Добавить статью
10:34, 12 декабря 2013 15209

Таасын талант

Маркабай Ааматов менин көз алдымда акын болуп жетилди. Айрыкча мен Кыргызстан жазуучулар Союзунда адабий кеңешчи болуп кызмат өтөп жаткан мезгилде ал ошо биздин куттуу уюмдун алдындагы Көркөм адабиятты жайылтуу бюросунда көп жылдар иштеп, чыгармачылыгынын өркүндөп-өсүшүнө күбө болгомун. Анын акындык жолунун башталышы 80-жылдарга туура келет. Ал ар бир жазган жаңы ырын мага окуп берип, менин пикиримди угуп, кеңешип турчу элек. Анын чыгармачылыкка болгон мындай мамилеси жакшы натыйжасын бергендигин мен да байкап, кубанып жүргөнүм эсимде.

Ошол жылдарда ал абдан активдүү иштеп, ырлар жыйнактарын биринин артынан бирин чыгарып турду. Маркабайдын китептериндеги жакшы чыгармалары поэзияны барктаган окурмандарга жагып, анын ысмы республикага ылдам тарай баштаган. Анын 1985-жылы басмадан чыккан «Таң тосуу» аттуу экинчи ырлар китебине 1989-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын ыйгарылышы Маркабай Ааматовдун чоң жетишкендиги болду жана андан аркы чыгармачылык ийгиликтерине шыктандырган өбөлгө, дем болгондугу чындык.

Маркабай Ааматов таасын талант. Анын ырларындагы окурмандарды тартып турган касиети – сөздөрүнүн көркөмдүгү, тактыгы, көңүлгө жугумдуулугу, окурманга таасирдүүлүгү. «Таң тосуудан» кийин басмадан чыккан «Дидар», «Ариет», «Аруузат» аттуу ыр китептери акындын ашкере жеткен ийгидликтери болду, чындыгын айтканда анын кыргыз поэзиясындагы жогорку тепкичтерге көтөрүп, аны мыкты, чоң акындардын катарына кошту.

Маркабай Ааматов ырларды жазуу менен гана чектелбей, коомдук иштерге да активдүү катышкан акын.Чыгармачылыгы жетилип, адабият журтунда оозго алынып калганда калемгерлердин ишеними менен Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунун вице-президенти, катчысы болуп кызмат өтөдү, андан соң көп жылдардан бери Кыргызпатентте Башкармалыкытын начальниги, Мамлекеттик фонддун директору, бөлүмдүн башчысы, Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын директорунун орун басары болуп ийгиликтүү эмгектенип келе жатат.

Жаш акындыктан өсүп, маш акындыкка эбак өтүп, азыр өзү көптөгөн жаш акын-жазуучуларга таалим берип жаткан мезгили. Бир топ жылдардан бери ырларын, чыгармаларын ал иргеп, түзүп, редакциялап басмадан чыгарган китептери үчүн жаш акын-жазуучулар ага ыраазы болушууда. Баштагы жылдардай эле быйыл да 7 жаш автордун тунгуч китепчелери Маркабай Ааматовдун долбоору менен Кыргызпатент колдоп басмадан чыкты. Жаш каклемгерлердин алгачкы жыйнактарынын басмадан чыгуусу алар өмүр бою унутпай турган окуя экендигин билебиз.

Маркабай Ааматов ырлардан башка мазмуну терең көркөм очерктерди да жаратып келатат. Айрыкча, республикабызга кеңири таанымал, атактуу инсан Мариш Баатыровдун элге сиңирген эмгеги жөнүндөгү «Байсалдуу өмүр» деген китеби өтө ийгиликтүү чыккан.

Көрүнүктүү акыныбыз боордош элдердин адабиятынан көптөгөн чыгармаларды которуп кыргыз окурмандарына тартуулады. Алардын бардыгын айтуу бул макалага батпас эле.

Маркабай Ааматовдун жасаган эмгектери жогору бааланып келе жатат. Ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери», «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы» ардак наамдары ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Чыгармачылыкта жетишкен ийгиликтери үчүн» сыйлыгына, Россия Федерациясынын Ломоносов орденине татыган.

Маркабай Ааматов алтымыштын кырына чыккан убагы. Аны алдыда жаңы чыгармачылык чоң ийгилдиктер күтүп турган кези. Айрыкча акындын басмадан жакында чыга турган көлөмдүү «Дүйнө Жалган атуу ыр китебинен окурмандардын үмүттөрү чоң.

Алтымыш жаш мааракеңди куттуктайм,

Акын иним, жакын иним Маркабай!

Көп, көп жашап, нурдуу болсун өмүрүң

Көңүлүңдөн ыр кумары таркабай.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×