Добавить статью
7:05, 4 июня 2014 313857

Улуу манасчы Жусуп Мамай жана анын мурасы

Кыргыздардын улуу манасчыларынын «акыркы могиканы», «кытайлык кыргыздардын азыркы Гомери» атактуу Жусуп Мамай атабыз 96 жаш курагында 2014-жылдын 1-июнунда дүйнө салды... Бүткүл дене-турпаты менен жашоо ыстыкооматы Манастын руху менен сугарылган Жусуп абабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Анын чыгармачылыгы көөнөрбөс булак катары ар бир кыргыздын акылына кыттай уюп, жашоосуна багыт берип кете берсин...!

2013-жылдын 30-апрелинде КР Президенти А.Атамбаев «Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишине кошкон салымы жөнүндө» жарлыкка кол койгондугу маалым. Жарлыкта «Улуу эпос Келдибек, Балык, Тыныбек, Чоюке, Шапак, Жаңыбай, Сагынбай, Молдобасан, Саякбай сыяктуу залкар "Манас" айтуучулардын талантынын жана күч-аракетинин аркасында кылымдарды карытып келген биздин замандашыбыз, Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу округунда жашаган залкар манасчы Жусуп Мамай алардын даңазалуу салтын улантуучусу болуп саналат» деп белгиленген. Андан ары Жусуп Мамайдын көрүнүктүү салымын, ошондой эле Кыргызстан элинин руханий кайра жаралуу ишине анын сиңирген эмгегин эске алуу менен КР Президентинин алдындагы Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын сактоо жана изилдөө боюнча "Мурас" Фонду Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында «Жусуп Мамайдын эмгектерин терең иликтөө, талдоо жана кеңири таанытуу максатында илимий-практикалык конференция уюштурсун жана өткөрсүн» деген тапшырма коюлган.

Ошого байланыштуу 2014-жылы Таласта Талас мамлекеттик университетинин жана Манас Ордо музей-комплекстинин базасында Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган эл аралык илимий конференция өткөн. Тилекке каршы бул конференция улуу манасчынын көзү тирүү кезинде башталган Кыргызстандагы эл аралык илимий иш чаранын алгачкысы да акыркысы да болуп калды. Аталган илимий жыйынга, кыргызстандык манас таануучулар, тарыхчылар, коомдук ишмерлер гана эмес, Кытайдын СУАРнын келген жоон топ манас таануучулар да катышты. Ал жерде залкар манасчы Жусуп абабыздын Манасы, анын өмүрү жана чыгармачылыгы, руханий баалуулуктары, өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири сөз болду. Манас эпосун жана манасчылардын чыгармачылыгын ар тараптуу иликтөө элибиздин улуу мурасынын өзгөчөлүгүн, кыргыздардын коомдук аң-сезими менен дүйнө таанымынын тереңдигин баамдоо максаты да коюлду.

Макаланын автору мен да Жусуп абабыздын Манасын алатоолук улуу манасчылар Сагымбай жана Саякбай аталардын манасчылыгы, алардын варианттары менен тарыхый-салыштырлуу аркылуу изилдөөнүн натыйжасында гана тигил же бул илимий жыйынтык чыгарууга болот деген максатта «С.Орозбаковдун, С.Каралаевдин жана Ж.Мамайдын варианттарын тарыхый-салыштырмалык аңдоо» деген илимий баяндама жасадык.

Баяндамага аталган үч улуу манасчынын варианттарынын мазмунун салыштыруу аркылуу кыргыздардын коомдук аң-сезиминин деңгээлин жана тереңдигин аныктоо, кылымдар бою көксөгөн азаттык идеясынын, мамлекеттүүлүккө умтулган аракет-мүдөөсүнүн, мекенчилдигинин курчтугун, азыркы ааламдашуу шартына төп келген интернационалдуугунун багытын, ошондой эле азыркы замандагы Кыргыз мамлекетинин көп вектордуу тышкы саясатынын тууралыгын аңдоо максаты коюлган.

Баяндамада манасчылардын теги, кыскача өмүр жолу, коомго болгон көз караштары, алар айткан жана жазып калтырган “Манас” эпосунун өзөктүү окуясы, ар бир манасчынын айтуусундагы хронологиялык чектер, алардын ой-чабытынын географиялык, этно-топонимикалык ареалы, мазмундук сюжети, эпосто чагылган мамлекеттүүлүк, мекенчилдик жана интернационалдуулук идеяларынын тереңдиги белгиленген. Аталган критерийлердин аркасында ар бир манасчынын өзгөчөлүгүн жана окшоштугун аңдоо аркылуу илимий жыйынтык чыгарууга аракет болгон.

Төмөндө баяндаманы негиз кылуу менен улуу манасчы Жусуп Мамайдын өмүрү жана чыгармачылыгына тийешелүү бир катар маалыматтарды коомчулукка жеткирүүгө аракет кылып көрөлү.

Жусуп Мамай 1918-жылы 4-майда Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч (айрым маалыматтарда Кара-Булак) айылынынын Ат-Жайлоо конушунда туулган. Ал Сагымбайдан 51 жаш, Саякбайдан 24 жаш кичүү болгон. Сагымбай каза болгондо Жусуп Мамай болгону 12 жашта эле. Ал эми Саякбай каза болгон 1971-жылы 53 жашта болсо да аны көргөн эмес.

Жусуп Мамай кыргыздын черик уруусунан болуп, анын ата-бабалары Кыргызстандан баргандыгын өзү айтып берген. «Биздин үчүнчү атабыздан мурункулары ушул эле Ала-Тоо боюн жандап, Наманган, үстү Боз-Бел, Кырк-Мойнокту жердеп жүргөн экен. Ошерден жылышып отуруп Ошко келип, аерден батыша албай, Ат-Башыга барып, бир теңи Ат-Башыда калыптыр, бир теңи андан ары ээн экен, Какшаал бети кара болот экен, мобу кадимки Кочкор тараптай. Ошоякка оошуп барып отуруп калыптыр. Ошоякка барган жылы анык, 1704-жылы барган экен. (Жусуп Мамай: «Бар бололу агайын журт!» «Ала-Тоо» журналы №3 март, 1990. 138-б.).

Жусуптун атасы Мамай колунда бар, эл аралаган, көптү көргөн адам болгон. Ал көркөм өнөр ээлери менен тааныш, атүгүл тыгыз байланышта болуп жүргөн. Айрыкча ата жолун карманган Жусуптун улуу агасы Балбай (1896-1937-жж.) эл арасындагы жомокчу, казалчы, айрыкча манасчыларды угуп, кат билген жигит болгондуктан атүгүл манасчылардын айткандарын байма-бай жазып да алчу экен. Балбай иниси Жусупка 1916-жылкы Үркүндө келген кыргыздардан «Манасты» канча билем десе ошончо жазып алып жүргөндүгүн, кай биринде кол жазма болсо, аны сатып алгандыгын айтып берген. Натыйжада түрдүү жолдор менен Чоюке, Шапак, Таабалды, Дыйканбай, Балыкооз, Найманбай, Мамыркан молдо сыяктуу манасчылардын түрдүү үзүл-кезил варианттарын топтогон. Атүгүл Балбай 1925-жылы Кара-Кыргыз илим комиссиясы тарабынан даярдалып, араб ариби менен Москвадан «СССР элдеринин борбордук басмаканасынан» жарык көргөн 184 беттен турган «Семетейден бир бөлүм. Тыныбек жомокчунуку» деген китепти Тыныбектин баласы Актандан сатып алгандыгын да айтып берген. Жусуп Мамайдын өз оозунан алынган маалымат боюнча агасы Балбай Сагымбайдын, Ыбырай Абдрахмановдун Манасынын үзүндүлөрүн да алдырган экен. Мисалы, 1917-жылы Балбай, Жусуптардын чоң энесинин иниси болгон Ыбырайым таганы (Ыбрай Абдрахманов) көчүрүп келип, анын айткандарын жайдын күнү киши жок жерде жазып алгандыгы, Ыбырайым Манастын жарымын кеп, жарымын ыр менен айтса, аны Балбай кайрадан ырга айландыргандыгы эскерилген. Какшаалда Жусупакун Апай деген да манасчы болуп, 1917-жылы Арзыкан бийдин айылында Кара-Чийде Сагымбай менен Манас айтышкан мезгилинде аны уккан Балбай Жусупакундун айткан вариантын да кагазга жазып алыптыр. Кыргыздардын Энесай боюндагы тарыхы, Манастын ата-бабалары жөнүндө айткандарын Балбай Жусупакун Апай уулунун өз колунан алгандыгы маалым. (Жусуп Мамай. «Мен «Манасты» кандай айтып калдым?» «Манас» эпосу жөнүндө: Илим. Иликтөөлөр ж-а макалалар. Жусуп Мамай, Сакен Өмүр, Ырысбек Абыкан ж.б. Түз. К.Кырбашев. – Б.: Шам, 1994. 5-12-бб.).

Кызыл-Сууда Ыбырайым Саламбай манасчы (1887-1938) Төлөгөн манасчы деген ат менен белгилүү экен. Ал эпосту «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененим»,«Асылбача, Бекбача», «Сомбилек», «Чигитей» деп сегиз бөлүккө бөлүп айткан. Балбай Мамай аны атайы үйүнө чакырып, Манас айттырып, толугу менен кагаз бетине түшүргөн экен. (2008-жылдын 4-июлунда тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн даярдалган диссертациясын коргогон Абдалиева Гульзада Кошоевнанын «Кытайлык кыргыздардын руханий маданияты 1949-2004-жж. (Кызылсуу Кыргыз автономиялык областында жашаган кыргыздардын мисалында)» деген диссертациясынан).

Ошентип, Балбай 1934-жылы Жусуп 16 жашка келгенде кара булгаары кайыш куржунду ачып: «Мына, сегиз урпак «Манас». Мындан мурун сага бирден китеп берип жүрдүм эле. Бүгүн баарын сага берейин” деп Манас жыйноо ишин инисине тапшыргандыгын Жусуп Мамай өз оозу менен эскерет. (Жусуп Мамай. «Мен «Манасты» кандай айтып калдым?» «Манас» эпосу жөнүндө: Илим. Иликтөөлөр ж-а макалалар. Жусуп Мамай, Сакен Өмүр, Ырысбек Абыкан ж.б. Түз. К.Кырбашев. – Б.: Шам, 1994. 5-12-бб.).

Демек, Балбай иниси Жусупка он беш жылга жакын мээнет кылып жыйнаган «Манас»эпосунун сегиз бөлүмүн ырааттуу түрдө үйрөтө баштаган. Бул Кытайдагы «Манас» эпосунун негизги варианты болгон. Натыйжада Жусуп Мамай жаш кезинде кадимки эле чоң манасчы катары манас айта баштаган.

Башка манасчылардай эле Жусуп Мамай да «Манас» айтып калышына аян берүү себеп болгондугун белгилейт. Ал 10 жашар кезинде бир күнү түшкө жакындаганда атасы менен апасына адаттагыдай эле «Манас» окуп берип жатып, үргүлөп кетип кызыктуу түш көрөт. Түшүндө күүгүм кирип бараткан кез болуп, алдында жайдак тору ат минген, өңү кара-тору келген, калың эриндүү киши пайда болот. Жусуп аттын тизгинин кармай калат. Ошондо жанагы киши алды жакты көрсөтүп, «ой балам, эсиңди бекем тут, тигилерди карачы» дейт. Бала көрсөткөн жакты караса, боз атчан эки баатыр соот кийип, батышка карап турган экен. Алардын артында бирөө жерде, бирөө сарала ат минген эки баатыр турган имиш. Дал ошол кезде киши аларды Жусупка тааныштырып, эң алдыда турган эки кишинин бирөө Манас, бирөө Бакай, алардын артындагы экөөнүн бири Алмамбет, бири Чубак, мен Ырчы уулмун, Ажыбай дагы артыбызда дейт. Бала артын карап Ажыбайды издейин дегенде ойгонуп кетет. Ошондо жанында отурган энеси Бурул байбиче кара тер басып кеткен баласына таң калып, «Эмне болду, балам?» деп сурайт. Уулунун түшүн уккан соң, Мамай карыя козу сойдуруп, айылдагыларды чакырып түлөө берет. (Жаңыл Жусупжан. Биз билип, билбеген Жусуп Мамай).

Бул окуядан кийин Жусуптун атасы Мамай менен агасы Балбай Жусупка 40 жашка чыкмайын ашкере Манас айтпа деп табыштайт. Себеби, ал кездеги кырдаалдан чочулаган агасы Балбай Манас бул бир тирүү олуя, адам жаш кезде түркүн-түстүү иштерге жолугат, жеңилдик кылып кээ бир иштерден сактануу керек. Жашың кырктан ашмайынча «Манас» айтып жүрбө, болбосо олуянын ойлогонуна кайчы өзүң балее таап аласың» деп айткан экен. (Осмон уулу Н.Ала тоодон аттаган доомат).

Атасы менен агасынын сөзүнөн чыкпай, «Манасты» эл алдында айтпай жүргөнү менен, Жусуп уктап жатканда түнү бою Манас айтып чыккан учурлары да болгон делет. 1932-жылы көктөм мезгили келип, ууз кымыз чыкканда, чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу «Манас» айтып берген. Ал кезде Жусуп 14 жашка экен. Ал эми 16 жашка келгенде, атасы Мамай дүйнөдөн кайткан.

Балбай Мамай өз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөндүктөн, 1937-жылы Шын-шысей өкмөтү тарабынан кармалып, Кашкар түрмөсүнө камалат. Ал Гоминдан түрмөсүнө камалаарда ошол жердеги Үсөнакун Шания аттуу айыл башчысы кол жазмаларды үйүнөн алып чыгып өрттөтүп жиберген. Бул 1938-жыл болучу. Ошентип, эң кымбат кол жазмалардын түп нускасы жок кылынган. Балбай Мамайды тирүүлөй көөмп өлтүргөндүгү жөнүндө үч жылдан кийин кербендер кабар берет. (Абдалиева Гульзада Кошоевнанын жогоруда аталган диссертациясынан).

Жусуп Мамай 1940-жылы 22 жаш курагында Манасты эл алдында биринчи жолу айткан. Бедел ашуусунда жол салып жаткан 500 киши күндүзү оор эмгек кылып, кечте чарчаганда, ошол кездеги манасчы Жумакун Мамбетакун менен Жунус Алыбайга Манас айттырышчу экен. Буулугуп жүргөн Жүсүп күндө эле бир мазмунду кайталаган бул манасчылардын айтканын угуп, дүүлүгүп Манас айтып кирет да, токтоно албай 3 түн айтат, ошондон тарта элге чоң манасчы катары белгилүү болот. (Осмон уулу Н. Ала тоодон аттаган доомат)

Ошентип, Жусуп Мамай алгач Ак-Чий Какшаалда, кийинчерээк бүтүндөй Кызыл-Суу, Шиң-Жанда манасчы катары белгилүү болуп, эл оозуна гана эмес, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө да байкоого алынган.

1984-жылы манасчынын варианты боюнча «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт. Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Манас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференциянын катышуучусу болот. Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат.

1984-1995-жылга чейин, анын айткан варианты боюнча «Манастын» сегиз бөлүмү 22 китеп болуп жарык көргөн жана кытай тилинде эки китеби басылып чыккан.

2004-жылы 18 томдук кол жазманын жыйнакталган нускасы кирилл кыргыз тамгасы жана арап кыргыз тамгасы менен бир томго бириктирилип кайра басылып чыгып, Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндүгүнүн 50 жылдык торколуу тоюна арналып жарык көргөн. Кытайдан чыккан. 7 кг салмактагы бул чоң китеп азыр Кыргызстанда белгилүү. Ал китептин нускалары ушул жылдын 24-майындагы Таластагы конференциянын алдында эле дагы алынып келинип, ири окуу жайларына, китепканаларга жана илимий мекемелерге “Мурас” коому тарабынан таратылды.

2009-жылы болсо эпостун биринчи бөлүм үчилтиги ханзу тилине которулуп басылып чыккан.

Жусуп Мамай акыркы күндөргө чейин кызылсуулук кытай кыргыздарынын гана эмес, бүтүндөй аалам кыргыздарынын улуу манасчыларынын бири, коомдук ишмер. Кыргыз Республикасынын эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси болуп келген. Жусуп абанын дүйнө салышынан 2 күн мурун, тагыраак айтканда 30-май күнү КР Президентинын Жарлыгы менен ага «Кыргыз Республикасынын Баатыры»деген эң улуу сыйлык айгыралып, «Ак Шумкар» белгиси берилген.

Эми Жусуп абабыздын чыгармачылыгыны урунттуу жерлерин айта кетели. Жусуп Мамай динди катуу карманган такыба үй-бүлөдө туулгандыктан 7 жашынан эле кат тааныган. Демек, анын коомго болгон көз карашы диний идеологиянын мазмуну менен чагылып берилген. Демек, бул өзгөчөлүк анын манасчылыгына таасирин тийгизбей койгон эмес. Ал көз караш манасчынын вариантында тикеден-тике чагылып турат.

Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын коммунисттик партиясынын идеологиясы менен да сугарылууга да мажбур болгон. Анын үстүнө 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Кытайдагы маданий революциянын капшабы менен куугунтукта да жүргөн. Демек, анын коомго болгон көз карашы кандайдыр бир идеологиялык рамканын ичинде турган абалды да элестетет. Бирок, канткен менен да Жусуп Мамайдын Манасындагы ой-пикирлер, манасчынын коомдук көз карашы, идеологиясы жана анын чыгармаларындагы жетишкендиктер Жунго кыргыздарынын таанымал окумуштуусу жана коомдук ишмери Макелек Өмүрбайдын “Жусуп Мамайдын “Манасы” - кыргыз акылынын түйүнчөгү” деп айтуусуна негиз болгон чыгар. Ал кыргыздын акылы, ою, салт-санаасы, каадасы, жалпы эле адамзат кантип киши болуу, ушул кишилик сапатты кандай көтөрүү боюнча өтө чоң билимдер Жусуп Мамайдын айтымында түйүнчөк катары түйүлүп келе жатат деп белгилейт (Макелек Өмүрбай. Жусуп Мамайдын “Манасы” - кыргыз акылынын түйүнчөгү).

Жусуп Мамай өз эскерүүлөрүндө: кээде өзүмө-өзүм ыраазы болбой, өзүмдү-өзүм тилдеген күндөрүм болот. Атам мага кырк жашыңа чейин “Манас” айтпа деген. Бирок мен ага болбой эле эрте айтып коюп, көп кол жазмалардын “Маданият көңтөрүшү” кезинде өрттөлүп кетишине себеп болду окшойт. Экинчи күйүнгөнүм, 1984-жылы эс алууга чыктым, ошондон кийин эч нерсе кылбай, “кыйраттым” деп жатып алыпмын. Эсимде көп нерсе бар эле. Азыр анын бирин эстесем, бирин эстей албайым. Эч болбогондо "Алтымыш алаш менен кырк урууну" (казак-кыргыз урууларынын санжырасы) жазып койсом жакшы болмок экен!- деген экен аксакал. (Жүсүп Мамай: Кыргыздын тузун актаган жокмун). Ушул жерде анын Кытай мамлекетинин XX кылымдын орто ченинде туш болгон катаал жана татаал турмуш шартында калыптанган көп кырдуу өмүр жолу жана карама-каршылыктуу коомго болгон көз карашы чагылып тургансыйт.

Шинжаңдык атактуу уйгур сүрөтчү Ахмед Газы: Азыр бүтүн кыргыздын ичинде бирден бир «Манас» эпосун башынан аягына чейин окуп чыккан [айткан] киши - Жусуп Мамай. Ошондуктан бул кишини "мамлекеттин каухар ташы" деп атоого татыктуу дегени Жусуп Мамайдын адамдык олуттуу касиетин белгилеп турат. (Маек: Жусуп Мамай дүйнөнүн каухар ташы)

Kызыл-Суу кыргыз автономиялуу облустук саясый кеңештин орунбасар баш катчысы, облустук бейзаттык маданий мурастар борбору жана «Манас» изилдөө борборунунун мүдүрү, адис редактор Aмантур Aбдырасул Жоңго-Шиңжаң Кызыл-Суу автоном облусунун Артыш шаарында 2012-жылдын 13-14-ноябрында өткөн Манас боюнча эл аралык жыйындагы “Mанасчылык—бөтөнчө маданияттык кубулуш” аттуу баяндамасында “Жүсүп Мамайдын уарыянты окуясы эң толук, мазмуну эң бай, көлөмү эң кең, композициясы эң көркөм уарыянт катары белгилүү болуп, «Манас» изилдөө салаасында өзүнчө туу тиктеди," деп белгилөөдө.

Ушул жерден Кытайлык жаш акын, туулгандан эле эки колу ийнинен жок төрөлгөн, катты буту менен кашкайта кооз жазган Жаныбек Мааданбек уулунун залкарга арнаган “Замандын залкар ырчы уулу” аттуу ырынан бир үзүм келтире кетели. Анда:“ Тарыхтын болгон сырдашы, Таланттын болгон курдашы. Таң калтырат деңиздей, Тарыхты тактап ырдашы. Жүз Гомерге барабар, Жүсүптүн жалгыз бир башы. Тартпаса деле Навайды, Тартпаса деле Абайды, Тирүүдөй Бакай акылман, Таң калтырды далайды. Көргөнсүйм Ырчы уул акынды, Көргөндө Жүсүп Мамайды”, деп жазат. (Жусуп Мамай: Кыргыздын тузун актаган жокмун)

(уландысы бар...)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

07-06-2014
Улуу манасчы Жусуп Мамай жана анын мурасы (уландысы)
222455

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×