Добавить статью
8:24, 12 февраля 2014 7186

Кыргыз көчү

Көчмөндүүлүк, көчмөндүүлүк,

Көчмөндүүлүк кайдан келген,

Көчмөндүүлүк кайда көчкөн,

Теңир-Теңир-Теңир-инен,

Жаратканд-ан, Сеңир-инен

Адам-Ата, Обо-Энеден

ачандыр бир кылымдарда,

«Кыргыз-Ата», «Кыргыз-Эне»

Жаралып, жаралып, жарал-ы-ыптыр,

Таралып, таралып, таралыптыр кырылгыс болуп

Жер үстүнө, бул ааламда

Улут болуп, эл аталып

Улут болуп, Журт аталып

Кана анда жапырт тур, жолго чыккын!

Кел эмесе, Улуу кыргыз көч башталсын,

Ырашкерлик кут орносун, кут орносун

Урааныбыз Манас болсун,

Улутубуз кыргыз болсун

Алдыга өт, баатырлар жол чалгыла,

Улуу көчтү улуу муундар башта алга,

Артта калып, кайраттуу жаш көчтү сакта.

Бир болгун, бар болгун, ынтымак, биримдик

Адымда, жан курбум алгала, сабала,

Жаралгандан жандаптыр, жаратылыш Теңирине.

Ошондон тарта, ошондон баштап,

Кыргыз көчү токтогон жок,

Ошондон тарта, ошондон баштап,

Кыргыз көчү токтогон жок,

Белестеп, дабандап, ой-чуңкурга төмөн түшүп,

Жар бойлоду, чытырманды аралады.

Тар жолдорду басып өтүп, тайгак кечүү дагы кечти.

Жер издеди, тоо издеди, суу издеди.

Кана анда жапырт тур! Жолго чыккын

Кел эмесе, Улуу кыргыз көч башталсын,

Ырашкерлик кут орносун, кут орносун

Кыргыз көчтү пирлер колдоп,

Жараткан өзү жалгап, Теңир колдоп,

Умай Эне кылоолосун.

Урааныбыз Манас болсун,

Улутубуз Кыргыз болсун

Жөнө, гана адымдагын,

Алдыга өт, баатырлар жол чалгының,

Улуу көчтү улуу муундар башта алга,

Артта калып, кайраттуу жаш көчтү сакта.

Адымда, адымда, алгала, алгала

Көсөмдөрү көрө билген,

Чечендери сүйлөй билген,

Акылманы кеп баштаган,

Умай Эне эл баштаган

Улууларын уккан калк,

Эрендерин барктаган калк

Башты бийик карманган калк

Байыркы эркин элдин рухунан,

Улус хандын жүрүшүнөн,

Жаңылбай көчүп келген бабалардан,

Күн кечирип улуу демден,

«Кыргыз Ата» көчүп келген,

Муундан муунга өтүп келген,

Көчмөн турмуш чыкпагандыр жөндүү жерден.

Даанышмандык жолду басып,

Көсөмдүктү арттырган да, сөздү багып,

Дүйнөдө эч теңдешсиз «Улуу Манас» эпостой ыр жаратып,

Кыргыз көчү көчүп келди миң жаралып, миң толгонуп.

Ала Тоону кыдырып кыргыз,

Теңир Тоону сыдырып кыргыз,

Ат үстүндө ойноп кыргыз,

Канжыгага баштарды байлап кыргыз.

Көрсөттү, көрсөттү калктарга көктүгүн

Билинди билинди, калктарга кимдигин

Аларга эркин эл экенинин таанытты

Улуу жүрүш башынан калыптанды,

Уруучулук көчмөндөрдү сактап турду,

Кыйынчылык кезеңдерде бирикккен муштум болуп,

Байгерчилик маалдарда бир-бирине душман болуп,

Ар коктуда кылыч кармап кырылды кыргыз,

Ич ара жер талашып, мал уурдашып,

Ичинен ириңдеп, сыйрылды кыргыз.

Ага болбой «Кыргыз көчү» көчүп келди,

Муундары үзүлбөстөн, «бөгүп» келди.

«Кыргыз көчү» согуш көрдү, кыргын көрдү, кырылбады

Мүшкүл түшкөн канчалаган учурларда,

Акыры бөлүнбөдү, башкаларга карматпады чылбырларды.

Көчмөндүүлүк, көчмөндүүлүк,

Көчмөндүүлүк кайдан келген,

Көчмөндүүлүк кайда көчкөн,

Бул Ала-Тоо көчмөн муундун жаны болгон,

Бул Ысык-Көл көчмөндөрдүн каны болгон.

Азыр болсо менин жаным, менин каным,

Азыр болсо сенин жаның, сенин каның

Милдеттүүсүң «Кыргыз Жерге», аны сакта,

Ыйык Журтту булгабастан, өткөр муунга

Уруулукту ыйык тутуп,

Улуттукту бийик кармап,

Кыргыз көчү жашап келген, жашап жатат, жашай берсин!

Кыргыз көчү болочокко түбөлүккө өз добушун кага берсин!

Эскертүү: Бул саптар белгилүү «Кыргыз Көчү» күүсүнө карата текс катары жызылды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

28-12-2013
Кечиккен аңкоолук
8690

07-08-2013
Улуу Көтөрүлүштүн бир тирүү тарыхый инсаны
12323

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×