Добавить статью
9:55, 9 июня 2014 8152

Улуу сөздүн урпагы...

ХХI - кылымдын залкар мансчысы Жусуп Мамайдын портретине штрихтер, эстааным

Баарынан да сөз улуу... Манастын миллион сабын муштумдай мээсине, алакандын жартысындай болгон жүрөгүндө сактап, эчен муун, эчен мезгилден калган улуулардын улуу сөзүнүн учугун унутта калтырбай, ар бир дене тамырларына чейин сиңип кеткен элбаяндын ар бир сөзү, ар бир деми менен жашган Жусуп Мамай атабызды биринчи жолу көргөндө кыргыздын каадалуу карысынын бейенеси көз алдыбызга келди...

Бүткүл денебоюна улуулуктун уюган тереңдигин сиңирип келген бул инсандын жүзүнөн, турган турпатынан, деги эле адамдык каадасынан чыныгы манасчынын илеби келип турат. Бул да – манасчылыктын, чыныгы манасчынын өзгөчө касиети болсо керек эле... Тилекке каршы, атактуу манасчыларды көзү тирүүсүндө көрбөй калдык, бирок, улуу манасчылардын акыркы могиканы Жусуп Мамай атабызды көргөндө бүткүл улуу сөз таптаган залкарлардын духу, көкүрөк энергиясы келди бизге, бу чүкөдөй аксакалдан эзелкинин алтын шилекей генийлеринин ички жанураан кубаты, аалам сыйбаган адамдык улуулугу, сөздөн курган улуу руханий саябаны көзүбүзгө тартылып турду...

Жусуп Мамай атабыз менен алгачкы жолугушуу ушул көкүрөктү тээп чыккан уйгу – туйгу туюмдарды калтырды... Сөз таптаган атабыздын артында кыргыз элине дүйнөлүк руханий сөз эстелигин тургузуп кеткен шааларыбыздын каз катар тизилген кербени тургандай сездик...

... 2009 - жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен, ошондой эле Президенттин атынан Жусуп Мамай атабызга «Манас» орденин салтанаттуу тапшыруу үчүн Үрүмчү шаарына үркөрдөй делегация учуп келгенбиз... Кытайда Жусуп Мамай атабыз өзгөчө сыйдагы адам экен, анын сыркоолоп калганына карабай, ошол өзү жаткан ооруканада өлкөбүздүн башкы сыйлыгын тапшырмак болдук. Сыйлык тапшырган күнү кытайдын бийлик өкүлдөрү, илимпоздор, манасчы бир боорлорубуз, кандаш кыргыздарыбыз келди. Жусуп Мамай атабыздын көзү менен тең айланган оорукана кызматкерлери чебелектеп, атабызга болгон жылуу мамилесин, сыйын жүздөрүнөн сездирип турду... Салтанат башталып алгачкы сөздү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алып, Жусуп Мамай атабыз жөнүндө сөздүн гүлүн терип айтышты. Ал кишини ардактап, кытайдагы кыргыз кандаштарыбыздын эң кадырлуу адамы, залкар инсаны экендигин, жамы Кытай аны өзгөчө туу тутарын баса белгилеп айтты. Жусуп Мамай атабыздын ысмы бул чоң өлкөдө ардак менен аталып, бийик урмат менен жогорку сыйдын үстүндө жүргөнү бизди таңкалтырды... Кытай өкмөтү Жусуп Мамай атабызга бардык шарттарды түзүп, анын өнөрүн сыйлаганы, кадырлаганы ар бир сөздөн байкалып турду.Бул сөздөр бир гана улуу манасчыга гана тийешелүү эмес, жалпы кыргыздарга, өнөр таптаган инсандарга айтылып жаткандай бизге таасир калтырды...

Бул чоң жыйынга катышып жаткан кандаштарыбыздын ошондогу жетине албай, көздөрүнө ысык жаш келгени азыр биздин көз алдыбызда турат. Анткени, ошол көз жашта кыргыздын улуу духу, кыргыздын үркөрдөй тайпасынын тагдыры да, басып өткөн тарыхы да, кыргыздык жан кубаты тургандай бизге туюлду... Улуу мухитте өз атын, кыргыз деген затын, кыргыздык рухун сактап келаткан бир ууч боордошторубузга жантаазим билдиргибиз келди... Алардын кыргыз деген туусу да - Манас, алардын кыргыз деген көкүрөк урааны да - Манас, алардын кыргыз деген тили да, дили да - Манас, алардын кыргыз деген ысмын кылымдар бою сактап келеген ыйыгы да - Манас, тутунган рух туусу да - Манас экендигин жүрөгүбүздөн сезип турдук. Манас эпосу – бул кыргыз боордошторубуздун руханий тумарына айланганы бизди өзгөчө толкундантты. Кылкылдаган миллиард элдин арасында өз улуулугун өчүрбөй келген кыргыз кандаштарыбыз менен сыймыктандык.

Кезек бизге келип, сөз башын кыргыз элинен алып келген ысык саламыбызды айтканда залдын ичи түп көтөрүлүп, узакка созулган кол чабуулардын улуу толкунунда калдык... Жүрөктөн чыккан бул кол чабууларда – Чоң кыргызга ( кытайлык кыргыздар бизди ушинтип аташат) болгон Улуу сүйүү турду, өз улутуна болгон көкүрөк сүйүү турду... Ошондогу элдин күндөй нур чачкан жүзүн дале эсимен кетире албайм... Жусуп Мамай атабызды «Кыргыз манасчыларынын Улуу көчүнүн акыркы урпагы, ХХI кылымдын акыркы Залкары» деп айтканыбызда, кайрадан ошол жерден эл түп көтөрүлө төгүлүп түшкөн жаандай кол чабууларды шатыратты...

Жусуп Мамай атабыздын көкүрөгүнө Манас орденин тапшырганда манасчы атабыздын көзүнүн карегинен жылтыраган кубанычтын, сүйүнүчтүн, сыймыктын жашын байкадым. Манас орденин тапшырып жатканда буга чейин сыркоолоп өзүн жаман сезип турган Жусуп Мамай атабызга кайрадан улуу рухтун күчү киргендей жандана түштү, көздөрүнөн жылуулук жанып, чыйрала түшкөн денесине ата – баба сөзүнүн кудурет деми киргендей кубаттана калды. Көкүрөккө тагылган орденди улам – улам сыймыктана карган Жусуп Мамай атабыздын алды гүл чамбарларга жык толуп, гүлдөрдүн арасында калды. Бул улуу зыйнатты атабызга болгон таазим катары кабыл алдык. Биз менен кошо барган кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, мен жогору сыйлаган иним Мухтар Өмүракунов да бул салтанатка катышып, залкар манасчы Жусуп Мамайга «21 – кылымдын залкары» деген «Замандаш» эл аралык уюмунун эң жогорку сыйлыгын тапшырганда да, элдин зор кубанычы көкүрөгүнө батпай турду...

Сөз кезеги Жусуп Мамай атабызга келгенде, ал киши сөздүн ушунчалык зергери, сөздүн ушунчалык таасири күчтүү чебери экенин көрсөтө сүйлөдү. Анын сөзүн ушердегилерди баары уюп уктук. Ал эки эле улуу сөзгө «Кыргыз», «Манас» деген сөзгө токтолуп, ушул эки сөздүн алкагында Ааламдын улуу сөзүн айтты.

Айрыкча, анын Чоң кыргыздын биримдиги, ынтымагы, келечеги жөнүндө айткан сөзү бизди өзгөчө толкундантты. Анын жүрөгүнөн жанар оттой жарылып чыккан сөзү көкүрөгүбүздө катмар – катмар уюп калды.Ушул сөздү кыргызым укса кана дедик, ушул сөздү кыргызым көкүрөгүнө түйүп калса кана дедик, анткени, бул сөздө УЛУУ МАНАСЧЫНЫН Улуу кыргызга болгон адамдык Кайрылуусу бар эле. Ал мындай деп сөз айтты. «Айнанайын, Чоң кыргыздан келген кандаштарым, журтташтарым, бир боорлорум, Сиздер кыргыз деген улуу атты алып жүрөсүңөр, мен кыргызга байланыштуу айтылган Улуу деген сөздү сыймыктануу менен айтып келемин, себеби, биздин кыргыз - улуу эл, улуу журт, ал анын саны менен эмес, көкүрөгү менен бааланат. Биз, тоонун берки жагында жатып алып сиздердин ынтымагыңыздарды, биримдигиңиздерди, өсүп – өнүгүүңүздөрдү Жараткандан сурайбыз. Чоң кыргыз Сиздер бизге Чыгыштан чыккан Күнсүңөр, сиздердин жарыгыңыздар гана эмес, көлөкөңүздөр тийип турса да биз өзүбүздү бактылуу сезебиз, кыргыздын улуу кудуретин сезебиз, денебиз быякта, көкүрөгүбүз силерде. 2005 – жылдагы окуяларды угуп алып, жүрөгүбүздөн кан өттү, Жараткандан чоң кыргызым аман болсо экен, чоң кыргыз бөлүнбөй жарылбай бир болсо экен, өз азаттыгын сактай алса экен, бул дөөлөт кыргызга миң жылда бир келчү дөөлөт, ушуну сактап калса экен деп жүрөгүм ооруп турду. Силердин азаттыгыңар бул улуу ата – бабаларыбыздын кылымдар бою эңсеп келген тилеги, үмүтү, арманы... Ушуну көз карегиндей сактап алгыла. Манас атабыздын «Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө, бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет» деген урааны ар бириңердин жүрөгүнүздөрдүн согушу менен бир болсун, миң жылда бир келген дөөлөт эч качан кайра кайтып келбейт, мына ушул дөөлөтү сактап, ардактап, таптап алгыла!..» деген сөздү көкүрөк кайрылуусу катары айтты Улуу Манасчы...

Жусуп Мамай атабызды экинчи жолу Ак Тоодо өткөн Манас фестивалына барганда көрдүм. Атактуу манасчы дале бир кыйла жашка барып калса да, баягы – баягы калыбынан калбай кайраттуу сезилди. Бир гана айтылган сөздү даанараак угалбай калганы сезилип турду. Бирок, ал биздин сөздөрдү көкүрөгү менен угуп жатканын сездик.

Эртеси Ак Тоодо Эларалык Манас фестивалы башталды...

Фестивалдын башынан аягына чейин бир гана ураан жаңырып турду...

«Манас!.. Манас!.. Манас! Манас!..» деген.

Бу салтанатка катышкан Өлкөнүн экс – президенти Роза Отунбаеваны кытайлыктар алаканга салып, ар бир сөзүн жүрөк менен угуп, кабат – кабат дүркүрөтө кол чабылып, Ак Тоонун кучагы «Манас! Кыргыз! Манас!» деген ураанга толду...

Бул ураанды кыргызы да, кытайы да, уйгуру да, казагы да, конокко келген чет элдиги да асман жаңырта айтып турду... Манасты эл ураанына айландырган кытай кыргыздарынын туу башы Жусуп Мамай атабызга адамдык улуу таазимибизди, көкүрөк сүйүүбүздү билдирип турдук...

...Бул улуулук кыргыздын духуна, рухуна, улуу атына сугарылган улуулук...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-06-2014
Айтматов дүйнөнү өзгөрттү... а, бизчи?!
15490

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×