындагы маалыматтар сакталып калышкан эмес, бирок алардын түндүккө чейинки көчүүсү Иртыш, Алтай жана Хангайга, чыгышта болсо Үрүмчүгө чейин созулган.

Албетте, автор Енисейлик хакастар менен кыргыздар теги жагынан окшош экендигин белгилеген. Ошол эле мезгилде Ч.Валиханов кыргыздардын элдик санжырасына таянып, кыргыздар Тянь-Шандан Алтайга чейин, ал жактан артка карай көчүп жүрүп турушкандыгын танган эмес. Анын көз карашында, көчүп-конуу процесси Тянь-Шань менен Алтайдын ортосунда күчтүү Жунгар мамлекети түзүлгөндө гана токтогон. Мындай көз карашты айтуу менен, автор орус тарыхнаамасында калыптана баштаган “кыргыздардын Енисейден көчүп келиши XVIII к. орус мамлекетинин макулдугу менен калмактар тарабынан ишке ашырылган” - деген пикирге каршы турган.

“Тарихи Рашиды”чыгармасындагы “кыргыздар XV к. аягында Анжыян тоолорунун жака-белдеринде көчүп жүрүшкөн, ал эми 1520-жылдары (чыгарманын автору жашаган мезгилде) кыргыздардын көчүүсү Ысык-Көлгө чейин тараган” - деген маалыматы Ч.Валихановдун жогорудагы пикирге каршы туруусуна негиз болгон. Ч.Валихановдун кыргыз элинин келип чыгышы жөнүндөгү көз караштарын жалпыласак: анда кыргыздар байыркы мезгилден баштап эле Анжыян, Ысык-Көл аймактарында жашап турушкан, жайында болсо, Үрүмчү, Алтай жана Хангай аймактарына чейин көчүп барып-келип турушкан деген тыянакка келүүгө болот.

Кыргыз элинин келип чыгыш тарыхына кайрылгандардын бири 1858-ж. Кыргызстанга келген орус саякатчысы, географ М.Венюков болгон. Ал кыргыздардын этностук курамы, саны, жашаган аймагы туурасында жазып келип, кыргыздар Енисейден Тянь-Шанга көчүп келишкен деген пикирди колдогон. Ал минтип жазган: “XVII кылымдарда эле орустар менен күрөшүп жаткан кыргыздардын бир бөлүгү Енисей аймагынан Тянь-Шань тоолоруна келишкен”. Ошол эле учурда Ч.Ч.Валихановдун оюна кошулуп, “ кыргыздар Ысык-Көл тоолорунда көчүп жүрүшкөн, казактардан айырмаланып өздөрүн тек гана кыргыз деп аташкан”, - деп белгилеген.

Автор өзүнүн Тянь-Шань, Чыгыш Түркстан, Ысык-Көлдүн тарыхый-географиялык жагдайын изилдеген башка дагы бир эмгегинде, бул аймакта жашаган кыргыздардын жалпы санын көрсөтүүгө аракет жасаган. Алсак, автордун эсептөөсү боюнча, Токмок, Ысык-Көл уезддеринде 140000 жан, ал эми Якуббектин карамагындагы Кашкар аймагында болжол менен 850000 кыргыздар жашаган. Кыргыздар автохтондүү эл экендигин белгилөө менен автор “ кыргыздардын келип чыгышы Анжыян тоолорунун айланасында көчүп жүргөнүн белгилөө менен катар, алардын айрым бир бөлүктөрү XVIII кылымдарда Енисей тарапка, Красноярский крайына чейин көчүп барышып турушкан” - деп ,Ч.Ч.Валихановдун оюн толук колдогон.

Кыргыз элинин келип чыгышына арналган изилдөөлөр академик В.В.Радловдун калемине таандык. Ал 1860-1870-жж. Орто Азия, Казахстан, Сибирь аймактарына саякат жасап кыргыздарга тиешелүү кызыктуу материалдарды топтой алган. В.Радловдун пикири боюнча X к. Енисейлик кыргыздар түндүк жакка карай жылышкан, калгандары батыш тарапка карай көчүшүп Тянь-Шань тоолоруна чейин келишкен. Мына ушул кыргыздардан азыркы каракыргыздар таркашкан.

Кыргыз элинин байыркы, орто кылымдардагы тарыхын,этнографиясын изилдөөгө ири салым кошкондордун бири, чыгыштаанучу, этнограф Н.А.Аристов болуп саналат. Этнографиялык материалдардын негизинде, ал енисейлик, тянь-шандык кыргыздардын келип чыгышы жөнүндөгү маселеге кайрылган.

Автор кыргыздардын келип чыгышын байыркы усун уруулары менен байланыштырган. “Менин пикиримде, - деп жазат автор, - кыргыздар – бул усундар, усундардын элдик аты кыргыз болгон. Усун деген ат аймактын, жэ болбосо кыргыз урууларынын саясий бирикмесин түшүндүргөн саясий термин, б.з.ч. III к. Енисейде жашаган кыргыздардан бөлүнүп, Тан кырка тоолорунун түштүк аймагына көчүшүп, ал кырка тоолор менен чыгыш Тянь-Шандын ортосундагы аймакты ээлеп турушкан, кийин б.з.ч.II к батыш Тянь-Шань тарапка карай жылышкан”. Айтылган пикирлерин жыйынтыктап келип,Н.А.Аристов:“усундар, енисейлик, тянь-шандык кыргыздардын жалпы теги бир. Усун кыргыздары енисейлик кыргыздардын бир бөлүгү. Енисейлик кыргыздар алгачкы ирет Монголия, Жунгарияга, андан соң Тянь-Шанга көчүп келишкен”, - деп жазган. Н.А.Аристовдун “Опыт выяснения этнического состава киргиз-кайсаков большой орды и каракиргизов на основании родословных сказаний и сведений о существующих родовых делениях и родовых тамгах, а также исторических данных и начинающихся антропологических исследований” аттуу эмгегинде болсо, элдик санжырага таянып кыргыздардын этностук тарыхына байланышкан: кыргыздардын уруулук курамы, бөлүнүшү, саны, алардын келип чыгышы, уруулардын тамгалары, енисейлик жана тянь-шандык кыргыздардын келип чыгышынын генеологиясын изилдеген. Н.А.Аристовдун кошкон салымдарынын бири - кыргыз урууларынын тамгалары, уруу аттарынын башка элдер менен, өзгөчө казактар менен генетикалык байланыштарын изилдөөгө байланыштуу. Белгилей кетчү нерсе, өз убагында В.В.Бартольд Н.А.Аристовдун бул пикирин,анын көз карашы “бекем аргуметтерге негизделген эмес”, - деп сындаган. Ошол эле учурда “байыркы усундардын ата-теги кыргыздар менен байланышы бар экендигин таптакыр эле танууга болбойт” - деп билдирген В.Бартольд

Кыргыз элинин жаралышы маселесине академик В.В.Бартольд да кайрылган. Ал орто кылымдардагы тарыхый булактарга таянып, “енисейлик кыргыздар X к. Тянь-Шанга Кулжа аймагы аркылуу өтүп келишкен” десе, кийинчерээк автор, алар батыш тарапка XII к. каракытайлар, XIII к. монголдор менен көчүп келишкен”, - деп жыйынтыктаган.

Ал эми 1925-1927-жж. жарык көргөн эмгегинде В.В.Бартольд X к. енисейлик кыргыздар Тянь-Шань тарапка жай көчүп жүрө баштап, Кытай Түркстаны тараптагы Аксуу шаарын ээлешип, Жети-Суу аймагындагы тогуз-огуз жана карлуктардын кошунасы болуп калган, андан ары Кашгар аймагына чейин кирип келген. Бирок, кыргыздардын негизги жайлаган жери XVIII к. чейин Миң-Суу котловинасы болуп кала берген, анткени кыргыздар көчмөнчүлүк менен катар жер да иштетишкендиктен түшүмдүү жерлеринен ажырагысы келишкен эмес. Демек, В.В.Бартольд енисейлик кыргыздар Тянь-Шанга IX-X кк. көчүп келишкен, - деген бүтүмгө келген.

Жыйынтыктап айтканда,XVIII- XIX кк. орус тарыхнаамасында кыргыз элинин келип чыгыш маселеси Борбордук Азия, Орто Азия жана Чыгыш Түркстанга Россия империясы тарабынан жиберилген жана орус тарыхнаамасынын өкүлдөрү болгон орус саякатчылары, чыгыштаанучулар тарабынан чагылдырылган.

Орус тарыхнаамасынын өкүлдөрү тарабынан кыргыздардын жашоо аймагы, уруулук курамы, жалпы саны, Енисейлик жана Тянь-Шандык кыргыздардын ортосундагы жана башка түрк элдери менен болго мамилелер изилденген.

Г.Ф.Миллер, И.Е.Фишер, И.Г.Георги, К.Риттер, А.И.Левшин, Г.Клапротдун ж.б. эмгектеринде кыргыздар туурасында ар кыл маалыматтар изилденип, алар жалпысынан Енисейлик кыргыздар Тянь-Шанга XVII –XVIII кк. чегинде көчүп келишкен деген пикирди колдошкон.

Карама-каршы көз караштарды сунуштагандардын бири И.Бичурин болгон. Анын пикири боюнча, кыргыздар “бурут” деген ат менен Чыгыш Түрстандын аймагында жашап турган жана кыргыздар жергиликтүү эл болгон. Бул сыяктуу көз караштагы авторлордун катарына Ч.Валиханов, Е.Тимковский, М.Венюковдорду кошууга болот.

В.Радлов, В.Бартольд,ж.б. енисейлик кыргыздар менен тянь-шандык кыргыздардын ортосундагы өз ара мамилелерди изилдешип, Енисейден Тянь-Шанга көчүп келүүорто кылымдарда эле башталгандыгын белгилешкен. Демек, революцияга чейинки доордо эле кыргыз элинин жаралышы боюнча бирдей пикирлер болбогондугу көрүнүп турат.

XVIII-XIX кк. орус тарыхнаамасынын өкүлдөрү тарабынан козголгон маселе советтик, постсоветтик тарыхнаамада да кызуу тартыштарды жаратты, азыр да жаратып келүүдө. Ошондуктан, революцияга чейинки, советтик, постсоветтик окумуштуулардын көз караштарын салыштырып иликтеп, тарыхнаамалыкжактан анализ жасоо – учурдагы зарыл маселелердин бири деп ойлойбуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×