Добавить статью
10:21, 11 июля 2013 39131

Олуттуу тарыхчыга, омоктуу каяша

Акыркы мезгилде, менде, мурда журналист, «Азаттык» радиосунун кабарчысы катары сыйлап жүргөн Тынчтыкбек Чоротегиндин тарыхчы катары байма-бай жазып жаткан макалалары, берген маектери кээде абдан өкүнүчтүү, эки ача ойду калтырып, аны окуган окурмандар, айрыкча жаштар кандай ойдо калаарын ойлоп кабатырлануу көбөйдү. Мындай пикир менде эле болбосо керек. Анткенибиз, өзүн эл аралык тарыхчылар коомунун президенти катары тааныштырып жүргөн тарыхчы сөрөйдүн жазган материалдары кыжырды келтирүүдө. Болгондо да жанагы 5 млн сомго каржылаган жаңы кыргыз тарыхын жазуучу авторлордун бири, кылым карыткан тарыхыбызды жаңыдан жазууга аракет кылган адам катары, тарыхыбыздын тактыгына күйгөн болуп жан талашканы, а бирок кылган иши менен айткан сөзү дал келбей теңирден тескери болуп жатканы өкүнүчтүү.

Мен тарыхчы болбосом да Ата мекен тарыхын сүйгөн, өз билимимди ар тараптуу адабияттар менен толуктоого аракет кылган, ошондой эле өлкөбүздүн көп тарыхчылары менен жакындан тааныш адам катары төмөнкүлөрдү айткым келет.

Биричиси, жакында «АКИпресс» беттерине чыккан «Люди Кыргызстана. Личная история» - деген долбоордо берген маалыматында бир топ тарыхый чындыкка дал келбеген жактары, а кээ бир жерлерде кашкайган тарых чындыгын ачык эле бурмалоого аракет кылганы баамдалып турат. Мисалы, «…В 19-м веке было сражение между китайскими войсками и кыргызами, которых возглавлял Атантай Тайлак баатыр. Кыргызы тогда смогли победить китайских захватчиков».

Мен атайын азыркы Кыргызстан тарыхы боюнча жаңы окуу китептерин бир сыйра карап чыктым. Бир да автор нарындык кыргыздардын Кытай армиясы менен согушуп, аларды жеңип алганы жазылбаптыр. Демек бул тарыхый чындыкка туура келбейт. Тарыхый чындыкта Тайлак баатыр, Атантайлар Кокон хандыгынын Куртка чебиндеги бир ууч аскери менен урушуп, убактылуу жеңишке жетишкени, көп өтпөй дал ошол кокондуктар тарабынан мерт болгондугун эмнеге жазбады экен деп таң калдык.

Экинчиси, жогоруда аталган долбоордо 1916-жылдагы кыргыз элинин каны төгүлгөн улуттук боштондук үчүн көтөрүлүш жөнүндө Т. Чоротегин мындай пикирди айтат «…Мы не хотим, чтобы наш учебник стал оружием только сверхнационалистической части, но и не должны закрывать глаза на то, что были погромы, особенно в Прииссыккулье и некоторых частях Чуйской долины. Было очень много убитых, но это не означает, что это был геноцид против целой нации».

Ой айланайын, кыргыздар, урматтуу тарыхчылар силердин коллегаңар тарых илиминин доктору, профессоруңар Т.Чортегиндин бул кандай көз боемочулугу? Анын ою боюнча көтөрүлүш эмес, талоончулуктар, талкалоолор болгону Ыссык-Көл менен Чүйдүн кээ бир аймактарында эле болуп калыптыр да. Калган аймактар эмне эриккенден от менен ойношуптурбу? Мунун оюна койсоң 1916-жылы кыргыздарда улуттук боштондук үчүн көтөрүлүш болбой эле бир аз тополоң болуп калып жатпайбы. Ушундай «жалган партриот» турганда бизге башка душмандар керекпи? Т.Чоротегиндин ушундай теңирден тескери кеткен пикири биздин улуттук кызыкчылыгыбызга, ар-намысыбызга, жаңы жазылып жаткан тарыхыбызга туура келеби? Тээ 20-30-жылдары ошол апаатты башынан өткөргөн, өз эли, жери, мамлекети үчүн жанын берген кадимки Ж. Абдрахманов, Б. Исакеев, Т. Рыскуловдор ошол апаатты улуттук геноцид катары баалап, 1916-ж. 700.000 жакын кыргыз элинин 250.000 ашыгы кырылганын, дагы көпчүлүгү Кытайда калып жок болушканын айтпады беле (караңыз Абдрахманов, Ю. 1916. Дневники. Письма к Сталину.–Бишкек,1991, /ркүн.–Бишкек, 1996, Абдрахманов Ю. Избранные труды. –Бишкек, 2001).

Кечээ эле жарык дүйнөгө келип, андан берегирээкте докторлугун жактап, өзүн эл тагдырын чечкен чыгаан тарыхчысы болуп көрсөткүсү келген тарыхчы сөрөй Т.Чоротегиндин жогорудагыдай теңирден тескери пикирине эмне дейбиз? Кантип 1916-жылы кыргыздарга карата улуттук геноцид болгон эмес деп айта алабыз? Аны жаңы кыргыз тарыхынан окуган келечек муундар кандай пикирде калат. Аталган ой жаңы кыргыз тарыхына кирсе ошол курман болгондордун каны кечиреби Т.Чоротегинди, ага жол берген азыркы кыргыз интеллигенциясын тынч уктатат бекен? Абдан терең ойлонуу керек?

Баса абройлуу, кара кылды как жарган калыс тарыхчы болуп көрүнгүсү келген Т. Чоротегин ошол 1916-ж. көтөрүлүштө кыргыздардын улуттук боштондук үчүн көтөрүлүшүн басуудагы Орус империясынын карателдик отряддарына өзгөчө кылган кызматы, жол көрсөткүчтүгү, мыкты котормочулугу үчүн орус прадышасынан атайын согуштук орден алган Абдыкерим Сыдыков жөнүндө эмне чындыкты жазбайт? Аны кантип элден жашырат? Же кол ийрисине тартып кеттиби?

Үчүнчүсү, улуу Ата Мекендик согушка кыргыз элинин, Кыргызстандык тайманбас баатыр жоокерлердин кошкон салымы, жасаган эрдиктери зор экендиги талашсыз. Жаңы нуктагы тарых жазууга бел байлаган Т.Чоротегин атактуу панфилов дивизиясынын 28 баатырынын, анын ичиндеги кыргыз жоокери Дүйшөнкул Шопоковдун эрдиктерин жөнүндө «…мы должны определить их истинные истории и настоящие подвиги» - дейт. Ыя айланайын, кыргызым, бул эмне деген жорук? Т.Чоротегин тактай турган ал эрдиктин, каармандыктын дагы эмнеси калды? Деги биз кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы тарыхын жазууну кимге ишенип берип жатабыз?

Төртүнчүсү, ошол эле Ата Мекендик согушта кандай гана себеп болбосун душманга туткунга түшүп, кыйынчылыкка чыдабай, өз жон терисин ойлонуп, өз кызыкчылыгын Ата Мекенден, элинен, жеринен жогору койуп, душманга моюн сунуп, өз куралдаштарына, мекендештерине, элине, мамлекетине каршы курал көтөрүп ок аткан, аларга каршы согушкан «легионерлерди» бу жолбун Т.Чоротегин «баатыр» кылып көрсөтүүгө далалаттанганы абдан кыжырды келтирет. Чыккынчы деген баардык мезгилде чыккынчы боюнча калаарын бул калпыс тарыхчы баамдабаганына жол болсун. Улуу Ата Мекендик согуш убагында Сатар Алманбетов (Бет Алман), Азамат Алтайга жана башкаларга окшоп кыйынчылыкка чыдабай, душманга моюн сунуп, жөн эле багынып бербей өз элине каршы ок аткандарды баардык элде, жерде, мамлекетте бир эле сөз менен чыккынчы деп эле аташкан. Ал эми чыккынчы деген баардык кезде, кырдаалда бирдей эле чыккынчы иретинде кала берет.

Т.Чоротегиндин эсине сала кетчү жагдай, 1992-жылы Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайына ошол чыккынчылардын чакан тобу келгенде, азыркы Кыргызстандын аттуу-баштуу, абройлуу согуш ардагерлери, баатырлары алардын кайра Мекенибизге келип, Ата Мекенибизди, ыйык кыргыз жерин булгоого жол бербейбиз - деп нааразы болушуп, маселе Аскар Акаевдин кийлигишүүсү менен бүткөнүн бул түркөй тарыхчы эмнеге айтпайт, андай эле калыс экен.

Баса жогорудагы маегинде Т.Чоротегин «…В 1943 году в нацистской Германии Сатар Алманбетов, псевдоним Беталма, переопубликовал отрывок эпоса «Манас» в количестве 2000 копий. Это явление никогда бы не появилось в советской историографии, а теперь мы должны об этом написать. Он хотел поднять патриотизм тех кыргызов, которые боролись против красной чумы…».

Кыргызым, качантан бери чыккынчынын жалаң өз элин, ата-журтун, мекенин саткан чыккынчылардын маанайын Ата Мекенине каршы көтөрүүгө кылган иши даңазаланчу эле? Бу С.Алманбетов деген өзү туулган жерин, Мекенин, таалим тарбия берип өстүрүп, бекер билим, кызмат берип, юстиция министрлигинин атка минээр деңгээлине жеткирген эл-жерин, мамлекетин саткан чыккынчы болгон. Муну окуган башка элдердин өкүлдөрү эмне дейт биз жөнүндө? Ошол улуу Манастын арбагы ура турган ишти да мактоого алабы? Мунун өзү деле элдин, мекендин, Манастын рухуна чыккынчылык эмеспи. Көрсө, биздин каарман пеш кылган чыккынчы согушка чейин Кыргыз ССРнин юстиция министрлигинде иштеген, согуш убагында фашисттик немецтер тарабында бизге каршы согушкан жалаң чыккынчылардан түзүлгөн Туркестан легионунун вице-президенти, кадимки Вали-хан Каюмдун орун басары, фашисттик Германиянын куралдуу күчтөрүнүн капитан чинин алган ушул эле Т.Чоротегиндин да жердеши Сатар Алманбетов деген экен. Туркестан легионунда Бет-Алман каймана аты менен таанымал болгон. Бирок «Манастын» үзүндүсүн ал эмес, ошол Туркестан легионунун басма сөз органы болгон «Милли Туркестан» журналына улуту казах Асан Кайгин деген неме басып чыккан экен (журнал «Шоокум» №4, апрель, 2011-ж. 26-29-бб.). Ошол бирөөнүн эмгегин да биздин тарыхчы сөрөй Т.Чоротегин өз жердешине ыйгарып, бурмалап жатканына жол болсун. Анан кантип биз ушундай шугулданган көз боймочуга кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин жаңы тарыхын жаздыртып жатабыз?

Бешинчиси, менин көп эле тарыхчы досторум бар, алардын ичинде дал ошол Т.Чоротегин менен чогуу иштегендерден да тактап сурадым. Бу киши качан, кантип тарыхчылардын эл аралык коомунун төрагасы болуп калган деп. Баары эле мыйгынан күлүшүп, эч кандай курултай, жыйын болбой эле өзүнө караштуу чакан топ менен чайлашып жатып болгон сөзгө, өзүн өзү торага кылып алып эле баардык жерге ошентип жүрөт дешти. Мына кызык, Т.Чоротегинди окумуштуу да, окумуштуу эмес да тарыхчылар шайлабаптыр, көрсө Тыкең да бүгүнкүнүн «самозванеци» турбайбы.

Алтынчысы, өз маегинин дагы бир жеринде минтет: «…В 1990 году я был одним из организаторов Демократического Движения Кыргызстан. Написал проект Устава этого движения в мае 1990 года. В октябре был одним из участников политической голодовки против режима Абсамата Масалиева...».

Мен атайын ошол ДДК партиясынын бир катар ветерандары, лидерлери менен пикир алмаштым, сурамжыладым. Алар да тарыхчылардай эле мыйыгынан күлүп, «ДДК уюштуруучулардын бири деген аша чапкандвк болот, ал эми биздин Устав жазылып жатканда биз аны түзүүчү катары көргөн эмеспиз дешти. Уставды жазгандар такыр башка кишилер эле» дейт. Ушундан кийин, айла жок тообо дейт экенсиң.

Жетинчиси, тарыхчы сөрөй Т.Чоротегиндин дагы бир жалган жаласы, тарыхты бурмалоого болгон аракети деп А.Масалиевдин режимине каршы күрөшкөнүн, ал үчүн саясий ачкачылыкка барганын айтса болот. Ким айтты мына бүгүн 80 жылдык мааракесин белгилеп жаткан кристаллдай таза, алдым-жуттумдугу, жердешчилдиги жок партиялык, мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиев өз режимин орноткон деп. Бу Т.Чоротегин аны кайдан көрүптүр. Же өзү ошол кишиден, анын режиминен запкы көрүптүрбү? Тетирисинче, дал ошол А.Масалиев убагында жетектеген Коммунисттик партиянын тушунда ушул эле чала кайым Т. Чоротегин ошол партия жетектеген мамлекеттин эсебинен билим алып, аспирантурада окуп, адам, адис катары калыптанганы жалган беле. Кыргызда «суу ичкен кудугуңа түкүрбө» - дейт ко. Ошолордун баарын, ага кошумча чейрек кылым Кыргызстанды жетектеген, республиканы кыңк эттирбей мыкчып турган, ашынган жердешчил, тууганчыл, накта режимди орноткон абасы Т.Усубалиевди «унутуп» коюп, өлкөнү 4-5 жыл жетектеген, өткөөл мезгилде өз салымын кошуп, эл үчүн жан аябай эмгектенген А.Масалиевди режим орнотту дегени тарыхты бурмалоо эмеспи?

Мындай жагдай Т.Чоротегиндин саясий сокурлугун, мурдунан алысты көрө албастыгын байкатат. Эн кызыгы атасы жөнүндө ушундай ыплас кепти айтып, учурда ар жерде баласы И. Масалиев катышкан конференцияларда шугулданып. И.Масалиев менен чайлашып жүргөнүнө кантип бети чыдайт, биз үчүн түшүнүксүз.

Андай эле болсо накта режим деп убагында өзү баш болуп ор казып, Москвага байма-бай жамандап, жалган жала менен иштен эле бошоттурбастан Кыргызстанга келгис сүргүнгө айдаткан, кыргыздын чыгаан уулу, мамлекеттик, партиялык ишмери И.Раззаковго керек болсо өлгөндө топурак салууга тыюу салган, келечекте өзүнө атаандаш болот деп С.Ибраимов, Б.Мураталиев сыяктуу мамлекеттик, партиялык ишмерлердин «кокустук» кылып саясий аренадан, жарык дүйнөдөн сүргөн, чыгаан тарыхчы-этнограф, кыргыз этногенезин жана этникалык тарыхын терең иликтеп, орчундуу эмгектерди жараткан С.М.Абрамзон жана кыргыздын алгачкы чыгаан, окумуштуу юристи К.Нурбеков жана башка кыргыздын көптөгөн мыкты уул-кыздарына кысым көрсөткөн, куугунтуктаган, дал ошол өзүнүн абасы Т.Усубалиевдин жогорудагыдай кылыктарын, калыс көрүнгүсү келген Т.Чоротегин эмнеге ачык жазбайт. Режим деп Т.Усубалиевдин учурунбу же кайсы мезгилди айтса болоорун эл да билет.

Мына ушундай нукура тарыхты ачыктан ачык эле уялбастан бурмалаган же ошого аракет кылган тарыхчынын элибиздин, мамлекетибиздин жаңы тарыхын, жаңы нукта, жаңы талаптарга ылайык жазган топко кирип калышы бир чети чочулатса, экинчи жагынан, кудай берсе, кыргыздын чыныгы патриот тарыхчылары ошондой бурмалоолорго жол бербейт деген пикирдебиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×