Добавить статью
7:45, 10 декабря 2013 22518

Үмүтүм акталбай, үшкүрүп калдым

(же «Манас» Үчилтигин каттаткандан кийинки ой)

Жакында менин турмушумда чоң салтанат болот го деп күтүп жүргөнмүн. Бирок болбой калды, анткени «Манас» эпосубузду Кытай мамлекети каттатып алганда көпкө чейин өзүмө келе албай бушайман болуп жүргөнүм, ал түгүл көз жашы кылып ыйлап алганым да жалган эмес. Ичим өрттөнгөнүнөн кайдыгерлигибизге каргыш айткам, менин үнүм же жалпы эле кыргыздын чыныгы атуулумун, Манастын урпагымын деген кыргыздардын үнү Кудайга жеттиби же Манас атабыздын арбагы колдодубу, мына кыргыздын чыныгы уулу, көп жакшы саамалыктын демөөрчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун жети атасына рахмат тайтып, алкоо жаадырсак аз боло турган иш аткарып, жаш манасчыларбызды баш кылып өз каражатынын эсебинен Францияга чейин алып барып, ЮНЕСКОнун эшигин жыртып, алардын койгон аткарылбас талаптарын аткарып, Манасты чоң бир артсандын, мамлекеттин колунан тартып алып, кыргызга кайтарып бергендигин ким танат.

Анан эмне иш кылдык, ошол «Манас» эпосубуз ЮНЕСКОнун алтын китебине алтын тамгалар менен жазылып катталып, дүйнө эли кыргыздыкы деп таанып олтурса, ошол күндү канга бүткөн кайдыгерлигибиздин айынан Манас атабыздын күнү катары белгилей албай, ал күндү Кыргызстан боюнча майрам кыла албай, ошол күнү радио теледен жалаң Манасты айттыра албай, ошол күнү «Манас»,- деп ураан чакыра албай олтуруп калдык го. Бул демилгени көтөрө турган Маданият министрлиги, Кыргыз өкмөтү трибунадан түшпөй куру саясатка тилдери сайрап, таңдайлары такылдаган Жогорку Кенештин депуттары кайда кетишти? Эмнеге бул окуяны чоң шаан шөкөт менен белгилеп, Манас аэропортуна Манастын туусун желбиретип, самолетко чейин килем төшөп, манасчыларыбызды тосуп алып, аларды катар олтургузуп коюп Манасты айттырып, керней сурнай менен шаңданып тосуп албадык. Ушундай болот го деген үмүтүм таш каап, ичим тап душманга окшоп, дымыбыз чыкпай, анын ордуна Ошто эмне балээ болуп кетет, Сарууда эмне балээ болуп кетет деп эштейип, колу бутубуз шалдырап олтуруп калдык. Куру патриоттор кыргызстанды ойрондойм деп опузалап койсо, коркуп, калдык. Кана ошол эр азаматтар ошол күнү Манас атабыздын арбагына багыштап куран окуп койсо, кана Манасты ошол чогулгандардын алдына айттырып койсо, анте албадык го.! Эмне үчүн «Манас» эпосун дүйнө коомчулугу тааныган күндү Манас атабыздын күнүн катары жарыялай албадык, эмне үчүн президентибиз сыйлыгына ат кошуп бере тургансып, ага вета койдум деп алаканын куушуруп олтурат, эмнеге Карганбек Самаковго Манас атанын чыныгы уулу деген ардактуу наам берип койбойт? Ушуну да бирөө айтып, ушуга да акча берип анан алып беришибиз керек беле?!

Ошол ич күйдүлүгүмдү айтып жатып, билбесеңер билдирип коюуну туура таап, азыр деле кеч эмес, бул күндүн урматына бир күндү Манас ата майрамын өткөрүп коюуну сунуш кыламын. Бул иштин артынан жүгүргөндөрдү Карганбек Самаковду баш кылып мамлекеттик деңгээлде сыйлоону унутпасак демекчимин. Бардык республикалык мекеме ишканаларда, жогорку окуу жайларында, мектептерде бул күндү Манас атыбыздын күнү деп жарыялап, Манасты окуу жумалыгын жарыялоону сунуштаймын. Ойгон кыргыз, ойлон кыргыз!!! Эч убакта биздин жерибизге бирөө келип кылып бербейт, мына кыргыздын идеологиясы, мына кыргыздын сыймыгы. Идеология колубузда турса анын туусун АКШ көтөрүп келип береби?

Акырында айтарым урматтуу Карганбек иним, сага жети атаңа чейин, айыл аксакалдары, ак элечек энелер, анын ичинде мен чоң рахамат айтып, ыраазылык билдирип жатканыбызды айтып кетмекчимин. Айтпагандар айтпасын, ичи күйгөндөр туз жаласын.

Ким ушул ишке жан оту менен киришип аракет кылган болсо, жараткан Алла эки дүйнөсүн абат кылган болсун. Кудай мээримин төксүн, Манас атабыздын арбагы колдоп турсун. Оомийин. Ал эми аны уюштурбагандарды өз абийирине койдум.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×